САБАКТАГЫ ЭМОЦИЯ

  • 26.01.2021
  • 0
САБАКТАГЫ ЭМОЦИЯ

Эмоция – бул энергияга жык толгон эбегейсиз энергетикалык булак, албетте аны колдоно, башкара билсе.

Урматтуу кесипкөй адис, теманын актуалдуулугун көтөрүп сыга алсаң, аны окуучуларда сендей сезе билүүсү зарыл деп ойлосоң сенде толгонуу пайда болот. Окуяга, сюжетке байланыштуу өң – түсүңдө, кабак – кашыңда, үнүңдө ар түрдүү өйдө – ылдый өзгөрүүлөр менен катар шыктануу, кубануу, даңктануу, же кайгыруу, ачуулануу сезими жаралбай койбойт.

Толкундануу, кызыгуу балага таасир этет да, энергия экинчи жүрөккө өтөт. Андай болбогондо сабагыбыздын жаратуучулук касиети болбой калбайбы. Таанып билүүгө, максатка жетүүгө умтулуу, ишеним, ынаным, кооздукту сүйө билүү – ушулардын баарысы эмоциянын натыйжасында жаралган энергиянын сакталуу, өнүгүү мыйзамы эмеспи.

Эмоция кайдан жаралат? Ички сезим изденүү, туюу, асыл ой, мүдөө – максат, көрө билүүдөн, умтулуудан келип чыгат. Ойлоп көрүңүзчү, сахнадагы драматикалык жогорку деңгээлдеги чыңалуу болбосо көрүүчүгө, угуучуга анын таасири болмокпу. Сабакда дал ошондой, рухуңузда психологиялык дарамет болмоюнча инсандын жан дүйнөсүнө кирем деп өзүңдү алдаба.

Эмоцияңыздын натыйжасы менен жараткан ийгилигиңизге рахаттануу менен эс алып кийинки сабакка азык топтоңуз. Жаңы жылда ар бир сабакта жагымдуу эмоцияга жык толгон күч – кайрат менен жумуштан тажабай, жакшылыктан түңүлбөй, энергетиканын жаңы кенин жарата бериңиздер.

Каримов Жоошбай

Лейлек району

 

Бөлүшүү

Комментарийлер