ТѲРТ МЕЗГИЛДИН ѲЗ ѲЗҮНЧѲ СЫРЫ БАР

  • 04.02.2022
  • 0
ТѲРТ МЕЗГИЛДИН ѲЗ ѲЗҮНЧѲ СЫРЫ БАР

Исмайылова Алмагүл,

“Нуристан балдар борбору” Билим берүү уюму”

 мекемесинин башталгыч класстарынын мугалими,

Балыкчы шаары

ТѲРТ МЕЗГИЛДИН ѲЗ ѲЗҮНЧѲ СЫРЫ БАР

                                                         Тарбиялык саат

Сабактын максаты:

  1. Жыл мезгилдери боюнча маалымат алышат.
  2. Жыл мезгилдеринин ѳзгѳчѳлүгүн билишет.
  3. Алган билимдерин турмушта колдоно алышат.

Сабактын кѳрсѳткүчтѳрү:

  1. Окуучулар жыл мезгилдери боюнча маалымат алышса;
  2. Жыл мезгилдеринин ѳзгѳчѳлүгүн билишсе;
  3. Алган билимдерин сүйлѳѳ кебинде колдоно алышса.

Сабактын жабдылышы: Түстүү сүрѳттѳр, видео ролик жыл мезгилинин макети.

Сабактын тиби: Жаңы билимге ээ болуу жана эркин сабак.

 Сабактар аралык байланыш: Адеп, мекен таануу, математика.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.  Саламдашуу.

Балдар, бүгүн кандай күн ачык. Биздин да кѳнүлүбүз күндѳй жаркырап турат. Анда эмесе ушундай жакшы маанай менен сабагыбызды баштайлы.

Тарбиялык саатын максатын окуучуларга түшүндүрүү.

ТѲРТ МЕЗГИЛДИН ѲЗ ѲЗҮНЧѲ СЫРЫ БАР

 Жаңы тема:

Бүгүнкү сабагыбыздын аты эле айтып тургандай, тѳрт мезгилдин ѳз ѳзүнчѳ сыры бар экендигин сабактын жүрүшүндѳ дагы жакшы билебиз.

Кана эмесе балдар, бир жылда канча мезгил бар?

Кана атап кѳрсѳңѳр?

Кимге кайсы мезгил жагат?

Мезгилдердин бири-биринен айырмачылыктарын айтып кѳрсѳңѳр?

Мына кѳрдүңѳрбү балдар, ар бир мезгил ѳз убагы, кооздугу менен айырмаланат.

Балдар, билесиңерби бир жылда 4 мезгил, 12ай, 52 жума, 365 күн, 8760 саат, 31миллон 536 миң секунд бар.

Ошондой эле ар бир жыл ѳз-ѳзүнчѳ аталат. Мисалы быйыл уй жылы.

Окуучуларга видео ролик кѳрсѳтүлѳт. Жыл мезгилдери жѳнүндѳ.

Окуучуларга доскадагы мезгилдер жѳнүндѳгү сүрѳттѳр менен таааныштырылат.

Окуучулар темадан түшүнгѳнү боюнча “Тѳрт мезгил” деген темада жомокту коюп беришет.

“Илгери ѳткѳн заманда Жыл аттуу ашкан акылман жашаптыр. Ал аябай боорукер, кѳп ѳнѳрдү билген адам экен. Анын Кыш, Жаз, Жай, Күз деген тѳрт уулу болуптур.

ТѲРТ МЕЗГИЛДИН ѲЗ ѲЗҮНЧѲ СЫРЫ БАР

Жылдын экинчи уулу Жаз жана анын артынан Жай күндү аябай ысытып, булактар соолуп, кургакчылыктан кѳптѳгѳн жан-жаныбарлар ѳлүп калышат. Муну кѳргѳн Күз жамгыр, ага удаа эле Кыш калың кар жаадырып, катуу суук кылып жиберет. Буга чыдабаган курт-кумурскалар Жылга даттанып келишет.

Жыл ойлонуп бир күнү кыш, бир күнү жаз болсо болбойт экен. Ошондуктан мен тѳрт балама күндѳрдү бѳлүп берейин, ар кимиси ѳз иштерин ошол бѳлүнгѳн күндѳрдѳ аткарсын. Улуу балам Кышка 91 күн, экинчи уулум Жазга 91 күн, үчүнчү уулум Жайга 92 күн, эң кенже уулум Күзгѳ 91 бѳлүп берейин. Буга кандай дейсиңер? — дейт угуп отургандарга кайрылып. Буга бардыгы макул болушат”.

Ошентип, Жылдын тѳрт баласы тѳрт мезгил аталып калыптыр.

-Кана балдар, силерге жомок жактыбы? Мезгилдердин аталыштарын билип алдыңарбы?

Анда эмесе ким мезгилдер жѳнүндѳ ырлардан билет?

Кыш жѳнүндѳ ырлар

Боору оруп кыштын

Жалбыраксыз бутактарга,

“Бутактарың үшүйт” — деп ,

Ороп койду ак карга.

 

Аппак, аппак, аппак кар,

Ак кийинген бак-шактар.

Тоонун баарын карасаң,

Ѳзүнчѳ эле жомоктой.

 

Кыш керемет бизге,

Берекеңди бере бер,.

Элге бергин береке,

Жерге бергин береке.

Кана балдар, жаз жѳнүндѳ ким ыр билет?

Ѳзѳндѳ суулар мелтилдеп,

Ыргалат шибер желпилдеп,

Жаздын күнүн ырдадым,

Жаштар окуп жүрсүн деп.

 

Муздун баары тамчылап,

Ыйлап жатат барчылап.

Ал анткени жаз келди,

Салам сага, кѳк асман!

 

Күн жылмаят эми бизге,

Кардын жашы токтобой.

Суулар ырдайт шылдырап,

Жашыл чѳп да кылтыя.

 

Дарактын баары бүрдѳгѳн,

Мѳмѳлүү бактар гүлдѳгѳн.

Канаттуу кушка тил кирип,

Мукам-мукам үндѳгѳн.

Анда эмесе жай жѳнүндѳ ырлардан айталы

Ысык кумда какталып,

Сууга түшѳм түштѳ мен.

Ооруганды билбеймин,

Күнгѳ күйѳт бүт денем.

 

Байчечекей жакшы гүл,

Бакыт ырын жазчу гүл.

Жел ыргаса жайнаган,

Байчечекей жайкы гүл.

 

Кана, кана, канакей,

Карагыла анакей,

Бажырайып ачылган,

Жайкы күндү карачы.

 

Жайкы күндѳ гүлгѳ ашык,

Кѳпѳлѳктѳр гүлгѳ ашык.

Ширин соруп аарылар,

Гүлдү мактап ырдашат.

 

Куз жѳнүндѳ билген ырлардан айталы.

Коңур тартып туш-тарап,

Коон, алма жыттанат.

Аңыз кечип мүнүшкѳр,

Бѳдѳнѳгѳ куш салат.

 

Күз мээрими айланага алтын жаап,

Айланпадан балык ыргыйт жалтылдап.

Күнгѳ бышып, түркүн жемиш кызарып,

Агып барат ѳзөндѳ жай калкылдап.

 

Ырыскы чачып айлана,

Элдердин жүзү-жылмайды.

Кең болсо күздүн пейили,

Жыл жакшы болот турбайбы.

 

Берекелүү күз келди,

Айыл алма жыттанып.

Ак буудайдын данына,

Кампа толду шыкалып.

 

Шоола тартып, токой-түздүн жүзүн ѳѳп,

Күн келбетин мѳмѳлѳргѳ түшүрѳт.

Айлана тынч, кээде гана жел ойноп,

Алма шактан сууга чулп-чулп үзүлѳт.

Азаматсыңар балдар, мен силерге табышмак айтайын, тапкылачы?

Табышмак

Бир дарак бар экен. Анын он эки бутагы бар экен. Ал бутактарда тѳрт уя. Ал уялардын ар биринде  үчтѳн жумуртка бар экен. Бул эмне? (Бир жыл, он эки ай, тѳрт мезгилде үчтѳн ай бар экен.)

Азаматсыңар,силер табышмакты жакшы табат экенсиңер.

Сабакты бышыктоо 

Доскада тѳрт ак кагазда тѳрт дарактын сүрѳтү бар. Ал дарактарга ар бир мезгилге тиешелүү болгон сүрѳттѳрдү чаптап мезгил жаратышат.

Демек балдар, биз силер менен ар бир мезгилдин ѳз-ѳзүнчѳ сыры бар экендиги жѳнүндѳ  кеңири түшүнүк алдык.

Үйгѳ тапшырма:Тѳрт мезгилдин сүрѳтүн тартып келүү.

        

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер