ТАТААЛ СҮЙЛӨМ АНЫН МҮНӨЗДҮҮ БЕЛГИЛЕРИ, ТҮРЛӨРҮ

  • 20.11.2023
  • 0
ТАТААЛ СҮЙЛӨМ АНЫН МҮНӨЗДҮҮ БЕЛГИЛЕРИ, ТҮРЛӨРҮ

Аниса САПАРАЛИЕВА, Айтматов районундагы Рахманалы Осмонов атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими, Талас облусу

ТАТААЛ СҮЙЛӨМ АНЫН МҮНӨЗДҮҮ БЕЛГИЛЕРИ, ТҮРЛӨРҮ

 Сабактын максаты:

  1. Татаал сүйлөм анын мүнөздүү белгилери, түрлөрү тууралуу маалымат аласыңар.
  2. Татаал сүйлөмдүн түрлөрүн бири-биринен ажырата билесиңер.
  3. Берилген мисалдар аркылуу кыргыздын баалуулуктарын аздектеп. ага баа бересиңер.

Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү.

Окутуунун усулу: Интерактивдүү.

Предмет аралык байланыш: Адабият, тарых, география, биология ж.б.

Сабактын жүрүшү:

  1. Саламдашуу.
  2. Журналдан окуучуларды жоктоо.
  3. Топторго бөлүү (балдар лентадан каалаган өңдү тандап алышат да, ак, жашыл, күлгүн өңдөр менен топторго бөлүнүшөт. Ак өң – “Көөкөр – l” кештеси, жашыл өң – “Көөкөр – 2” кештеси, күлгүн өңү – “Бүркүт” кештеси болушат. Окуучулар топтун атын жактап беришет).
  4. Жагымдуу маанай тартуулоо (жаңсоо менен топтор бири-бирине жагымдуу маанай тартуулашат). Б. Алтын эреже.

Ураан: «Бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн»

  1. Жети өлчөп, бир кес.
  2. Суу атасы — булак, сөз атасы — кулак.
  3. Жылуу-жылуу сүйлөсө, жылан ийинден чыгат.
  4. Жакшы окуп, жакшы жүрүшүм, элиме кошкон үлүшүм.
  5. Көрө-көрө көсөм бол, сүйлөй-сүйлөй чечен бол.
  6. Кыймылдаган кыр ашат.
  7. Көп түкүрсө көл болот.

5. Үй тапшырмасын бышыктоо.

  1. «Чежире» топтому менен чакчыл түрмөктөрдү бышыкташат (3 топко суроолор жазылган ватман таркатылып берилет, балдар берилген суроолорго жооп беришет).
  2. Берилген мисалдагы сүйлөмдөрдү окуп беришет.
  3. Сабакты ачып алуу.

6. Боз үйдүн сүрөтү аркылуу жөнөкөй жана татаал мисалдарды келтирип, сабакты ачам.

7. Жаңы теманы ачам жана максатын түшүндүрөм.

8. Теманы түшүндүрөм.

ТАТААЛ СҮЙЛӨМ АНЫН МҮНӨЗДҮҮ БЕЛГИЛЕРИ, ТҮРЛӨРҮ

  1. Кыргыздар жашоо-шартына ылайык, боз үйдүн жүктөмө түрүн кабыл алышкан.
  2. Кыргыз боз үйү элдин сергек акылынан чыккан ыңгайлуу буюм, теңдешсиз өзүнчө өнөр болуп зсептелет. (Демек, эки же андан ашык сүйлөмдөрдүн өз ара маани же интонациялык жактан ажырагыс түрдө байланышкан тутумунан туруп, бир бүтүн ойду билдирсе татаал сүйлөм дейбиз).
  3. Мисалы: Жайлоого кеч келип кондук, боз үй да тигилди. Коломто жагылып, үйдүн ичине кут, береке кирди.
  4. Жөнөкөй сүйлөмдөрдүн туш келген эле тизмеги татаал сүйлөмдөрдү уюштура бербейт. Бул үчүн татаал сүйлөмдүн тутумунда турган жөнөкөй сүйлөмдөр маанилик жана интонациялык жактан өз ара ажырагыс байланышта болууга тийиш.

Мисалы:

  1. Боз үйдүн жыгачтары талдан жасалат.
  2. Мен китеп окуганды жакшы көрөм.

Боз үйдүн жыгачтары талдан жасалат, мен китеп окуганды жакшы көрөм (биз түзгөн сүйлөмүбүз маанилик жактан бир ойду туюндурган жок, мындай татаал сүйлөм болбойт).

Мисалы:

  1. Көлөмү жагынан боз үйлөр отуз канатка чейин жетет.
  2. Быйыл Соң-Көлгө туристтер көп келишти.

Көлөмү жагынан боз үйлөр отуз канатка чейин жетет, быйыл Соң-Көлгө туристтер көп келишти (бул сүйлөм да татаал сүйлөм боло албайт).

Эми алдыда татаал сүйлөмдүн синтаксистик түгөйлөрүн өз ара байланышуу жолдору тууралуу сөз кылабыз.

а) Татаал суйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр интонация аркылуу байланышат: Мисалы: Сабакты аябай жакшы окучу, мугалимдер да акылдуулугуна таң калышар эле.

б) байламталар аркылуу:

Мисалы: Анын денеси салмактанды жана башы ооруй баштады.

в) шарттуу ыңгайдын -са мүчөсү аркылуу:

Мисалы: Эртең сынакты ийгиликтүү тапшырсам, айылга кетем.

г) атоочтуктар аркылуу:

Мисалы: Мен айылга кире берерде айлананы туман каптап кирди.

д) чакчылдар аркылуу:

Мисалы: Мен сынакка тынымсыз даярданып, эң жакшы баа алдым.

е) жандоочтор аркылуу:

Мисалы: Күн кайра салкындагандан кийин, мал өрүштү карай жайылды.

Эми балдар, татаал сүйлөмдөр тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн грамматикалык түзүлүшүнүн ар башкалыгына жана ойду бүтүрө алуу өзгөчөлүгүнө жараша экиге бөлүнөрүн карайбыз. Алар: 1. Тең байланыштагы татаал сүйлөм. 2. Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм.

ТБТС. а) Мисалы: Эр жагы — үйдүн сол тарабы, анда эркектердин буюмдары коюлган. (Бул эки сүйлөм бири-бирине багынбайт, экөөнү эки башка кылып, бөлүп коюуга болот).

—*-6)Мисалы:Үзүктүн түндүк жагы кууш болот, этек жагы жазы болуп жасалат.(Бул эки жөнөкөй сүйлөмдөн турган татаал сүйлөм тең байланыштагы татаал сүйлөм болду).

Б6ТС. а) Мисалы: Ким эл ичинде зергер аталса, ал боз үйдүн устачылыгын түгөл кармаган.

б) Чеберлер элдик ыкманы кеңири пайдаланышып, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүшкөн. (Жогорудагы эки мисал багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм болушту).

Көнүгүү иштөө: 123-көнүгүү. Берилген сүйлөмдөрдөн татаал сүйлөмдөрдү табабыз.

  1. Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.(ж.с) 2.Тил байлыгы — учу-кыйыры жок океан, ал — казып бүтпөй турган кен. {т,с} З.Туулган жердин топурагы алтын. (ж.с.) 4. Аба үп болуп, күн чым кызарса, кийинки түнү боз түшөр. (т.с.) Б. Жакшы бала тил алчаак, жаман бала уялчаак.(т.с.)
  2. «Сабат санжырасы» топтому. (Кемчонтойдун сүйлөмдөрдөгү кетирген каталарын оңдойбуз)

«Көөкөр — 1» кештесине:

  1. Үкүлү тебетей — кыздарга илайык баш кийим. Анын төбөсү же баркы же кыжым же чийбаркыт же тукабадан шырылып жасалат. (Бул сүйлөмдө үч орфографиялык, үч пунктуациялык ката бар).

«Көөкөр — 2» кештесине:

  1. Ит эдигейдин алаканындагы таттуну жалап алып кырсылдата чайнап жиберди да үмүтөнө көзү жалжылдап, шыйпаңдай туруп калды. (Бул сүйлөмдө үч орфографиялык, эки пунктуациялык ката бар).

«Бүркүт» кештесине:

  1. Теңирберди ыкчам туруп акчыл булуттай сур сүлөсүндү туллшугунан силкти бойу мечен тен, болуп, куйругу жер чийип күмүш кылкандары сеңселе түшүп тери дагы көркүнө чыга түштү.
  2. Тебетейге чоңдук кылат, Муну ичике жакка кылдырсам болчудай, (Бул сүйлөмдө үч орфографиялык, үч пунктуациялык ката бар). 9. Окуучулар тарабынан дайындалган видеодогу макалдардын жарымын улап айтышат.
  1. Жакшы кыз, жалтыраган айнектей, жаман кыз, түбү түшкөн чайнектей.
  2. Балаң жакшы чыкса, этектеги башың төргө ыргыйт. Балаң жаман чыкса, төрдөгү башың, этекке ыргыйт.
  3. Ааламдын көркүн көз ачат, адамдын көркүн сөз ачат.
  4. Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат.
  5. Билимдүүнүн сөзү өткүр. Өнөрлүүнүн көзү өткүр. б. Көп түкүрсө — көл болот, көл толкуса — сел болот.

10.Тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдү багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмгө айландырабыз.

1.Бирок мен бирди айтам, турмуш миңди айтат.

2. Эми күн жылыйт, адам акка, мал көккө тоёт.

3. Отряд үйлөрүн кыдырып тентишкен экен, катылган мылтыктар табылыптыр.

4. Түн бир убак болуп калды, ага карабай Шайбеков дагы эле чекесин укалап, кат жазуу менен убара.

5. Ай сүттөй жарык тийип турат, ошондуктан караңгыда баскан жаныбар даана көрүнөт.

6. Жер бетин караңгылык каптаган, эки жактан эч нерсе көрүнбөйт.

11. Сабакты жыйынтыктоо:

«Асман жер оюну «{Мугалим тең байланыштагы жана багыныңкы байланыштагы сүйлөмдөрдү окуйт. Берилген мисалдардын туура жообуна балдар турушат, туура эмес жообуна отурушат. Кээ бир мисалдар атайын ката жооптор менен берилет).

  1. Кысканы узун кылган — эпчил, кичинени чоң кылган — эмгекчил. (ТБТС)
  2. Жөнөкөйдө кайрылган кайрымдуулук эмес, башына түшкөн кара күндөрдө кылган кайрымдуулук. (ББТС)
  3. Көзү — көлдөн, ажалы — желден. (ББТС)
  4. Багуусу жарашса, кой жүнүнө кол аралабай калар эле. (ТБТС)
  5. Гүл болбосо багында, булбул кайдан сайрасын. (ББТС)
  6. Биз белге чыга бергенде, жашыл тукаба көмкөрүлгөн чыныдай аппак үйлөр көрүндү. (ТБТС)
  7. Таң эртеден бери шаарды кыдырды. (ТС)                            12.Топторду баалоо: (Ар бир топ тапшырмаларды аткаруудагы алган чүкөлөрүн санашат жана жекече бааланат).                              13.  Үйгө тапшырма берүү: 131-көнүгүү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер