МИСАЛ, МАСЕЛЕ ИШТӨӨ (БЫШЫКТОО САБАГЫ)
- 23.04.2023
- 0

Кадырбай кызы Гүлзат
Тогуз-Торо районунун №6 Бирдик орто мектебинин
башталгыч класстар мугалими
Предмети: Математика
Классы: 2-класс
Cабактын темасы: Мисал, маселе иштөө (бышыктоо сабагы)
Сабактын максаты:
1.Билим берүүчүлүк:
Окуучулар мисал, маселелерди аткарууда математикалык стратегияларды колдонуу менен алган билимдерин бышыкташат.
2.Өнүктүрүүчүлүк:
Алган билимдери, көндүмдөрү жана иш-аракеттеринин ыкмалары, мисал, маселелерди чыгаруу үчүн колдонуу жөндөмдүүлүгү калыптанат.
3.Тарбия берүүчүлүк:
Жупта жана кичи топтордо биргеликте иштөөгө үйрөнүшөт жана бири-бирине жардамдашышат.
Сабактын жабдылышы: окуу китеби, карточкалар,таркатма материалдар, тех.каражаттар ж.б
Сабактын формасы: Интерактивдүү-санарип сабак
Сабактын жүрүшү:
Саламдашуу: Таңда турсам, сыртта эшик нурдуу экен,
Эмнегедир күн да сонун жылуу экен.
Чуркап барып, календарды карасам,
Силер менен жолугушчу күн экен.
Саламатсыңарбы, менин сүйүктүү окуучуларым!
Жагымдуу маанай:
-Маанайыңар кандай? Менин да маанайым эң сонун!
Окуучулар «Байчечекей» ырын ырдайт
Алтын эреже:
Алаксыбай башкага,
Көңүл бурам сабакка.
Дептеримди ачамын,
Бүгүнкү күндү жазамын.
Эже берген сабактан,
Жаңылыкты аламын.
Үй тапшырма: wordwall платформасы аркылуу текшерилет
Сабактын максаты, күтүлүүчү натыйжасы менен тааныштыруу
Маселенин берилиши: (презентация powerpoint)
C.O.I.N.S аббревиатурасын пайдалануу
Бир нече окуучудан алган жообун түшүндүрүп берүүсүн жана өздөрүнүн ой жүгүртүүсү менен бөлүшүүсүн сунуштоо
Багыттоочу суроолор:
-Кандай жооп алдыңар?
-Бул маселени кантип чыгардыңар, түшүндүрүп бере аласыңарбы?
— Ким өзүнүн маселенин чыгаруунун башка ыкмасы менен бөлүшө алат?
Окуучулар маселенин чыгаруу жолдорун айтып, түшүндүрүп негиздеп берет.
Карама-каршы пикир:
-Балдар, Абдумажит маселенин жообунда Жылдыз 5 км аралык велосипед тепти деген жооп айтты.
*Силер аны менен макулсуңарбы же макул эмессиңерби? Себебин түшүндүрүп бергиле.
*Кандай деп ойлойсуңар, жоопту кантип алды?
*Силер эмне деп айтат элеңер?
Окуучулар өз ойлору менен бөлүшүшөт.
Жыйынтыктап, маселенин кандай чыгарылаарын түшүндүрүү.
Практика: Окуучулар фигуралар боюнча 3 топко бөлүнүп отурушат
топторго тапшырма:
1-топ
Өткөн жылы биздин көчөдө
12 жаңы үй курулган.
Быйыл 3 үйгө көп курулду.
Бардыгы канча…? Жообу: 27 үй курулган
Пиктограмманы колдонуу менен иштешет
2-топ
Канча жуп байпак турат? Баардыгы канча даана байпак?
Жообу: 4 жуп, 8даана байпак
КГА ыкмасында иштешет
3-топ
3 тегерекчеден 4 жолу кайталап тарт. Бардыгы канча тегерекче болуп калды?
Жообу: 12 тегерекче
Матрица моделине салып иштешет
Iearningapps платформасында мисалдарды аткарып, анда катылган видеону ачып эс алуу көнүгүүсүн жасашат
Ыкчам текшерүү: Wordwall платформасында жөнөкөй мисал, маселелер, логикалык суроолор
Жыйынтыктоо: Бүгүнкү сабак жактыбы?
Жаңы эмне билдиңер, үйрөндүңөр?
Кийинки сабактан эмне күтөсүңөр?
Формалдуу эмес калыптандыруучу баалоо
Үй тапшырма: 8-9-мисалдарды иштеп келүү
Комментарийлер