СКЕЛЕТКЕ ДОО КЕТКЕНДЕ БЕРИЛҮҮЧҮ БИРИНЧИ ЖАРДАМ

  • 10.04.2023
  • 0
СКЕЛЕТКЕ ДОО КЕТКЕНДЕ БЕРИЛҮҮЧҮ БИРИНЧИ ЖАРДАМ

Эльвира Садырова,

Балыкчы шаарындагы

С.Каралаев атындагы №6 мектебинин биология мугалими

Предмети: Биология

Классы:     8-класс

Сабактын темасы: Скелетке доо кеткенде берилүүчү биринчи жардам

Сабактын максаты:

билим берүүчүлүк: Скелетке доо кеткенде бирнчи жардам кандай учурда көрсөтүлөт, кандай максатта, жардам берүүнүн түрлөрүн окуп түшүнүшөт;

өнүктүрүүчүлүк: элестетүү жана образдуу ой жүгүртүүсүн калыптандыруу;

тарбия берүүчүлүк: маданияттуулукка тарбиялоо.

Мазмундук тилке:

  • Организм биологиялык система катары
  • Организмден жогору турган системалар
  • Органикалык дүйнөнүн көп түрдүүлүгү жана анын эволюциясы
  • Адам жана анын курчап турган чөйрөсү

Жандуу объектилерди таануу жана баяндоо: скелетке доо кеткенде берилүүчү жардамдын түрлөрүн таанып баяндайт.

Кубулуштарды илимий жактан түшүндүрүү: скелетке байкоо жүргүзүү боюнча билимдерге ээ болот.

Илимий далилдерди пайдалануу: өтүлгөн темаларды алган билимдерин колдонуу менен изилдөөлөрдү жүргүзөт.

Сабактын тиби: Жаңы материалдарды окуп үйрөнүү, өркүндөтүү

Сабактын методу: Интерактивдүү метод, топтор, жуптар менен иштөө ж.б.

Сабактын формасы: түшүндүрүү методу, сабак интервью, ишмердүүлүккө негизделген практикалык сабак

Колдонулуучу каражаттар: окуу китептери, презентация PoverPoint, көргөзмө куралдар, медициналык каражаттар

Сабактын мазмууну жана структурасы:

  1. Уюштуруу (2мин.)
  2. Үй тапшырманы текшерүү (10 мин.)
  3. Жаңы материалды түшүндүрүү (20 мин.)
  4. Физминутка (2 мин.)
  5. Бышыктоо: Топтук, практикалык тапшырма (10 мин.)
  6. Жыйынтыктап, үйгө тапшырма берүү (2 мин.)

      Сабактын жүрүшү

  1. Уюштуруу бөлүмү: Окуучулар менен саламдашып, сабактын темасы жана максаты менен тааныштыруу.

1-слайд

           1.Окуучулардын билимин текшерүү

Суроолор:

  1. Сөөктүн түзүлүшү кандай? (Сөөктөрдүн көпчүлүгүнүн сырт жагы тыгыз, катуу, ал эми ич жагы жумшак кемик тканынан түзүлгөн).
  2. Сары чучук кайда жайгашат, кандай кызмат аткарат? (Көңдөйлүү сөөктүн ичинде).
  3. Кызыл чучук каерден орун алган, негизги милдети кайсы? (Кемик тканда, кызматы канды пайда кылуу).
  4. Сөөктөр өз ара кандай биригишет? (Сөөктөр өз ара кыймылсыз, чала кыймылдуу жана кыймылдуу биригишет)
  5. Сөөктөрдүн туурасынан өсүшүн эмне аныктайт? (Сөөк чели)
  6. Сөөктөрдүн узунунан өсүшүнө эмне таасир этет? (Ички секреция бездери жөнгө салат)

2.Жаңы теманы түшүндүрүү

Скелетке кайсы учурда доо кетет деп ойлойсунар?

Ал үчүн төмөнкү таблицаны толтурабыз

Мен билем сөөккө кайсыл учурда доо кетерин     Мен кандай жардам             көрсөтүүлөрүн көргөнмүн    Мен эмнени билгим келет

Окуучулардын жооптору таблицага жазылат.

Мугалим окуучулардын жоопторун толуктайт.

Турмуштун ар кандай кырдааладарынан, автокырсыктан, же кулап кеткенде, секиргенде, кокустуктан жыгылып кеткенде, мындан сырткары ар түрдүү себептер менен таяныч-кыймылдаткыч аппараты кандайдыр бир жаракатка кабылышы мүмкүк. Ал эми мушташканда көбүнчө бет сөөктөру, тепкилөөдөн кабыргалары сынуусуна алып келет. Биз мектепте,  көчөдө, экскурсияларда ушундай кырсыктарга кабылышыбыз мүмкүн. Ошол себептен жабыркаган адамга тез жардам кызматы келгенче, биринчи жардам көрсөткөндү билгениби маанилүү.

Биз бүгүн жаракаттарды айырмалаганды, биринчи жардамды көрсөткөндү үйрөнөбүз.

Видеосабак ( окуучуларга 2 мүнөттүк видео сабак көрсөтүлөт)

2- слайд

Сыныктын 2 түрү бар

  1. Ачык сынык. Сөөк менен кошо сыртындагы териге зыян келсе
  2. Жабык сынык. Сөө сынган менен териге зыян келбесе

*  Сынууга көбүнчө кашка жилик, ийин жана кызыл ашык, шыйрак сөөктөрү учурайт.

*   Остеопороздо (кальцийдин жетишпестигинен келип чыккан сөөктүн борпоңдугу) да сөөктүн сынуулары келип чыгат.

Сыныкты катип аныктайбыз?

Катуу ооруу пайда болот, шишик, кыймылдай албай калат, кол, буттун формасынын ийилиши, бузулушу, аң-сезимин жоготуу, гематома же кан агуу, кускусу келүү.

Биринчи жардамды көрсөтүү:

Кыймылдабаган абалды камсыз кылып, шакшак жана муздак нерсе коюу керек.

Муун чоюлганда 1-жардам көрсөтүү:

Муундун чоюлушу – бул сөөктөрдү бириктирүүчү таңгактардын жабыркашы. Симптомдору — ооруу, муунда шишиктин бат пайда болушу.

Биринчи жардам

  • Катуу таңуу керек;
  • Муунга тынч абалды камсыз кылыш керек;
  • Муздак нерсе коюу.

Муундардын чыгып кетиши — сөөктүн башынын муун чуңкурчасынан чыгып кетиши, муундун формасынын өзгөрүшүнө алып келет, ооруйт, кыймылга жөндөмсүз болуп калат.

Эч убакта муунду өзү киргизүүгө аракет кылбаш керек — ал таңгактардын жабыркашына алып келет.

Биринчи жардамды көрсөтүү:

  • Муунга тынч абал камсыздоо;
  • Кичине кысып тургандай кылып таңуу;
  • Муздак нерсе басуу.

2.Физминутка

  1. Практикалык иш

Ар бир топтон бирден бала келип, тапшырмасы бар карточканы алат. Ал карточкадагы тапшырманы аткарат. Башка топтун балдары берилген тапшырманы аткарышат.

  1. Туура эмес секирип, капталына кулап түшкөндө, жабыркаган адам оң колундагы катуу ооруга арызданат, колун кыймылдата албайт. Сол колу (күң жилиги) ийин жагынан формасы өзгөрүп шишип, көгөрүп калды. (Колдун ийининен чыгышы)

Диагноз коюп, биринчи жардам  көрсөтүү.

  1. Тизе муунундагы басылбаган ооруу (оң бут). Акырындык менен шишик пайда болуп, басканда ооруйт. Андан сырткары, жабыркаган адам жыгылганда оң ийининин ооруганын айтат, бирок колун кыймылдатканда ооруганы менен башка эч кандай сырткы белгилери билинбейт. Диагнозун коюу. Биринчи жардам көрсөтүү. (Муундарынын чоюлушу, таңгактардын үзүлүшү).
  2. Жабыркаган адам билегиндеги ооруга арызданып жатат. Жаракатынан сөөктүн сыныктары көрүнүп турат. Жабыркаган адам мезгил-мезгили менен эсин жоготуп жатат. (Билектин ачык сынышы).

Жаракаттын тибин аныктап. Биринчи жардам көрсөтүү

Бышыктоо үчүн кошумча суроолор:

  1. Эмнеге жаш кезде, карыганга караганда сыныктар анчалык коркунучтуу эмес?

Жаш кезде скелетте кемирчектер, сөөктө органикалык заттар көп болот, ошондуктан сөөк тканы бат калыбына келет.

  1. Эмнеге муун чоюлганда жана таңгактар үзүлгөндө шишик пайда болот?

Муун суюктугу чыгып, кан агуу-сезгенүү жүрөт

  1. Өнөкөт муундун чыгышы деген эмне? Ал кимде болот?

Спортсмендерде. Алардын муундарына аябай көп  оордук  берилет, ошондуктан таңгактары чоюлуп, сөөктөрү муундарынан чыгып кетет.

  1. Баалоо: топтук баалоо, окуучуларды жекече баалоо, өзүн-өзү баалоо колдонулду.
  2. Үйгө тапшырма: параграфты окуп, аягындагы суроолорго жооп берип келүү.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер