Өсүмдүктөрдүн көбөйүшү

  • 12.03.2024
  • 0
Өсүмдүктөрдүн көбөйүшү

Биология, 6-класс 

Сабактын максаты: 

Когнитивдик: гүлдүн түзүлүшү, өзгөчөлүктөрү, мааниси жөнүндө билимдерди алат.

Жүрүм-турумдук: окуучулар гүлгө болгон кызыгуусун арттырат жана илимий түшүнүктөрүн калыптандыра алат, андан ары өнүктүрөт.

Баалуулук: гүлдөрдүн жаратылыштагы жана адамдын жашоосундагы маанисин түшүнүп, гүлдөрдү сүйүүгө, сактай билүүгө, коргоого, табият менен таттуу мамиледе болуу сабаттуулукка ээ болушат.

Күтүлүүчү натыйжалар:

Гүлдөрдүн түзүлүшүн, сырткы өзгөчөлүктөрүнүн маанисин биле алат;

Топто иштөөдө бири-бирин угуу, сыйлоо көндүмдөрүн жогорулатат;

Практикалык иш аркылуу гүлдөрдү гүл челекке туура отургузуу менен жаратылышты коргоого, сүйүүгө үйрөнүшөт.

Сабактын тиби: бышыктоо

Колдонулуучу методдор: жекече, топто, жупта иштөө, баяндоо, изилдөө, көрсөтүү методдору.

Колдонулуучу баалоо методдору: баяндап баалоо, аныктоочу, калыптандыруучу, бири-бирин баалоо.

Сабактын жабдылышы: гүлдөр, презентация, сүрөттөр, түстүү кагаздар, кайчы, маркер, гүл челек, топурак, таш, жандуу гүлдөр.

Негизги компетенттүүлүк:

Маалыматтык. Гүлдүн мүчөлөрүнүн аткарган кызматтарынын маанисин практика жүзүндө далилдейт. (НК1)

Социалдык коммуникациялык. Өсүмдүктөрдүн көбөйүү боюнча өздөрүнүн ойлорун, көз карашын башка окуучулар менен бөлүшөт. (НК 2)

Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү. Топ менен иштөө аркылуу практикалык иштерди аткарат жана жашоодогу маанисин түшүнүшөт. (НК 3)

Предметтик компетенттүүлүк:

Өсүмдүктүн негизги генеративдик органдарын бөлүп карайт. (ПК1)

Гүлдүн ар бир органынын негизги кызматын, жылдын мезгилине жараша өсүшүн жана өнүгүшүн салыштыра алышат. (ПК 2)

Өсүмдүктүн репродуктивдүү органдарынын жаратылыштагы маанисин жана кызматын аныктайт. (ПК 3)

Сабактын этаптары:

Уюштуруу: Саламдашуу, окуучуларга жагымдуу маанай түзүү жана окуучуларды жоктоо, окуучуларды топторго бөлүү, өтүлгөн теманы жыйынтыктоо үчүн сынак сабагын жарыялоо. Сынактын эрежеси берилген суроолорго 3 этапта жооп берүү жигердүү катыш жүргүзөт.

Үй тапшырмасын суроо:

Өтүлгөн теманы кайталоо:

  1. Өсүмдүктүн вегетативдик жана генеративдик органдарынын айырмасы эмнеде?
  2. Өсүмдүктүн вегетативдик жана генеративдик органдарынын мааниси кандай?
  3. Гүлдөгү аталыктын, энеликтин болушуна ылайык гүлдөр жана өсүмдүктөр кандай түрлөргө бөлүнүшөт?

Жаңы теманы түшүндүрүү: Бүгүнкү сабагыбыздын жүрүшүндө өсүмдүктөрдүн көбөйүү жолдору, гүлдүн түзүлүшү жана түрлөрү, чаңдашуу жана анын жолдору, гүлдүү өсүмдүктөрдүн уруктанышы, мөмөнүн пайда болушу тууралуу окуп үйрөнөсүңөр. Анда сабакка көңүл бөлөлү.

Көбөйүү — бул бардык тирүү организмдин өзүнө окшош жаңы организмди пайда кылып, ошол түрдүн жашоосун улантып, тиричиликтин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылган негизги жөндөмдүүлүк болуп саналат.

Кластер менен иштешет:                                       Вендин диаграммасын түзөт:

Өсүмдүктөрдүн көбөйүшү

Азыр, балдар, биз тобубуз менен өтүлгөн теманы кайталоо максатында жарышабыз.

1-этап: Анда эмесе, балдар, биринчи этаптын тапшырмасы мындай: азыр силерге гүлдөр таратылат, силер ал гүлдүн сырткы өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурасыңар жана анын түзүлүшүн кагазга бөлүп, органдарын атап чыгасыңар. Бул үчүн силерге 3 мүнөт убакыт берилет.

Өсүмдүктөрдүн көбөйүшү

Окуучунун иш аракети: Ар кайсы тукумдун өкүлү болгон гүлдөрдүн түзүлүшүн ажыратып, топ менен иштешет.

2-этап: Бул этап “Гүл макети” деп аталат. Азыр силерге түстүү кагаздар, клей, кайчы таратылат. Топ менен сүйлөшүп, өзүңөр каалаган гүлүңөрдүн макетин жасайсыңар. Буга 4 мүнөт убакыт берилет.

Окуучунун иш-аракети: Гүлдүн макетин туура, так жасап беришет

3-этап. Бул этап “Гүлдү туура отургузуу” деп аталат. Ар бир топтон бирден лидер чыгат. Ар бир лидерге гүл челек, топурак,  гүл кесими, таштар берилет. Гүлдү туура отургуздубу-жокпу калыстар карап турат жана ошого жараша өз пикирлерин айтып баалашат.

Окуучунун иш-аракети: Гүлдү туура отургузуп, айтып берет.

Өсүмдүктөрдүн көбөйүшү

Үйгө тапшырма берүү: “Гүл жашоого кооздук тартуулайт” аттуу эссе жазып келүү. Ошондой эле

  • Декоративдүү өсүмдүктөр жөнүндө;
  • Ландшафттык дизайн боюнча;
  • Декоративдүү өсүмдүктөрдүн жаңы сорттору тууралуу кошумча маалымат таап жазып келет.

Баалоо: Мактоо сөздөр айтылат. Активдүү катышууга шыктандырат. Упайлардын негизинде бааланат. Өзүн-өзү жана бири-бирин баалаттырат. Окуучулар топтор боюнча билимине, аракетине жараша бааланат.

Өсүмдүктөрдүн көбөйүшүЖакшылык Тойчубеков, Бишкек шаарындагы Октябрь районунун Т.Молдо атындагы №71 мектеп-интернаты

 

Бөлүшүү

Комментарийлер