СССРдин кыйрашы жана көз каранды эмес кыргыз мамлекетинин жаралышы

  • 20.05.2024
  • 0
СССРдин кыйрашы жана көз каранды эмес кыргыз мамлекетинин жаралышы

Тарых, 9-класс

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, сүрөт, слайд, чүкө, доска, бор, ноутбук, окуучулардын смартфону, интерактивдүү доска, интернет

Сабактын максаттары:

СССРдин кыйрашы жана көз каранды эмес кыргыз мамлекетинин жаралышы

Сабактын жүрүшү: Шыктандыруу. Топторго бөлүү. Үй тапшырманы суроо 7-мүнөт.

Мугалимдин иш-аракети

  • Саламдашат.
  • КРдин мамлекеттик гимн
  • Жамгыр оюну.
  • Топторго бөлүү:

— “Достук”

— “Шайлоо”

— “Кыргызстан”

  • Топ башчыларын шайлоо.
  • Баалоонун критерийлерин жарыялайт. Мугалим топторду чүкө менен баалайт.

6) Үй тапшырмасын www.kahoot.com аркылуу сурайт.

Жаңы теманы, максаттарын жана күтүлүүчү натыйжаларды жарыялоо 2-мүнөт.

  • Электрондук доскадан жаңы теманы, анын максатын жарыялайт.

Мугалим жаңы теманы слайд аркылуу түшүндүрөт. Суроолорду берет. Топторго көнүгүүнү  берет.

— «Достук» тобу, силер Ош коогалаңы тууралуу маалымат чогултуп, батманга Ош коогалаңы боюнча сүрөт тартып, жактап бересиңер.

— «Шайлоо» тобу, силер болсо президенттик шайлоо, мамлекеттик суверендүүлүк жөнүндө декларация, 1991-жылдын 17-мартындагы референдум тууралуу презентация даярдап, жактап бересиңер.

— «Кыргызстан» тобу, силерге болсо бул таңгакталган кагаздын ичинде сүрөттөр бар, сүрөттөрдү ирети менен сүрөт илүүчү тактайчага жайгаштырып, жактап бересиңер.

Мугалим убакытты чектейт. Жоопторду угат.

Рефлексия жана жыйынтыктоо 4 мүнөт.

Окуучулардын сабактан алган таасирин сурайт. Топторго суроолорду берет. Топтук баалоо, жекече баалоо жүргүзөт (команданы топ башчылары өзүнүн командасынан кайсыл окуучулар сабакка активдүү катышканын айтышат).

Үйгө тапшырма 2 мүнөт.

Тапшырма «Мекенди сүйүү ыймандан» аттуу темада эссе жазып келүү.

Алтын эрежелер:

  • Ар дайым тартипти сактоо менен активдүү болуу.
  • Башкалардын оюн сыйлоо жана сөзүн бөлбөө.
  • Бири-бири менен кызматташтыкта болуу.
  • Билим баа алыш үчүн эмес!

Курманбек Хайдаров, №94 жалпы орто билим берүү мектебинин тарых мугалими, «Жыл мугалими 2024» сынагынын Свердлов району боюнча 1, Бишкек шаары боюнча 3 орундун ээси.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер