ТАШТАГЫ СЫРЛАР

  • 24.05.2021
  • 0
ТАШТАГЫ СЫРЛАР

Араван райондук балдардын чыгармачылык борборунун “Мурас” ийриминин мугалими Султанова Тамара

ТАШТАГЫ СЫРЛАР

Ийрим сабагынын темасы: “Таштагы сырлар”

Ийрим сабагынын максаты:   а) Жаратылыш каражаттарынын бири болгон таштардан “Панно” жасоонун  жолдорун үйрөтүү.

б) Ой жүгүртүү жана элестетүү менен туура

композициялоо, сөз байлыгын, чыгармачылык

жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү.

в) Өз алдынчалуулукка, эмгекке, тазалыкка,

өзүнүн жана башкалардын эмгегин баалоого,

урматтоого, эмгекти сүйүүгө тарбиялоо.

Ийрим сабагынын формасы: Топтордо иштөө.

 Ийрим сабагынын жабдылышы:  Түстүү кагаз, ПВА желими, кайчы, түрдүү формадагы таштар, лак, гуашь, эскиз.

Ийрим сабагынын жүрүшү:   Уюштуруу.

а) Саламдашуу.

б) Каалоо-тилек айтуу.

в) Катышуучуларды  топторго бөлүү.

Теманын үстүндө иштөө:

-үлгүгө анализ жүргүзөбүз.

-Даяр жумушка көз салсаңар!

-Паннону композициялоодо эмнелерге көңүл буруу керек экен? (Таштарды

түсүнө, формасына карап тандоо)

-Жумушту  пландаштыруу.

-Керектелүүчү каражаттарды  даярдап  алуу (тазалоо).

Бүгүнкү бизге тапшырма: Сүрөтчү болуу  жана эң жөнөкөй таштардан искусство жаратуу. Ошондой эле көздү кубанткан, көңүлдү көтөргөн эмгек болуусу керек.

Практикалык иш алып баруу.

1-кадам: Панно үчүн ак кагазды бөлүп кыркып алуу жана аны башка түстөгү  А 4  форматтагы кагаздын ортосуна желимдөө.

ТАШТАГЫ СЫРЛАР

2-кадам: Берилген эскизге карап таштарды тандап, желимсиз жайгаштырып көрүү.

ТАШТАГЫ СЫРЛАР

3-кадам: Таштарды жайгаштырып алгандан кийин, пистолет же ПВА желиминин жардамында жабыштырып чыгуу.

ТАШТАГЫ СЫРЛАР

4-кадам: Даяр болгон паннонун таштарына алардын табигый өңү сакталып туруусу  үчүн  түссүз  лак берилет.

ТАШТАГЫ СЫРЛАР

Ийрим сабагын жыйынтыктоо: Ар бир топ аткарган жумуштарына тема тандап жана ага карата аңгеме түзүү, айтып берүү.

Үйгө  тапшырма:  Эркин темада өз тандоосу менен панно жасоо.

Баалоо: Окуучулар бири-бирин баалашат.

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер