СУУ — ЖАШООНУН БУЛАГЫ

  • 20.05.2024
  • 0
СУУ — ЖАШООНУН БУЛАГЫ

5-класс үчүн класстык саат

Сабактын максаты: Адам баласынын жашоосундагы суунун ордун, маани-маңызын түшүндүрүү.

Сууга кандай мамиле жасоо керектигин жана аны үнөмдүү пайдаланууга үйрөтүү.

Жаратылыштын керектүүлүгүн баалай билүүгө жана коргой билүүгө, сактоого үйрөтүү.

Сабактын жабдылышы: Тематикалык сүрөттөр, буклеттер, слайд ж.б.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу. Жагымдуу маанай түзүү.

Жеңижоктун «Аккан» суу ырынан үзүндүнү уктуруу.

Киришүү: Балдар азыр угуп, өзүңөр күбө болгондой суу жөнүндө көптөгөн белдүү акындарыбыз керемет ырларын жаратып келишкен.Жеңижоктун «Аккан суу» деген ыры сегиз жүз бир саптан турат экен.

Замандаштарынын эскерүүсүндө Жеңижок акын бул ырын жети күн тынбай айткан.

Анда эмесе сабактын негизги бөлүгүнө көңүл буралы,суу жөнүндө маалыматтуулукка ээ бололу

Суу – бул өмүр

Дүйнө жүзүндөгү бардык жандыктар менен макулуктардын организми суудан турат. Мисалы, жаныбарлар – 75 пайыз, балык – 75 пайыз, медуза – 99 пайыз, картошка – 76 пайыз, алма – 85 пайыз, помидар – 90 пайыз суудан турат. Жаш өткөн сайын суунун курамы 50 пайызга чейин төмөндөйт.

Ооруларды жайылтат

Суу бир гана жашоо тартуулабастан аны алып дагы коюшу мүмкүн. Дүйнө жүзүндөгү оорунун 85 пайызы дал ушул суу менен берилет.

Адам суусуз жашай албайт

Эгер киши денесинин эки пайыз суусун жоготсо ал суусап баштайт. 10 пайызга чейин жетсе кишинин көзүнө түрдүү нерселер көрүнүп жөөлүп калат. Ал эми 12 пайыз суу жоготсо дарыгерлердин жардамы менен гана калыбына келе алат. 20 пайызга жетсе киши өлөт.

Таза суунун басымдуу бөлүгү мөңгүлөрдө катылган

Суу кайда көп деп суроо салсак, бардыгы эле океанда деп жооп берери бышык. Бирок бардык эле сууну ичүүгө болбойт. Жер жүзүндөгү суулардын 3 пайызы гана ичүүгө жарайт. Ошол үч пайыздын жарымы мөңгүлөрдө тоңуп турат.

Суу жүрөккө жардам берет

Суу жүрөк оорусунун алдын алат. Окумуштуулар күнүнө алты стакан суу ичкен кишилер жүрөк оорусуна аз чалдыгарын аныкташкан.

Бир киши өмүр бою 35 тонна суу ичет

Киши тамак ичпей болжол менен алты жума жашай алат. Ал эми суу ичпей болгону 5-6 сутка гана чыдайт экен. Бир адам өз өмүрүндө болжол менен 35 тонна суу ичет.

Суу жөнүндө маалыматтарды ала алдык. Анда эмесе топтук тапшырмаларды аткарышат.

1-топ Алыкул Осмоновдун «Аккан суу» деген ырынын негизинде өз ойлорун айтышат, сүрөт тартышат.

АККАН СУУ

Ай аккан суу, аккан суу,

Шылдыр мончок таккан суу.

Сыр дайрадан чоң туруп,

Сыр аякка баткан суу.

 

Ай аккан суу, аккан суу,

Асман кезип шашкан суу.

Тынч деңизден кең туруп,

Бир чыныга баткан суу.

 

Ай аккан суу, аккан суу,

Ар пендеге жаккан суу.

Карысы да, жашы да,

Кесирленип чачкан суу.

 

Ай аккан суу, аккан суу,

Өмүрдүн көркүн ачкан суу.

Ошентса да адамзат

Бир тыйынга саткан суу.

 

Ай аккан суу, аккан суу,

Жок жерден конуш тапкан суу.

Айбанаттын бардыгы,

Белиңди кесе баскан суу.

 

Ай аккан суу, аккан суу,

Жалпы ааламды баккан суу.

Ошентсе да баркы жок,

Ар кай жерде жаткан суу.

 

Ай аккан суу, аккан суу,

Ичинде болбой таткан суу.

Өмүрү кең, күнү жок

Бул аккан суу, кандай суу?

(Ыр панелдик доскадан көрсөтүлөт же топко ырдын тексти  таратылат).

2-топ Суу жөнүндө макалдардан жазышат, өздөрүнө жаккан макалды чечмелеп беришет

Таза болсоң – суудай бол, баарын жууп кетирген.

Тамчы суудан тал көгөрөт.

Ташкын суу кечүүсүз болбойт.

Ташты ташка урганың менен таңдайыңа тамызаарга суу чыкпайт.

Темирдин курчунан эмес, сугарган суусунан.

Түшүң жаман болсо сууга жорут.

Толкунсуз суу болбойт, кайгысыз эл болбойт.

Тоо арасын суу бузат, эл арасын чуу бузат.

Тоону, ташты суу бузат, адамзатты сөз бузат.

 (Макалдарды өздөрү да тапса болот, таяныч схемасы катары айрым макалдар берилет).

3-топ: Адамзаттын жашоосу үчүн ыйык болгон сууну кантип коргойбуз, кантип үнөмдөйбүз, кантип сактайбыз деген суроолордун үстүндө өз ойлорун айтышат, жазышат, кыскача долбоор түзгөнгө  да аракет кылышса болот.

  1. Булактардын көзүн тазалоо керек.
  2. Суу чыккан жерлерге дарактарды отургузуу керек.
  3. Мончолорду, дааратканаларды суудан алыс куруу керек.
  4. Сууну коргоону ар бир адам өз милдети деп сезүү жана өз жеринен баштоосу зарыл.
  5. Керексиз учурда агызбай, үнөмдүү, сарамжалдуу пайдалануу зарыл.

Жыйынтыктоо: Суу — бул өмүр, ошондуктан бүгүнкү сабактан жыйынтык чыгарып, аракетти ар адам өзүбүздөн баштайлы.

                                                                                   Бүсара Бейшенбаева, Кыргыз билим берүү академиясы, Тарбия, социалдаштыруу жана мектептен сырткары кошумча билим берүү лабораториясынын ага илимий кызматкери.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер