СЫРДЫК СӨЗДҮН ЛЕКСИКАЛЫК, ГРАММАТИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ

  • 04.02.2022
  • 0
СЫРДЫК СӨЗДҮН ЛЕКСИКАЛЫК, ГРАММАТИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ

Касымбаева Роза,

Кыргыз тили жана адабият мугалими,

К.Иманалиев атындагы орто мектеби,

Коңур – Өлөң айылы, Тоң району

СЫРДЫК СӨЗДҮН ЛЕКСИКАЛЫК, ГРАММАТИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ

Предмети:  Кыргыз тили

Классы:    7-класс

Тема:        Сырдык сөздүн лексикалык, грамматикалык мүнөздөмөсү

Сабактын максаты:

Биз сабактан ички сезимди жана айбанатка карата эрктик мамилени билдирүүчү сөздөр жөнүндө маалымат алабыз.

Сөзүбүздө сырдык сөздөрдү туура, жеткиликтүү колдоно алууга, башка сөз түркүмдөрүнөн ажырата билүүгө үйрөнөбүз.

Сыйкырдуу сөздөрдү колдоно билүү менен жагымдуу маанай тартуулай алуу көндүмдөрүбүздү арттырабыз.

Сабактын тиби:  жаңы билимди берүү сабагы.

Сабактын жабдылышы:  таблицалар, маркер, ватман, скотчь, интерактивдүү такта, флешка ж.б.

Сабактын методу:  “Максатка жетүү тепкичи”, “Х тартиби” схемасы, сүйлөм толуктоо ж.б.

Сабактын жабдылышы:  бор, стикер, методикалык колдонмо, ватман, маркер, компьютер, флешка, интерактивдик доска ж.б.

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу. 2. Өтүлгөн теманы кайталоо. 3. Негизги бөлүм 4. Бышыктоо 5. Жыйынтыктоо 6. Үй тапшырма 7. Баалоо.

Саламдашуу.   Кыргыз Мамлекеттик тил гимни окуучулардын аткаруусунда  хор ырдалат.

Топко бөлүү:  Партанын үстүндөгү быйтыкчаны алгандар өзүнчө, гүлдү алгандар өзүнчө, жүрөктү алгандар өзүнчө топ болуп бөлүнүшөт.  1-топ “Билгичтер” 2-топ “Тапкычтар” 3-топ: “Шамдагайлар” Топ башчылар шайланат

Алтын эреже кабыл алуу: Алтын эреже илинет.

Жагымдуу маанай түзүү: Бүгүнкү сабагыбызды  “Жакшы сөз,  жан эргитет” деген сөз менен баштагым келип турат. Андыктан  бири-бирибизге жагымдуу маанай тартуулап алалы. Окуучулар бири-бирин карап жылмайышат жана бири-биринин жакшы сапаттарын  айтышат. Кол кармашып “Сабакка даярбыз, Ура!” деген ураан айтышат.

Баалоонун критерийлерин түшүндүрүү: Бүгүнкү сабакта топторду, бири-бирибизди, өзүбүздү өзүбүз баалайбыз. Доскада илинген ар бир топко тиешелүү “Баалоо баракчасын” сабактын этаптары  аткарылган сайын топ башчылары 1-10 чейинки бал менен белгилешет. Ал эми ушундай эле баракча ар бирибизге берилет аны өзүбүздүн аткарган  тапшырмаларды белгилеп турабыз. Сабактын аягында жыйынтык чыгарылат.

Үйгө берилген тапшырманы текшерүү:  Аркасында тема жазылган кагаздын аркасындагы  суроолого жооп берип, доскага илгенде, тема жазылат.

ҮЙ ТАПШЫРМА ҮЧҮН СУРООЛОР:

1-топ: “Билгичтер”

Кыргыз тилинде канча сөз түркүмү бар?

Тууранды сөз деген эмне? Мисал келтир.

Маани бербөөчү сөз түркүмдөргө кайсылар кирет? Эмне себептен?

Бектурган Ала-Тоону жалт карады. (сүйлөмдөн тууранды сөздүү таап, талдап бер)

2-топ: “Тапкычтар”

Сөз түркүмдөр канчага бөлүнөт?

Тууранды сөздөр түзүлүшүнө карай кандай болуп бөлүнөт? Мисал келтир.

Өзгөчө сөз түркүмдөргө кайсылар кирет?  Эмне себептен?

Биз аскага жакындай бергенде, тарс эткен үн угулду. (сүйлөмдөн тууранды сөздүү таап, талдап бер).

3-топ:  “Шамдагайлар”

Маани берүүчү сөз түркүмдөргө кайсылар кирет, эмне себептен?

Тууранды сөздөр маанисине карай кандай болуп бөлүнөт?

Тууранды сөздөр сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарабы?

Сейде Ысмайылды көрүп, селт эте түштү. (сүйлөмдөн тууранды сөздүү таап, талдап бер).

Жаңы тема: Сырдык сөздөр

Демек, балдар, карайбыз бүгүнкү темабыз “Сырдык сөздөр” экен.

Сабакка окуучулардын позициясы менен максат коебуз, толуктайт мугалим

Бул өзгөчө сөз түркүмүнүн бири болуп эсептелет. Эмне себептен? (жооп алынат). Адам баласында ар кандай сезимдер болот. Ал сезимдерди бири-бирибиздин жузүбүздөн да байкасак болот. Ошол сыяктуу эле бүгүнкү күндө илим менен техниканын өнүгүшү менен ар бир киши кол телефон колдонуп, баарлашып турабыз. Социалдык сеттерден жазышканыбызда ал сезимдерибизди быйтыкчалар аркылуу билдиребиз. Мынакей ал быйтыкчалар доскада илинип турат.

Эми келгиле балдар, ушул быйтыкчаларды сөз менен кантип берет элек айтып көрөлү.  Сүйүнүү, капалануу, өкүнүү , таң калуу, коркуу, мактануу, чочуу, күлүү сыяктуу ар кандай сезимдерибиз бар.Мисалы: Ураа, бали, баракелде, аттигиң,кокуй десек болот. Демек, булар адамдын ички сезимин билдирет.

Салам. Бул турмуш-тиричиликте колдонулат.

Балдар, адамдын ички сезимин билдирген  быйтыкчалардын арасында жаныбарлар не кылып жүрөт деп таң калбагыла. Биз адамдарга же айбанаттарга карата чакыруу, айдоо, токтотуу, тыюу маанисиндеги сөздөрдү да күндөлүк турмушубузда эң эле көп колдонобуз. Кана анда бул жаныбарларды айдаганда жана чакырганда кандай кайсы сөздөр менен айтабыз? Мыш, мый-мый, чык, күчү-күчү, өш, хоу-хоу дейбиз. Мына ушул сөздөрдүн баардыгы сырдык сөздөргө кирет. Булар өз алдынча турганда бир мааниге ээ болбойт.

Анда кийинки сүрөткө көңүл буралы. Картинкалар менен иштейбиз.

Кана балдар, эми сырдык сөздөр деген эмне экен өзүңөр эреже чыгарып көргүлөчү. (жооп алынат, толукталат.)

Менин мугалимдик турмушумдун бир күнүндө  “Менин бир күнүм” деген текст жазып келүү тапшырмасына мени ойго салган текст келди, балдар.  Бул тексти силер менен бөлүшүп коюну туура көрдүм.Анда чогуу окуйлу.

Эртең менен эжекем урушуп жатып сабакка жөнөттү. Автобуста баратканда  чоочун эжеден жеме уктум. Мектепке адаттагыдай кечигип келдим. Класска баш бакканда эле ачуу сөзү менен мугалим эже тосуп алды. Айдайдын жанына отурайын десем, ал отургузбай койду. Көңүлүм чөгүп барып арткы орундукка отурдум. Күндүн башталалышы эле тозокко айланды. Кечке чейин кантип чыдайм?

Силер кандай ойдо болдуңар, кимде күнөө, себеби эмнеде? Мен бул суроонун себебин таптым. Көрсө, эртең менен тургузуп, чайын даярдап койгон эжекесине ыракмат айтуунун ордуна орой сүйлөгөн. Автобустагы эжени жөөлөп кеткени менен кечирим сураган эмес. Сабакка жолтоо болуу менен бирге класска уруксаат сурабай кирген. Айдайды муруңку күнү таарынтып койгон, кечирим сураган эмес. Эгер бул бала арыбаңыз, саламатсызбы, бар болуңуз, ыракмат, кечиресиз деген бир аз эле сөздөрдү колдонгондо ал күн жакшы нукка бурулмак. Куунак жашоонун ачкычы ар кимдин өз колунда, ал ачкыч “Сыйкырдуу сөздөр”.

1-тапшырма: Тексттен сырдык сөздөрдү таап, тыныш белгилерин байкап, эреже чыгарып айтып бергиле.

1-топко: Бах, айлананы кооздугу сүрөттөгүдөй. Пай-пай, ушундай керемет жер экен го, чиркин. Ай-ий, гүлдөрү атайылап тигип өстүргөндөй экен.

Аттиң, сулуу табиятты да желим буюмдар менен толтуруп кетишиптир. Кап, ар кимиси таштандыны ала кетишсе болбойбу, ботом. (адамдын ички сезимин билдирген сөздөрдү тапкыла)

2-топко: Бир күнү кожоюн  бош дагыраны калдыратып, жылкыларды тузга чакырып, по-по-полоп калды. Так-так, жаныбарым Гүлсары. Коркпо, так-так, ата жосуну, ата расмиси ушундай деп-жошутуп, башына нокто салды. (айбанатка карата колдонулган сөздөрдү тапкыла).  Жылкыга тиешелүү “жылкычы-саяпкер” деген сөздөр бар булардын айырмасы эмнеде,  балдар? Жылкычы-жылкы баккан адам, саяпкер болсо күлүктөрдү таптаган адам.

3-топко: Балдар, бул адамдын досуна жазган ыраазычылык катын окуп коелу. Саламатсыңбы, урматтуу досум! Жакшы турасыңбы? Мен үчүн жасаган жакшылыгыңа, ыракмат! Бактылуу бол, бар  бол! Келечегиң кең, ишиң ийгиликтүү болсун, оомийин. (турмуш-тиричиликте колдонулуучу сөздөрдү тапкыла) Бул сөздөр саламдашуу, урматоо, ал-жай суроо, ыраазычылык, каалоо-тилегин билдирүү менен бата берүү сезимдерин билдирди. Турмуш-тиричиликте колдонулуучу сөздөр болду. Биз сабактын башында айтып өткөн сыйкырдуу сөздөр ушул сөздөр.

Окуучулар эреже айткандан кийин схема илип,мугалим кошумчалайт.

2-тапшырма: Сырдык сөздөрдү маанисине карап туташтырабыз “Х тартиби” оюну

1-топко:

  1. Бали 1. Өш
  2. Арбаңыз 2. Бах
  3. Кыруу-кыруу 3. Жакшы турасызбы
  4. Оомийин 4. Пай-пай
  5. Баракеде 5. Бар болуңуз
  6. Күчү — күчү 6. Алдей-алдей

 

2-топко

Ой                                                      1. Чөк-чөк

Ай                                                      2. Ак чүч

Кош-кош                                           3. Капырай

Кыруу-кыруу                        4. Тынч

Кайыр кош                                        5. Ураа

Саламатсызбы                                  6. Эсенсизби

3-топко

Тобоо                                                 1. Арбаңыз

Атагант                                             2. Апбали

Чиш                                                   3. Салам

Ыракмат                                            4. Мыш-мыш

Ассалому алейкум                           5. Чу-чу

Түт                                                     6. Караңгүн

 

3-тапшырма: 120-көнүгүү Сүйлөмдөрдөн сырдык сөздөрдү таап, маанисине карай кайсы түрүнө кирээрин жана тыныш белгилерин жазгыла.

Кошумча схема боюнча сүйлөм түзгүлө. (Схема таратылат)

4-тапшырма: Сүйлөмдөрдү сырдык сөздөр менен толуктайбыз.

1-топко: Бали, сөз эмес бекен.  Чойт, эркечим, чойт, эркечим, баштагын. Рахмат, тосуп алганыңа, рахмат, дешти.

2-топко: Келебей калганын карачы, кап. Ассалоом алейкум, ата, эсенсизби! Чык, иттердин курсагын тойгузуп бага албагандан кийин бакпай эле коюшпайбы!

3-топко: Пай-пай, эмне деген керемет. Өш,  жарыбаган десе жайыттан эрте келген тура. Бали! Күүңдү дагы бир ирет кайталап черте түш.

5-тапшырма: Сүйлөгө синтаксистик талдоо жүргүз. Сырдык сөздөр эмне үчүн сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарып калды түшүндүр.

1-топко:

Эки тараптын ураалары күчөдү

2-топко:

Чиркиндин сыры эми ачылды.

3-топко:

Биз ыракматты көп уктук.

тапшырма: Онлайн тест

Рефлексия: БББК схемасын толтуруу

Жыйынтыктоо:  Ар бир топтун топ башчылары доскада илинген“Максатка жетүү тепкичиндеги” упайларды эсептешет жана 1-2-3-орундар ыйгарылат. Ар эми жекече баалоодогу таркатылган баалоо баракчалардын упайларын эсептөө менен мугалим ар бир окуучуга баа коё.

Үй тапшырма: 125-көнүгүү , 126-көнүгүү

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер