Сандын үлүшүн табуу

  • 24.05.2024
  • 0
Сандын үлүшүн табуу

Сабактын максаты: 

а) Когнитивдик: окуучулар сандын үлүшү жөнүндө билимдерин бышыктайт. Сандын үлүшүн табууга, салыштырууга карата мисал, маселелерди иштейт.

б) Социо-маданий: бири-бири менен пикир алмашууга, таза, тыкан жазууга тарбияланышат.

в) Кептик: сандын үлүшүн табууну түшүндүрүүдө максаттуу тилде айтып бере алат.

Күтүлүүчү натыйжа: Татаал туюнтмалардын маанилерин табууда амалдардын тартибин сактоо менен чыгаруунун талдайт.

Баалоонун критерийлери: Топтордо жана өз алдынча баалоо.

Cабактын тиби: Жаңы материалды өздөштүрүү.

Окуу иш-аракетин уюштуруунун формалары жана ыкмалары: Жекече иштөө, жуптарда иштөө, топто иштөө.

Предмет аралык байланыш: Адабий окуу, көркөм өнөр, кыргыз тили, мекен таануу.

КТ колдонуу: Проектор, ПК, экран, телевизор ж.б.

Сабактын жүрүшү: Мугалимдин иш-аракети. Сабакты уюштуруу, балдардын көңүлүн сабакка буруу. Шыктандыруу.

Топторго бөлүү:

1-топ: сумма

2-топ: айырма

Баалоо критерийи менен таанышат. Үй тапшырманы бышыктоо: ырастоо ыкмасы.

Математика боюнча  окуу маселелерин формулировкалоонун варианттары:

Сандын үлүшүн табуу

  1. Тема жана максат менен таанышат.
  2. Тема боюнча ойлорун ортого салышат.

Узундугу канча? Бизге фигура берилди, ал кандай фигура? Ооба, бир бүтүн фигура берилди. Эми ушуну экиге бөлүп, бирин көк түскө боёйлу.  Канча бөлүгү боёлду? Ооба, экиден бир бөлүгү боёлду.

№851. Ар бир түстөгү тилке кандай үлүштү сүрөттөйт? Эки тилкени кандай үлүш десе болот? Кызыл, сары, көк тилкелер биригип канча үлүштү түзөт?

№852. 24 санынын алтыдан бир үлүшү канча? Алтыдан эки үлүшү? 24 санынын алтыдан эки үлүшү төмөнкүчө табылат.

24:6=4, 4*2=8  8 саны 24түн алтыдан 2 үлүшүн түзөт. Ал кандай эсептелди? Түшүндүр.

Эми доскага үч топтон бирден чыгып иштейбиз.

№853. 36нын алтыдан бир, алтыдан эки, алтыдан бешин тап. Канча амал аткардың? Мында амалдар солдон оңго карай ирети менен аткарылат.

Доскага иштешет.

№853

36:6*1=6

36:6*2=12

36:6*5=30

Туур эмес чыгарылышка карата талкуулор үчүн суроолор:

— Сиз макулсузбу?

— Эмне үчүн?

— Сиз бул жоопко эмне дейт элеңиз?

— Туура айтты деп ойлойсузбу?

Сандын же фигуранын үлүшүн эки сан менен белгилейбиз. Алардын бирөө жалпы үлүштөрдүн санын, экинчиси ошондой үлүштөрдүн канчоо алынганын билдирет. Мисалы, тик бурчтуктун үчтөн бир үлүшү деген фигура барабар үч бөлүккө бөлүнүп, алардын бирөө алынды дегенге жатат.

Практикалык иш. Топторго тапшырма:

1-топ: сандар № 854

42нин жетиден бир, жетиден эки, жетиден үч, жетиден төрт үлүштөрүн төмөнкүчө үлгүгө карап эсепте:

Кконкреттүү (кол менен кармап көрүп, манипуляция жасоого мүмкүн болгон физикалык предметтер. Булар: санак таякчалар, геометриялык фигуралар, фишкалар ж.б.).

Сандын үлүшүн табуу

Г — графикалык моделдер (математикалык түшүнүктөрдү визуалдуу элестетүү үчүн колдонулуучу сүрөттөр: схемалар, таблицалар, матрицалар, диаграммалар ж.б. графикалык сүрөттөр).

Сандын үлүшүн табуу

А абстракттуу (математикадагы идеяларды көрсөтүү үчүн символдор колдонулат: тамгалар, цифралар, формулалар, касиеттер, тыянак).

Сандын үлүшүн табуу

Yй тапшырма: №857-858 мисалдарды аткарып келесиңер.

Айгүл Арзиева, Кадамжай районундагы “Өрнөк” орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер