МУГАЛИМДИК КЕСИП ПРЕСТИЖДҮҮ КЕСИПКЕ АЙЛАНУУСУ АБЗЕЛ

  • 17.02.2022
  • 0
МУГАЛИМДИК КЕСИП ПРЕСТИЖДҮҮ  КЕСИПКЕ  АЙЛАНУУСУ АБЗЕЛ

Татыктуу билим, тарбия  берүү үчүн  бекем эрк, өз  предметин мыкты билген, билимдүу, ой жүгүртүүсү кенен педагогдор  керек. Тилекке  каршы мугалимдик  кесиптин   аброю  төмөн  болгондуктан билимдүү, таланттуу балдар  башка   кесиптин ээси болуп жаткандыгы  өкүндүрөт.

Биз  окуткан  балдар  билимдүү болсо, келечек  жана  коом  ошончолук  жарык, бекем  болот.  Биздин  мамлекеттин  тагдыры ар бир жашап жаткан  инсандардын колунда. Ошол  инсандарга  тарбия, билим берүүдө жана  коомду өзгөртүүдө мугалимдин  ролу  чоң деп  эсептейм. Эгерде мамлекет өсүп, өнүгүүнү  кааласа, анда  мугалимдин  кадыр-баркын көтөрүү керек. Аларга өзгөчө  көңүл буруу менен  коомдо престиждүү  кесиптердин  бирине  айландыруу  абзел.  Мүмкүнчүлүк  болсо, ЖРТдан  эң жогорку балл  алган окуучулар  гана  мугалим  боло  ала тургандай  даражага  жеткирүү  зарыл.  Карап  көрүңүздөр, адам өмүрүн  сактоочу дарыгерлер,  коопсуздукту  сактоочу милиционерлер, куруучулар,  ашпозчулар,  деги койчу, бүт бардык кесипке  ээ кылуучу бул — МУГАЛИМДЕР.

Өнүккөн  өлкөлөрдө мугалим  болуу бул — өтө  жоопкерчиликтүү жана престиждүү кесипке  ээ болуу  болуп  саналат. Алардын  мугалимге болгон   сый-урматы да алда  канча жогору.  Ал  эми  биздин  өлкөдө   ЖРТдан эң  төмөн балл  алган, башка кесиптин  ээси  болууга каражаты жетпеген  окуучулар  айласыздан мугалимдик  кесипке  тапшырып  жатканы бир  чети  өкүндүрсө, бир  чети келечекте бизди  кандай  жашоо  күтүп  тургандыгы  ойлондурат.  Арасында  мыкты педагогдор  бар, бирок  өтө  эле аз.   Кээ бирлери  маянасынын  аздыгынан  өз  кесиптерин башка кесипке  алмаштырууда.  Билим  сапатыбыз  азыр да  анча төмөндөбөшү  мүмкүн.  Анткени  союз  маалында  окуп  калган  бирин-  экин мугалимдерибиз бар.  Эгерде ушул темпте, ушундай  нукта бара берсек  15-20  жылдан кийин  Кыргызстанды  кандай  келечек  күтүп  турат  белгисиз.

Тарыхтан  баарыбыз  көрүп-билип  тургандай, кезинде жакырчылыкка, кризиске  батып  калган  өлкөлөр болгон  күчүн билим алууга жумшаган. Көп  өтпөй жакшы жыйынтык берип,  азыр  эң  өнүккөн  өлкөгө айланып  келүүдө. Айтайын  дегеним,  биздин  өлкө  да өнүгүүнү кааласа,   билим берүүгө, ошону  менен  бирге  мугалимдерге өзгөчө  көңүл буруусу  учурдун эң көйгөйлүү талабы.

Мугалимди улам-улам текшерүүдөн, анын  кагаз иштерин  кароодон эч  кандай жыйынтык  чыкпайт.  Тескерисинче,  мугалим өзү жасалмалуулукка  үйрөнүп  жатат.  Документтеринин  баары  такпы  — демек  ал мыкты  мугалим  аталып  калууда.  Мунун  баары бири-бирин  алдап,  сооротмой заманга  алып баратат  деп  ойлойм.

Мугалимдин  статусун,  коомдо  кадыр-баркын  бийиктетсе гана  жаркын келечек  болот  деген  ишеничтемин.

МУГАЛИМДИК КЕСИП ПРЕСТИЖДҮҮ  КЕСИПКЕ  АЙЛАНУУСУ АБЗЕЛИсакова  Элизат,
Кожон Жолдошов атындагы орто мектеби,
башталгыч  класс мугалими,  Ноокат  району

 

Бөлүшүү

Комментарийлер