Математикалык мелдеш

  • 18.02.2024
  • 0
Математикалык мелдеш

9-класс

1-тапшырма: өзүн-өзү тааныштыруу;

2-тапшырма: сандарды ордунан жылдырбай туруп, амалдардын белгилерин жана кашааларды колдонуп жоопторду чыгаргыла;

3-тапшырма: математикалык фокус;

4-тапшырма: тапкычтар оюну;

5-тапшырма: топ башчыларынын мелдеши;

6-тапшырма: үн кубултуп окуу;

7-тапшырма: машыгуу;

8-тапшырма: макал-лакап айтышуу; 

9-тапшырма: жыйынтык чыгаруу.

Максаты:

1) Окуучулардын математика илимине болгон кызыгуусун арттыруу;

2) Окуучулардын математика илими боюнча алган билимдерин күндөлүк турмушта пайдалана билүүгө тарбиялоо;

3) Математика боюнча алган илимдерин тереңдетүү;

Математикалык мелдеш

Саламдашуу, өзүн-өзү тааныштыруу

“Пифагор” тобу, “Архимед” тобу (эки топко окуучулар тандалат)

Алина: Салам айтам аска-зоонун мөңгүсү болуп,

Салам айтам Сары-Челек көлү болуп.

Салам айтам комузумдун күүсү болуп,

Салам айтам Жаңы-Ачынын кызы болуп.

Жүрөгүмдө туйлаган кыргыз каны,

Өзөгүмдө ойногон кыргыз жаны,

Төрөлгөндө оозанган Манас менен,

Кирип келдим ортого салам менен.

Айтолкун: Жараткан сүйлөгөнгө жөндөм берип,

Бажырашып жүргүлө десе керек.

А бирок эң алгач сөздүн башын,

Амандашып алгыла десе керек.

Саламдашып баштайын сөздүн башын,

Кантип бузам бабалардын калган салтын.

Баш ийип таазим кылам мен сиздерге,

Ассалоому алейкум деп айтайын.

Дайырбек: Зал ичинде отурган,

Замандаштар аманбы?

Калыстыгы таш жарган,

Калыстар тобу аманбы?

Көрүүгө келген ашыгып,

Күйөрмандар аманбы?

Мирбек: Салам айтам Ала-Тоонун кыры болуп,

Салам айтам Ысык-Көлдүн куусу болуп.

Салам айтам жамгырымдын суусу болуп,

Салам айтам кыргызымдын уулу болуп.

Бурулай: Ак шумкардай учкум келет алыстарга,

Жигит дайым жараш керек намыстарга.

Акыл калчап алыс бол деп жамандардан,

Салам айтам алдыдагы калыстарга.

Кызбурак: Салам менен башталат биздин мелдеш,

Саламсыз өтпөйт го эч бир мелдеш.

Жалындуу салам берем мен сиздерге,

Мында отурган урматтуу кыргыз элиме.

Гулиза: Бербейт деп бизге саламды,

Бекерге бузба санааңды.

Ар кайсы ишке талпынган,

Атаандаштар аманбы?

Клара: Асмандагы ай сымал,

Акырын басып келейин.

Издөө салган калкыма,

Ийилип салам берейин.

Топ башчысы Нурзат:

Пифагор Самосский б.з.ч. 570-500-жылдары жашап өткөн байыркы грек ойчулу, саясий ишмер. Поликраттын катаал бийлигине нааразы болгон Пифагор өзү туулуп өскөн Самос аралынан кеткен. Италиянын Кротон шаарын байыр алып, өзүнүн жолун жолдоочулардын мектебин түзгөн. Пифагор сандардын закон ченемдерин көбүрөөк изилдеген. Жеткилең сандарды, ымалалаш сандарды табышкан. Пифагор биринчи болуп математикага так жана жуп, жөнөкөй жана курама сандар түшүнүгүн киргизген. Жеткилең сандар: 6, 28, 496, 8128 ж.б., ымалалаш сандар: 220 жана 284.

Топ башчысы Бурулай: Архимед б.з.ч. 287-212-жылдар аралыгында Сицилия аралы, Сиракуза шаарында туулган. Байыркы грек ойчулу, математик, механик жана астроном болгон. Архимед винти деп айтылуучу суу көтөргүч механизмин ойлоп тапкан. Беттердин аянттарын, ар кандай нерселердин, фигуралардын көлөмдөрүн табуу усулдарын өркүндөткөн. Тегеректин аянтын, аскер машинасын ойлоп тапкан. П санын жогорку тактыкта эсептеген.

Сандарды ордунан жылдырбай туруп, амалдардын белгилерин жана кашааларды колдонуп жоопторду чыгаргыла:

1.5555=6

2.5555=7

3.5555=30

4.5555=3

5.5555=4

Кезеги менен ар топтон бирден окуучу чыгып тапшырманы аткарат. 

Математикалык фокус:

Мисалы: а) 71, 7+1=8 71*11= 781 чыгат

б) 79,  7+9=16   1+7=8   79*11= 869 болот.

2) Эч нерсе сурабастан санды табуу. Мисалы: 648, 846, 846-648=198,    198+891=1089.

3) 1ден 10го чейинки санды ойлойсуң. Мисалы: 6, 6+5=11, 11*3=33, 33-15=18 ______ 18ди айтат. 18:3=6 ойлогон санды табасың.

Тапкычтар оюну: 30 секунд ичинде ким көп сан табат?

Ар бир топтон бирден окуучу чыгып, алып баруучунун айткан сандарын эстеп калып 30 секунд ичинде жазышы керек. Ким көп сан тапса, ошол окуучу жеңүүчү болот.

Мисалы: 2,5,8,11,14,17,20,23,27,30,33,36,39,42 ж.б. 

Топ башчыларынын мелдеши: Алып баруучу кезеги менен топ башчыларына суроо берет. Калыстар тобу жыйынтык чыгарат.

Суроолор:

  1. Келе жатып издеп булак, эки эчки, үч эсе көп улак. Аларда бар канча кулак, канча туяк?
  2. Ааламда бардык нерсенин аты бар, бир гана нерсенин аты жок. Ал эмне?
  3. Эки сугатчы 60 га  жерди сугарды. Биринчи сугатчы бардык жердин үчтөн экисин сугарса, экинчи сугатчы канча га жер сугарды?
  4. Эки катыштын барабардыгы эмне деп аталат?
  5. Белгисизди кармаган барабардыкты эмне деп атайбыз?
  6. Математика акылды иретке келтирет деп ким айткан?
  7. Далилдөөнү талап кылбаган сүйлөм эмне деп аталат?
  8. Бурчту тең экиге бөлгөн шоола эмне деп аталат?
  9. КР президенти ким?
  10. КР Министрлер кабинетинин төрагасы ким?
  11. Кайсы эки сандын суммасы, көбөйтүндүсү барабар?
  12. Сен жана мен, мен жана сен. Биз канчоо болдук?
  13. Сууда өнөт, сууда өсөт, сууда бышат. Ал эмне?
  14. ”Келбе” десең келип алат, “кетпе” десе кетип калат. Бул эмне?
  15. Бул нерсе сиздики. Сизге караганда башкалар көп колдонушат.
  16. Мен суумун жана сууда жашаймын. Мен эмнемин?
  17. Бул нерсе ар дайым көбөйөт, азайбайт. Ал эмне?
  18. Бөлүүдөн ашып калган сан?
  19. 282 саны 4кө бөлүнөбү?
  20. Айлананын канча кыры бар?

Сүйлөм түзүп, окуп бергиле (текст берилет, уланып жазылган тыныш белгилери жок. Сүйлөм түзгүлө)

  1. Эч качан жыгылбаган адам улуу эмес, жыгылып туруп кеткен адам улуу.
  2. Математиканы терең урматтайм, анткени жаратылыш математиканын тили менен сүйлөйт.
  3. Математика илимдердин эң байыркысы, ошол эле мезгилде эң жаш илим болуп калат.
  4. Илим математиканы пайдаланганда гана өркүндөй алат.
  5. Ар бир илимде канча математика болсо ошончо чындык бар.
  6. Жаттап келип алган семиз бешке караганда мээсин иштетүү менен алган арык үч артык.
  7. Бакыт бул сени түшүнүшкөндө, чоң бакыт бул сени жакшы көрүшкөндө, чыныгы бакыт качан сен өзүңдү сүйгөндө болот.
  8. Билимге үч жол алып барат: ой жүгүртүү жолу эң асыл жол, башкаларды тууроо жолу бул эң оңой жол жана тажрыйба жолу бул эң азаптуу жол.
  9. Иштин жан дүйнөңө жакканын танда, ошондо сен өмүр бою бир күн да иштебейсиң.
  10. Арифметика математика илимдеринин падышасы.

Машыгуу (топтор алып баруучунун тапшырмасын аткарат)

  1. 1 метр узундуктагы жипти (лентаны) кесүү;
  2. Бир нече буюмдардын ичинен 1 кг салмактагы буюмду табуу;
  3. Көрсөтүлгөн китептеги бетти аныктоо;
  4. 1 мүнөт убакыттын узактыгын табуу.

Сандар катышкан макал-лакаптарды айтуу

(“Пифагор” тобунун макалдары)

  1. Атадан алтоо болсо да, бир жалгыздык башта бар.
  2. Кызга кырк үйдөн тыюу;
  3. Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы;
  4. Айла алтоо, акыл жетөө;
  5. Азамат бир сырдуу, миң кырдуу болот;
  6. Бир конгон жериңе, миң жолу салам айт;
  7. Жети баштуу ажыдаардан коркпо, эки жүздүү адамдан корк;
  8. Акылдуу миң азаптан кутулат, акылсыз бир азапка тутулат;
  9. Кыңыр иш кырк жылда билинет;
  10. Миң уккандан бир көргөн артык.

Архимед” тобунун макал-лакаптары:

  1. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат;
  2. Жети өлчөп, бир кес;
  3. Бир ата отуз уулду багат, отуз уул бир атаны бага албайт;
  4. Баатыр бир өлөт, коркок миң өлөт;
  5. Беш кол тең эмес;
  6. Алты ай таптасаң да, карганын иши карга;
  7. Ар адамда миң кыял, ал кыялды ким тыяр;
  8. Ат баспаган жерин миң басат;
  9. Айдын он беши жарык, он беши караңгы;
  10. Ата-эне берген тарбиядан, турмуш берген тарбия он эсе артык;

Жыйынтык чыгаруу (калыстар тобу жыйынтык чыгарат, жеңүүчүлөргө грамоталар, баалуу сыйлыктар берилет).

Математикалык мелдешМахамат Примкулов, Сузак районунун №83  З. Жамашев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин математика мугалими, Эл агартуунун отличниги

Бөлүшүү

Комментарийлер