САЛМАК ЖАНА ЧЕНӨӨ
- 22.12.2023
- 0
![САЛМАК ЖАНА ЧЕНӨӨ](https://kutbilim.kg/wp-content/uploads/2023/12/matem.jpg)
Гүлжамал Кайкиева,
Бишкек шаарындагы №66 “Ден соолуктун жана өнүгүүнүн мектеби” гимназиясы окуу тарбия комплексинин башталгыч класстарынын мугалими
Математика сабагы
4-“а” класс
Сабактын темасы: Салмак жана аны ченөө
Сабактын тиби: Салмак көндүмдөрүн өнүктүрүү сабагы
Сабактын формасы: Ойлоп табуу, чыгармачылык, изилдѳѳчү
Колдонулуучу методдор жана ыкмалар: Интерактивдүү, кѳрсѳтмѳлүүлүк, түшүндүрүү, баяндоо.
Колдонулуучу каражаттар: Түстүү сүрѳттѳр, компьютер, карточкалар, баалоо баракчалар, плакат, интерактивдүү такта.
Керектелүүчү окуу жабдыктары: окуу китеби, дептери, клей, компьютер, проектор.
Предмет аралык байланыш: Математика, көркөм өнөр, музыка, дене-тарбия.
№ | Максаттар: | Кѳрсѳткүчтѳр: |
1 | Билим берүүчүлүк: Окуучулар салмак бирдигин (кг, м, л) колдонуп предметтердин салмагын аныкташат, салыштырышат. | Окуучулар текст менен таанышып, пикир алыша алса, ченеп көргөзө алса, ѳзүнүн кѳргѳндѳрүн талдап айтып бере алса; |
2 | Ѳнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын предметтерди ченөө көндүмү өнүгөт, математикалык сүйлөө кеби калыптанат. Окуучулар ой жѳндѳмдүүлүгүн жана сѳз байлыгын ѳстүрүшѳт. Ойлоо, жазуу жѳндѳмдүүлүгү ѳнүгѳт. | Окуучулар кошумча маалыматтарды карточкалар аркылуу иштей алышса, туура жазып, ойлоо сезимдерин билдире алышса; практикалык ишти биримдикте иштей алышса, өзүн-өзү баалай алса. |
3 | Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар бири-бири менен кызматташып иш алып барууга, Окуучулар ченөө аркылуу математиканы турмуш менен байланыштырууга, турмушунда колдоно билүүгө тарбияланат, коомдо өз ордун таба билүүгө калыптанышат. | Окуучулар бири-бири менен ынтымакта иштей алышса, ченөө аркылууматематиканы турмушунда колдоно алышса, эмгекти сүйүүгѳ багыт алышса; Коомдо өз ордун таба билсе |
Сабактын жүрүшү:
№ | Сабактын этаптары (Убактысы) | Мугалимдин ишмердиги | Окуучунун ишмердиги | Компетенттүүлүктѳр | Баалоо (калып.баалоо, техн.) Эскертүү | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Негизги (НК) | Предметтик (ПК) | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
1
| Уюштуруу: 1.1. Саламдашуу Жагымдуу маанай | Саламатсызбы! 1. Билим. 2. Максат. 3. Эмгек аркылуу билим таразасын теңдегенге үндөйм. | Ар кандай кол белгилери менен көрсөтүшөт | 1. Маалымат-тык
2. Социалдык-коммуникациялык
3. Ѳз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү | 1. Жагымдуу маанай, сезимдерди, саламдашууну тааныйт.
2. Таанып билүү активдүүлүгүн өнүктүрүүнү улантат 3. Салмак тууралуу жаңы маалыматтарды билет | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
2 | Теманы ачуу | “Салмак” кроссворд аркылуу теманы ачып алуу
| Суроо жооп | НК 1 Мурунку алган билимдерин эске салышат. НК 2 НК 3 | ПК 1 ПК 2 ПК 3 Билимин бекемдеп, жаңы темага багыт алып, бааланат. | (таттуулар менен баалоо) | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
1.2. Сабактын максаты | Бүгүнкү сабакта: Салмакты, суюктукту ченеп, салыштырып, салмак бирдиктери тууралуу кеп кылабыз. Ал үчүн ар бир тапшырмага кѳӊүл буруп, жупта, топто ынтымакта иш алып барганга жана жакшы баа алганга жана таттуу белектерге ээ болгонго, ийгиликке жетишүүгө аракет кылабыз . | “Ооба, жок” стратегиясы менен белги беришет. | НК 1. Маалымат алышат. | ПК 1. Сабактын максаты менен таанышат | “Ооба, жок” көтөрүп, көрсөтөт. | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
3 | Мээге чабуул | 1 кг кебез оорбу? 1 кг таш оорбу? Салыштыруу | НК 3 Анализ жүрөт | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
4 | Жаӊы теманы түшүндүрүү | Эл доскада, слайд, түстүү сүрөттөр 1 кг — 1000 г 10 мм — 1 см 1 г — 1000 мг 10 см -1 дм 1 л — 1000 мл 1 ц — 100 кг 10 дм — 1 м 1 т — 1000 кг 1 км -1000 м Салмак бирдиктерин таблицага сүрөттөр аркылуу айырмалап чапташат | Окуучулар берилген суроолорго жооп берип турат.
| НК 1 НК 2 НК 3 | ПК 1 ПК 2 ПК 3 | Мактоо, кѳтѳр-мѳлѳѳ
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
5 | Практикалык иш Топто иш алып баруу | Топто практикалык иш алып баруу, түшүнгөнүн талкуулоо — Дептерге жазуу иши: Ар бир топ өзүнүн тапшырмаларын жазып, ченөө иштерин жүргүзөт. Салмак бирдигин жазат
| Топто тапшырманы окуп, түшүнгѳнүн айтып берет | Тема боюнча маалымат алып, түшүнүгүн кеңейтишет. | Маселени түшүнүп окуу, айтып берүү жөндөмдүүлүккө ээ болот | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
6 |
Эс алуу убагы
| Алты бакан селкинчек, Андай теппей мындай теп. Аны бизге калтырган, Айдай сулуу эжекем. | Окуучулар обону менен ырдап, бийлешет. |
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
7 | Топто иштѳѳ | — “Килограмм” тобу: Китеп кабыбызды жана окуу куралдарыбыздын салмагын ченейбиз.Таблица түзөбүз Ø Ден соолукка таасирин — — “Метр” тобу: Кимдин бою канча см? Дене боюбузду ченөө, маселе чыгаруу, диаграмма түзөт. Ø Дене боюбузду эсепке алуу -маанилүү. “Литр “тобу: Суюктукту өлчөө (сүт, айран) Ø Сүт, айрандын ден соолукка пайдасын табуу. | Топтордо берилген тапшырма-ларды аткарышат, жактап беришет.
| — Баалоо баракчалары Лидерлер баалашат. | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
8 | Жыйынтык-тоо Ыкчам баалоо | Бир сүйлөм менен жыйынтыктоо: Китеп каптын салмагы………. ? Жашыбызга ылайык болуш керек экен.
Денибиз сак болуш үчүн ……………. ? Күндө эртең менен 1 жарым стакан сүт, бир стакан айран ичүү керек.
Салмагыбыз жана боюбуз туура болуш үчүн ……………… ? Туура тамактанып жана туура билим алуубуз керек. Бүгүнкү сабактын жүрүшүндө өзүңө кандай жаңы маалымат ала алдың? Кандай суроо жаралды? | Н К3 | ПК 3 | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
9 | Тапшырма берүү | Ар бир топтогу ишти үй-бүлө мүчөлөрү менен үйдөгү буюм менен салыштырып маселе түзүп келүү. — “Килограмм” тобу: Ишемби, жекшемби күндөрү канча л сүт, айран ичилет? — “Метр” тобу: Үй бүлө мүчөлөрүнүн салмагын, боюн ченеп салыштыруу; “Литр” тобу: Китеп кабыңарды ченеп, теңдеме түзүп чыгаруу. | Изилдөө ишин жүргүзөт | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
10 | Баалоо | Мактоо, алкоо, таттууларды саноо, таразага тартып салыштырып, жеңүүчүнү аныктоо. | Мактоо |
Топтордун баалоо баракчалары
№ | Аты | 1-салмакты туура ченейт, табат, билет. | 2-топто иштөөнү билет, креативдүү мамиле кылат | Жыйынтык баасы |
1 | ||||
2 | ||||
3 | ||||
4 | ||||
5 | ||||
6 |
Комментарийлер