МЕНИН КЕЛЕЧЕКТЕГИ КЫЯЛДАНУУМ

  • 17.04.2023
  • 0
МЕНИН КЕЛЕЧЕКТЕГИ КЫЯЛДАНУУМ

Үрпия Абдыраева,
Алай районуна караштуу №37 Абдилламит Арзиев атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими

Ачык тарбиялык саат

Сабактын максаты:

1.Окуучулар келечек жөнүндө кеңири түшүнүк алышат
2.Окуучулар келечектеги кыялданууларын айтып талкуу жүргүзөт

3.Окуучулар ата-энени сыйлоого, аларды барктап, кадырлоого, боорукерликке үйрөнүшөт.

Саламатсыздарбы урматтуу ата энелер, окуучулар, мугалимдер сабакты баштоодон мурун өзүбүзгө жылмаюу тартуулап алалы:

1-ата эне — “Сабырдуумун” (Үйдө баланызга кандай сабырдуу мамиле кыласыз?)

2-ата эне — “Боорукермин” (Кандай боорукерлик жасагандыгы жөнүндө айтып беришет)
3-ата эне — “Жароокермин”
4-ата эне — “Камкормун”
5-ата эне — “Мээримдүүмүн”

6-ата эне — “Адептүүмүн”

7-ата эне — “Чечкиндүүмүн” (бардык ата-энелер балдары менен аткарып беришет).

Майрамбек кызы Саида “Менин келечектеги кыялдануум” деген темада дилбаян окуп берди, Исмаилова Азема “Менин кыялдануум” деген темада слайд көргөздү, Эрмекбаев Эсенбол өзүнүн кыялдануусун сүрөт аркылуу чагылдырып, апасы менен биргеликте  көргөзүп берди, Коргонбаева Нуриза ата-энелерге насаат сөздөрүнөт айтып берди, Ырысбаев Марлен жана Кеңешбек кызы Аяналар да келечектеги кыялдануулары тууралуу дилбаяндарын окуп беришти.

 

Балдар, ата-энелер сиздерге суроо азыркы балдардын кайдыгерлигине, ата-энелерге ташбоордук мамиле кылганына, кылмыштуулукка барып жаткандарына эмне күнөөлүү деп ойлойсуздар? Эмненин жетишсиздигинен деген ойдосуздар? (Ойлорун айтышат).

Демек, балдар тарбиянын жетишсиздиги, телефондун зыян жактары, ата-эне менен баланын ортосундагы баарлашуу жоктугунан деп ойлойсуздар ээ? Жок балдар, бизге “мээримдин” жетишсиздиги деген ойдомун. Ата-эне менен баланын ортосунда баарлашуу жок. Энелер мээримибизди аз берип, көп көңүл бурулбай жатабыз. Мээримиң менен ташты да ээритсең болот, мээримиң менен душманды доско айлантасың, мээримиң менен ата-энеңден бата аласың, мээримиң менен жакындарыңдан  сый-урмат көрөсүң.

МЕНИН КЕЛЕЧЕКТЕГИ КЫЯЛДАНУУМ

Урматтуу ата-энелер, окуучулар, “Менин келечектеги кыялдануум” деген темабызды аяктап жатып сиздерге төмөндөгүдөй нускалуу сөздөрдү айтып өтсөм:

1.Эң биринчи ата-энең сен үчүн эң кымбат экенин бил!

2.Ата-энеңдин сага жасаган мээнетин дайыма эсиңе түй!

3.Ата-энең болбогондо, сен бул дүйнөгө келмек эмессиң.

4.Ата-энеңе эч качан каяша айтпа!

5.Ата-энеңдин намысын бийик тут, уятка калтырба.

6.Ата-энеге мээримдүү бол, аларга жакшы мамиле жаса.

7.Бир жакка чыксаң, алардын уруксатысыз чыкпа.

  1. Аларга ачууланба жана алардын ачуусун келтирбе.

9.Аларга нааразы болбо, нааразы кылуудан корк.

10.Алар тапшырма берсе, кыйшаюусуз аткар.

11.Ата-энеңден кабар ал!

12.Алар муктаж болгон нерселерди алып бер.

13.Алардын ыраазычылыгын ал.

14.Ата-энең ооруганда, өзгөчө карыганда, сыйла.

15.Ата-энеңди урматта сыйла!

  • Мына ушундай акыл-насаат сөздөрүбүз менен сабагыбызды жыйынтыктайбыз. Урматтуу ата-энелер жогоруда айтып өткөн балдарыбыздын кыялдары орундалсын. Келечекте биз самап күткөн, кыргыздын алдыңкы уул-кыздарынан болсун. Ал эми окуучулар, силер ата-энелерибиздин мээнетин кемчиликсиз актагыла. Ошондуктан “Ата-энеңди сыйласаң, өз балаңдан сый көрөсүң” деп бекеринен айтылбаса керек. Демек, балдар ата-энени канчалык сыйласак ошончолук сый көрөт экенбиз. Ата-энеңди тирүүсүндө сыйлай билсең, турмушуңда кайра өзүңө кайтат экен. Ата-энеңе мээримдүү бол, аларга жакшы мамиле жаса дейт элибизде.

Үйгө тапшырма: Ата-эне жөнүндө дилбаян жазып келесиңер, балдар! Көңүл бурганыңыздар  үчүн чоң рахмат!

Бөлүшүү

Комментарийлер