ТЕҢДЕМЕНИ ТҮЗҮҮНҮН ЖАРДАМЫ МЕНЕН МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЫГАРУУ

  • 20.02.2023
  • 0
ТЕҢДЕМЕНИ ТҮЗҮҮНҮН ЖАРДАМЫ МЕНЕН МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЫГАРУУ

Кутмидинова Гүлмайрам Мамадумаровна

Ноокат районундагы “Улуу-Тоо” толук  эмес орто мектебинин башталгыч класстар мугалими

                                                            

Тема:  Теңдемени түзүүнүн жардамы менен маселелерди чыгаруу.

(Математика,  2-класс)

“Окуу керемет” долбоору боюнча математикадан өтүлгөн сабак.

“Моделдердин көптүгү” стратегиясы.

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Окуучулар жөнөкөй маселелерди теңдемелерди түзүүнүн жардамы менен чыгарышат.

Өнүктүрүүчүлүк: Берилген тапшырмаларда карама-каршы пикир жаратууда өз алдынча ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү өнүгөт.

Тарбия берүүчүлүк: Сабакка болгон кызыгуусун арттыра алышат. Алган билимдерин турмушта пайдалана билүүгө үйрөнүшөт.

Көрсөткүчтөр:

  • Окуучулар жөнөкөй маселелерди теңдемелерди түзүүнүн жардамы менен чыгарышса;
  • Берилген тапшырмаларда карама-каршы пикир жаратууда өз алдынча ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү өнүксө;
  • Алган билимдерин турмушта пайдалана билүугө үйрөнүшсө;

Сабактын жабдылышы: окуу китеби, дептери, калем саптар, карандаш, баалоочу каражаттар.

Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү.

Сабактын ыкмасы: түшүндүрүү жана негиздөө.

Сабактын жүрүшү: 

  1. Уюштуруу иши. Саламдашуу.

Мугалим: Күлө басып кирсем тааныш класска,

                   Тааныш көздөр күтөт менин сүйлөшүм.

Суктандыруу, таңдандыруу, таанытуу,

Ушул менин мугалимдик милдетим.

Окуучулар: Саламатсызбы, эжеке!

Класска жагымдуу маанай тартуулоо:

Кана балдар, бири-бирибизге карап жагымдуу маанай тартуулайбыз.

Мугалим: Топторго бөлүштүрүү жана тааныштыруу.

  • 1-топ-Тик бурчтук
  • 2-топ -Квадрат
  • 3-топ-Тегерек

Алтын эреже:

Балдар, келгиле бүгүнкү сабакка алтын эрежени кабыл алабыз!

 

ТЕҢДЕМЕНИ ТҮЗҮҮНҮН ЖАРДАМЫ МЕНЕН МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЫГАРУУ

1-бөлүм:

Сабакты ачуу жана киришүү:

Мугалим: Биз буга чейин тексттик маселелерди кошуу жана кемитүү амалдарын пайдаланып чыгарып келгенбиз. Бүгүнкү сабакта маселени математикалык моделди-теңдемени түзүүнүн жардамы менен чыгарабыз.

2-бөлүм: Окуучулардын түшүнүүсүн калыптандыруу.

Мугалим: 1. Жалпы класс менен иштейбиз.

ТЕҢДЕМЕНИ ТҮЗҮҮНҮН ЖАРДАМЫ МЕНЕН МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЫГАРУУ

  • Маселени чыгаруу: Алина эки китеп сатып алган. Бир китеп _ сом, ал эми экинчи китеп — 10 сом турат. Алина эки китеп үчүн 27 сом төлөдү. Биринчи китеп канча сом турат?

Маселенин шартын чагылдырган, белгисизди камтыган барабардыкты же теңдемени жазабыз.

Х+10=27 деген барабардык келип чыгат.

  • Талкуулоо: окуучулардан маселенин чыгарылышы боюнча суроо.

Бул жерде Алина эки китеп үчүн 27 сом төлөп жатат. Бир китеп 10 сом болсо, дагы бир китеп канча сом экенин аныктап алабыз. Ал үчүн биз эмнени  колдонобуз?

Бир нече окуучулар өздөрүнүн чыгарган жооптору менен бөлүшөт.

  • Багыттоочу суроолор:

— Силер белгисиз сан менен кандай барабардык же теңдеме жаздыңар?

— Маселени кантип чыгарганыңарды түшүндүрүп бере аласыңарбы?

— Барабардык же теңдеме түзүүдө кандай амалдарды колдондуңар?

— Ким ушул маселени чыгаруунун дагы башка ыкмасы менен бөлүшө алат?

Окуучулар: Өздөрүнүн бир нече ойлору менен бөлүшөт.

  • Карама-каршы пикир жаратуу:

Мугалим: Балдар, ушул маселени мен башка класстын окуучусуна сунуштаганымда, ал окуучу белгисиз барабардык же теңдеме 27+10 болот жана жообу 37 болот деп айтты.

  • Силер ушул жоопко макулсуңарбы? Эмне үчүн?
  • Силердин оюңарча ал окуучу эмне үчүн ушундай деп айтты?
  • Силер ал окуучуга туура эмес жоопту кантип түшүндүрөт элеңер?

Себебин түшүндүрүп бергилечи.

ТЕҢДЕМЕНИ ТҮЗҮҮНҮН ЖАРДАМЫ МЕНЕН МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЫГАРУУ

Окуучулар өз ойлорун айтып түшүндүрүшөт.

Моделдештирүү:

Бул маселени чыгаруу үчүн маселенин математикалык моделин түзөбүз.

Туюнтманы х+10, эки китепке 27 сом төлөгөнү бизге белгилүү. Барабардыкты төмөнкүдөй жазабыз:

Х+10=27. Бул барабардык маселенин математикалык моделин туюнтат. Ал теңдеме деп аталат. Бул жерде х-белгисиз сан.

Х+10=27

Х=27-10

х=17_

17+10=27

27=27           Жообу: экинчи китеп 17 сом .

Теңдеменин чыгарылышынын тууралыгын текшерүү.

Конкреттүү берилиш: 

 

ТЕҢДЕМЕНИ ТҮЗҮҮНҮН ЖАРДАМЫ МЕНЕН МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЫГАРУУ

Графикалык берилиш:

ТЕҢДЕМЕНИ ТҮЗҮҮНҮН ЖАРДАМЫ МЕНЕН МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЫГАРУУ

2-маселе.  Топто иштешет.

Маселенин схемасы боюнча теңдеме тузгүлө жана аны чыгаргыла.

 

ТЕҢДЕМЕНИ ТҮЗҮҮНҮН ЖАРДАМЫ МЕНЕН МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЫГАРУУ

 Эс алуу мүнөтү:

Бир кишидей бололу,

Калем сапты коёлу.

Ордубуздан туралы,

Жайлуу жерге жылалы.

Бир дегенде алдыга,

Колубузду сунабыз.

Эки десем көтөруп,

Какйып түз турабыз.

Үч дегенде кайра эми,

Колду алдыга сунабыз.

Төрттө тегиз түшүрүп,

Эс алалы, тыналы.

Практика:  Окуучулар  жеке иштешет. Окуучуларга окуу китебинен жогорудагы маселелерге окшош маселени сунуштайбыз,

Жогорку деңгээл:  Окуучуларга белгисиз кемүүчү, кемитүүчү, же кошулуучуларды камтыган  2 же 3 амалды талап кылынган маселелерди чыгаруу үчүн теңдемени түзүүгө карата татаалыраак маселе беребиз.

  • Момпосуй салынган вазага 18 момпосуй кошушту. 10 момпосуй желгенден кийин, 12 момпосуй калган. Вазада башында канча момпосуй болгон?

 

Төмөнкү деңгээл:  Окуучуларга бир амал менен туюнтма түзүүнүн арифметикалык ыкмасы менен чыгарыла турган кошуу жана кемитүүгө карата тапшырма беребиз.

  • Кайыктар токтогон жерде 15 яхта болгон. Бир нече яхта кеткенден кийин 8 и калды. Деңизге канча яхта чыкты?

Тапшырмада эмне белгисиз?

Маселени кантип чыгардыңар, түшүндүрүп бергиле?

 

3-бөлүм: Окутуунун жыйынтыктарын баалоо.

 ТЕҢДЕМЕНИ ТҮЗҮҮНҮН ЖАРДАМЫ МЕНЕН МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЫГАРУУ

 

менен баалоо.

  • Ыкчам текшерүү:

Окуучуларга жупташып иштөө менен маселени чыгаруу үчүн теңдеме түзүүнү сунуштайбыз.

Дүкөнгө 100 кг жүзүм алып келишти. Түштөн мурун 30 кг жүзүм сатышты. Дүкөндө канча кг жүзүм калды

  • Эгер маселени чыгаруу жеңил болсо—
  • Эгер маселени чыгарууда кыйынчылыктар жаралса——
  • Эгер маселени түшүнбөй жатса жана аны кантип аткаруу керектигин таптакыр билбей жатышса—

Ушул белгилердин бирин тандашат.

  • Кайталоо: Сабакта өтүлгөн көндүмдөрдү кайталоо жана аны киришүүдө баяндалган максат менен байланыштырабыз.
  • Бүгүнкү сабакта эмнелерди билдик?
  • Эмнелер кызыктуу болду?
  • Кандай жаңы нерселерди үйрөндүк?

Үй тапшырма: Окуу китебинен №7 34 бет.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер