Салмактын чен бирдиктери
- 15.04.2024
- 0
Математика, 3-класс
Методу: “Ай билим” сайты аркылуу айтып түшүндүрүү, көрсөтүп берүү, интерактивдүү ыкманы колдонуп түшүндүрүү, көндүмдөрдү өнүктүрүүдөгү прогресс стратегиялары.
Сабактын тиби: бышыктоо сабагы.
Сабактын жабдылышы: окуу китеби, дептер, калем сап, ноутбук, панель доскасы, (“Plickers” платформасы, “classroomskreen”, “random” платформалары), таркатма материалдар, таразалардын сүрөттөрү.
Предмет аралык байланыш: мен жана дүйнө, кыргыз тили, адабий окуу.
Негизги компетенттүүлүктөр:
- Маалыматтык (НК 1)
- Социалдык-коммуникациялык (НК 2)
- Өз алдынча уюштуруу жана көйгөйлөрдү чече билүү (НК 3)
Предметтик компетенттүүлүктөр:
- Математикалык жаңы маалыматтарды аң-сезимдүү кабыл алуу (ПК 1).
- Математикалык түшүнүгүн тереңдетүү, бышыктоо компетенттүүлүгү (ПК 2).
- Математикалык көндүмдөрдү талдоо компетенттүүлүгү (ПК 3).
- Жашоо тиричилик менен байланыштыруу компетенттүүлүгү (ПК 4).
- Сандардын жана фигуралардын маанисин түшүнүү (ПК 5).
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу бөлүгү (2 мин.). Бүгүн бизде математика сабагы.
- Балдар, азыр жылдын кайсы мезгили?
- Жаз мезгили.
- Кол чатыр менен жаан тамчылардын кандай байланышы бар?
- Жазында жаан көп жаайт.
- Келгиле, кол чатырдагы жаан тамчыларын бирден алгыла, артында номерди карагыла (Тамчыда 1,2,3 деген цифралар бар, ошого жараша окуучулар үч топко бөлүнүп отурушат).
Эркинбек кызы Эркеайым, №55 орто мектептин башталгыч классынын мугалими
Бөлүшүү
Комментарийлер