ОКУУ ЖАНА ЭСЕП ЛАГЕРЛЕРИНИН СЦЕНАРИЙЛЕРИ

  • 22.02.2023
  • 0
ОКУУ ЖАНА ЭСЕП ЛАГЕРЛЕРИНИН СЦЕНАРИЙЛЕРИ

Окуу жана эсеп лагерлеринин сценарийлери

ОКУУ ЖАНА ЭСЕП ЛАГЕРЛЕРИНИН СЦЕНАРИЙЛЕРИ

USAIDдин “Окуу керемет!” долбоору өлкөбүздүн 1682ден ашык жалпы билим берүү мекемелеринде билим алып жаткан башталгыч класстардын окуучуларынын окуу жана математика көндүмдөрүн сабакта жана сабактан тышкаркы убактарда жакшыртуу максатында бир топ алгылыктуу иш-аракеттерди жүзөгө ашырып келет. Ошолордун бири – окуучулардын жайкы эс алуусун пайдалуу уюштуруу максатында түзүлгөн Окуу жана эсеп лагерлери. Башталгыч класстардын окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун, ошондой эле жалпысынан ар бир окуучунун социалдык-эмоционалдык жөндөмүн жана инсан катары өнүгүүсүн колдоого багытталган бул иш-чара окуучуга маалымат менен кантип иштөө керектиги тууралуу көндүмдөрдү үйрөтүү, финансылык жактан сабаттуу жүрүм-турумду калыптандыруу адатын, эмоционалдык интеллектти жана эмпатияны калыптандыруу, баланы китеп окууга жана практикалык математикалык көндүмдөргө кантип кызыктыруу максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.

     Былтыркы окуу жылында долбоордун 685 максаттуу мектебинде ушундай лагерлер мектеп жетекчилигинин колдоосу менен  башталгыч класстардын мугалимдери жана мектеп китепканачылары тарабынан жигердүү уюштурулуп, окуучулардын, ата-энелердин, жергиликтүү коомчулуктун көңүлүнө толду. Долбоор бул лагерлерди кеңсе буюмдары менен камсыздап, 10 күндүк даярсценарийлерди сунуштады. Бул сценарийлер уюштуруучулар үчүн чоң жардам болду. Ар бир уюштуруучу окуучуларга пайдалуу жана керектүү маалыматтарды берип, кызыктуу иш-аракеттерге тартуу үчүн өзүнүн болгон күчүн жана аракетин  жумшады деп чечкиндүү айта алабыз. Бул иш-аракеттер эртеңки келечек ээлеринин мыкты инсан болуп калыптанышына оң таасирин тийгизбей койбойт.

     Мугалимдердин бири-бири менен Окуу жана эсеп лагерлерин уюштуруу жана өткөрүү боюнча пикир, тажрыйба алмашуусун  камсыздоо максатында 2022-жылдын октябрь айынан 2023-жылдын февраль айына чейин долбоор башталгыч класстардын мугалимдеринин арасында Окуу жана эсеп лагерлеринин сценарийлеринин сынагы жарыялаган. Сынакка 100дөнн ашык жумуш  келип түштү.Сынакка катышкан ар бир мугалимге долбоор тарабынан ыраазычылык билдиребиз. Ар бир сценарий – окуучулардын  окуу, жазуу, эсептөө жанаа таанып-билүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, алардын социалдык-коммуникативдик жана эмоционалдык-баалуулук  компетенцияларын калыптандырууга түздөн түз багытталып, мугалимдерибиз ушул жаатта алгылыктуу иштерди жүргүзүп жаткандыгы бизди өтө кубандырды.

Республикалык деңгээлде 28 жумуш мыкты деп табылды. Ал Окуу жана эсеп лагерлеринин сценарийлери менен төмөндө бөлүшөбүз.

Окуу жана эсеп лагерлеринин сценарийлери _Кутбилим сабагы

Бөлүшүү

Комментарийлер