Т. ТЫНЫБЕКОВ — ОРОШОН ТАЛАНТ

  • 17.02.2022
  • 0
Т. ТЫНЫБЕКОВ — ОРОШОН ТАЛАНТ

Айгүл Тажимырзаева,

Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун

Т.Тыныбеков атындагы №16 мектебинин

Башталгыч класстарынын мугалими

Сабактын темасы: Т. Тыныбеков — орошон талант

Сабактын максаты:

Окуучулар Т.Тыныбеков жана анын чыгармачылыгы жөнүндө билишет. Өз алдынча  изденүүлөрү, билгичтиктери өсөт.

Улуу муундардын эмгегин баалоого, өнөр үйрөнүүгө, аракетчил болууга үйрөнүп тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы:

Слайд, жол белгилери жөнүндө буклет, Т.Тыныбековдун китеби.

Сабактын жүрүшү:  

1)  Уюштуруу учуру: “Ак мектебим” ырын ырдашат.

2)  Үй тапшырманы суроо

“Түстөрдүн суроосу”.

Кызыл.  Кичинекей тест:

  1. Суу колуң менен эмнени кармаба?

А)  Кийимди   Б) Конфетти   В)  Токту

  1. Ысыгы менен эмнени карма?

А) Үтүктү          Б) Чайнектеги кайнак сууну   В) Нанды

  1. Электр энергия кайдан келет?

А) Тоодон    Б) Суудан    В) Шаардан

Сары.   Табышмак  тапкыла:

Шоссе жолду коштоп бойлоп,

Көчө менен алып барат.

Жөө кишилер баскан жол,

“Тротуар” деп аталат.

Тротуар чекесине,

Өстүрүлсө бак-дарак.

Анда ал саябан бак,

“Аллея” деп аталат.

Жашыл.  Күлүк суроолор:

  1. Кесүүчү куралдарды билебизби?
  2. Адам эмнеге ууланып калышы мүмкүн?
  3. Өрт коопсуздугун сакташ үчүн эмнелерди колдонбошубуз керек жана эмне менен иштөөдө сак болуубуз керек?

Жаңы темага өбөлгө түзүү:

“Мөлмөлүм” музыкасы уктурулат

Окуучуларга төмөндөгүдөй суроолор менен кайрылам.

  1. Бул обонду мурда уктуңар беле?
  2. Уксаңар эмне деп аталат?
  3. Бул обон кимге таандык деп ойлойсуңар?

Ойлорун угам жана толуктайм. Демек бүгүнку темабыз Т. Тыныбеков жөнүндө болмокчу.

Сабактын темасы жана максаты айтылат:

-Кана, балдар! Т. Тыныбеков жөнүндө билесиңерби? Ал ким болгон? Окуучулардын ойлорун угуп жана слайд аркылуу Т. Тыныбековдун өмүру – чыгармачылыгы жөнүндө айтып берем.

Т. Тыныбеков 1927-жылы 21-октябрда Жалал-Абад областынын Аксы районунун Тегене айылында туулган. Демек биздин абабыз, биздин сыймыгыбыз.

Ал бала кезинен эле ырга, комузга шыктуу, өнөрлүү бала болгон. Анын эң алгачкы ыры “Эпкиндүү Ажыбек” деген ат менен “Коммунизм жолу” газетасына жарыяланган. Мына ошондон тартып анын ырлары областтык республикалык газета-журналдарга чыга баштайт. Ал атактуу эл ырчылары Коргоолго, кийин Барпыга жолугуп төкмөлүк өнөрдүн жол жобосун үйрөнгөн. 1949-жылы эл акыны Калык Акиев Аксыга концерт коюп келип, Токтосунду ырдатып көрүп, жактырып аны Бишкекке алып кетет да. Кыргызстан филармониясынын солистигине ишке алат. Кечки жаштар мектебинде окуп, орто мектепти 10-классты бүтүрөт. Т Тыныбеков көп кырдуу талант ээси: акын, комузчу, аткаруучу, төкмө акын, обончу, кыл кыякчы, ооз комузчу,  акын Б.Сарногоев баа бергендей төрт аягы тең жорго, өз кесибине чаң жугузбай, доо кетирбей башкаларга окшоп атак-даңк, наам учүн далбастабай, тескерисинче Ата журттун көркүн чыгарып ырларды жаратып, туулган жердин, элдин эмгегин даңазалап даңктап ырдап, төкмө акындар менен айтышып ак дилден кызмат өтөгөн.  Өз өмүрүндө таза жашаган. Ушунчалык анын уну бийик, ырдаганда анын унүнүн тембрине эч ким жетпеген. Бул үчүн ал эч качан мактанган эмес. Темир комузчулар ансамбли менен бир нече кыздардын ортосунда туруп ооз комузда кол ойнотуп Москвага фестивальга катышып келген. Төкмө акындык өнөрү абдан жогору болгон. Аны менен айтышкан акындарды курч тамашалуу сөздөрү менен сындырып айтышып, элдин купулуна толгон. Ашыралы Айталиев, Т.Тыныбеков, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев төрт акын булар барышпаган булар ырдашпаган Кыргызстандын бир да булуң бурчу калбаган. Айрыкча Эстебес Турсуналиев экөө эгиз козудай ээрчишип узак жылдар бою сахнада миңдеген ыр сүйүүчүлөргө ырахат тартуулашты. Анын бир нече ырларына обондор жаралып азырга чейин эл арасында ырдалып келет. Мисалы “Жаштар маршы”, “Сагынга”, ”Мен ашык”, ”Сагыныч”, “Селкиге”, “ Кыргыз тоосу”, ”Жаштык ыры”, ” Катка жооп”. Ошондой эле мен силерге угузган. Барпы Алыкуловдун “Мөлмөлүм” деген текстине шайкеш өлбөс өчпөс обон жараткан.

Жубайы Гүлсайра Рысалиева, эки уул үч кыздын атасы.

Агабыздын экинчи өлбөс өмүрү – өзү жараткан ырларында, айтыштарында, мукамдуу обондорунда, темир ооз комузунда, устаттарын эскерген көркөм тарыхый баянында, китептеринде бийиктен шаңшыган тоо бүркүтү сыяктуу кыргыз элинин жүрөгүндө, анын урпактары биздин жүрөгүбүздө жашай бермекчи. Ошондой эле анын ысмы биздин мектебибизге жана Жалал-Абаддагы областтык филармонияга, Кербендеги бир көчөгө жана Токтогул районунун борборундагы бир көчөгөгө ыйгарылган. Токтосундун элге, искусствого кошкон салымы үчүн орден, медаль, Ардак грамоталар менен сыйланган жана “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти” деген наамга ээ болгон.

Сабакты бышыктоо:

1-тапшырма:  Сүрөттөн Т. Тыныбеков ойногон аспаптарды

тапкыла?

2-тапшырма: Т.Тыныбековдун ысымы кайсы жерлерге берилген?

Сабакты жыйынтыктоо:

Инсерт түзүшөт: Билем, Билдим, Билгим келет.

 Баалоо

Үйгө тапшырма берүү: “Мектебим” ырын жаттап

келгиле

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер