СЫН АТООЧ

  • 02.09.2022
  • 0
СЫН АТООЧ

Төлөнбаева Бактыгүл
Чоң  Алай районунун,
 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими
(Кыргыз тили. 3-класс)
Сабактын максаты:
1. Сын атооч жөнүндө түшүнүк алышат;
2.Сүйлөмдөн сын атоочту табышат. Сынчыл ой жүгүртүүгө аракеттенишет;
3. Топто  жупта иштешет, энелердин улуулугун баалашат.
Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү
Сабактын жабдылышы: сүрөттөр, интерактивдүү доска, таркатмалар

Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу
Жагымдуу маанай түзүү: Ысымынын баш тамгасына кеткен сөздү таап комплимент айтышат
Алтын эрежени кабыл алуу:
С-сабырдууСЫН АТООЧ СЫН АТООЧ
Ы-ынтымактуу
Н-намыскөй
А-аракетчил
Т-тартиптүү
О-оюн так айтуу
О-ойлонуп сүйлөө
Ч-чыгармачылык менен иштөө
Гүлдөрдүн түстөрүнө карап топторго бөлүнүшөт.  Упайлар берилет.
Үй тапшырмасын текшерүү:
Бири-бирине текшертүү Жаңы тема: Сын атооч
Сабактын максаты менен тааныштыруу
Слайддан сын атоочтун эрежесин окуп, талкуулоо.
Заттын сын сыпатын, өңү-түсүн, даамын, формасын, көлөмүн билдирген сөздөр сын атооч деп аталат.  Кандай? Деген  суроого жооп берет.
Мисалы: кызыл, тоголок, таттуу ж.б.
Көнүгүүнү жазып сын атоочту табуу. Ким эң жакшы жазганын сабактын аягында аныктайбыз. Сын атооч сөздөр катышкан макалдарды курашат. Мисалы: Жакшы бала элпек, жаман бала тентек. Жакшы кыз жакадагы кундуз, жакшы уул көктөгү жылдыз.
1-топ: Эне деген сөзгө синквейн түзөт
2-топ:  Эне деген сөзгө класстер түзөт
3-топ: Венндин диаграммасын түзөт.
Бышыктоо: “Жөргөмүш желеси” оюну аркылуу сын атооч боюнча билгендерин аныкташат.
Суроолор: Сын атооч деген эмне? Сүйлөмдөн сын атоочту тап.   Ж.б.
Жыйынтыктоо:  Бүгүнкү сабакта эмнелерди үйрөндүк? Сабака ким кандай катышты? Кайсы топ активдүү болду? Упайларды эсептөө менен жыйынтык чыгарылат.
Үй тапшырмасы:  “Менин сүйүктүү апам” деген темада сын атоочту катыштырып аңгеме түзүү.
Баалоо: Комментарийлеп бири-бирин баалашат.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер