СУУ ЭРИТКИЧ

  • 10.02.2023
  • 0
СУУ  ЭРИТКИЧ

5-класс, табият таануу

СУУ  ЭРИТКИЧ

 

Тагаева Элнура, биология мугалими, Темирбаев атындагы мектеп-гимназия,  Сузак району

 

САБАКТЫН МАКСАТЫ:

а) Билим  берγγчγлγк

 Суу эриткич темасы боюнча окушат. Алган  билимдерин кошумча маалыматтар  менен толукташат. Практика жүзүндө  иштей алышат.

Кѳрсѳткγч: Суу эриткич  катары алардын  бөлγнγшү, кандай заттарды  эрите  алары  туурасында   маалыматтарга   ээ болушат.

 б) Ѳнγктγрγγчγлγк: Алган  билимдерин мындан  мындан  ары   ѳркүндѳтүүгө,  калыптандырууга   кѳнγгγшѳт.

Көрсөткүч: Табияттын   кубулуштарын  жѳнүндѳгү илимий   суроолорду   аныктоо, анализ  жүргүзүү

в) Тарбия берγүчγлγк

Окуучуларды   адептγγлγкѳ, тартиптγγлγккѳ, гигиеналык  эрежелерди  туура  сактоого  тарбиялоо.

Көрсөткүч: Топтор  жана  жуптар  менен  ынтымактуу  иштѳѳнүн  натыйжасын  билүү, алардын да  сунуш  пикирин  уга  билүүгѳ  тарбиялоо.

 Сабактын   тиби:   Жаңы   билимди  ѳздѳштγрγγ.

 Колдонуучу  усулдар:  Интерактивдүү  ыкма, топтор  менен  иштѳѳ.

 Сабактын  жабдылышы:

Окуу китеби,  сγрѳттѳр,  интерактивдүү доска.

 

Сабактын  жγрγшγ:  Уюштуруу  саламдашуу, Жагымдуу маанай, журнал боюнча  жоктоо. Мотивация  берγγ.

         Yйгѳ  тапшырманы  суроо:

  • Табият таануу  илими  бизге эмнени  үйрѳтѳт?
  • Эмне  үчүн нерселер  жѳнѳкѳй  жана татаал  болуп бѳлүнѳт?
  • Щелочтор деп эмнени айтабыз?

Окуучулар   суроолого  жооп  беришет жана  мисалдарды беришет.

Бүгүнкү  тема    “Суу  эриткич”

Жаңы  теманы  тγшγндγрγγ:

Чындыгында, биз  жашоонун  суусуз  элестете  албайбыз. Бир гана  биз  эмес,  бизди  курчап  турган  жаратылыш  жандыктары ѳсүмдүктөрдүн  дагы    жѳнѳкѳй  кѳрүнгѳнү  менен    ал  ѳзүнѳ   кѳптѳгѳн сырды   катып  келет.  Окмуштуулар   аларды  изилдеп   улам  жаңы  нерселерди   табышууда.

Жер  планетасынын  70 пайызын  суу  каптап   турганы  менен    жыл  ѳткѳн  сайын   таза   сууга    жетүү   кыйындап  келет.

Эң  таза   суу  ЮНЕСКОнун   маалыматы   боюнча  Финляндияда. Изилдѳѳгѳ  122   мамлекет  катышкан.

 

Суу  — ѳмүр  булагы

Дүйнө  жүзүндѳгү    бардык   жандыктар  менен   макулуктардын   организми  суудан   турат.  Мисалы  жаныбарлар  -75%  медуза – 99%,  картошка -76%,  алма – 85%,   помидор – 90%   суудан   турат.  Жаңы  тѳрѳлгѳн   наристенин   денеси  — 86% турат.  Жаш  ѳткѳн  сайын   суунун   курамы    50  пайызга  чейин   тѳмѳндѳйт.

 

  Ооруларды   жайылтат

 Суу  бир  гана  жашоо  тартуулабастан,  аны  алып  дагы  коюшу  мүмкүн. Дүйнѳ  жүзүндѳгү  оорунун  85  пайызы   дал  ушул  оору  менен  берилет.

 

Адам  суусуз  жашай  албайт

Эгер  киши    денесинин    эки  пайызында сууну   жоготсо,     суусап  баштайт.   Он пайызга  чейин  жетсе,   кишинин   кѳзүнѳ   түрдүү   нерселер    кѳрүнүп  жѳѳлүп  калат. Ал  эми  12%  суу  жоготсо,   дарыгерлердин  жардамы  менен  гана  калыбына  келет. 20% жоготсо,   киши  ѳлүмгѳ учурайт.

Таза    суунун    басымдуу    бѳлүгү   мѳңгүлѳрдѳ   катылган.

Суу  кайда  көп  деп   суроо  салсак, бардыгы  эле  океанда деп   жооп  берери  бышык. Бирок  баардык  эле  сууну  ичүүгѳ  болбойт.  Жер жүзүндөгү суулардын   үч пайызы  гана   ичүүгѳ  жарайт. Ошол   үч пайыздын  жарымы   мѳңгүлѳрдѳ  тоңуп  турат.

Бышыктоо   γчγн   суроолор:

СУУ  ЭРИТКИЧ 

 Сабакты  жыйынтыктоо:  Суу  жүрѳккѳ  жардам  берет.  Суу  бардык  оорулардын  алдын  алат. Алардын  бири  бул  жүрѳк  оорусу. Окумуштуулар  күнүнѳ   алты  стакан  суу ичкен   кишилер  жүрѳк   оорусуна    аз  чалдыгарын   аныкташкан.

Баалоо:       Ѳзγн  — ѳзγ  баалоо  баракчалары  аркылуу бааланат.

Yйгѳ  тапшырма:

1. Ылай  сууну  тундуруу  учурунда   эмне  келип  чыгат?

  1. Күйгѳн  суу болоруна  ким  ишенет?

 

СУУ  ЭРИТКИЧ

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер