САН АТООЧ БОЮНЧА КРЕАТИВДҮҮ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ ЖӨНДӨМДҮҮЛҮКТӨРҮН БААЛОО

  • 06.04.2023
  • 0
САН АТООЧ БОЮНЧА КРЕАТИВДҮҮ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ ЖӨНДӨМДҮҮЛҮКТӨРҮН БААЛОО

Назгүл Жалилова,

 Балыкчы шаарынын №1 Л.Толстой атындагы мектеп-гимназиясынын

кыргыз тили жана адабияты мугалими

Сабак: Кыргыз тили

Класс: 5-класс

Сабактын темасы: Сан атооч боюнча креативдүү ой жүгүртүү жөндөмдүүлүктөрүн  баалоо.

Сабактын максаты: Сан атооч боюнча алган билимдерин бышыкташат.

Сабак аралык байланыш: математика, адабият, орус тили

Сабактын максаты:

билим берүүчүлүк: Сан атоочту сүйлөмдө туура колдонгонду билишет. Сан атооч сөздөрдү жазууда жана кепте эрежеге ылайык колдонууну үйрөнүшөт;

өнүктүрүүчүлүк: Сан атооч сөздөр аркылуу угуу, жазуу, түшүнүу, окуу аркылуу угуу, жазуу, түшүнүу, окуу кеби өнүгөт;

тарбиялык: Сан атоочторду мааниси боюнча сүйлөмдө туура жайгаштырып, турмушта колдоно алышат.

Сабактын тиби: Алган билимин бышыктоо

Сабактын формасы: Класстык, аралаш

Сабакта пайдаланылган инновациялык усулдар жана каражаттар: проектор, планшет, сүрөттөр

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу

 

  • Алтын эрежени эске салуу

С — сабакта

А — ар дайым

Б — баарыбыз

А — активдүү

К — катышабыз.

 

  • Жагымдуу маанай түзүү

Саламдашуу, окуучулардын сабакка болгон маанайын көтөрүү.

Мугалим:

-Саламатсыңарбы, балдар! Азыр бизде 5-класстар үчүн кыргыз тили сабагы.

-Маанайыбыз кандай?

Окуучу:

-Жакшы!

Мугалим:

— Баарыбыздыкы ушундайбы?

Окуучу:

-Ооба!

Мугалим:

-Анда эмесе, ураа!

-Келгиле анда, окуу куралдарыбызды алып, алтын эрежени сактап, сабакка даярданалы.

-Бүгүн канчасы? Жуманын канчанчы күнүндө жолугуп жатабыз? Сабакта канча окуучу отурат?

Окуучу:

-Бүгүн жалган куран айынын жыйырма жетиси. Бүгүн жуманын дүйшөмбү – биринчи күн. Сабакта жыйырма беш окуучу отурат.

Мугалим:

-Демек, жоопторубуз биз өткөн кайсы темага байланыштуу болду?

Окуучу:

-Биз сабакта сан атоочторду колдонуп жооп бердик.

Мугалим:

-Азаматсыңар! Ооба, сан атоочко. (Окуучулар ар бир берилген суроого жоопторун айтуу менен сан атоочторду колдонуп жооп берип жатышты)

Биздин бүгүнкү сабагыбызда сан атооч боюнча креативдүү ой жүгүртүү жөндөмүңөрдү баалайбыз. Мында, силер ар тараптуу ой жүгүртүү жөндөмүңөрдү көрсөтүшүңөр керек. Демек, балдар бүгүн биз силер менен угуу, көрүү, жазуу, окуу, түшүнүү ыкмалары менен иш алып барабыз.

Ал үчүн биз 2 ыкма аркылуу тапшырманы аткарышыбыз керек.

1-ыкма: Угуп түшүнүү  жөндөмүңөрдү баалайбыз (Акылдуу мугалим деген текст 2 жолу  уктурулат

  • Текст уктурулаардан мурда таяныч суроолор менен таанышышат жана текстти угушкандан кийин суроолорго жооп жазышат. Ар бир туура жооп баллдар менен бааланат.

 

Текстти уктуруу:                                Акылман мугалим.

Илгери-илгери бир акылман мугалим болуптур. Анын он жети төөсү бар экен.Акылман каза болорунда өзүнүн үч окуучусуна мурас кагазын калтырыптыр.Ал мурасында окуучуларына он жети төөнү бөлүп алгыла деген тапшырманы бериптир. Акылман мугалим мурас кагазына минтип жазыптыр “Улуу окуучум жети төөнүн жарымын, ал эми ортончу окуучум үчтөн бир бөлүгүн, кичүүсү тогуздан бир бөлүгүн алышсын. Мурас кагазды окуучулар окуп абдан таң калышты.Он жети төөнү кантип бөлөбүз. Бирөө бөлбөй эле бардык он жети төө баарыбызга калсын десе, экөө кеңеш сурай баштайт. Кеңешчилер да бул үчөөнө жардам бере алган жок. Анан бир акылман карыяны табышты.( Бул текстти угуу менен угуу, эске тутуу, сандарды эстеп калуу мүмкүнчүлүгунө ээ болушту.Уктурууга чейинки таяныч болгон суроолорго жоопту дептерге жазышты.) Таяныч суроолор

  1. Текстте кандай сан атооч сөздөр катышты?
  2. “Жарым” деген сөздү сан түрүндө кандай жазууга болот?
  3. Текстте “кеңеш” деген сөз кездештиби?

  Планшет менен иштөө: Семантизациялоонун ыкмалары менен мисалдарды дал келтиргиле. Таблицанын сол тарабын жакшылап окуп чыгабыз жана таблицанын оң тарабындагылар менен туура туташтырып дал келтиребиз. Планшеттер ар бир окуучуга таратылып берилет. Андагы тапшырмаларды туура дал келтирүү аркылуу аткарышат. Мында дагы ар бир туура жооп баллдар менен бааланат.Туура жооптор экранга көрсөтүлөт жана окуучулар ар бири өзүнүн ишин баалай алышат.

Семантизациялоонун ыкмалары менен мисалдарды дал келтиргиле

1.Эсептик сан атоочторду иреттик сан атооч кылып мучө улап жаз.

                      (5 балл)

 

 

 

                     

    А) Акылман карыя он жети төөнү кантип бөлүш керек           экенин түшүндүрүп берди. Мына менин чечимим:

 — Он жети төөгө мен бир төөнү кошом. Он сегиз төөнүн         жарымы-тогуз төөнү улуу окуучу алат. Экинчи окуучу   үчтөн бир бөлүгүн — алты төөнү алат. Ал эми үчүнчү окуучу   тогуздан бир бөлүгүн – эки төөнү алат. Мына он жети төө   бөлүндү. Бир төө калат, ал менин төөм, аны мен кайрадан       өзүм алам, — деп айтыптыр.

  Ошентип окуучулар кайрадан өзүнө мугалим таап       алышыптыр.

 

2.Тексттеги  сан атоочторду тап

(5 балл)

      Б) үчтөн       үчүнчү         экинчи             бешинчи

      тогуздан       алтыны      он жетиге        сегизде

 

3.Кɵрсɵтмɵлүүлүктү пайдалануу

(5 балл)

      В) бир —  биринчи        он жети   —  он жетинчи

      он   — онунчу            жыйырма   — жыйырманчы

      үч  —   үчүнчү           элүү    —  элүүнчү

 

4. Сɵздүн курамы боюнча талдоо

 

 

 

 

                     (5 балл)

     Г)

     Картада ___________өлкө бар экен.

      Жибек жолунун узундугу ___________км.

     Ал убактан бери __________жыл өттү.

     Мен тапшырманын ___________бөлүгүн аткардым.

     (беш, жети миң, беш миң, үчтөн бир)

 

 

 

5. Сүйлөмдү сан атоочтор менен толукта. (5 балл)

 

      Д)

тарбиячы                  мугалим                              куруучу

Сабакты бышыктоо: Демек, балдар биз бүгүн силер менен сан атооч боюнча алган билимибизди бышыктап алдык, Сан атоочтордун туура жазылышына, айтылышына, алдарды колдонууда сандарды бөлүп көрсөтүүнү иш жүзүндө билдик. Сан атоочтор мааниси боюнча канчага бөлүнөрүн билебиз. Ар бирине мисалдарды келтиребиз.

Сабакты жыйынтыктоо:

Балдар, бүгүнкү сабактан эмнени билдиңер? Сан атоочтун турмушта кайда колдоно алат экенбиз? (балдардын жооптору талкууланат)

Тапшырма: Үйдөн ”Менин үй-бүлөм” деген темада сан атоочторду катыштырып чакан текст түзүп келебиз.

Таяныч сөздөр: үй-бүлө, беш, саат жети, кечки алтыда, чогуу, ынтымакта.

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер