Машина тигиштери. Машина менен иш аткарууга коюлуучу талаптар

  • 24.05.2024
  • 0
Машина тигиштери. Машина менен иш аткарууга коюлуучу талаптар

Технология сабагы, 5-класс

Машина тигиштери. Машина менен иш аткарууга коюлуучу талаптар

Сабактын тиби: Интерактивдүү.

Сабакта колдонулуучу усулдар: Топ менен иштөө, “Акыл чабуулу”, “Mix-Freeze-Group” (аралашуу-катып калуу-группа), “АЖППОК”, “Алты шляпа методу”.

Жабдылышы: Окуу китеби, кездеме (материал), кийиз (А-4 кагазы, ватман, маркер ж.б.).

Мугалимдин иш-аракети: Саламдашуу. Класстын, окуучулардын даярдыгына көз жүгуртүү. Mix-Freeze-Group (Аралашуу-катып калуу-группа) сингапурдук  ыкмада жагымдуу маанай түзүү жана топторго бөлүп алуу.

Үй тапшырмасы боюнча суроолор берилет.

1-топ: Тигүүчү машинанын түрлөрү.

 2-топ: Тигүүчү машинанын негизги түйүндөрү.

3-топ: Тигүүчү машинаны ишке даярдоо жана коопсуз иштөө эрежеси. Топтордун иштөөсүнө көз салат. Окуучулардын жоопторун жалпылайт, корутундулайт.

  • Кездеменин тетиктерин белгилүү абалда бүктөп, жип менен кайып тигип бириктиргенде тигиш пайда болот. Кайып тигиштен калган жолчолор тигиш деп аталат.
  • ТИГИШТИН СЫРТКЫ КӨРҮНҮШҮ ЖАНА САПАТЫ

кездеме энинин калың, жукалыгына жана тигиштердин жыштык аралыгына, ошондой эле ийненин жана жиптин номурларына жараша жүргүзүлөт. Тигиштер төмөнкүчө айырмаланышат: бириктирүүчү тигиш, четки тигиш, жасалгалоочу тигиш.

1. Бириктирүүчү тигиштер тигилүүчү буюмдун деталдарын бириктирип бекитет. Бириктирүүчү тигиштерди кийимдин ийин жана каптал жактарында колдонулат.

2. Четки тигиш деталдардын кесиктерин ыдырап кетүүдөн сактоо жана тиликтин четтерин жасалгалоо үчүн колдонулат. Четки тигиштин түрлөрү  экиге бөлүнөт: Ачык кесик менен бүктөлгөн тигиш жана жабык кесик менен бүктөлгөн тигиш болуп.

3. Жасалгалоочу тигиш буюмдарды бүтүндөй жасалгалоо үчүн колдонулат.

Тигиш деген сөзгө “АЖППОК” түзүү.

1. Аты?

2. Келип чыгышы?

3. Белгиси?

4. Өңү?

5. Көлөмү?

6. Өлчөмү?

7. Айырмасы?

Жыйынтыктоо: “Алты шляпа методу”

Машина тигиштери. Машина менен иш аткарууга коюлуучу талаптар

Баалоо: Сабактын көрсөткүчтөрүнүн негизинде калыптандыруучу баалоо колдонулат.

Үй тапшырма: Бириктирүүчү, четки, жасалгалоочу тигиштерди пайдаланып белек салуучу баштыкча даярдоо.

Машина тигиштери. Машина менен иш аткарууга коюлуучу талаптарАлмамат кызы Кумаргүл, М.Баетов атындагы  орто мектебинин технология мугалими, Мурас айылы, Лейлек району, Баткен облусу.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер