Мукай Элебаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы

  • 11.01.2024
  • 0
Мукай Элебаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы

Мукай Элебаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы

Сабактын тиби: Жаңы билим берүүчү

Колдонулуучу усулдар:

  • Эксперименттик изилдөө жана натыйжа
  • Форматтык конспекти менен иштөө
  • Санарип компоненттерин колдонуу
  • Презентация, сынчыл ойлом, кейс
  • Чыгармачылык иш (жеке, топто)

Колдонулуучу каражаттар: Карта – схема – чиймелер, ноутбук, проектор, экран же интерактивдик такта, слайд, флешка, смартфон, стикер, ватман кагаз, маркер.

Сабактын максаты:  

Билим берүү: автордун өмүрү-чыгармачылыгын окуп үйрөнөт.

Өнүктүрүү: эске тутуп, ой жүгүртүү. Маалыматтарды системалаштырууга машыгат.

Тарбия берүү: инсандык-чыгармачылык эмгекке баа берет.

Негизги компетенттүүлүк:

Маалыматтык. Автор жашаган мезгилдеги окуялар: жер-суу аттары, аймактар, хроникалык даталар, сандар, тарыхый белгилүү инсандар, фактыларды билет.

Социалдык-коммуникациялык. 20-к. 1906-1944-жылдар: коомдук түзүлүштөр, таптык баскычтар, муундардын өз ара байланыштарын  азыркы учурдун кырдаалында толеранттуу карашат.

Өзүн-өзү таануу жана көйгөйлөрдү чечүү. Автор жөнүндөгү  (жалпы, топтук, жеке) билимди окуп үйрөнүүдө,  тапшырмаларды  аткарууда денгээлдик сапаттары менен өзгөчөлөнөт.

Предметтик  компетенттүүлүк:

Окурмандык. Китептин илимий, көркөм  публицистикалык  тексти: андагы цитаталардын маанилерин  окуп түшүнөт.

Эмоционалдык баалуулук. Автордун инсандык калыптануу жолундагы образдарды кабылдайт.

Адабий-чыгармачылык. Оозеки презентация, автордун образын түзөт, жеке пикир жазат.

Күтүлгөн натыйжа: Эксперименттик альтернативдик программа: “SMART” критерийи  —  М. Элебаев жөнүндөгү 14 беттен турган (10-кл., Кыргыз адабияты — 124-148-б.) көлөмдүү текстин  —   сабак баскычтарына убакытты жана маалыматты реалдуу, так ченемдеп, азыркы окуучулар позициясынан турмуштук конкреттештирип окутуу жана адабий билим сапатын  — 80-90%  көрсөткүч натыйжасы менен ишке ашыруу.   

Сабактын жүрүшү. Уюштуруу (3-4 мин.)

Мугалимдин ишмердиги. Саламдашат. Сабактын темасын доскага жазып, максатын, баскычтарын жана убакыт өлчөмдөрүн көрсөтөт. Бир окуучунун убакытты көзөмөлдөөчү (окуп үйрөнүү менен бирге)  “Саат-таймер” кызматын аткаруусун өтүнөт.

Окуучулардын ишмердиги. Саламдашышат. Сабактагы негизги милдеттерге багыт алышат. Өзүнүн каалоосу менен бир окуучу убакытты көзөмөлдөөгө киришет. Китеп, дептер, түстүү ручка ж.б. даярдашат.

Жаңы теманы түшүндүрүү:

Автор баскан жол (презентация 10-12 мин.)

“Балалык жолу” – интерактивдүү тактада “Карта-чийме 1”:

— Мукай төрөлгөн аймак, үй-бүлөсү, 1916-ж. Үркүн окуясы; Баланын жашы жана басып өткөн маршрутун картадан көрсөтүп, ”Узак жол” автобиографиялык чыгарма; Элебаевдин эскерүүсүн айтат.

“Билимдик жолу”  — интерактивдүү тактада “Карта-чийме 2”:

— М. Элебаев окуган (аз убакыт) интернат, Айыл чарба техникуму – андага китеп окуу жана ийримдер; борбордогу педтехникум, чыгарма жазып баштоо, Маликовдун эскерүүсүн окуйт.

«Ишмердик жолу» интерактивдүү тактада “Карта-чийме 3”

Автордун 30-жылдардагы замандаш калемгерлерине караганда алдыга озуп, бийик көтөрүлгөнүн; ырлары, макалалары, котормолору ж.б. чыгармачылыгы;

1939-ж. Алматыда сүйлөгөн сөзүнөн үзүндү келтирип, өмүрүнүн акырында согушка кеткенин “аялына жазган катынан” окуйт.

Жаңы теманын теориялык иши: автордун өмүрүндөгү “өйдөтөмөн” сызыктары (презентация 13-15 мин.)

Интерактивдүү тактада 1-слайд:

а) “Мукай өмүрүндөгү төмөн карай кыскан турмуштун тышкы сызыктары”  —  4 чийме сызык (жардылык, жетимдик, качкын, малайлык) чогуу көрсөтүлөт. 2-3-4-5-слайдда ар бир сызык чонойтулуп берилет. Автордун инсандык  калыптануусуна  —  мезгил, коом ж.б. окуялардын тийгизген таасирлерине кыска токтолуп өтөт.

Интерактивдүү тактада 6-слайд:

б)  “Мукайды өмүрүндө өйдө карай көкөлөткөн жеке  жөндөмдүн ички сызыктары” —  8 чийме сызык (төкмө-чечен, көп окуйт, акынжазуучу, сынчыкотормочу, артист-куудул, актёр-сүрөткер, солист-обончу) чогуу көрсөтүлөт. 7-8-9-10-11-12-13-14-слайдда ар бир сызык өзүнчө чоңойтулуп берилет. Автордун инсандык бактылуу тагдырын түзүп (жасап) калыптандырган жеке өнөр, талант ж.б. ички касиеттеринин мааниси чоң экендигине кыска токтолуп өтөт.

Окуучуларды эки топко бөлөт. Маселе жазылган ватман кагаздарды берет.

1топко берилген кейс – сынчыл ойлом маселе: “Азыркы мезгилдеги турмуштун төмөн карай кысуучу тышкы таасирлери кайсылар?  Алар кандай мүнөзгө ээ? Аны жеңип өтүү үчүн бүгүнкү инсандан кандай ички жөндөмдөрдү талап кылууда?”

2-топко берилген кейс – сынчыл ойлом маселе:

“Инсандын ички сызыктары болгон жеке касиеттери: өнөрү, жөндөмү ар дайым эле ачыла береби? Адам өз жөндөмүн кантип таптоосу керек? Турмуштан кандай аргументтерди келтире аласыңар?”

Топтук тапшырма 7-8 мин. аткарылат. Топтор иштеп жатканда ар бир топ менен 1-2 мин. чогуу отуруп маселени чечүүчү талаш- тартыштарды угат.

Топтордун презентациясын угуп баа берет.

Жаңы  теманын практикалык иши: автор жөнүндө менин ой-пикирим (6-7 мин.)

— Китеп бети, абзацы, саптардын сандары жазылган номерлүү стикерлерди таратат.

— Практикалык тапшырманы аткаруунун 4 жолун тааныштырат.

— Тапшырма аткаруу менен бирге 2 окуучуну “Эксперттик” (эң жакшы иштерди белгилөө, 1 мин. Кыска видео тартуу жана видеоролик жасоо, эң мыкты пикирлерди тандоо ж.б.) милдетти аткаруусун сунуштайт.

— Эксперттер менен бирге адабий чыгармачылык иштерди кабыл алып, баалайт.

Сабактын жыйынтыктоо баскычы: (2-3 мин.)

Жалпы упайларды жана бааларды кошуп жана бөлүп, орточо бааны чыгарууну айтат. Журналга жана күндөлүктөргө бааларды коёт.

Толкун БЕГАЛИЕВА, Алай районундагы К. Султанов атындагы №11 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, Эл агартуу отличниги.

Бөлүшүү

Комментарийлер