«СҮЙЛӨШҮҮ МАДАНИЯТЫ» (Класстык саат, 2-класс)

  • 28.12.2023
  • 0
«СҮЙЛӨШҮҮ МАДАНИЯТЫ» (Класстык саат, 2-класс)

Сабактын максаты: «Сүйлөшүү маданияты» деген сөздүн маанисин талдап, окуучулар өз жашоосунда ар дайым маданияттуулукка умтулуу керектигин баамдап билишет. Маданияттулукка байланышкан  ырларды, макалдарды айтышып, талдашат.

Сабактын жабдылышы: Макал-лакаптар, ырлар, слайд, проектор, ноутбук, эмблемалар, темага  карата жасалгалоолор (банер, шарлар, гүлдөр).

Сабактын жүрүшү:

1. Уюштуруу иши: (Класста жагымдуу жагдай түзүү)

 Иш кадамдары:

1-кадам: Мугалим:

   — Саламатсыздарбы, урматтуу агай-эжейлер, ардактуу ата-энелер, сүйүктүү окуучулар!  Сиздерди Жаңы  2024-жылыңар менен куттуктайм! Жаңы жылда бекем ден соолук, узун өмүр, түгөнбөс бакты-таалай жана албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!
Эмесе, “Сүйлөшүү маданияты” аттуу ата-энелер менен өткөрүлүүчү жыйналыш-конкурска кош келипсиздер!

Сүйлөшүу маданияты – бул адам баласынын бири-бирине сөз аркылуу ички ой-туюмун билдирүүдө ар бир сөздү салмактап сүйлөөсү, айтылган сөздөрдү баалап, маани берүү менен татыктуу мамиле жасоо болуп саналат. “Мен маданияттуу инсанмын» деген адам ар тараптуу маданияттуу болушу керек. Маданияттуулук  ар бирибиздин үй-бүлөбүздө калыптанат. Үй-бүлөдө ата-энелер бири-бирине сылык мамиле жасап,т бирин-бири урматтап турса, аларды көргөн уул-кызы да маданияттуу, сылык болуп чоңоюшат.

Анда эмесе, ата-энелер менен бирдикте өткөрүлүүчү жыйналыш-конкурска көңүлүңүздөрдү буралы! Бүгүнкү жыйналыш-конкурсубуздун темасы «Сүйлөшүү маданияты» деп аталат. Бул конкурска Ирисбекова Жасмина, Жумабекова Азема жана Жаныбекова Элима апасы менен катышат.

Катышуучулар төмөнкү тапшырмаларды аткарышат:
1-тапшырма: «Сүйлөшүү маданияты» деген теманы слайд аркылуу жактап, чечмелеп беришет. Апалары да кошумчалап түшүндүрмө беришет.
2-тапшырма: Темага байланыштуу апасы менен бирдикте сахналык көрүнүш аткарышат.

3-тапшырма:    “Ким шамдагай” оюнун көрсөтүшөт. Жип менен стакандарды пайдаланып, тез ылдамдыкта пирамида түзүшөт.

4-тапшырма: Экрандан көрсөтүлгөн макалдардын калтырылган сөздөрүн улап айтышат. Канча макал айтышса, ошого жараша упай топтошот.

Бул конкурска катышкан окуучулардын эмгегин баалоо үчүн атайын калыстар тобун түзүп алалы. Калыстар тобу төрт адамдан турат:
1. Табалдиева Нурмира, директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары;
2. Асанова Мелискан, директордун методикалык иштер боюнча орун басары;
3. Асанкадырова Гүлүмкан, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими:
4. Султанбаева Назгүл, башталгыч класстардын уюштуруу иштери боюнча адиси.

Калыстар ар бир тапшырма аткарылгандан кийин баалап турушат. Эң көп упай топтогон тарап жеңүүчү болот.
Таймаштын жүрүшү:
1-тапшырмадагы «Сүйлөшүү маданияты деген макалдын маанисин кандай түшүнөсүңөр?» деген суроого ар бир окуучу ойлорун айтып, слайд аркылуу жактап беришти. Апалары кошумчалап турушту.
2-тапшырма боюнча маданияттуулукту чагылдырып, ар бир окуучу апасы менен биргеликте сахналык көрүнүш  аткарышты.

«Сүйлөшүү маданияты» – сахналык көрүнүш

Апасы: — Адамды жүрүм-турумунан жана сүйлөшүү маданиятынан ким экенин билүүгө болот. Кызым, экөөбүз бүгүн сүйлөшүү маданияты боюнча айтып берели! Кана, кызым айтып берчи? Сүйлөшүү маданияты деген эмне?

Кызы: — Эч убакта жалган сүйлөбөш керек, сөгүнбөш керек, адамдын маанайын түшүргөн сөздөрдү айтуудан алыс болуш кажет.

Апасы: — Эң туура, кызым! Кел экөөбүз, ар кандай жагдайдагы сүйлөшүүлөр тууралуу кеп кылалы! Көчөдө кетип баратып, бирөөдөн жардам сураганда кантип кайрылыш керек?

Кызы: — Алгач саламдашуу керек. Андан соң тынчын алып жатканы үчүн кечирим сурап, кызыктырган суроону берүү керек. Жоопту алгандан кийин ырахмат айтууну унутпаган жакшы. Ии баса, адамга өзүнөн кичүү болсо да, сиз деп кайрылуу маданияттуулуктун белгиси!

Апасы: — Эң сонун жооп болду! Азаматсың!; Ал эми коомдук унаада кантип сүйлөшүү керек?

Кызы: — Коомдук унаада баратканда телефон шыңгырап калса, дароо алып кыска сүйлөшүүгө аракет кылуу зарыл. Башка жүргүнчүлөрдүн тынчын албаш үчүн үндү катуу чыгарбаган туура.

Апасы: — Ооба кызым, туура айтасың! Коомдо маданияттуу адамдарыбыз көп болсо, көчөдө  бири-биринин маанайын түшүргөндөр аз болот эле. Ошон үчүн, достор, сылык сүйлөп, маданияттуу болууга баарыбыз аракеттенели!

"СҮЙЛӨШҮҮ МАДАНИЯТЫ" (Класстык саат, 2-класс)

3-тапшырмага ылайык катышуучулар  “Ким шамдагай?” оюнун көрсөтүштү.
4-тапшырмада катышуучулар экрандан макалдардын калтырылган төмөнкү сөздөрдү таап айтышты.

1. Билими күчтүү миңди жыгат,

…… …… ….. ….. .
2. Жакшыга бир сөз,

   ……. … … .

3. Жаман сөз,

   ……. ……. ……. .

 4. Жакшы сөз, жанды эргитет,

   ….. …, ….. ……. .

 5. Ааламдын көркүн көз ачат,

   ……. …… … …. .

 6. Сен деген сенек сөз,

   … ….. ….. … .
7. Сууну сиңген жерге сеп,

   ….. ….. ….. … .
8. Ата сыйлаган абийир табат,

   … …….. …. ….. .

9. Ойноп сүйлөсөң,

    ….. ….. .

10. Жакшы көзүң болбосо да,

     ….. ….. …… .

11. Карынын сөзүн, ….. …!

12. Орду менен орундуу айтылган сөз, … …. .

Калыстар тобу жыйынтык чыгарганга чейин Жунушалиева Умида гимнастика көрсөтүп берди.
Мыктыбекова Арууке, Жүрсүнова Каныкей кыргыз бийин аткарышты.

Калыстар тобу жеңүүчүлөрдү  аныктап, мактоо баракчаларын жана белектерди тапшырды.

ШАЙБЕКОВА Чынар, Профессор А.Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин башталгыч класстар мугалими, Билим берүүнүн мыктысы 

Бөлүшүү

Комментарийлер