«Мыкты окурман» конкурсунун сценарийи

  • 21.01.2025
  • 0
«Мыкты окурман» конкурсунун сценарийи

Бусурманкул кызы Шахризада, Тогуз-Торо районунун №6 Бирдик жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстар мугалими

 Мугалим:

– Саламатсыздарбы урматтуу бүгүнкү «Мыкты окурман» китеп окуу сынагынын катышуучулары, көрөрмандар жана күйөрмандар, о.э. калыстыкты как жарган калыстар тобунун мүчөлөрү. Мына бүгүн биз “Окуу керемет” долбоорунун алкагында долбоор тарабынан берилген сонун китептердин негизинде 3-классында “Мыкты окурман” китеп окуу сынагын өткөргөнү жатабыз. Анда эмесе бүгүнкү китеп окуу сынагына кош келипсиздер!

«Мыкты окурман» конкурсунун сценарийи         Бул сынакты уюштуруубуздун максаты:

1.Окуучулардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу

2.Китеп окуунун маанилүүлүгүн түшүндүрүү

3.Китепти шар окууга, ошол эле мезгилде түшүнүп окууга, АЭМ методикасында үйрөткөндөй негизгисин бөлүп окууга үйрөтүү

4.Өзүн  сахнада алып жүрүү,сүйлөө  маданиятына үйрөтүү

5.Билимдерин, изденүүчүлүк жана тапкычтык жөндөмдүүлүктөрүн  өнүктүрүү

6. Өз ойлорун эркин, так жана жеткиликтүү айта билүүгө, жоопкерчиликти сезе билүүгө, намыскөйлүккө, о.э. китепти сүйүүгө, баалай билүүгө, ага аяр мамиле кылууга  тарбиялоо. Анда эмесе бүгүнкү сынагыбыздын катышуучулары, конкурсанттары менен, т.а. 3-классынын сулуу десе сулуу, акылдуу десе акылдуу, билимдүү десе билимдүү, эң негизгиси китеп окуганды сүйгөн окуучуларым менен тааныштыра кетели.

«Мыкты окурман» конкурсунун сценарийи

Шабданбекова Аяна

Билбегенди билгизген

Мээге сезим киргизген

Ак булуттун үстүндө

Айга жакын жүргүзгөн

Китеп менин акылым

Китеп менин жакыным

Саламатсыздарбы урматтуу эже агайлар жана ата-энелер! Мен Шабданбекова Аяна 2016-жылы  1-февралда жарык дүйнөгө келгем. Биздин үй-бүлөдө жети адамбыз. Генерал чоң апам Бакаева Анарбүбү, сүйүктүү атам, мээримдүү апам, боорукер иним, акылдуу сиңдим жана кичинекей сүйкүмдүү  иним.

Билимдүүгө дүйнө жарык

Билимдүү миңди жыгат.

Билимсиз бирди  жыгат, демек, канчалык көп окусак баардык нерселерге жетише алабыз (окуучулар менен тааныштыруу)

О.э. сиздерди бүгүнкү ”Мыкты окурман” деп аталган китеп окуу сынагынын шарттары менен тааныштыра кетейин.

1. Саламдашуу, өзүн-өзү тааныштыруу (дубал газетасы менен)

2. Шар окуу (минута боюнча окуу)

3. Окуп тушүнүү (китептин мазмунун айтып берүү)

4. Тесттик тапшырмалар

5. ”Ойлон, изден, тап!” оюну

«Мыкты окурман» конкурсунун сценарийи

Биздин конкурсанттарыбыздын иш-аракеттерине байкоо жүргүзүп, калыс баасын берип, мыкты окурмандарыбызды аныктап берүүчү калыстар тобу менен тааныштыра кетели: (тааныштыруу)

Конкурсубузду шарттарын  баштоодон мурун мен конкурсанттарга: -Китеп силерге эмне үчүн керек? — деген суроону бергим келип турат (окуучулар өз ойлорун айтышат).

Мугалим: — Демек, балдар, китеп бул билим булагы экен ээ. Адамзат ойлоп тапкан эн сонун табылга. Китеп окуп жатып биз өзгөчө ажайып дүйнөгө сүңгүп киребиз, каармандары менен кошо кызыктуу окуяларга  батып, ак менен каранын, жакшылык менен жамандыктын кармашына күбө болобуз. Китеп ичине кирип, кызыктуу саякаттарга аттанабыз. Китеп элдин бай мурастарын муундан-муунга өткөрүп берип, бизди ар тараптан каныккан күчтүү инсан  болууга, эң татаал сыноолорду татыктуу өтүүгө көмөктөшөт. Китеп биздин досубуз, акыл кошчубуз жана жардамчыбыз.

Билим кени – китеп

Тарбия кени – мектеп

«Ким китепти көп окуса, ал көптү билет», – демекчи, китепти жакшы көрүп, кызыгып, сүйүп окуганга үйрөнөлү.

Учурдан пайдаланып, мен азыр сиздерге китеп окуунун 10 пайдасын айтам (видеоролик көрсөтүлөт). Демек, китеп окуунун пайдасын да билип алдык ээ, анда эмесе конкурстун 1-шартына кезекти берели. Эскерте кетчү нерсе конкурстун шарттарын эң мыкты аткарган конкурсанттарга сыйлуу белектерибиз жана грамоталарыбыз бар.

1. Саламдашуу, өзүн-өзү тааныштыруу (дубал газетасы менен)

2. Шар окуу (минута боюнча окуу)

3. Окуп түшүнүү (китептин мазмунун айтып берүү)

4. Тесттик тапшырмалар

5. ”Ойлон, изден, тап!” оюну

Жыйынтыктоо сөзү:

— Мына ошентип кыздарыбыз бардык шарттар боюнча өз билимдерин, өздөрүнүн китеп окуу жөндөмдүүлүктөрүн, сахнада өзүн алып жүрүү, сүйлөө маданиятын көрсөтө алышты. Анда эмесе сөз кезеги калыстар тобунда. Жыйынтыгында эмне демекчибиз: Китеп окуу  — ааламга жол ачат экен ээ, балдар, ошондукуктан биз ушул кезден баштап эле колубуздагы китептерди сүйүп окуйлу, баалаганды үйрөнөлү, ага аяр мамиле кылганды үйрөнөлү.                                                                                                                          Ким китепти кирдетсе

Китеп баркын билбесе.

Жулуп алып барагын

Орой салса бир нерсе.

Ал — китептин душманы.

Ошондуктан китепке душман эмес дос бололу, анткени китеп биздин досубуз. Ушуну менен биздин китеп окуу сынагыбыз аягына чыкты.

Бөлүшүү

Комментарийлер