МЕКЕНИБИЗ КЫРГЫЗСТАН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК ЖОЛУНДА (9-11-КЛАССТАР ҮЧҮН)

  • 08.09.2021
  • 0
МЕКЕНИБИЗ КЫРГЫЗСТАН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК ЖОЛУНДА (9-11-КЛАССТАР ҮЧҮН)

Сабактын тиби: Билим жана билгичтикти ɵркүндɵтүү

Сабактын максаты:

  1. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндөгү Декларацияны» баалап,

эгемендүү Кыргызстан тарыхынын урунттуу учурларын мүнɵздɵйсүӊɵр;

  1. Эгемендүүлүккɵ жетишкенден кийинки Кыргызстандагы коомдук-саясий, экономикалык жана маданий ɵзгɵрүүлɵрдү аныктайсыӊар;
  2. Кыргызстандын эгемендүүлүккɵ карай татаал жолунун жүрүшүн талдоодо топтордо иштɵɵ кɵндүмдɵрүӊɵрдү арттырып, мекенчилдик сезимиӊерди байытасыӊар.

Сабактын жабдылышы: Кыргыз Республикасынын  картасы жана мамлекеттик символдору, компьютер, проектор, интерактивдик такта (слайд, видеоматериалдар), ватман кагаздары, маркерлер, скотч.

Сабактагы негизги иш-аракеттер:

  1. Мекенибиз Кыргызстандын эгемендүүлүк мезгилиндеги саясий, экономикалык, маданий жаӊыланууларынын урунттуу учурларын аныктоо, ɵзгɵрүүлɵргɵ талдоо жүргүзүү, эгемендүү Кыргызстандын келечегин кыялдануу менен ɵз ой-пикирлерин айтып ой бɵлүшүү;
  2. Берилген тема боюнча долбоор түзүү жана жактоо.

Сабактын негизги идеясы: Ата Мекенди кɵздүн карегиндей коргоо ар бир атуулдун милдети болуу менен ыйык парзы экендигин окуучулардын жүрɵгүнɵ тереӊдеп жеткирүү; окуучулардын мекенчилдик сезимин байытуу.

Сабактын жүрүшү:

Сабактын толук түшүндүрмөсү 9-11-класстар үчүн

Түзүүчү: Мусаева Жеӊишкүл Кусеиновна Бишкек шаарындагы А. Каниметов атындагы №1 ЖББГИнин мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер