ОРУН БЫШЫКТООЧ

  • 06.03.2023
  • 0

Бурул Каримова,

Сокулук  районундагы  Жаңыпахта орто мектебинин

 кыргыз тили жана адабияты мугалими

Предмет:  Кыргыз тили

Классы:   8-В класс

Сабактын темасы: Орун бышыктооч

Кептик темасы: Кыргызстандагы кооз жерлер

Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү

Сабактын формасы: Жекелик жана топ аралык иштөө

Сабактын методу: Интерактивдүү

Сабактын жабыдылышы: карточкалар, сүрөттөр, таркатма материалдар

Предмет аралык байланыш: Орус тили, тарых жана география

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Бышыктоочтун түрлөрүн анын ичинен орун бышыктоочту үйрөнүшөт. Орун бышыктооч боюнча маалымат алышат, орун бышыктоочту контекстке жараша табууга көнүгүшөт.

Өнүктүрүүчүлүк: Кептик тема аркылуу окуучулар сөз байлыгын өстүрүшөт, кыргызча так сүйлөөгө көнүгүшөт.

Тарбия берүүчүлүк:Текст жана көнүгүүлөр аркылуу окуучулар Кыргызстандын кооз жерлери менен сыймыктанууга, баалоого, коргоого, аяр мамиле жасоого үйрөнүшөт.

Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу …

а) бышыктооч жөнүндө түшүнүктөрүн тереңдетип, орун бышыктооч тууралуу маалымат алса;

б) сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоо жүргүзө билсе;

в) топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлаша билсе.

Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:

Тилдик компетенттүүлүк:

  • Сүйлөмдө орун бышыктооч кыймыл-аракеттин ордун көрсөтөрүн билет;
  • Орун бышыктооч кайда? кайдан? каерде? деген суроолорго жооп берерин өздөштүрөт.

Кептик компетенттүүлүктөр:

  • орун бышыктоочту катыштырып сүйлөмдөрдү түзө алат;
  • тексттен жана сүйлөмдөрдөн орун бышыктоочту аныктай алат.

Маданий компетенттүүлүк:

  • Кыргызстандын кооз жерлерин билип, баалай билет;
  • оозеки кепте туура сүйлөөгө калыптанат.

Сабактын жүрүшү: 

  1. Психологиялык жагымдуу маанай
  2. Үй-тапшырмасын текшерүү
  3. Жаңы теманы түшүндүрүү
  4. “Көп сөз табуу” оюну
  5. Мисалдар менен иштөө
  6. Текст менен иштөө
  7. Сөздүк менен иштөө
  8. Аналогия
  9. Үйгө тапшырма берүү
  10. 10. Баалоо
  11. Уюштуруу:

Мугалимдин сөзү:

— Саламатсыңарбы менин кымабаттуу окуучуларым!

Арнап бакыт, таалайды,

Ачык кылып маанайды.

Алтын балдар, келгиле,

Сабагыбызды баштайлы – демекчи

Балдар, биз үчүн ар бир көргөн күнүбүз бакыт, чоң жетишкендик. Анда эмесе, ар бир күнүбүз баалуу, барктуу болуш үчүн убактыбызды текке кетирбей, билим алууга жумшайлы.

Ушундай жагымдуу маанай менен бүгүнкү кыргыз тили сабагыбызды баштайлы.

1  Үй-тапшырмасын текшерүү:

 2 Жаңы теманы өздөштүрүү:

Мурунку сабакта биз силер менен мезгил бышыктоочту өткөнбүз.

Мезгил бышыктооч деген эмне?

Кандай суроолорго жооп берет?

Бир мисал келтирип койгулачы.

Окуучулардын жооптору: ________________________________

Бүгүн биз силер менен Орун бышыктооч деген темага токтолобуз.

Орун бышыктооч боюнча мугалим түшүнүк берет (проектордон презентация аркылуу)

 

  1. “ Көп сөз табуу” оюну:

Кагазга жазылган   төмөнкү  үч суроо доскага илинет.

Окуучулар үч топко бөлүнөт, суроолорго жооп берүүчү  орун бышыктооч сөздөрдү  стикерге жазып чыгышат  да, ар бир топ өзүнө берилген суроонун астына чаптап кетет

Кайда?                                  Кайдан?                                   Каерде?

М:   үйдө                                     мектептен                             китепканада

 5.Мисалдар менен иштөө:

 Жогоруда доскага жазылган орун бышыктооч сөздөрдөн сүйлөм түзүп, синтаксистик талдоо жүргүзгүлө:

Мисалы:

  1. Мен мектепте окуйм. (кайда?)
  2. Биз китепканадан келдик. (кайдан?)
  3. Алар 7.30да үйдө болушат. ( каерде?)

6. Текст менен иштөө:

 — Балдар, бүгүнкү биздин текстибиздин темасы кандай болушу мүмкүн?

Сүрөт боюнча ой жүгүрткүлөчү. (доскага сүрөт илинет)

       

7. Окуучуларга текст таратылат.

Окуучулар текстти чынжырча түрүндө  окуп чыгышат.

Кыргызстандын кооз жерлери

Кыргызстан – таң каларлык тоолуу өлкө. Анын аймагында ар түркүн кооз жерлери толтура. Алардын бир нечеси жөнүндө сөз кылалы.

Сулайман-Тоо – батыштан чыгышка карай суналып жаткан  ыйык тоо. Ал Ош облусунда жайгашкан. Анын узундугу – 1140 м, туурасы – 560 м. Сулайман- Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Арсланбаб – бул Кыргызстандагы табияттын уникалдуу  гүлдөгөн жери. Ал Фергана жана Чаткал тоолорунун батыш жана түштүк тараптарында, Бабаш-Ата тоо кыркаларынан орун алган.

Таш-Рабат – бул уникалдуу архитектуралык эстелик Нарын облусунун Кара-Коюн деп аталган эң кооз капчыгайында жайгашкан. Ал Нарын шаарынан 110 км түштүктө, деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте. Таш-Рабат  15-кылымга таандык эң башкы архитектуралык ажайып жайларынан болуп саналат.

Бурана – Караханийлер дооруна таандык тарыхый-архитектуралык эстелик, мунара. Чүй өрөөнүндөгү Tокмок шаарынан 15 км түштүк-батышта, Дөңарык айылынын чыгышында жайгашкан. Мунара Жетисуудагы түрктөргө ислам тарала баштаган мезгилде, 10-кылымдын аягы–11-кылымдын башында курулган.

8. Суроолор менен оозеки иштөө:

 Текст боюнча берилген суроолорго жооп беришет:

1.Текстте эмне жөнүндө сөз болду?

2. Кыргызстандын кандай кооз жерлери бар экен?

3. Силер бул жерлерге бардыңар беле? ж.б ушул сыяктуу суроолор берилет.

9. Сөздүк менен иштөө:

 Таң каларлык – Удивительный

Ыйык – Священный

Дүйнөлүк мурастар – Всемирные наследия

Капчыгай – Ущелье

10. Аналогия:

 Окуучулар тексттин негизинде түзүлгөн аналогияларды табышат:

1.Сулайман-Тоо: Ошто

А) Бишкек:Москвада

Б) Таш-Рабат: Нарында

В) Кыргызстан: Буранада

2.Тоо: Кыргызстанда

А) Жаңгак: Арсланбапта

Б) Мезгил: Көлдө

В) Суу:Мектепте

3.Бурана:Чүйдө

А) Китеп: Дептер

Б) Таш-Рабат: Сулайман:Тоо

В) Арсланбап: Жалал-Абадда

11. Үйгө тапшырма берүү:

113-көнүгүүнү дептерге жазып,  орун бышыктоочторду таап, алдын сызып келгиле.

12. Баалоо

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер