“Суу – жерге, байлык – элге”. Кыргызстандын суулары

  • 11.04.2024
  • 0
“Суу – жерге, байлык – элге”. Кыргызстандын суулары

Математика ийрими

Саламдашуу: 10б-класстын окуучулары 4 топко бөлүнөт.

Ой жүгүртүү: Жашоо үчүн эмнелер керек?  Аба, суу, азык ж.б.

Урааныбыз: Билим аркылуу баарын жеңсе болот!

Сабактын максаты: Ата мекенин сүйүүгө, кыргыз жерин коргоого жана гүлдөтүүгө; Эсептөө маданиятын өнүктүрүү менен экономиканы жогорулатууну ишеним аркылуу тарбиялоо.

Компетенттүүлүк:  Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу (мугалим — окуучу диалогун түзүү), илимий-теориялык (STEM, STEAM), психологиялык-педагогикалык. Алган билимдерин, көндүмдөрүн практикада жана турмушта колдонуу, эсептөө компетенттүүлүгүн калыптандыруу. Визуалдык – образдуу компетенттүүлүгүн калыптандыруу.

Сабакты өтүү усулу: окуучулар менен эркин маектешүү (диалог) формасында.

Колдонулуучу каражаттар: дүйнөнүн, Кыргызстандын картасы, сүрөттөр.

♦ 28 – кандай сан?

⁕ Эки орундуу натуралдык, жуп, натуралдык сан — туура;

⁕ 28дин бөлүүчүлөрүнүн суммасы канча? Алар 1+2+4+7+14=28 деп эсептешип, 28 өзүнүн бөлүүчүлөрүнүн суммасына барабар деген натыйжага ээ болушат. Биз: эгер сан өзүнүн бөлүүчүлөрүнүн суммасына барабар болсо, анда аны кемтиксиз сан деген жаңы ойду окуучуларга беребиз. Ушундай сандар дагы бар бекен, силер кийинки сабакка таап келгиле.

⁕ 28 саны — Күн алкагы деп аталат, анткени бүгүн Күн кайсы жерден чыккан болсо, 28 жылдан кийин дал ошол жерден чыгат.

♦ 2 кандай сан?

⁕ Жуп сан жана эки гана бөлүүчүгө (бир, сандын өзү) ээ. Мындай сандарды жөнөкөй сан дейбиз: 2, 3, 5, 7, 11, 13, 17, 19, . . .

♦ 2024 – 1924 = 100 барабардыгын кимдер чечмелей алат?

⁕ Окуучулар баары өз ойлорун айтышат. Баарыңардын оюңар маанилүү.

⁕ 2024 (кемүүчү) – биз ушул жылда окуп, иштеп, жашап жатабыз. 1 924 (кемитүүчү) – Кара-кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөн жыл. 100 (айырма)  — быйыл кыргыз эли автономиялык область болгонго 100 жыл.

♦ Эмне үчүн 4кө бөлүнүп отурдук?

⁕ Дүйнөнүн 4 тарабы: чыгыш, батыш, түндүк, түштүк баарынан кабардарбыз.

♦ Суу боюнча силердин мазмундуу оюңар? Окуучулардын оюн угабыз.

Суу – булактагы, жамгыр, арыктагы, каналдагы, дарыядагы, көлдөгү, деңиздеги, океандагы, жамгыр — суюктук. Суу  агуу касиетине ээ, бирок формага ээ болбогон түзсүз зат. Окуучулардын сууга байланыштуу макал-лакаптарын угуп, кыргыз элинин айткандарын кошумчалайбыз.

1. Суу – адамдын жаны, өсүмдүк каны.

2. Суу атасы – булак, сөз атасы кулак.

3. Суу бар жерде жашоо (тиричилик) бар.

4. Суу бойдун кирин кетирет, ойдун кирин кетирбейт.

5. Сууга жакын – кудайга жакын.

6. Суу да Алла тааланын колунан бүткөн.

7. Суу жердин кан тамыры.

8. Суусуз – өмүр да жок, көңүл да жок, эгин да жок.

9. Суу, суунун арты чуу.

10. Суу сыйлаган зор болор, суу кордогон кор болор.

Айтылуу теңдеши жок акын Жеңижок (Өтө) Көкөевдин  “Аккан суу” ырынан мисал келтиребиз.

Жер жүзүнө жайылып,

Толуп чыккан аккан суу.

Жети кабат жер астын,

Жарып чыккан аккан суу.

Жер, ааламдын баарысын,

Багып чыккан аккан суу.

Ала-Тоонун боорунан,

Жарып чыккан аккан суу.

Алтын канат, жез куйрук,

Балык чыккан аккан суу.

Ай, аккан суу, аккан суу,

Ай-ааламды, баккан суу.

Сыр Дайрадан кең уруп,

Сыр аякка баткан суу!

Жабыркатпай жай-кышы,

Жандын баарын баккан суу.

Дайра болуп ташкан суу.

Тар арыктан ашкан суу,

Агыны катуу болгон суу,

Ар өзөнгө толгон суу.

Төмөндөгү сандар эмнелерди аныктайт? Чагылдырган материалды окушат:

28 миң  агын суу бар; 90% ашыгы, узундугу 10 км чейин; 35 000 км  —  жалпы узундугу; 2 047 чамалаган ири дарыялар жана майда агын суулар куралышат. Алардын көпчүлүк бөлүгү Арал деңизинин алабына карайт. 535 км  — Нарындын узундугу; суу чогултуучу аянты 53,7 миң км2, 53700 км— чогултуучу аянты. Жогорудагы маалыматтарды эске тутуу менен окуучулар төмөндөгү маселени чыгарышат.

Маселе. 1 адам 1 күндө  ≈ 100 литр сууну керектесе, анда 1 жылда 1 адам канча суу сарптайт?  Кыргызстан элине канча суу керектелет?

Чыгарылышы: 1 жыл = 365 күн.   365 ∙ 100 л ≈ 36 500 л ≈ 36,5 т.

Кыргызстанда n = 7 000 000 адам жашайт деп болжолдосок, анда: ар бир окуучунун 36,5 т ∙ 7∙106 ≈ 255,5 ∙ 106 т ≈ 2,6 ∙ 108 т эсептөөсүнөн Кыргызстан элине 1 жылда ≈ 2,6∙108 т суу керектелерин билишет. Кыргызстанга чет мамлекеттерден 1 жылда орто эсеп менен 1 000 000 адам 15 күнгө туристтер жана меймандар келсин деп болжолдосок, анда: 106 ∙ 15 ∙ 100 л ≈ 1,5 ∙ 109 л ≈ 1,5 ∙ 106 т ≈ 0,015 ∙ 108 т суу керектелет, жалпысынан: 2,6 ∙ 108 т + 0,015 ∙ 108 т ≈ 2,615 ∙ 108 т.   таза суу сарпталарын аныкташат.

Сугат иштерине керектелүүчү суулардын көлөмүн эсептөөнү окуучулар жүргүзөт. Кыргызстандын аянты S=198,5 миң км2 = 198 500 км2 ≈ 2 ∙ 105 ∙ (1 000 м)2 ≈ 2 ∙ 105 ∙ 106 м2 ≈ 2 ∙ 1011 м2. 1 га = 100 м ∙ 100 м = 104 м2 экенин эске алсак, анда  2 ∙ 1011 : 104 ≈ 2 ∙ 107 га.

Эгерде жердин бетине калыңдыгы 5 см = 0,05 м бийиктикте суу жайпасак, анда: V = 2 ∙ 1011 м2 ∙ 0,05м = 1010 м3. Кыргыз жерин бир жайпап сугарууга V ≈ 1010 м3 ≈ 10 миллиард тонна суу керектелет.

Эгерде жай мезгилине тиешелүү 3 айды, жаз менен күзгө караштуу бирден айда алсак жана 1 айда 3 жолу сугаруу иштерин жүргүзсөк, анда: 5 ∙ 3 = 15 жолу сугарылат. Сугат иштерине V ≈ 15 ∙ 1010 м3 = 1,5 ∙ 1011 м3 б.а. 150 миллиард тонна суу керектелет. Биз кыргыз жерин ар дайым  жашыл жана таза болушун каалайбыз.

4 топтун окуучулары өздөрүнө бөлүнгөн таблица менен таанышып, географияны эске салуу менен суу боюнча “Жылдык орточо чыгымды” эсептөө жумуштарын аткарышып, жалпы суммага анализ жүргүзүшөт.

Нарын дарыясынын жана анын куймаларынын гидрографиялык мүнөздөмөлөрү

“Суу – жерге, байлык – элге”. Кыргызстандын суулары

Фергана өрөөнүнүн ири дарыяларынын гидрографиялык мүнөздөмөсү

“Суу – жерге, байлык – элге”. Кыргызстандын суулары

Чүй суусунун алабындагы ири агын сууларынын гидрографиялык мүнөздөмөлөрү

“Суу – жерге, байлык – элге”. Кыргызстандын суулары

Тарим дарыясынын алабындагы ири агын сууларынын гидрографиялык мүнөздөмөлөрү

“Суу – жерге, байлык – элге”. Кыргызстандын суулары

Ысык-Көл ойдуңунун сууларынын гидрографиялык мүнөздөмөлөрү

“Суу – жерге, байлык – элге”. Кыргызстандын суулары

№12     771,3    м3/сек,       №13  —   550,4    м3/сек,      №14  —     78,52  м3/сек,  №15    297,3    м3/сек,       №16      51,26   м3/сек – эч жакка агып чыкпайт.

1 748, 77   м3/сек – 51,26  м3/сек = 1 697,51 м3/сек ≈ 1 700 м3/сек.

Кыргызстанда 1 секунда убакытта  ≈ 1 700 м3 суу агарын болжолдуу эсептедик. 1 жылда: 1 700 м3 / сек ∙ 365 ∙ 24 ∙ 3600 сек ≈53,6 ∙ 109 м3 ≈ 53,6 км3  ≈  54 миллион тонна суу агат. Эгерде Токтогул суу сактагычында толо болгондо 19,5 миллиард м3 = 19,5 ∙ 109 м3 суу болот. 53,6 : 19,5 = 2,7487 ≈ 2,8 ≈ 3. Мындан — элестүү жана  салыштырмалуу 1 жылда Кыргызстанда, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнөн болжолдуу 3 эсе көп суу агат экен. Ушул суунун баарын пайдалана алабызбы деген суроого жок, ар кандай себептер менен.  Ушундай себептерди азайтуу максатында төмөндөгүдөй  “Канткенде? “ деген тематикадагы суроолорго жооп издесек деп, жалпы окурмандарды жана айрыкча жаш окуучуларды, окумуштууларды, элим, жерим деген ойлоп табуучуларды, ишкерлерди, кайдыгер карабаган атуул дарды ушул маселелерди чечүүгө жана ишке ашырууга чакырып кетмекпиз.

Канткенде?

  • Ар бир үйдүн эшигинин астынан билектей таза суу агып турат?
  • Бак, эгин талаалары сууга канып, жылына 3 жолу түшүм алабыз?
  • Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланып, кыргыз эли электр энергия сын арзан баада же бекер пайдаланабыз?
  • Суу сактагычтар толуп, көбөйүп, ГЭС (чоң, кичине) тер жетиштүү санда курулуп, балык чарбасы өнүгүп, экспортко чыгарылып, туристер көп келип кирешелүү чарбага айланабыз?
  • Кыргызстанда сууну дөңгө, адырга, тоого жеткиребиз?
  • Ашкан сууну кошуна мамлекеттерге сатабыз?
  • Суу гидромилорация иштерин (насос, соруу, арыктарды казуу, тазалоо ж.б.) жогорку деңгээлге жеткиребиз?
  • Суу сактагычтан чыккан сууну шакекче сыяктуу кайра суу сактагычка куюуну кантип ишке ашырабыз? Сууга байланышкан бардык маселелерди чечүү, жаңы идеяларды эсептөөлөр аркылуу гана турмушка ашырууну ойлоп табалы!

М.Н. Большаковдун маалыматтары боюнча, Кыргызстандын аймагынан жылына агып чыккан суулардын жалпы көлөмү 46,8 км3.

Орточо чыгым 56,5 м3 /сек б.а. 56,5 т, модулу 7,3 л/сек, км2 1 саат = 60 мин = 60 ∙ 60 сек = 3 600 сек. 1 жыл = 365 ∙ 24 ∙ 3 600 сек = 31 536 000 сек ≈31,5∙106 сек. 1 жылда: 56,5 м3 /сек ∙  31,5∙106 сек ≈ 1 779,75 ∙ 106 м3 ≈1,8 ∙ 109 м3 = 1,8 миллиард тонна суу сыртка агып кетет.

Математика предмети боюнча окуучулар ээ болушу керек болгон компетенцияларды жана илимий-теориялык компетенттүүлүккө (билим берүү шарттарын эске алуу менен курактык жана жеке өзгөчөлүктөрүнө ылайык инженердик көндүмдөрдү ачып берүү менен – STEM,  STEAM аркылуу дүйнөнүн табигый илимий картинасы) ээ болуу максаттары кружок сабагында аткарылды деген ойдобуз.

Үй тапшырма: Биздин өрөөндө агып жаткан Көк-Арт дарыясына карата математикалык эсептөөлөрдү жүргүзүү жана турмушка ашыруу боюнча жеке пикирлерди эсептөө менен жазып келүү.

Куваков Жеңишбек, Сузак районунун “Көк-Арт” мектеп гимназиясынын математика мугалими

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер