Математика жана поэзия

  • 21.04.2024
  • 0
Математика жана поэзия

Иш-чаранын максаты:

  • Ата-бабалардан кылымдан-кылымга уланып келе жаткан нарктын, каада-салттын элементтерин колдонууга үйрөнүшөт.
  • Өз алдынча ойлоно билүү жөндөмдөрү, бири-бирин угуп, талдай билүү ыкмалары калыптанат. Математика сабагына кызыгуусу артат.
  • Кепти тыңдап, талдап, өз оюн ачык айтууга тарбияланышат.

Иш-чаранын формасы: Сармерден.

Колдонуучу материалдар:

  • Математикалык ырлар,
  • Математикалык тамсил,
  • Математикалык табышмактар,
  • Математикалык акыйнектер,
  • Математикалык түшүнүктөр, сын өлчөмдөр катышкан макал-лакаптар.

Иш-чаранын жүрүшү:

I  Алып баруучулар:

Жалпы: Саламатсыздарбы!

Бала: Арыбаңыздар, арыбаңыздар, уюткулуу  улуу элимдин урпактары болгон урматтуу коноктор!

Кыз: Арыбаңыздар, өзгөчө өнөр тапкан, өнтөлөп аны баккан. Урпактарым  бийик болсун деп, жан дили менен иштеп жаткан агай-эжейлерим жана калыстар тобу!

Чогуу:  КОШ КЕЛИҢИЗДЕР!

Бала: Сизге жаккан шайыр кыз, анан да бизге жаккан.

Кыз: Миң өнөрдүн түрү баткан,

Кылымдарга уланып келе жаткан,

Кыз-жигиттин САРМЕРДЕНин баштайлы.

Бала: Арыбагыла,

Жаз күнүндөй жаркыган,

Жыпар жыты аңкыган,

Кадамынан гүл өнүп,

Наз күлкүсү арбыган.

Ааламга  шаттык жараткан

Шайыр кыздар!

Кыз: Бар болгула, намысты жатка бербеген,

Жакшы окуп эрденген.

Жигиттиктин санатын,

Дөөлөтүн да теңдеген,

Сөөлөттүү шайыр жигиттер!

Бүгүнкү сармерден өзгөчө сармерден, анткени ал

Бала: “Математика жана поэзия” аттуу математикалык сармерден.

Кыз: Кызыктырып каратып,

Жагымдуу маанай жаратып.

Шааниси мына башталды,

Сармерден бизге жарашып.

Бала: Бир жагымда шайыр кыздар,

Бир жагымда жигиттер,

Командалар отурат,

Көңүлдү шаңга толтурат.

Жалпы хор ырдашат:

Жакшылык, өмүр тилеп биз сиздерге,

Тартуулап өнөр келдик биз бул жерге.

Курбулар, теңтуш балдар, эже-агайлар,

Ийилип салам айттык биз сиздерге.

 

Илимдин падышасы – математика,

Илимдин ханышасы – математика.

Тактыкка үйрөнөбүз бул сабакта,

Турмуштун өзү эле – математика.

 

Турмушта саноо, ченөө, эсептөө бар,

Жети өлчөп бир кес деп элим айтар.

Сабакта үйрөнөбүз биз тактыкка,

Жашоонун өзү эле  —  математика.

Математика жана поэзия

II алып барчулар:

Кыз: «Жакшы сүйлөгөн адабият, жаман сүйлөгөн маданият» деген сөз бар элибизде.

Бала:  “Акын сыяктуу кыялданбаган адам математик боло албайт” дегендей, алгачкы кезекти  акындардын айтышына берели (акындар чыгышат).

Акын бала: “Абалтан кыздын аты улук,

Кыргызда кыздын чачы улук,

Кызыгын көрбөйт дүйнөнүн,

Кыз сыйлабас макулук” – дейт эмеспи,

Айтышты кыздар башташсын.

Акын кыз: Рахмат, сыйыңарга сый,  сыр аякка бал.

Арыбаңыздар, коноктор!

Сиздерге салам айтамын

Көңүлдөрдү шат  кылган,

Сөз уңгусун тандаймын.

Кара кылды как жарган,

Калыстык менен башкарган.

Мында отурган калыстар

Сиздерге бизден чоң САЛАМ!

 

Кыз, жигитке дем берген,

Кызыктуу оюн сармерден.

Кыздарды бүгүн жеңем деп,

Жигиттер келди бул жерге.

 

Жеңиш үчүн келдик деп,

Жеңерман кыздар отурат.

Чымчып, чымчып сүйлөгөн,

Чыгаан кыздар отурат.

 

Өзөктүү ойду ойлогон,

Өнөрлүү кыздар отурат.

Жеңилип, ыйлап калбагын,

Ай бала,  кетип калчы батыраак,

Акын бала көрдүм деп

Мен кыздарга айтпаймын.

 

Сармерденде отурган,

Жигиттерди карадым.

Ар бириңе чоң салам,

Кыздардан деп арнаймын.

Айтып көрчү классташ,

Эми саламыңды байкаймын.

 

Акын бала: Ассалому алейкум!

Алгач саламдашып алайын,

Алик алсаң баарыңар,

Анан абалымды айтайын.

 

Уялып араң турамын,

Айта албай санаамды.

Уруксат болсо айтамын,

Өзүмдө болгон чаманы.

Сайратып сенин тилиңди,

Баятан бери тыңдадым.

Мактанып айткан сөзүңдү,

Баятан бери сындадым.

 

Дагы сайрай түшсүн деп,

Жолтоолук да кылбадым.

Чымчып, чымчып сүйлөгөн

Кыздар келсе бул жерге

Көп нерсеге жөндөмдүү,

Чыдамкай балдар бул жерде.

 

Пифагор берген осуят,

Теорема болуп айтылат.

Теореманы далилдеп,

Жигиттер мында отурат.

 

Обонго обон уланып,

Отургандар кубанып,

Эми сөздү бүтөйүн,

Кезегин сенден күтөйүн.

Акын кыз:   Өйдө-төмөн айтышпай,

Акыл-эсти жыялы.

Акын бала:  Эжейлер айткан ынтымак,

Ыйманга кызмат кылалы.

Акын кыз:  Билим алып талыкпай,

Бийиктикке жетели.

Акын бала:  Башкага берип кезекти,

Экөөбүз эми кетели. 

III алып баруучулар:

Кыз:   Сүйлө деп бизге дем берген,

Кыргыз эл баалап сын берген.

Бала: Кыз-жигитти чогулткан,

Кызыктуу оюн сармерден.

Кыз: Азыркы кезек математикалык тамсилде, алгач балдардын тамсилин угалы.

 Тамсил 1:

Санак бирден башталат эмеспи, ошондуктан тамсилибиз бир саны жөнүндө.

-“Бир” саны бир күнү ойлонуп отуруптур,

Чоңойгусу келди.

Оңду карады,

Солду карады.

Сандардын тизилип турганын көрдү,

Бир капталындагы сандар өз үйүрү экенин көрүп, аларга тийишкиси келбеди.

Экинчи жагын карады, адегенде эле “0дү”  көрдү. Бөлөк экенин билип, аны жеди, бирок эч нерсе өзгөрбөдү.

Ары өтүп “-1” ге келди.

Ай-буйга келтирбей аны жеди.

Көзү жамандыкты көрбөсүн,

Жок болуп кете жаздады.

Жандалбай уруп оозунан бүркүп таштады.

-Өх,- деп демин басып  “-2ге” келди.

Карап турбастан аны жеди.

Чоңоймок тургай 2ге кичирейди.

Капырай, бул эмнеси деп таң калып,

“-3тү” жеп көрсөмбү деп, аны жеди.

Анын шаштысы кетип, ого бетер кичирейди.

Ойлонуп көрүп, биротоло “чоңураагын” жеп көргүсү келди.

Ары өтүп “-200гө” жулунду,

Ага кошуп, “-1000ди”  сугунду.

Көзү караңгылап, башы айланды.

“1” деген чоң сан эле,

“-1204”  деген терс санга айланды.

Мүйүздүү болом деп кулагынан айрылды,

Кудайга шүгүр кылбаган болгонунан айрылды.

«Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт» деген макал бекеринен айтылбаса керек.

Тамсил 2:

Балдардын тамсилине жооп кылып. Биз да “1” жөнүндө тамсил айтабыз.

“1” сандардын кеңешмесине келди,

Ал жерден берекелүү “10ду”  көрдү.

Ах, чиркин ай, эптеп-септеп “0дү”  таап,

Мен дагы берекелүү болсом деди,

Нары барды, бери келди.

Кайдан-жайдан  “0дү”  таап,

Эми берекелүү болом деди.

“0дү” алдына коюп, мактанып,

Бүт сандарга туруп берди.

Негедир “1дин”  дагы эле жаны тынбады.

“10го”  ичи тарыды, анын берекелүү турпаты “1дин”  тар дүйнөсүнө сыйбады.

Дагы ойлонду,

“1дин” пас сезимдеринин кыйласы ойгонду.

Төмөн түшүп, жогору чыгып келди.

“0дү” таап, мына эми сонун болдум деди.

Башында ал 1 сом эле,

Эми 1 тыйын болуп чыга келди.

“1дин”  ичи  ого бетер уйгу-туйгу,

Калп эле  “10го”  жетемин деп турду.

“0дүн”  бир нечесин таап, алдына койду,

“Адан” алдады,

“Вдан” уурдады,

“Сны” кармаганча сызга отургузду.

Баарына кыянаттык кылып турду.

Башында ал “1” эле,

Эми  0,000 000 001 болуп калды.

Ошентип, “1” шок болду,

Жүрө-жүрө жок болду.

Кыргыздарда бекеринен айтылбаса керек,

Ичи тарга  — дүйнө тар,

Ичи кеңге  — дүйнө кең.

Адам пейилине жараша табат,

Кең пейилдүү кемибейт,

Тар пейилдүү жарыбайт.

IV алып баруучулар:

Бала:   Сүйлөтүп бизге дем берген,

Сүйлө деп кудай тил берген.

Кыз:    Чечендин баарын чогулткан,

Чеги жок биздин сармерден.

Бала: Анда эмесе жаңылмач айтуу кезегине өтөлү.

Кыздар 3, балдар 3  жаңылмач айтышат.

Кыз: Музыкалык тыныгуу: Акылай ырдайт (Кыргызстан жөнүндө).

V алып баруучулар:

Бала:   Эр Манастын урпактары, уулдары,

Эл мүдөөсүн камсыз кылып турганы.

Кыз:    Кыйын кезең, кыйналышта жол тапкан,

Кылым кечкен кыргызымдын уулдары.

Азыр кезек табышмактарда.

Балдар 4, кыздар 4 табышмак айтышат.

VI алып баруучулар:

Бала:  Акыйлашып көп кыздар,

Таң атканча ырдашат.

Жеңе албай бири-бирин,

Аягында чырдашат.

Кыз:    Кабылгандын катыгын беребиз,

Ыргагынан жанбаган ырга кезек берели.

Кыраатынан жанбаган акыйнекке кезек берели.

Келгиле, акыйнек айтышып көрөлү. 

VII алып баруучулар: 

Бала:   Ар бир элдин өзүнчө

Нарк, намысы, акылы,

Бабалардын окуусу

Жаштардын болот байлыгы. 

Кыз:   Математикалык мыйзам ченемдүүлүктөр менен макал-лакаптардагы параллелдүүлүктөргө кезек келип жетти.

(+)  (+) = (+)

  • Жакшы адамдан дос күтсөң, жетесиң мураска.
  • Жолдошуң уста болсо, нар кескенин аласың.
  • Эки жакшы тоого чыкса кудалашып түшөт.
  • Досуңдун досу — сага дос.

(+) (-) = (-)

  • Жолдошуң ууру болсо, бир балээге каласың.
  • Жакшыдан жаман туулса, чыгаша.
  • Досуңдун касы – сага да кас.

(-) (+) = (-)

  • Калп айтып пайда тапсаң, калаарсың уятка.
  • Жамандыкка жакшылык, эр адамдын кылары.
  • Бабаларыбыз тынчтыкты сүйгөн, Согуштан тынчтык — дурус деп билген.
  • Касыңдын досу – сага кас.

(-) (-) = (+)

  •  Жамандыкка жамандык ар адамдын колунан келет.
  • Жаман атадан жакшы уул туулушу мүмкүн.
  • Касыңдын касы сага дос.

 Алып баруучулар:

Бала:   Тойду баштайт жарчылар,

Топтуу жерде баркы бар.

Макалдатып сүйлөгөн

Сармердендин салты бар.

Кыз:    Макалдатып сүйлөөнү

Математикалык түшүнүктөр,

Сан өлчөмдөр катышкан

Макал-лакаптар менен уланталы.

Макал-лакаптар айтышуу.

VIII алып баруучулар:

Бала: Жакында алп жазуучубуз Ч. Айтматовдун 95 жылдыгын белгиледик. Ошондуктан С. Бейшекеевдин улуу жазуучунун чыгармаларын камтыган ырды аткарабыз (хор ырдашат).

Кыз:    Улуунун сөзүн угалы

Урпактар сөзгө туралы.

Бала:    Кыз-жигиттен сармерден

Кылымдар калсын уланып.

Азыркы сөз калыстар тобуна берилет.

Кыз:    Жашообузга шаң берген

Кыз-жигиттин сармерден.

Бала:   Карып барат сапары

Калыстар сындап, баа берген.

Кыз:    Ушуну менен сармерден соңуна жетти.

Бала:   Саламатта болуңуздар.

Жаркынбүбү Оморова, №1 Ч.Айтматов атындагы Новопавловка инновациялык окуу-тарбия комплекс-лицейинин математика мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер