СССРдин кыйрашы жана көз каранды эмес кыргыз мамлекетинин жаралышы
- 20.05.2024
- 0

Тарых, 9-класс
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, сүрөт, слайд, чүкө, доска, бор, ноутбук, окуучулардын смартфону, интерактивдүү доска, интернет
Сабактын максаттары:
Сабактын жүрүшү: Шыктандыруу. Топторго бөлүү. Үй тапшырманы суроо 7-мүнөт.
Мугалимдин иш-аракети
- Саламдашат.
- КРдин мамлекеттик гимн
- Жамгыр оюну.
- Топторго бөлүү:
— “Достук”
— “Шайлоо”
— “Кыргызстан”
- Топ башчыларын шайлоо.
- Баалоонун критерийлерин жарыялайт. Мугалим топторду чүкө менен баалайт.
6) Үй тапшырмасын www.kahoot.com аркылуу сурайт.
Жаңы теманы, максаттарын жана күтүлүүчү натыйжаларды жарыялоо 2-мүнөт.
- Электрондук доскадан жаңы теманы, анын максатын жарыялайт.
Мугалим жаңы теманы слайд аркылуу түшүндүрөт. Суроолорду берет. Топторго көнүгүүнү берет.
— «Достук» тобу, силер Ош коогалаңы тууралуу маалымат чогултуп, батманга Ош коогалаңы боюнча сүрөт тартып, жактап бересиңер.
— «Шайлоо» тобу, силер болсо президенттик шайлоо, мамлекеттик суверендүүлүк жөнүндө декларация, 1991-жылдын 17-мартындагы референдум тууралуу презентация даярдап, жактап бересиңер.
— «Кыргызстан» тобу, силерге болсо бул таңгакталган кагаздын ичинде сүрөттөр бар, сүрөттөрдү ирети менен сүрөт илүүчү тактайчага жайгаштырып, жактап бересиңер.
Мугалим убакытты чектейт. Жоопторду угат.
Рефлексия жана жыйынтыктоо 4 мүнөт.
Окуучулардын сабактан алган таасирин сурайт. Топторго суроолорду берет. Топтук баалоо, жекече баалоо жүргүзөт (команданы топ башчылары өзүнүн командасынан кайсыл окуучулар сабакка активдүү катышканын айтышат).
Үйгө тапшырма 2 мүнөт.
Тапшырма «Мекенди сүйүү ыймандан» аттуу темада эссе жазып келүү.
Алтын эрежелер:
- Ар дайым тартипти сактоо менен активдүү болуу.
- Башкалардын оюн сыйлоо жана сөзүн бөлбөө.
- Бири-бири менен кызматташтыкта болуу.
- Билим баа алыш үчүн эмес!
Курманбек Хайдаров, №94 жалпы орто билим берүү мектебинин тарых мугалими, «Жыл мугалими 2024» сынагынын Свердлов району боюнча 1, Бишкек шаары боюнча 3 орундун ээси.
Комментарийлер