Муун жана анын түрлөрү

  • 12.04.2024
  • 0
Муун жана анын түрлөрү

Сабактын тиби: көнүгүү, машыгуу сабагы.

Сабатын формасы: сабак-машыгуу

Сабактын өтүү методу: интерактивдүү, көрсөтмөлүү ж.б.

Жабдылышы, керектелүүчү каражаттар: окуу китеби, слайд, таркатма материалдар

Муун жана анын түрлөрү

Сабактын жүрүшү. Уюштуруу:

– Саламатысыңарбы балдар! Бардыгыбыз китеп, дептерибизди алып сабакка даяр болобуз.

Жагымдуу маанай түзүү.

– Бул эмне? Туура, белек. Мунун ичинде эмне бар деп ойлойсуңар?

Окуучулар ойлорун айтышат.

– Ушул белекти кимге бергиңер келет?

Окуучулар ойлорун айтышат.

– Азаматсыңар балдар, белек алуу жана белек берүү кандай жакшы ээ? Силердин белегиңер дайыма ата-энеңерди кубантып жүрө берсин.

– Бул белектин ичинде балдар “5” жана “4”деген баалар катылган. Бүгүнкү сабакта ушул белектерди алып, ата-энелерибизди кубанталы.

  1. Өтүлгөн теманы бышыктоо.

Азыр, балдар, биз силер менен зипгрейд аркылуу тест аткарып, өтүлгөн темаларды кайталап алалы.

  1. Жоон үндүүлөр кайсылар?

А) о,э,ы,и              Б) а,о,у,ы         В) ө, ү, у,э        В) а, о, э, ө

  1. Берилген сөздөрдөн  жалаң кууш үндүүлөр катышкан сөздөрдү тап.

А) каардуу    Б) аймак           В) кичүү           Г) сурак

  1. Берилген сөздөрдөн жалаң жумшак үнсүз катышкан сөздөрдү тап.

А) жалбыз          б) жалбырак          В) жакшы           Г) жардамчы

  1. “С “ тамгасы алфавиттин кайсы катар номеринде турушун  аныкта.

А) 12        Б) 18              В) 19            Г) 20

  1. “Кызыктуу” деген сөздө канча тамга, канча тыбыш бар?

А) 8 тамга, 8 тыбыш                     Б) 8 тамга, 7 тыбыш

В) 7 тамга, 7 тыбыш                          Г) 7 тамга, 8 тыбыш.

 3. Жаңы теманы түшүндүрүү

Доскага сөздөрдү  жазуу.

Ас-ман, о-куу-чу, би-лим, му-га-лим , ки-теп, мек-теп.

– Бул сөздөрдүн жазылышынан эмнени байкадыңар?

– Туура, балдар, сөздөр муунга ажырады.

– Муун деген эмне? Эсиңерде барбы?

Окуучулар ойлорун айтышат.

Сөздөгү бир ыргак менен айтылган бир же бир нече тыбыш муун деп аталат.

  • Сөз бир же бир нече муундан турат.
  • Сөздө канча үндүү болсо, ошончо муун болот. Мисалы: ак, нан, эт, сөз, бир ж.б.
  • Сөздөгү я, ю, е, ё, ёо, юу тамгалары жана созулма үндүүлөр гана бир муунду түзөт: сы-я, бо-ёк, чо-юн, тоо, суу ж.б.

Сөздөрдүн муунга ажыратылышы

Бир муундуу сөздөр муунга ажырабайт. Мисалы: суу, ээн, топ, жар, склад, взнос.

  • Эки үндүүнүн ортосуна келген бир үнсүз тыбыш экинчи үндүүгө кошулуп, муунга ажырайт. Мисалы: ке-ре-бет, те-мир, то-гуз, ба-ла, ре-зи-на.
  • Эки үндүүнүн ортосуна эки үнсүз тыбыш келсе, эки жакка бөлүнүп ташылат. Мисалы: пар-та, кол-хоз-чу, кур-даш-тар, иш-мер.

Муундун түрлөрү

  1. Ачык муун. Жалаң гана үндүү тыбыштан же үнсүз менен башталып үндүү менен аяктайт. Мисалы: а -п а, а -т а , э -ж е
  1. Жабык муун. Үндүү менен башталып, үнсүз тыбыш менен аяктайт. Мисалы: ат, от, эт, өт
  2. Туюк муун. Үнсүз менен башталып, үнсүз менен аяктайт. Мисалы: мек-теп, бал-дар

Бышыктоо. Балдар, биз сабакты бышыктоо үчүн үч топко бөлүнүп алсак.

1-топ «Ачык муун», 2-топ «Жабык муун», 3-топ «Туюк муун».

1-тапшырма. 252-көнүгүү. Ар бир топ 2 сүйлөмдөн алып, муунга ажыратабыз.

2-тапшырма. Аквариум (ар бир топко бутылкага суу куюлуп, ичине жазуулар салынып берилет). Ар бир топ  бутылканын ичиндеги сөздөрдү муундун түрлөрү боюнча аныкташат.

Физминутка

3-тапшырма. Аналогиялык тапшырмалар. Окуучуларга окшоштук боюнча тапшырмаларды берүү.

1-топ. Алма: тоголок

А) топ: тоголок

Б) чара: тоголок

В) шакек: тоголок

Г) коон: тоголок

2-топ. Нота: до

А) ай: август

Б) ай: март

В) ай: январь

Г)  ай: декабрь

3-топ. Курут: сүзмө

А) алма: варенье

Б) томат: помидор

В) камыр: манты

Г) төшөк: кебез

4-тапшырма

Макал-лакаптардын муундарга туура ажыратылышын текшерип, каталарын оңдоо

1-топ

Ак-ыл-ы ба-р би-лим-ди сам-а-йт, а-кыл-ы жок ки-йим-ди са-май-т

2-топ

Таз-а аб-а жу-тк-у-ң ке-л-се – эр-те тур, т-аза өм-үр сү-рг-үң ке-лс-е – эм-ге-к кы-л.

3-топ

Ме-кен-ди-н ка-ды-ры, баш-ка жа-кт-а бил-и-нет.

5-тапшырма

Жекече иштөө. Төмөнкү сөздөр аркылуу муундардын түрлөрүнө мисал жазабыз.

Кызыл түс — үндүү тамга, көк түс — үнсүз тамга.

Муун жана анын түрлөрүЖыйынтыктоо

  • Муун жөнүндө жалпы маалымат алдык.
  • Кыргыз тилиндеги муундун түрлөрү: ачык, жабык, туюк.

Ар бир муундун түрлөрүнө мисал келтирдик.

Күтүлүүчү натыйжалар жана окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:

Муун жана анын түрлөрү

Окуучулардын ишмердигин баалоо: формативдик баалоо.

Үйгө тапшырма. 255-көнүгүү. Сөздөрдү көчүрүп, катар келген үнсүздөрдү муунга ажыраткыла.

Айзада Райымкулова, Кемин районунун Өмүрзак Коңурбаев атындагы Самансур жалпы билим берүү орто мектебинин кыргыз тилчи мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер