Тиш пастаны изилдөө: сапаты, кошулмалары жана колдонулушу

  • 05.04.2024
  • 0
Тиш пастаны изилдөө: сапаты, кошулмалары жана колдонулушу

2-класс

Тиш пастасы – гигиеналык, ооз көңдөйүнүн ооруларын дарылоо жана алдын алуу үчүн адистештирилген дары формасы. Тиш пастанын жардамы менен ооз көңдөйүн эффективдүү тазалоо жана дарылоону камсыз кылат. Анын курамына абразивдүү, микробго каршы, серпилүүчү жана стимулдаштыруучу активдүү заттар кирет. Тиш пастанын негизги компоненттери – кальций жана фторид. Алар микробдорду өлтүрүп, кариестин өнүгүшүнө жол бербейт жана эмалдын туруктуулугун жогорулатат. Курамында фторид бар пастаны чоңдорго гана эмес, балдарга да колдонуу сунушталат, анткени фторид тишти бекемдейт жана кариес оорусун азайтат.

Алгачкы тиш пасталары бордун негизинде даярдалган, ал эми заманбап тиш пасталарга силикат кошулмалары бар. Азыр тишке кам көрүү үчүн көптөгөн каражаттар бар – тиш пастасы, тиш щёткасы, тиш жиби, порошок, ооз чайкоочу каражаттар, тиш чукугучтар. Бирок ошентсе да тишке кам көрүүнүн негизги куралы – тиш пастасы жана щёткасы. Тиш пастаны туура тандоо тиштер үчүн алмаштырылгыс жардамчы.

Байыркы египеттиктердин сакталып калган жазууларына таянсак,  биринчи тиш пастаны египеттиктер жасаган. Алар бактын кабыгы, жалбыз жалбырагын, отундун көмүрүн, боордун кесиндисин, бал жана туздун майдасын кошуп аралаштырып, аны эртең менен жана кечинде чайнап турушкан.

1873-жылы америкалык компания Colgate-Palmolive дүйнөдө биринчилерден болуп тиш пастаны банкага салып чыгарып баштаган. 1890-жылы компания тиш пастасын бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан түтүктөргө окшош кылып чыгарган.

20-кылымдан баштап тиш пастанын агартуучу, универсалдуу, фтор камтыган, дарылоо жана профилактикалык түрлөрүн жасап, сатыкка чыгарышкан. Бүгүнкү күндө тиш пасталарга фтор, боёк, даам берүүчү жана жыт берүүчү кошулмаларды кошуп жасоодо.

Максаты: Тиш пастанын адамга тийгизген таасирин жана аны үй шартында туура колдоно билүү. Табигый тиш пастаны коомчулукка жайылтуу.

 Милдеттер:

  1. Тиш пастанын түрлөрү менен таанышуу.
  2. Эксперименттерди жүргүзүү, тиш пастанын пайдалуу жана зыяндуу касиеттерин, курамын изилдөө.
  3. Коомчулук арасында тиш паста, аны колдонуу жана табигый тиш паста тууралуу сурамжылоо жүргүзүү.
  4. Сурамжылоонун натыйжаларын талдоо жана корутундуларды чыгаруу.
  5. Табигый тиш пастасынын курамы жана жасалышын көрсөтүү.

Актуалдуулугу:

Тема актуалдуу, анткени азыркы учурда тиш пастасы эң көп колдонулган каражат. Ал эми тиш пастадан зыян алып калбоо үчүн туура колдонушубуз керек. Тиш пастанын түрү көп жана тишибизге туура кам көрбөгөндүктөн тиш оорулары да көп. Бул биздин негизги көйгөйүбүзгө айланды. Ошондуктан тиш доктурдун кабыл алуусунда эл көп.

Тиш пастаны изилдөө: сапаты, кошулмалары жана колдонулушу

Акактай ак, таза тиштер – бул дени сак жашоонун жана жетишүүнүн белгиси деп билишет. Ооз көңдөйүнүн жана тиштердин оорусунун алдын алуу каражаты катары тиш пастасы эсептелет. Көпчүлүк балдардай эле биз таттууну жакшы көрөбүз. Изилдөө үчүн биз тиш доктурга көрүнүүгө туура келди. Тиш доктур бизге тишти жууп эле койбостон, туура тиш пастаны колдонууну түшүндүрдү. Бүгүнкү күндө тиш пасталардын көптүгүнөн, сатып алуучулар кандай тиш пастаны алууларын билишпейт. Алар бири-биринен өңү, даамы, жыты, жасалгаланышы, ар кандай кошулмалары жана дайындоолору менен айырмаланат. Көпчүлүк учурда биз жарнамасы жакшы, чөнтөгүбүзгө туура келген бир эле тиш пастаны алабыз. Өндүрүүчүлөр бизге тиш пастасын колдонуу менен көйгөйлөрдү чечип, ак жана таза тиштерди убадалап келишет. «Чындыгында ошондойбу?» деген суроо туулат. Кооз жасалган жана жарнаманын чындыгы кандай?

Ар бир тиш пастанын түзүмүндө фтор бар. Биздин республикада ичип жаткан сууларыбыздын канчалык деңгээлде фтор камтырын билбегендиктен фтору бар тиш пасталарды колдонбоону тиш доктурлар эскертип келишет. Ал зыяндуу заттар биздин организмибизге кандай таасир берип жатканын билбейбиз. Ошондуктан биз тиш пасталардын кандай түрлөрү биздин магазиндерде сатылып жатканын жана алар кандай сапатка ээ экендигин изилдөөнү чечтик.

  Божомолдоо:

Биз тиш пастанын сапатын ар бир адамга жеткиликтүү ыкмалар менен үй шартында жасасак болот деп божомолдоо жасадык. Себеби биз сурамжылоо жүргүзгөндө көпчүлүк адамдар табигый тиш паста жөнүндө маалыматы жок экенин байкадык.

Сурамжылоонун жыйынтыгы:

Тиш пастаны изилдөө: сапаты, кошулмалары жана колдонулушу Тиш пастаны изилдөө: сапаты, кошулмалары жана колдонулушу Тиш пастаны изилдөө: сапаты, кошулмалары жана колдонулушу Тиш пастаны изилдөө: сапаты, кошулмалары жана колдонулушу Тиш пастаны изилдөө: сапаты, кошулмалары жана колдонулушу

 

Корутунду: сурамжылоого катышкандардын 26%  Colgate тиш пастасын колдонору белгилүү болду. Ал эми дүкөндөрдө кеңири сатылып жаткан тиш пасталардан көп колдонгону SPLAT маркасы 18% түздү. 90% тиш пастанын курамына көңүл бурушат. 50%  тиш пастаны ай сайын алмаштырып турабыз деп жооп берди. Ал эми 72% адамдар тиш пастаны күнүнө 2 жолу эртең менен жана кечинде жууйт, 25% 1 жолу деген жыйынтык берди.

Тишти 3 мүнөт — 36%, 2 мүнөт — 34% жууру белгилүү болду. Табигый тиш паста жөнүндө маалыматты 57% «жок», 50% «ооба» деп жооп беришти.

Бул сурамжылоодон биз көпчүлүк адамдар тишке туура кам көрүүнү билишперин жана натуралдуу тиш пастасы тууралуу маалыматы жок экенин билдик.

Тиш пастанын квалификациясы

  1. Гигиеналык: курамында дарылоочу жана профилактикалык кошулмалары жок, алар ооз көңдөйүн механикалык тазалоо үчүн арналган.
  2. Дарылоо жана профилактикалык: курамында ар кандай биологиялык кошулмалар бар. Күнүмдүк ооз көңдөйүнө кам көрүү үчүн иштелип чыккан.

Тиш пастанын түрлөрү алардын өзгөчөлүктөрү

  1. Кариеске каршы. Аты айтып тургандай, бул тиш пасталар кариес үчүн арналган. Курамында фтор жана кальций бар. Тиштин эмалын бекемдейт.
  2. Сезгенүүгө каршы. Бул пасталар тиштери канаган адамдарга сунушталат. Бул түрдөгү пасталардын курамына сөзсүз түрдө микрофлораны нормалдаштырууга жана жараатты айыктырууга көмөктөшүүчү дары-дармек өсүмдүктөрдүн экстракты кирет.
  3. Агартуучу. Пасталардын бул түрүнө этияттык менен мамиле кылуу керек, анткени агартуучу абразивдүүлүгү жогору же суутектин перекиси жана активдүү кычкылтектин таасиринен пайда болот. Биринчи учурда тиш ткандарынын физикалык өчүрүлүшү, экинчисинде эмалдын химиялык жумшаруусу жана пломбалардын түсүнүн өзгөрүшү мүмкүн. Мындай пасталар жумасына эки жолудан ашык эмес колдонулушу керек.
  4. Туздуу. Бул пасталар пародонтит менен ооруган адамдарга сунушталат. Алардын курамында кан айланууну жакшыртуучу, зат алмашуу процесстерин стимулдаштыруучу, ооруну басандатуучу таасири бар түрдүү минералдык туздар бар.
  5. Балдар үчүн. Алты жашка чейинкилер үчүн атайын тиш пастасын колдонуу сунушталат. Аларга жогорку талаптар коюлат, анткени балдардын тиштеринин эмалы калыптануу стадиясында болот жана тиш жууп жатып тиш пастасын жутуп алышы мүмкүн. Заманбап өндүрүүчүлөр ар кандай даамдагы тиш пастасын сунушташат, бул баланын күнүмдүк тазалоо процедурасына көнүктүрүүгө жардам берет.

Курамы: тиш пастасы бизге тааныш зат, ал адамдардын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калды.

Бирок ушул убакка чейин көп адамдар тиш пастанын курамындагы заттардын оң жана терс касиеттерин билбейт. Биз көптөгөн адабияттарды жана интернет булактарын карап, органикалык жана органикалык эмес заттар бар деген жыйынтыкка келип, таблицаны түзүп чыктым.

Тиш пастаны изилдөө: сапаты, кошулмалары жана колдонулушу

  Тиш пастанын пайдасы:

  • Тиштеги калган тамак-аш калдыктарын тазалайт.
  • Тиштердин саргарып кетүүсүнөн сактайт.
  • Тиштердеги бактериялардын көбүн өлтүрөт.
  • Кариес пайда болуу коркунучун азайтат (фтор кошулмасы бактериялар тарабынан бөлүнүп чыккан кислоталарды нейтралдаштырат).
  • Пародонтоз оорусун алдын алат
  • Ооз көңдөйүндөгү жагымсыз жыттарды жок кылат.

Тиш пастанын зыяны:

  • Кальций карбонаты тиштин эмалын чиет, кариестин өнүгүшүнө себеп болушу мүмкүн.
  • Фториддер ашыкча болушуна алып келет, бул дагы “флюроз” эмаль оорусун козгойт.
  • Жутуп алууда ички организмге зыян алып келет.

Тиш пастаны туура сактоо

Тиш жуучу каражаттарды ачкандан кийин 2-3 айдан ашык колдонуу сунушталбайт. Өндүрүлгөн күнүн өтө кылдаттык менен текшерип алуу керек. Тиш пастанын түтүгү фольга менен жабылуу шарт. Колдонуп жүргөн тиш пастанын түтүгүн бекем жабуу керек, кислород көп кирип кетсе бактериялардын өсүшүнө алып келет.

  • Фтор кошулган тиш пастаны сактоо мөөнөтү 2 жыл
  • Гель структуралуу тиш пасталарды сактоо мөөнөтү 12 ай
  • Балдарга арналган тиш пастаны сактоо мөөнөтү 6-12 айга чейин.

Корутунду

Биз тиш пасталардын түрүн жана кандай касиеттерге ээ болорун, анын курамын, пайдасын жана зыянын билип алдык. Ар кандай ыкмаларды колдонуу менен жогорку сапаттагы тиш пастаны тандоону үйрөндүк. Тилекке каршы, дүкөндөрдө сатылып жаткан тиш пасталардын көпчүлүгүнүн курамында зыяндуу заттар бар. Ошондуктан биз табигый тиш пастасын колдонууну сунуш кылабыз.

Сиздерге сунушталган табигый тиш пастасын өндүрүүнү келечекке долбоорлоп, ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү жана ден соолукка кам көрүү максатта.

Гипотеза: Табигый тиш паста пайдалуу. Зыяндуу тиш пастаны алып албоо үчүн курамына көңүл буруш керек.

Жыйынтык

Табигый тиш пастанын курамы өндүрүлүп жаткан тиш пасталардан химиялык кошулмасы жогу менен айырмаланат. Биз табигый тиш пастаны үй шартында даярдоого болорун көргөздүк. Тишибизди эки маал жууп туруу менен ооз көңдөйүбүздүн ар кандай ооруларынан коргоого болот. Тиш пастаны тандоодо көрсөтүлгөн сызыктарына маани берүү керек экенин билдик. Тишке туура кам көрүү менен ден соолугубузду чыңдай алабыз.

Тиш пастаны изилдөө: сапаты, кошулмалары жана колдонулушуАйзат Чаргынова, Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылынын №2 Асан Абдраимов атындагы мектебинин мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер