ПРЕСС-КОНФЕРЕНЦИЯ САБАГЫ

  • 02.12.2021
  • 0
ПРЕСС-КОНФЕРЕНЦИЯ САБАГЫ

Жыргал Султанова, Т.Эрматов атындагы БМПКнын окутуучусу, Билим берүүнүн мыктысы, «Кыргыз тил» төш белгисинин ээси

ПРЕСС-КОНФЕРЕНЦИЯ САБАГЫ

Сабактын темасы: Жамактар: жаңылмач, табышмак, апыртма, алардын жанрдык табияттары. Макал-лакаптар айырмасы.

Сабактын тиби: Пресс-конференция сабагы. Сабактын бул тиби окуучулардын ишке болгон көндүм-жөндөмдөрүн калыптандырат жана кошумча адабияттарды өздөштүрүүгө, жолдоштук өз ара жана жамаат менен иштегенди үйрөтөт

Сабактын максаты:

  1. Билим берүүчүлүк: Кыргыз балдар фольклору анын классификациясы жөнүндөгү билимдерин кеңейтүү. Жамактар: жаңылмач, табышмак, апыртма, макал-лакаптар тууралуу маалымат берүү, дидактикалык чыгармаларды талдоо.
  2. Өнүктүрүүчүлүк: Ырларды, тексттерди көркөм айтуу билгичтиктерин өстүрүү, мурдагы менен азыркыны салыштыра билүүсүн өстүрүү, чогулган материалдарды презентация түрүндө жасалгалоо.
  3. Тарбия берүүчүлүк: Дидактикалык чыгармалардын тарбиялык маанисин турмушта колдоно билүү.

Сабактын милдеттери:

  1. Сабак убактысын туура жана натыйжалуу бөлүштүрүү.
  2. Класстагы бардык окуучуларды кызыктыруу менен ишке тартуу, тандоо жолу менен тапшырмаларды берүү, жаш өзгөчөлүгүнө, кызыгуусуна ылайык ролдорду бөлүштүрүү.
  3. Сабактын жыйынтык баасын жана өз ара кызматташууну жалпылоо.

Сабактын этаптары:

  1. Даярдоо.
  2. Пресс-конференциянын жүрүшү (Сабактын жүрүшү).
  3. Жыйынтыктоо.
  4. Даярдоо

ПРЕСС-КОНФЕРЕНЦИЯ САБАГЫ

Окуучулар менен алдын ала аңгемелешүү өткөрүү аркылуу жамактар (дидактикалык жанр) менен балдарды тааныштыруу. Даярдоо этабында иштин жүрүшү үчүн көркөм тексттер, илимий адабияттар, публицистикалык макалалар ж.б. маалымат булактарынын тизмесин сунуштоо. Класс группаларга бөлүнөт. Бир бөлүгү ар түрдүү гезит-журналдардын өкүлдөрүнө, калгандары адабиятчы, тарыхчы, окумуштуу ж.б. адистерге бөлүнөт. Буларды консультант жетектейт. Сабактын жүрүшүндө столдо ар бир прессанын өкүлдөрүнүн алдында газетанын аты жазылган табличка коюлат.

Сабактын түзүлүшү:

  1. Киришүү
  2. Негизги бөлүм
  3. Жыйынтык

Сабактын жүрүшү:

  1. Киришүү

1.1. Уюштуруу учуру

Этаптын максаты – окуучуларды сабакка психологиялык даярдоо. Мугалим окуучуларды ишти кызыктуу, натыйжалуу, өз ара кызматташуу менен алып барууга багыттайт. Сабакка класстын даярдыгы текшерилет. Сабактын жүрүшүндө презентация үчүн слайд көрсөтүлөт. КРнын Гимни аткарылат.

ПРЕСС-КОНФЕРЕНЦИЯ САБАГЫ

Мугалим: Биз бүгүн, жаңылмач, табышмак, апыртма алардын жанрдык табияттары. Макал-лакаптар айырмасы» аттуу пресс-конференция сабагын өткөрөбүз. Пресс-конференцияга окутуучулар мейманга келишкен. Агай-эжелер кош келдиңиздер! (Таазим кылуу).

Бардык окуучулар бир канча группаларга бөлүштүрүлгөн. Ар бир группанын өкүлдөрү өзүнчө столдордо отурушат). Биздин пресс-конференцияга кабарчылар, корреспонденттер келишкен. Алар №1 жана №2 столдо отурушат. Алар менен тааныштыра кетейин.

№1-столдо

  1. Талантбек кызы Айпери – «Кыргыз Туусу» гезитинин кабарчысы;
  2. Темирбекова Сайкал – «Эркин Тоо» гезитинин кабарчысы;
  3. Кумарбек кызы Гүлгаакы – «Шоокум» журналынын кабарчысы.

№2-столдо

  1. Айтбек кызы Кундуз – «Азаттык» радиосунун кабарчысы;
  2. Абдуваит кызы Нуриза – «Эл агартуу» журналынын кабарчысы;
  3. Токтогожоева Нурайым – «Айданек» гезитинин кабарчысы.

ПРЕСС-КОНФЕРЕНЦИЯ САБАГЫ

Кабарчылар окумуштуу адистерге кызыккан суроолорун бере алышат жана конференциянын жүрүшүнө байкоо жүргүзүү менен пресс-конференциянын жүрүшүнө жыйынтык чыгарат, ар бир катышуучуну баалап беришет.

№3-столдо

Кыргыз балдар фольклорун изилдеп келе жатышкан окумуштуулар, адабиятчылар отурушат, тааныштыра кетели.

  1. Абасканова Сезим – фольклорист.
  2. Чыңгыз кызы Аксана – адабият таануучу.
  3. Максатбекова Элиза – адабият тарыхын изилдөөчү.
  4. Сыргаков Мухамед Али – адабият сынчысы.
  5. Султанова Алина – Балдар адабиятын изилдөөчү.

Мугалим: Эмесе, бардык меймандар менен тааныштык. Пресс-конференцияга кош келдиңиздер! Пресс-конференцияны «ачык» деп жарыялайбыз! (кол чабуулар)

«Бири-бирибизге жылмаюу тартуулайбыз» (Кабарчылар жана окумуштуулар тобу сабакка каалоо айтышат).

Алтын эреже: 1. «Убакыт учкан куш», 2. «Ырыс алды – ынтымак», 3. «Акыл баштан чыгат», 4. «Сыйга сый, сыр аякка бал», 5. «Эмгеги бардын өнмөгү бар», 6. «Аз сүйлө, бирок саз сүйлө», 7. «Бүткөн ишке сынчы көп».

Сабактын максаттары менен тааныштыруу

Мугалим: Окумуштуу, профессор Мукаш
Түлөгабылов түзгөн кыргыз балдар фольклорунун классификациясы менен тааныштыруу. Слайд көрсөтүү.

«Мен муну билем» (Үй тапшырмасы: Мурда өтүлгөн теманы кайталоо, жыйынтыктоо) Ырлар, ырлардын бөлүнүшү (практикалык иш)

Балдар ырларынан жатка көркөм айтып беришет.

Мугалим: Эмесе, пресс-конференция сабагыбызды баштайбыз. Массалык маалымат каражаттарынан келген меймандарга сөз беребиз. Тема боюнча өздөрү кызыккан суроолорун окумуштууларга беришсе болот. (Суроолор берилет)

  1. Талантбек кызы Айпери – «Кыргыз Туусу» гезитинин кабарчысы: Менин суроом балдар адабиятын изилдөөчүгө. Кыргыз балдар фольклору абдан кызыктуу таасир калтырат. Анын ичинен Жамактар бөлүмү тууралуу айтып берсеңиз?

Балдар адабиятын изилдөөчү: Жамактар бөлүмүндө жаңылмач, табышмак, апыртма (калп), макал, лакаптар бар. Булар өздөрүнүн ажары боюнча ырдан кем эмес көркөм, кооз форма менен иштелип чыккан. Алар ырааттуу ыргактардан жана уйкаштыгы бар куюлушкан жорго сөздөрдөн турат. Дидактика грек тилинен алынган, бизче үйрөтүүчү, насааттоочу дегенди билдирет. Дидактикалык жанрга кирген жаңылмач. Табышмак, апыртма (калп), макал-лакаптар балдарга акыл-билим берип, таалим-тарбия үйрөтүүчүлүк маанайда болуп, курч сөздүүлүгү менен айырмаланат.

ПРЕСС-КОНФЕРЕНЦИЯ САБАГЫ

Жаңылмач көбүнчө балдарды так сүйлөөгө көнүктүрүп, айтууга оор болгон сөздөрдү ачык, туура колдонууга жатыктырат.

Жаңылмач туш келди эле сөздөрдүн эч маанисиз курулмаларынан, же өз ара айкалыштарынан турбайт. Тескерисинче, балдарды сөздү туура айтууга көнүктүрүү менен, аларга турмуштук көрүнүштөр туурасында белгилүү бир түшүнүк, маалымат берет. Мына ушундан улам анын мазмуну, тематикасы ар кыл. Кайсы жаштагы бала болсо да жаңылмачтан жалпы эле дүйнө таануусу кеңейет. Мисалы:

Өйүзгү арал бүйүзгү арал,

Өйүзгү аралды мал аралаар,

Бүйүзгү аралды марал аралаар,

Аралда турган түрдүү таргыл марал.

  1. Айтбек кызы Кундуз – «Азаттык» радиосунун кабарчысы: – Менин суроом фольклористке берилет. Кичине кезимден эле табышмак жанрына кызыгам. Табышмак тууралуу кененирээк маалымат алгым келет.

Фольклорист: – Балдар фольклорундагы өтө кеңири таркалып келген кенже жанрдын бири – табышмак. Кыргыз эл табышмактары 3 бөлүктөн турат. Табышмак, анын жандырмагы жана сатуу. Табышмакта буюмдун, нерсенин өңү-түсү башка бир заттын окшош жагына салыштырылып айтылса, жандырмагында айтылган заттын, нерсенин өз аты аталууга тийиш. Эгерде жандырмагын таба албай калса бир нерсе өндүрүп алуу же сатуу келип чыккан. Сатуунун даяр тексти болгон. Ал уйкашкан жорго сөз түрүндө кездешет: «Саттым-саттым сапарга, буту-колу букарга, буудай алып келсин деп, бутун букар жибердим» деген жорго сөздөр менен башталып, жеңилген баланы ызалоого чейин барган. Сатуунун максаты баланы көп табышмак билүүгө мажбурлаган.

Табышмактар түзүлүшүнө карай түрлөргө бөлүнгөн:

  1. Ритмдүү жорго сөздөр түрүндөгү табышмактар. Мисалы: «Алыстан карасам аңгыр-түңгүр, жанына барсам капкалуу кара темир, татып койсом таптаттуу» (Жаңгак).
  2. Курч учкул сөздөрдөн турган – проза түрүндөгү табышмактар. Мисалы: Талаага таруу чачтым (жылдыз), Кичинекей ырбыгый (буудай).
  3. Суроолуу табышмактар. Мисалы: Суу атасы ким? (булак). Сөз атасы ким? (кулак), Жол атасы ким? (туяк)
  4. Айтыш табышмактары. Мында өз оюн каймана мааниде баяндап, каршысындагы адамдын жөндөмдүүлүгүн, акыл-эсинин молдугун, же тайкылыгын билүү катарында колдонулган. Мисалы: «Талым кыз менен Көбөктүн айтышканы» айтсак болот.
  5. Жомок түрүндөгү табышмактар. Мисалы: «Акылдуу кыз», «Сүйлөбөс хан», «Үч бир тууган», «Акыл Карачач менен Жаныбек хан» ж.б. жомокторду алсак болот. Кайсы бир жомок табышмак менен башталса, кээ бир жомоктордо табышмак акырында берилет. «Акылдуу кызда» жар табууну каалаган хан: «Менин табышмагымды ким табат?» деп элге кайрылган. Анын табышмагын хандын, бектин кыздары таба албай, кедейдин «жаман тон кийген кызы» таап, өзүнүн акылмандыгын далилдеген.
  6. Эсеп табышмактары. Бул түрдөгү табышмактар адамдардын башынан өткөргөн тажрыйбаларынын негизинде түзүлгөн. Мисалы: «Кырк табак, кырк табактын ар кайсынысында кырк куйруктан, ар куйрукта кырк бычактан, канча бычак болот?» (64 миң бычак болот).
  7. Ребустар, кроссворддор, чайнворд, сканворд, анаграмма, баш катырмалар да табышмактардын түрүнө кирет. Булар элдик табышмактар эмес, булар жазма адабияттын пайда болуусунан келип чыккан.
  8. Токтогожоева Нурайым – «Айданек» гезитинин кабарчысы: – Менин суроом тарыхчыга. Кыргыз фольклорунда калптар абдан кызыктуу жанр. Балдар адабиятында апыртмалар деп берилиптир. Экөөнүн мазмуну бирдей элеби жана балдарга кандай максатта окутулат?

Адабияттын тарыхын изилдөөчү: Балдар фольклорундагы кенже жанрлардын дагы бири – апыртма. Муну калптар деп да атап келишкен. Негизги чыгармачылык максаты – балдардын туюнуу сезимине бөтөнчө таасирдүү көркөм элес калтыруу. Ошондуктан апыртманын балдарга берүүчү тарбиялык жагы калган жанрлардагы поэтикалык чыгармаларга салыштырганда бөтөнчө ыкма аркылуу жетет. Апыртманын мазмуну, көркөм образы демейдегидей эмес көрүнүшү, кызыктуу жана таң калтырарлык, күлкү келерлик окуялардан турат. Мисалы:

Өз атам туула электе,

Чоң атамдын жылкысын кайтардым.

Тууй элек бээни саап,

Тиге элек сабага куюп,

Ичпей мас болдум.

Чыга элек талдын чырпыгынан укурук кыйып,

Эше элек жиптен боо тагып баратсам,

Чыга элек табылгынын түбүндө,

Туула элек коен жатыптыр.

Жасала элек таяк менен урдум эле,

Казыла элек ийинге кирип кетти…

Апыртманын чыгармачылык принциби балдарды карандай калп айтууга үйрөтүү эмес, тескерисинче жалгандан реалдуу чындыкты айырмалап таанууга тарбиялайт.

Апыртманын өзүнө гана тиешелүү ыкмасы жана көркөм сүрөттөө каражаттары бар. Көркөм каражаттар гипербола (ашыра апыртып сүрөттөө) менен литота (кичирейтип көрсөтүү) өздөрүнүн табияты боюнча апыртманын поэтикалык ажарын ого бетер көркүнө чыгарат. Мисалга алсак:

Бир үч арык туруптур,

Экөө кургак, бирөөнүн суусу жок.

Үч арыкта үч балык бар экен,

Экөө өлүк, бирөөнүн Жаны жок.

Анда бир үч киши туруптур,

Экөө жылаңач, бирөөнүн кийими жок.

Ал жылаңачтын этегине,

Жаны жок балыкты салып бердим…

  1. Темирбекова Сайкал – «Эркин-Тоо» гезитинин кабарчысы: – Менин суроом адабият таануучуга. Макал-лакаптар көп кылымдардын продуктусу. Адамдар башынан өткөргөн тажрыйбаларынын негизинде макал-лакаптар келип чыккан. Буларды укканда эле адам өзү жыйынтык чыгаруу керек дешет. Чындыгында эле уккан учурда башкача сезим пайда болот. Ушул тууралуу айтып берсеңиз.

Адабият таануучу: Макал-лакаптарда элдин тарыхы, турмушу, кыялы, салт-санаасы, үрп-адаты орун алган. Адам оюнун, акылынын эң сонун үлгүлөрү макал-лакаптарда сакталган.

Эл макал-лакаптарды сөздү кооздоо үчүн колдонушпайт, алар өз оюнун тууралыгын далилдөө үчүн колдонушат. Макал-лакаптарды «сөздүн гүлдөрү», «адам оюнун каймагы» деп аташат.

Макал-лакаптардын келип чыгышынын эң башкы булагы болуп адамдардын күндөлүк өтүп жаткан турмушту байкоонун негизинде чыгаргандарын алууга болот.

Мисалы: байлык жана жардылык жөнүндө» «Байды иши барман менен, кедейдин иши арман менен»;

Соодагерчилик жөнүндө: «Касапчы энесине сөөк сатат»;

Мал чарбасы жөнүндө: «Конуш алганча өрүш ал»;

Дыйканчылык жөнүндө: «Эксең эгин ичерсиң тегин» ж.б.

Булардан башка да мекен, өмүр, өлүм, сүйүү, кесип, мораль, үй-бүлө турмушу жөнүндө толгон макал-лакаптар бар.

Макал-лакаптардын келип чыгышынын экинчи булагы болуп үгүт-насыят, терме ырларды көрсөтүүгө болот. Мисалы:

Аргымак аттын куйругу,

Бирде жибек, бирде кыл.

Азаматтын жакшысы

Бирде мырза, бирде кул.

Ошондой эле макал-лакаптардын келип чыгышынын негизги булактары болуп анекдоттор, жөө жомоктор, эпостук чыгармалар, табышмактар, эсептелет. Мисалы: «Ала байтал акылың болсо сууга тарт» деген лакаптан мурда бир окуя болгону билинип турат. Булардын чыгыш себебин чече келсек элдик анекдот келип чыгат. Ал эми эпостук чыгармалардан келип чыккан да лакаптар бар. М.: «Тайбуурулдун тартуу болуп кеткени, Семетейдин ажалынын жеткени» («Семетей» эпосунан), «Чубактын кунундай чубалып» («Манас» эпосунан).

Элдик оозеки чыгармачылыкта табышмактардан келип чыккан макал-лакаптар да бар. М.: «Мурун туулуп кийин калган эмне?» деген табышмактын жообу – кулак. Себеби мурда чыкса да мүйүздөн кийин калат. Дал ушу табышмактын жообу менен суроосу компоненттешип «Мурун чыккан кулактан, кийин чыккан мүйүз озуптур» деп лакапка айланып кеткен.

  1. Кумарбек кызы Гулгаакы – «Шоокум» журналынын кабарчысы: – Менин суроом адабият сынчысына. Макал-лакаптарды көпчүлүк учурда синоним катары колдоно беребиз. Алардын айырмачылыктары барбы?

Адабият сынчысы: Макал менен лакап курулуш, түзүлүш жагынан да мазмун жагынан да өтө жакын келишет. Бирок макал менен лакаптын өздөрүнө тийиштүү мүнөздүү өзгөчөлүктөрү болот. Макал менен лакаптын өзгөчөлүктөрүнө төмөнкүлөр кирет.

  1. Макалда адамдардын турмушка болгон көз караштары аягына жеткире айтылат. Мисалга алсак:
  2. Байлык мурас эмес, жоктук уят эмес ж.б.
  3. Жерде жаткан жумуртка

Асманда учкан куш болот.

Ал эми лакаптар болсо угуучунун өзүнүн корутунду чыгарышын шарттайт.

Мисалы: Мындан кийин эркек төрөмөй эсте болсун.

Мурун чыккан кулактан кийин чыккан мүйүз озуптур.

  1. Макалдарда адамдардын турмуштук тажрыйбалары топтолгондуктан, дидактикалык күчтүү мааниге ээ болот:

Мисалы: Алгыр болсо тайганың, алтындан алып каргы так, акылдуу болсо алганың, кулпундуруп жакшы бак.

Лакаптар болсо, мааниси жагынан макалга салыштырганда көп учурда ылдый турат.

  1. Макалдардын айтылып калуучу себебин түшүндүргөн тарыхы болбойт, тескерисинче, лакаптардын айтылып калуу тарыхы болот. Мисалы: «Шодокондун бүркүтүндөй жутунган», «Апендинин коёнунун сорпосунун сорпосундай» ж.б.
  2. Макалдар уйкашып жана ыргак менен айтылат.

Мисалы: «Эл четине жоо келсе, жан аяган жигитпи,

Жакшы көргөн досунан мал аяган жигитпи»,

Ал эми лакаптар -ган, -дай деген мүчөлөр уланып, болбой, окшобой деген сөздөр менен коштолуп айтылат. Мисалы: «Шодокондун бүркүтүндөй жутунган» ж.б.

  1. Ылакаптар чыккан булагына байланыштуу макалдардан территориялуулугу менен да айырмаланат. Кээ бир лакаптар бир гана райондо же айылда колдонулуп, башка жерде колдонулбайт. Макалдарда мындай көрүнүштөр жок. Мисалы, Тоң районунда мүрзө казган жерден таш чыкса, «Абакандын мүрзөсүндөй» деп
    коюшат.
  2. Жыйынтыктоо. Жамактар, классификация боюнча практикалык бөлүм (көркөм тексттер менен таанышуу) Жаңылмач, табышмак, апыртма, макал-лакаптардан көркөм айтуу. «Акылман казы» элдик жомогун ролго бөлүштүрүп аткаруу.

Мисалы:

Жаңылмачтар:

Бул кайсы оозу май тайлак?

Бул кайдагы сары май бал каймак?

Бул оозанган оозу май тайлак,

Бул сур сары май бал каймак.

 

Былкы-былкы, былкы таш,

Былкылдаган кызыл таш,

Таар токум чаар таш,

Тайгаланма кара таш.

 

Кырк кыл куйрук,

Кырк кызыл куйрук,

Кырк кыл куйрук ичинде,

Ылгый кызыл кыл куйрук.

 

Табышмактар:

Алтымыш кемпир ай карайт,

Жетимиш кемпир жер карайт. (уук, кереге)

 

Олоңдоп долу келген,

От кармайт колу менен. (Кычкач)

 

Көк атым көктү карай жүгүрөт. (Түтүн)

 

Ирегени жердеген,

Төргө басып кирбеген. (Көлөч)

 

Чапаны ала-була,

Учканда кара буга.

Бирдеме көрүп калса,

Шакылдап салат чууга. (Сагызган)

 

Макал-лакаптар:

Ааламдын көркүн көз ачат, адамдын көөнүн сөз ачат, Абийир тапса баласы, атасына бак конот, Тилден бал да тамат, уу да тамат, Мээнетиң катуу болсо, Тапканың таттуу болот, Ак эмгектин наны таттуу, Бай өлгөн аттын такасын, алты ай издептир, Ачка отурганча айранга нан туурап жеген жакшы, Бай сойгонго кой таппай, жардынын жалгыз улагын сураптыр, Шаршенче кайталап, Асанкайгычыл ж.б.

Апыртмалар:

Беш жүз өгүз, бир кылкара

Айдаттым беш жүз өгүз кара жарга,

Сатып кел деп бирин койбой кылкарага.

Саттырып Кылкараны алып келсе,

Жеңи жок чапан чыкпайт бир балага.

Бооруна кара тоонун жетип барсам,

Жолборсту чычкан чайнап өлтүрүптүр.

Бир жайдан чычкан көрдүм андай семиз,

Чымындан чыгат экен мындай семиз.

Чымындын жык семирген убагы экен,

Томугу тогуз карыз казандай бар,

Жилиги кара өгүздөн жоон экен. ж.б.

  1. Мугалим – студенттерди баалап, дароо бааларды журналга коет.

Мугалим: Кабарчыларыбызга жана баяндамачыларыбызга ыраазычылык билдиребиз. Жакшы маек болду. Кыргыз балдар фольклорунун классификациясы тууралуу кенен билип алдык. Азыр сөздү пресс-конференциянын жүрүшүн байкоого алган кабарчыларга беребиз. Кабарчылар пресс-конференциянын жүрүшүнөн алган макала-билдирүүлөрүн айтып беришет. Пресс- конференциядагы ар бир катышуучунун, баяндамачылардын, окумуштуулардын, адабиятчылардын жообу, көркөм окуу, айтуу ж.б. ой-пикирлерди да айта кетиңиздер.

Кабарчылар: Авдубаит к. Нуриза – «Эл агартуу» журналынын кабарчысы жана эксперт Сартбаева
Жаркынай билдирүүлөрүн окушат. «Экспресс» — чыгарылыш» гезити менен тааныштырышат. (кол чабуулар)

«Түркүн түстүү жалбырактар» таркатылып берилет. Ар бир студент бүгүнкү сабакта эмнени үйрөнгөнүн жана кийинки сабакта эмнени билгиси келгенин өз оюн, сезимин билдирип жазат. Бул ыкма мугалимдин классты жана ар бир студентти жакшы түшүнүүгө, ал эми алынган материалдарды андан ары студенттерге карата жекече багыттоо үчүн колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Мугалим түркүн түстүү жалбырактарды таркатып берип, студенттердин ойлорун жаздырат жана чогултуп алат.

Мугалим: Жамактар: Жаңылмач, табышмак, апыртма алардын жанрдык табияттары. Макал-лакаптар айырмасы аттуу пресс-конференция сабагы аягына келип жетти. Бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз.

Үй тапшырмасына: Дидактикалык чыгармаларды жатка көркөм айтууга даярданып келгиле..

Бөлүшүү

Комментарийлер