МЕТОДИКАЛЫК АСПЕКТТЕРДИН КӨЙГӨЙҮ ЖАНА ЫРДОО ЫКМАЛАРЫ

  • 03.05.2023
  • 0
МЕТОДИКАЛЫК АСПЕКТТЕРДИН КӨЙГӨЙҮ ЖАНА ЫРДОО ЫКМАЛАРЫ

Шамшиева Нурия,                                                            

И.Арабаев атындагы КМУнун                                                           

искусство жана дизайн факультети,

музыка кафедрасынын магистранты

Балдарга жана чоңдорго вокалды окутуу боюнча практикалык жана теориялык сунуштарды вокалдык методологиянын көз карашынан иштеп чыгуу. Иштин натыйжаларын педагогикалык колдонмо иш-чараларга колдонсо болот. Бул эмгек балдардын ырдоосунда, үндүн калыптандыруу жана вокалды окутуу методикасы боюнча заманбап илимий маалыматтарга негизделип, аларды башталгыч класстарда жана музыкалык мектептерде колдонуу өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт.

               Сабак берүүнүн изилденген усулдары

Изилдөөнүн объектиси — балдарга мутацияга чейинки убакытта салттуу жана эстрадалык вокалды үйрөтүү процесси.  Изилдөө сабагы,  академиялык, салттуу жана эстрада-джаз ырдоо мектептери, алардын системалык шайкештиги.

  1. Вокалга тиешелүү илимий адабияттарды анализдөө.
  2. Ырчылардын практика учурундагы чыгармаларын байкоо жана угуу.
  3. Атактуу вокал мугалимдердин тажрыйбаларын изилдөө.
  4. Өз тажрыйбасын изилдөө.
  5. Изилдөөнүн максаттары жана милдеттери.
  6. Жаш балдар үчүн вокалдык методиканы иштеп чыгуунун мыкты жолдорун издөө (мутацияга чейинки убакта).
  7. Окутууда эң оптималдуу жана алгылыктуусун аныктоо үчүн ар кандай балдардын вокалдык мектептерин үн коюу максатында окутууну жайылтуу.
  8. Вокалисттерди даярдоодо принциптерди жана мыйзам ченемдүүлүктөрдү издөө. Салттуу, эстрадалык жана академиялык тенденциялар. Балдар жана чоңдор үчүн градиенттик эстрадалык ырдоону үйрөтүүнүн принципиалдуу бирдиктүү методикасын ачуу.
  9. Балдарда салттуу, академиялык жана поп-джаз ырдоо мектептеринин шайкештиги көйгөйүнө адистердин көңүлүн буруу керек.
  10. Салттуу жана эстрадалык вокалды үйрөтүүдө жана изилдөөдө көйгөйлүү суроолорду баяндоо жана аларды чечүү жолдору.

Музыкалык тарбиялоонун негизги максаты — балдарды курчап турган дүйнө жөнүндө ойлорун музыка жана ырдоо аркылуу тереңдетүү, эстетикалык тарбия милдеттерине ылайык алардын туюмун өнүктүрүү.  Музыка балдарга таасирин тийгизип, аларга кубаныч, ырахат тартуулап, алардын ойлору менен сезимдерин ойготушу үчүн, балдардын музыкалык кабылдоосун кичинекей кезинен баштап, анын ишмердүүлүгүнө, аң-сезимине илимий жактан иштелип чыккан методдордун негизинде жетишүү керек.  Үн менен иштөө убагында биз чоңдордун контингентинин жогорку кесипкөйлүгүн туруктуу түрдө кайталайбыз. Үндүн өнүгүсүн балдардын ырдоо учурунда алардын үнүн атайын анатомия, физиология, психология жана педагогика жактардан каралып изилденген.

                 Үндүн пайда болушу

Үн – бул адамдын сүйлөп же ырдап жатканда ар түрдүү үн (добуштарды) чыгарып пайда болот. Үн негизи бардык жандууларда болот, алар добуштардын ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Адамда үндүн түзүлүшү үн түйүндөрүндө дирилдөө учурунда ортодо аба өтүп жатканда термелүү  аркылуу түзүлөт. Ар бир адамдын үнүндө өзүнүн тембри бар. Үн толкундары менен резонаторлор аркылуу үндүн тембри ачылат.  Вокалда эң башкысы кекиртектин үстү жана асты, ооз жана мурун, трахея, алдыңкы жакта чоң бронхалар, жана жумшак таңдай, катуу таңдай маанилүү, анткени так ушул органдар чоогу бир комплексте иштегенде туура коюлган үн пайда болот. Үн жана угуу сезими ортосунда түздөн-түз байланыш бар: угуусуз үн менен иштөөгө мүмкүн эмес, жана ошондой эле үнсүз угуу органдары менен иштөөгө мүмкүн эмес, ар бир вокалист өзүн угуу керек, ал эми вокалист мугалим болсо ал окуучуларын угуш керек. Үн менен адам баласы көптөгөн ар түрдүү добуштарды чыгара алат, жана үн аркылуу адам баласы көбүнчө: кубаныч, таң калуу ж. б. эмоциялык абалын билдирет. Үн (добуш) аркылуу адамдын өзүнүн ар түрдүү акыбалын ырдоо аркылуу чыгарууга болот. Вокал — искусство, ырдоо үчүн вокалдык техниканы туура колдонууга үйрөнүү керек.

                   Үн аппаратынын системасы

Үн аппаратынын ичинде ооз, мурун көңдөйүнүн жана кекиртек (жогорку резонатор) үн түйүндөрдү, трахея, бронха (алдыңкы резонатор), өпкө, көкүрөк клеткасы дем алуу булчуңдары, диафрагма жана ич булчуңдары кирет. Борбордук нерв системасы психологиялык татаал акт үн түзүүчү процесс. Үндүн пайда болушу байыркы мезгилде аныкталган, эң биринчи тирүү адамдын кекиртегин Мануэль Гарсиа байкаган, ал үчүн 1855ж. ларингоскоп деген приборду ойлоп чыгарган. Ага чейин бардык изилдөөлөр өлүк адамдын денесин изилделген, бирок үн складдардын иштөөсү татаал болчу ошондуктан механизм белгисиз болчу. Мануэль Гарсиа испан ырчы, вокал педагогу жана медициналык доктор. Ларингоскоп – медициналык прибор, (эндоскоптун бир түрү) адамдын тамагын изилдөөчү прибор. Ларингоскоптун конструктиви кармагыч жана бир нече лампадан турат. Адамдын тамагына ларингоскопту киргизгенде лампалар автоматтык түрдө күйөт.  Төмөнкү ноталарды ырдаганда ооз ичинен же тамагы менен ырдагандай сезилет, кээ бирде көкүрөктөн  – ошентип төмөнкү ноталарды ырдаган учурда көкүрөктө резонаторлор иштеп баштаганы үчүн “көкүрөк добуш” деген сөз келип чыккан.

Ал эми жогорку (бийик) ноталарды ырдаганда алар ооз ичинен учуп өйдөгө кеткендей сыяктуу болуп, ошол убукытта баш резонатору иштеп баштын артынан чыкканы сезилет – бул жактан “башкы добуш” деген термин келген. Добуш  чыгарууда эки фактор бар:

  1. Үн түйүндөрүнүн дирилдөөсү

Дем алып жана аны чыгарып жаткан учурда аба үн түйүндөрү менен байланышат, так ошол учурда алгачкы добуш чыгат.

  1. Добуш чыгып бара жаткан учурда, өзгөрүлөт, үн түйүндөрүнөн чыгып жатып ооздон чыга электе күчөйт. Ар бир адамдын өзүнүн резонаторлук системасы бар, дал ошол система үндүн өзгөчөлүгүн көрсөтүп турат.

Дем алуунун орду

         Ырдоо учурунда туура дем алуу өтө маанилүү. Дем алган учурда, демди акырын, тынч жана бат алып, ооз менен дем алыныш керек, анткени дал ошол учурда өйдөңкү резонаторлорду байкоого болот. Дем алып жаткан учурда көп аба дагы албаш керек, анткени алган абаны катуу чыгарып алганда ошол менен “форсивдүү добуш” чыгышы мүмкүн. “Форсивдүү добуш” – бул кыйкырыка жакын бир добуш десек жаңылбайбыз, мисалы, өйдөңкү нотага жетем деп тамака салып ырдаса аягында “форсивдүү добушка” алып келет, ошол бойдон, ырдай берсе, үн бузулушуна алып келет. Дем алуу – тирүү жан сыяктуу, дарыя сыяктуу элестетүү керек. Дал ошол учурда  алган дем добуш болушу керек. Ырдоо учурунда демди сезе билүү зарыл. Бирок ырдоо учурунда туура дем алуу абдан маанилүү. Мындан тышкары дем алуу – ритм, темп, пауза ж.б. менен тыгыз байланышта. Педагогикалык практикада көбүнчө мындай ситуациялар болот: окуучу вокалдык көнүгүүлөрдү жакшы ырдап, ошондо ритмикалык дем алууну сезет. Ал эми чыгарманы ырдап баштаганда, окуучу дем алууну кармабай, ошого байланыштуу баарын коё берип жиберет. Эң башкысы чыгарманы аткарууда ритм жана дем алуу өтө манилүү. Үндүн пайда болушу дем алуу, артикуляция жана резонаторлордун функциясы менен тыгыз байланышта. Дем алууда – ич пресси, бел булчуңдары жана ошондой эле диафрагма булчуңдары камтылат.

         Артикуляция – бул сүйлөө, добуш берген органдар. Артикуляциялык  аппарат – эки түргө бөлүнөт активдүү жана пассивдүү. Активдүү – бул адамга баш ийген органдар (ооз, тил, диафрагма, өпкө ж. б) Ал эми, пассивдүү – бул адамга баш ийбеген органдар (тиш, мурун ж. б).

Дем алуунун төрт түрү аныкталган алар: көкүрөк менен дем алуу, ич булчуңдары (диафрагма) менен дем алуу, аралаш дем алуу жана сүйлөө дем алуу. Көп учурда тажрыйбасы жок ырчылар ырдоодо көкүрөк дем алууга юасым кылат. Ырчы туура дем алууну билиши керек. Ырдоо учурунда дем алганда ичке алган сыяктуу алыш керек. Анткени, биз негизи эле өпкө менен дем алабыз, жана ырдоо учурунда дагы ошондой. Көбүнчө мугалимдер окучуларына ырдоодо “демди ичке алгыла ” – деп үйрөтөт. Тагыраак айтсак, ырдоо учурунда биз диафрагма булчуңун катуу кармап турабыз жөн гана дем алганда, демди ичке алгандай сыяктуу алабыз. Туура дем алуу ден соолукка пайдалуу. Ырдоо учурунда демди туура колдонуш үчүн мугалим окуучусуна туура дем алууга көнүгүүлөрдү үйрөтөт, ал эми окуучу өз алдынча иштеш керек.

              Үндү тарбиялоо. Диапазонду өнүктүрүү

Диапазон – бул төмөнкү белгисиз нотадан жогорку белгисиз нотага чейинки аралык. Диапазонду өнүктүрүп тарбиялоодо  сөзсүз мугалимдин көзөмөлүндө болушу шарт. Ар бир адамдын үнүнүн өзүнүн диапазону бар. Ал эми аны  тарбиялап өнүктүрүү үчүн атайын тандалган көнүгүүлөр болот. Ал көнүгүүлөр үндү ачуу учурунда пайдаланылат.

Ырчынын үнү – бул бир өзгөчө аспап десек болот. Аспаптарды күүлөсө, ошол сыяктуу ырчынын тапка келтире турган болсо, үнүн дагы таптап тарбиялоого болот. Диапазонду үнгө жараша тарбиялайт, эгер окуучу төмөнкү ноталарды жакшы ырдаса, анда астыңкы диапазонду өнүктүрүп, бирок ошол эле учурда жогорку диапазонду дагы өнүктүрүүгө болот. Ал эми адамдын үнү жогорку ноталарды кыйналбай ырдаса, жогорку регистрдеги диапазонду өнүктүрүүгө ыктымал. Дал ушул диапазонду өнүктүрүү учурда өйдөңкү ноталарды ырдатып жатканда абайлаш керек. Эгер үндү ачпай, окуучуга жогорку ноталарды ырдатса үн акырындап убакыттын өтүшүү менен начарлайт. Ырдоодон мурун сөзсүз үндү ачуу керек, болбосо үн бузулуп калат. Үн түйүндөрү абдан назик, жана алар дагы диапазон өнүктүрүү учурда, дем алуу, диафрагма ж. б.   өзгөчө орунду ээлейт.

Көбүнчө ырлардын диапазону жогорку ноталардан турат, ал бийик ноталарга  жетиш үчүн атайын даярдыктар керек. Диапазонду өнүктүрүүдө алгач үндү жана тембрди ачуу керек.

Тембр – бул үндүн кооздугу. Диапазонду өнүктүрүү учурунда байкаш керек, анткени студенттин диапазонун өнүктүрүүдө үнүн  “форсировдүү добушка” алып келип үндүн бузулушуна алып келиши мүмкүн. Кээ бир мугалимдердин катасы бул бир көнүгүүнү жасатып “Бул көнүгүү тембрди ачууга жардам берет” деп айтышат, бирок ошол эле учурда дем алуу жөнүндө сөз кылбайт. Бул көнүгүүлөрдү жасоодо сөзсүз ЖВК – деген терминди кармоо керек. “ЖВК-жылпы воалдык комплекс” – бул терминди ырдоо ыкмасына Сарлыков Р. киргизген, ырдоо учурунда же үндү ачуу көнүгүүлөрүн аткарганга сөзсүз дем алууну, артикуляцияны, диафрагманы, оозду туура ачуу куралдарды сактоо керек.

                        Ырдоо практикасы

 Ырчы ырдаган ырдын сөзүнө маани берип ырды сезип, ырдын ичинде жашап, эмоциялары менен бөлүшөт. Ошол учурда үндүн интонациясы өтө маанилүү. Ырдагы эмоцияларды аткаруучу өзүнүн мимикалары аркылуу чагылдырып бериш керек.

Ыр — бул чындыкты терең чагылдыруунун ачык-айкын образдуу формасы. Ырдын аткарылышы ар кандай кооз, боорукер, кээде башкача болушу мүмкүн. Мекен, бактылуу балалык, борбор шаар, аскердик жүрүштөр жөнүндө ырлар зор дилгирлик менен ырдалат. Ырдаганга үйрөнүү процесси келечек ырчыдан көп активдүүлүктү жана психикалык стрессти талап кылат.  Ал өзүнүн ырдаганын башкалардын ырдашы менен салыштырып, фортепианодо ойнолгон обонду угууга, музыкалык фразалардын, сүйлөмдөрдүн ар кандай мүнөзүн салыштырууга, ырдын аткарылышынын сапатына баа берүүгө үйрөнөт. Ырдоо организмге пайдалуу таасирин тийгизип, сүйлөөнүн өнүгүшүнө жардам берет, дем алууну тереңдетет, вокалдык аппаратты чыңдайт, психикалык-физикалык абалына оң таасир этет. Ырчылыкка үйрөтүү процессинде  жөндөмдүүлүктөрү өзгөчө: эмоционалдык реакция, музыка угуу, ритм, эс тутум жана гармония сезими. Ырчы музыкалык билим берүүнүн эң маанилүү каражаты болуп саналат жана ар тараптуу гармониялык өнүгүүсүнүн маселелерин чечүүдө орду өзгөчө.

Кийинки педагогикалык милдет — “распевка” үн ачуу көнүгүүлөр. Вокал сабагында үндү ачуу көнүгүүлөрдүн орду өзгөчө. Так ушул көнүгүүлөр дем алуунун туура контролдогонго, үн байламталарын туура колдонууга, үндү тарбиялого жардам берет.  Алгачкы кадамдардан баштап, окуучуда ал чыгарган үнгө карата аң-сезимдүү мамилени калыптандыруу керек.  Үнгө болгон мындай мамиле, биринчи кезекте, угууну кабыл алууга жана башкарууга негизделген.  Окуучунун ырдоо тыбышынын өзгөчөлүктөрүн ажырата баштаганда, анын тембрдик курамындагы өзгөрүүлөрдү уга баштаганда гана пайда болушу мүмкүн.  Биринчи сабактарда эле, окуучунун угуу назарын ырдоо тыбышынын тембрдик өзгөрүүлөрүн курчутуу керек.

Ырдаган тыбыштын ар кандай өзгөчөлүктөрүн угуу, аларга сын көз менен мамиле жасоо жана ушул өзгөчөлүктөрү аркылуу вокалдык аппараттын кандай иштээрин билүү жөндөмү вокалдык угуу деп аталат.  Биринчиден, өзүңдү жакшы угууга үйрөтүшүң керек.

Демек, вокалдык чеберчиликти калыптандыруунун баштапкы этабынын негизги милдети — окуучуну тезирээк жөнгө салуучу вокалдык-музыкалык образын түзүүгө мүмкүнчүлүк бере турган  ыкманы колдонуу.  Тренингдин башталышында үндү туура калыптандыруу үчүн зарыл болгон кыймылдарды көрсөтүү (дем алуу булчуңдарынын, төмөнкү жаактын, эриндердин кыймылы, ооздун ачылышы, эскирүү).

Вокалдык чеберчиликти өркүндөтүү жана колдонуу процессинде, ырчы ырдап жатканда пайда болгон бардык сезимдер маанилүү.  Бул биринчи кезекте анын ырдаган үнүнөн угуу сезими.

Бөлүшүү

Комментарийлер