Мурзабек Баетовдун өмүр жолу

  • 29.01.2024
  • 0
Мурзабек Баетовдун өмүр жолу
  • Инсан таануу сабагы

Сабактын максаты:

  1. Элге эмгеги сиңген инсан М. Баетов жана анын уул-кыздары тууралуу маалымат алат.
  2. Талдоо, ой жүгүртүү көндүмдөрү өсөт.
  3. Билим менен эмгек гана адамды бийиктикке жеткирерин түшүнүп, билимдүү, эмгекчил болууга тарбияланат.

Сабактын милдети: таанып-билүүчүлүк.

Сабактын жабдылышы: сүрөттөр, китептер, техникалык каражаттар.

Колдонулган адабияттар: ”Маргун тарыхы”, ”Маргун баяны”, ”Мурзабек раис”, уул-кыздарынан жазылып алынган материалдар.

Сабактын жүрүшү: жаңы теманы өтүү.

  • Ак иштеген адам акыры жамандык көрбөйт (М. Баетовдун өмүр жолу, эмгектери, сыйлыктары).
  • Бак конор адамдын балдары эптүү, кыздары көрктүү болот (М. Баетовдун уул-кыздары).

Ар бир айылда эмгеги айылдаштарынын эсинде кала турган инсандары болот. Бул — биздин айыл. Чакан болгону менен атагы алыска кеткен инсандарыбыз көп. Алардын бири – Мурзабек Баетов. Бул инсан артына өчпөс из калтырган, башынан көптөгөн кыйынчылыктарды өткөрүп, элдин мүдөөсүн аткарууга баш-оту менен киришкен айылыбыздын ардактуу инсандарынын бири.

Мурзабек Баетовдун өмүр жолу

«Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» дегендей, бүгүнкү сабагыбызда дал ушул инсан жана анын жолун улаган уул-кыздары жөнүндө болмокчу.

Пландагы темалар боюнча мугалим слайдды пайдаланып, баяндама жасайт.

Мурзабек Баетов 1919-жылы Маргун айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Көп балалуу үй-бүлөдө атасынын жардамчысы болгон. Алгач айылдан билим алып, андан соң ошол учурдагы айылдагы эң ардактуу болгон кесип – мугалим болууну самап, Жалал-Абаддан атайын мугалим адистигине окуп келип, башталгыч класс мугалими болуп жумушка орношот.

1939-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, кызматын өтөп жатканда согуш башталып, Ленинград блокадасына катышат.

1942-1943-жылы Лейлек райондук «Колхоз турмушу» газетасынын жооптуу катчысы болуп иштеген. 1943-1955-жылдары Лейлек районунун прокурорунун жардамчысы, Ош областындагы Төлөйкөн, Баткен, Өзгөн райондорунда прокурордук кызматтарда иштеген.

1956-1972-жылдары «Коминтерн» колхозунун башкармасынын төрагасы, андан кийин бөлүм башчысы болуп эмгектенген. Ал иштеп жүргөн убакта 240 орундуу мектептин имараты ишке берилген.

Ак эмгектин акыбети кайтат дегендей, Мурзабек Баетовдун эмгеги бааланып, өкмөт менен партия «Ардак белгиси» ордени менен сыйлаган. Ошондой эле Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен 2 жолу сыйланган.

Лейлек райондук кеңешинин 1999-жылы 10-апрелдеги чечимине ылайык Мурзабек Баетовдун ысымы мектепке ыйгарылган.

Мурзабек Баетов элдин камын ойлоп, иш десе үй бетин көргөн эмес. 10-15 күндө үйүнө бир келген. Ал күн балдары үчүн майрам болуп, алар атасын тегеренип олтуруп эс алышчу экен. М. Баетовдун 4 уул, 3 кызы бар. Уул-кыздарын өтө көрөгөч, сүрдүү киши болгондуктан, темирдей тартип менен тарбиялаган.

Ишине караганда үй-бүлөсүнө азыраак көңүл бөлсө да, перзенттерин калп сүйлөбөгөнгө, бирөөгө ичинде кек сактабоого, колуңдан келишинче башкаларга финансылык жактан болбосо да моралдык жактан жардам берүүгө үндөгөн. Ынтымактуу болгула. Ошондо максатка жетесиңер деген накыл кептерин айткан.

Бышыктоо:

Класс 2 топко бөлүнөт: билимдүүлөр жана эмгекчилдер.

Топтор үчүн тапшырмалар: 1-тапшырма тестти аткаруу. Тест “Тесттер банкы” сервиси аркылуу берилет жана экранда жыйынтыгы көрсөтүлөт.

2-тапшырма

а) Биринчи топ заттын атын жана сын-сыпатын билдирген сөздөрдү табат, экинчи топ заттын санын, кыймыл аракетин билдирген сөздөрдү таап, доскага жазат.

б) Ачкыч сөздөрдү пайдаланып сүйлөм түзүп, окуп, мугалим алып келген куржунга салышат.

Сабактын аягында окуучулар тарабынан М. Баетовдун китеп окуп отурган жери, кызынын атасынан китептерин себине кошуп берүүсүн суранганы сахналаштырылып көрсөтүлөт.

Жыйынтыктоо:

Балдар, заманыбыздын залкар жазуучусу Ч.Айтматов: ”Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгенибиз үчүн биз барбыз”, — деп  таамай белгилегендей, силердин араңардан да М. Баетовдой уул-кыздар чыгаарына мен ишенем.

Мурзабек Баетовдун өмүр жолуБеркбай Кылычов, Лейлек районундагы Мурзабек Баетов атындагы орто мектебинин тарых мугалими  

Бөлүшүү

Комментарийлер