Математикалык сабаттуулукту жогорулатуу үчүн PISA форматындагы маселелерди чыгаруу

  • 21.12.2023
  • 0
Математикалык сабаттуулукту жогорулатуу үчүн  PISA форматындагы маселелерди чыгаруу

Саадат Ашыралиева, № 1 Ч.Айтматов атындагы Новопавловка инновациялык окуу-тарбия          комплекс-лицейинин математика мугалими

Математикалык сабаттуулукту жогорулатуу үчүн  PISA форматындагы маселелерди чыгаруу

Математика

5-класс.

Сабактын темасы: Маселе иштөө.

Сабактын тиби: бышыктоо.

Окутуу методу:  издөө, өз алдынча иштөө.

Уюштуруу формасы:  жазуу түрүндө.

Сабактын максаты: математикалык сабаттуулукту жогорулатуу, иштөө эс тутумун, ыктыярдуу көңүл бурууну, математикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө  көмөк көрсөтүү; жаратылышка, жан жаныбарларга болгон мамилени калыптандыруу; жүрүм-турум маданиятын өнүктүрүү.

Күтүлүүчү натыйжалар:

— ой жүгүртүүсү өнүгөт;- окуу мотивациясын өркүндөтүшөт;- адекваттуу өзүн-өзү сыйлоону үйрөнүшөт;- жаңы билимдерди алуу зарылдыгын калыптандырышат;- турмуштук тажрыйбада  сабакта алынган маалыматты колдоно алышат;- жаратылышты коргоого үйрөнүшөт.

 

 

Тапшырма 1.

Саранча

“Саранча” жөнүндө жазылган текстти окуп чыккыла. Төмөнкү суроого жооп бергиле, жообун сан түрүндө жазгыла..

 

Саранчанын  ургаачысы 3-6 см жер астына 76 жумуртка таштады дейли. Болжол менен жер үстүнө канча личинкасы чыгат?

Жообу:

Саранча

Саранча жер шаарынын бардык материгинде кездешет. Антарктидада жокко эсе. Климаты жылуу, ысык жерлерде жашайт. Чегирткенин бул түрүнүн түсү күрөң болот. Чоң чегирткелердин орточо узундугу 25 мм ге чейин жетет. Саранчанын ургаачысы 3-6 см тереңдиктеги жумшак жерге жумуркасын таштап көбөйөт. Мындай муфталардын биринде 60-80 жумуртка болушу мүмкүн. 12 күндөн кийин чегиртке личинкалары чыгып, дароо интенсивдүү азыктана баштайт. Окумуштуулар муфтадан бардык личинкалардын болжол менен жарымы жер үстүнө чыгарын аныкташкан.

Тапшырма 2

“Саранча” жөнүндө жазылган текстти окуп чыккыла. Төмөнкү суроого жооп бергиле, жообун — туура вариантты белгилегиле.

Бул чегирткенин ургаачысынын орточо денесинин узундугу: саранча – 25 мм, чегиртке – 28 мм ге чейин жетет. Чегирткенин секирүү узундугу саранчанын секирүү узундугунан  канча чоң? Суроого жооп бере турган сандык туюнтмаларды  белгилегиле (2 вариантты тандагыла).

¨  (28 – 20) – (25 – 20)

¨  28 ∙ 20 – 25 ∙ 20

¨  (28 – 25) ∙ 20

¨  (28 – 25) : 20

¨  28 – 25 ∙ 20

Саранча          Математикалык сабаттуулукту жогорулатуу үчүн  PISA форматындагы маселелерди чыгаруу

Саранча жер шаарынын бардык материгинде кездешет. Бирок Антарктидада жокко эсе. Климаты жылуу, ысык жерлерде жашайт. Чегирткенин бул түрүнүн түсү күрөң болот. Бул чегиртке кадимки эле  чегирткелерге  окшош.  Арткы буттары жакшы өнүккөн, ошондуктан алар алыскы аралыкка секире алышат. Өздөрүнүн өлчөмүнөн жыйырма эсе чоң аралыкка чейин секиришет.

Тапшырма 3

Саранча

Оң жакта жайгашкан «Саранча» жөнүндөгү текстти окуп чыккыла. Максат: «Чегирткенин үйүрү 400 чакырым аралыкты эң жогорку ылдамдыкта учса, конбой басып өтүү үчүн 4 күнгө жетпеген убакыт керек», — деди. Максаттын айтканына кошуласыңарбы?¡  Ооба¡  Жок Оюуңарды түшүндүрүп бергиле:______________________________ 

Саранча

 

Саранча жер шаарынын бардык материгинде кездешет. Максат «Жаш натуралист» журналынан бул чегирткелердин тамак-ашы жок болсо, алардын жүрүм-туруму жөнүндө макаланы окуган. Максат тамак-аш жок болсо, чегирткелер миллиондогон  үйүрүн чогулта аларын билди. Миллиондогон үйүр жылаңач жерди сейрек кездешүүчү сабактардын калдыктары менен калтырат. Саранчалар суткасына 120 км максималдуу ылдамдыкка жетип, конбой эле чоң аралыктарды уча алышат.

Математикалык сабаттуулук (5-класс)

Тапшырмалардын мүнөздөмөлөрү жана баалоо системасы

 

Тапшырма  1. САРАНЧА.
Тапшырманын мүнөздөмөлөрү:

•          Баалоонун мазмуну: саны•          Компетенттүүлүккө баа берүү чөйрөсү: турмуш-тиричиликте колдонуу•          Контекст: илимий•          Кыйынчылык деңгээли: төмөн•          Жооптун форматы: кыска жооп •          Баалоо объекти: бир кадам менен эсептөө маселесин чечүү, эки булактан маалыматтарды тандоо (абалдын жана тапшырманын шарттарынын сүрөттөлүшү).•          Максималдуу упай: 1•          Текшерүү ыкмасы: программалык

Баалоонун системасы:
Упай Мазмуну
138.  жооп берсе
0Башка жооп берилсе. Жооп жок болсо.

 

 

 

Тапшырма 2. САРАНЧА.
Тапшырманын мүнөздөмөлөрү:

•          Баалоонун мазмуну: саны•          Компетенттүүлүккө баа берүү чөйрөсү: турмуш-тиричиликте колдонуу•          Контекст: илимий•          Кыйынчылык деңгээли: орто•          Жооптун форматы: бир нече жоопту тандоо•          Баалоо объекти: эсептөө маселесин чечүү жолун 2-3 кадам менен пландаштыруу, тексттен маалымат алуу, сандык туюнтманы түзүү, чечүүнүн бир нече варианттарын салыштыруу, эки чечимди табуу•          Максималдуу упай: 2•          Текшерүү ыкмасы: программалык

Баалоонун системасы:
Упай              Мазмуну
2 2 [(28 ∙ 20) – (25∙ 20)], 3 [(28 – 25) ∙ 20)] жообу берилсе.
12 же 3. Эки жооптун бирөө берилсе
0Башка жооп берилсе. Жооп жок болсо.

 

 

 

 

 

Тапшырма 3. САРАНЧА.
Тапшырманын мүнөздөмөлөрү:

•          Баалоонун мазмуну: өзгөртүү жана көз карандылык•          Компетенттүүлүккө баа берүү чөйрөсү: турмуш-тиричиликте колдонуу•          Контекст: илимий•          Кыйынчылык деңгээли: жогорку•          Жооптун форматы: бир нече тандоо жана түшүндүрүү менен татаал тапшырма•          Баалоо объекти: сөздүн чындыгын текшерүү, кыймылдын чоңдуктарынын ортосундагы байланыштарды колдонуу, ылдамдыктын стандарттуу эмес бирдиктери менен иштөө, калдыкка бөлүү жана натыйжаны кырдаалдын маанисине жараша чечмелөө•          Максималдуу упай: 2•          Текшерүү ыкмасы: эксперттик

Баалоонун ситемасы:
Упай                     Мазмуну
21) “Ооба” деп жооп берсе, эсеби чыккан болсо «400 : 120 = 3 (40 калдык), 3 күн жана 40 км калды деп жооп берсе.

2)400 : 120 = 3 (40 калдык), 40 кичине 120, демек, Максатын айтканы туура, кошулам.

3)120 х 4 = 480 км, демек, 400 чакырым аралыкты эң жогорку ылдамдыкта учса, конбой басып өтүү үчүн 4 күнгө жетпеген убакыт керек.

1“Ооба” деген жооп, түшүндүрмөсү толук эмес. Жообу 4 күн болсо.
0Башка жооп берилсе. Жооп жок болсо.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер