ТҮСТҮҮ КУМДАР

  • 20.04.2022
  • 0

Адылбекова Наргиза,

№ 7 «Келечек» бала  бакчасынын тарбиячысы,

 Балыкчы шаары

Сабак: Кѳркѳм ѳнѳр

Сабактын темасы: Түстүү кумдар

ТҮСТҮҮ КУМДАР

Сабактын максаты:

Балдарды табигый материалдарды колдонууга кызыктыруу, сенсордук кабыл алуусун, логикалык ѳнүгүүсүн ѳнүктүрүү. Сѳз  байлыгын ѳстүрүү, колдун майда моторикасын ѳнүктүрүү, ѳз максатына жетүүсүнѳ үйрѳтүү.

Сабактын жабдылышы:

кум жѳнүндѳ сүрѳттѳр, курулуштар, кум, түстүү кумдар, суу, суу лейкасы, пластика бутылкалар, жип, салфетка, табактар, стакандар.

Уюштуруу:

ТҮСТҮҮ КУМДАР

Кана балдар, туралы,

Кѳңүлдѳрдү буралы,

Жылуу салам айталы,

Бири-бирибизди угалы.

Баарыңарга ысык салам!

Жана дагы кутмандуу таң!

Ар бирибиз жылмайсак,

Жылмаят бизге апакай таң!

Жүрүшү:

 -Балдар, бүгүн биз сүрѳтчү болобуз, жѳнѳкѳй эмес ѳзгѳчѳ сүрѳт тартабыз.

Сюрпризный момент: балдар, карагылачы, колумдагы эмне баштыкча? Мында эмне бар?

Кана колуңар менен кармап, байкап кѳргүлѳчү! Бул эмне экен?

Бири-бириңерге узаткыла, ким табат?

Балдар баштыкчада «кум» бар экенин айтышат.

Азаматсыңар, бул  баштыкчада  кум бар экен.

 — Кум кайда бар?

— кѳлдүн жээгинде, бакчада атайын кум менен ойноочу жайда,  эшикте.

Кумду биз жашообузга эмнеге пайдаланабыз? —курулуш курганга, жол салганга, биз ойногонго.

Келгиле анда кумдун кандай экенин биз изилдеп кѳрѳлү: силер макулсуңарбы? Ал үчүн биз алтын эрежелерди сактайлы!

1.Кумду ыргытпагыла!

2.Колуңарды оозунарга салбагыла!

3.Кѳзүңѳрдү сүртпѳгүлѳ!

4.Колуңарды кийимдериңерге аарчыбагыла!

5.Башка бирѳѳнүн кѳзүнѳ чачпагыла!

  1. Тарбиячынын сѳзүн кунт коюп уккула!

7.Ынтымактуу иштегиле.

8.Таза жана тыкан болгула!

9.Иштеп бүткѳндѳн кийин колду салфетка менен сүргүлѳ!

  1. Сабак бүткѳндѳ колду самын менен таза жуугула!

Биз сабагыбызды кумдун кандай экендигин изилдѳѳлѳр менен баштайбыз.

ТҮСТҮҮ КУМДАР

  1. Оюн: «Саламатсыңбы кум»!

Кана балдар, кум менен кантип таанышсак болот?

Келгиле кум менен саламдашалы, оң колубуздун манжаларын бир бирден кумга санап  салабыз. Андан соң, алаканга бир аз кум алып, эки алакан менен сүртсѳк болот (бул кум терапиясы).Азаматсыңар! Кум менен учураштык, тааныштык.

  1. Оюн: «Өзгѳчѳ издер»

Бир колубузду муштайбыз, экинчи колубузду табактагы кумдун үстүнѳ коебуз, «мамалактар басышат» мамалактын  изи түштү. Кумдун үстүнѳн сѳѳмѳйдүн  учу менен басабыз, ары-бери, бул эмненин изи? Бул коёнектер секирип жатышат. Эми жыландар  сойлойт, (сойлойт деген эмне?) — жылат. Колдун учу менен ийри-буйру  сызык кѳрсѳтүшѳт, бул жыландын изи. Эми жѳргѳмүш жѳргѳлѳйт – кѳрсѳтѳм, силер дагы мени туурагыла! (баардык манжаларын коюп туурашат).

Кѳрдүңѳрбү балдар, кандай кызыктуу издер түштү.

Кум кандай экен? — кургак, жылуу, жеңил, сууну бат сиңирет, оор болот, саапырылма.

  1. Тажрыйба:

а) Келгиле балдар, кумга тажрыйба жасап кѳрѳлү, мени  карап тынч отургула!

Тарбиячы кашык менен кумду алып бутылкага чуурутуп салат. Демек, кум куюлат, себеби, майда бѳлүкчѳлѳрдѳн турат анан жеңил.

куюлма — жаңы сѳз. Кайталатуу.

Бутылканы ары-бери кыймылдатсак куюлат. Убакытты биз эмне менен ѳлчѳйбүз?

ТҮСТҮҮ КУМДАР

Саат. Сааттын түрүн кѳрсѳтүү. Кум саатты колдонушат.

Эми балдар, чарчадыңарбы? Келгиле, ойнойбуз!

— Элестетебиз, силер баарынар кумсуңар, кум дѳбөдѳ болосуңар. Ылдый отургула, мына шамал  башталды, кумдар уча башташты. (Балдар аркы-терки чуркашат, музыка токтогондо, орундарына отурушат).

б)  — Кумга суу куюп кѳрѳйүн, эмне болду? Кум суу болуп, оор болуп калды, куюлбай калды. Суу кумдан эмне жасасак болот?

 Ар кандай нерселерди, курулуштарды.

  • Балдар, кумду ар кандай тускѳ дагы боёсок болот экен, атайын боёктор менен.

Келгиле, эми ушу кум менен сүрѳт тартып чаптап кѳрѳлү. (Балдарга раскраска, түстүү кумдар таратылат).

  • Кана балдар келгиле эми клейди алабыз,кагаздын бетиндеги сүрѳткѳ сүйкѳйбүз, мага он сѳѳмѳйүнѳрдү кѳрсѳткүлѳчү,бармагынарды дагы,биз  ушул эки манжабыз менен жѳжѳлѳргѳ жем чачабыз,кара сызыктан чыкпайбыз,кум сээп  бүткѳн сон акырын кагазды кѳтѳрүп ашыкча кумдарды кайра табакка тѳгѳбүз,колдорубузду салфеткалар менен тазалайбыз.

ТҮСТҮҮ КУМДАР

Жыйынтыктоо:

  • Кана балдар, келгиле, эмнени чаптадык биз кум менен?
  • Үйлѳмѳ шар.
  • Кимдики кандай түс болду? (Түстѳрүн айтышат).
  • Кыздардыкы балдардыкына караганда тыкан болуптур, балдар дагы жакшы жасаптыр, азаматсыңар.

Мен болсо силерге чын эле үйлѳмѳ шар алып келдим! (балдарга бирден таратылат)

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер