ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ — БИЛИМДҮҮ ЖАШТАРДЫН КОЛУНДА

  • 26.01.2021
  • 0
ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ — БИЛИМДҮҮ ЖАШТАРДЫН КОЛУНДА

Жоошбай кызы Бегимай – “Кыргызстандын 40 жылдыгы”

орто мектебинин башталгыч класс мугалими.

Баткен облусу, Лейлек району

                                                                   Интернационал айылы

Сабактын максаты:

  1. Окуучулардын жашоодо билимдин, өнөрдүн баалуулугу жөнүндөгү калыптанган түшүнүктөрү тереңдейт;
  2. Билим алуу, өнөр үйрөнүү, кесип тандоо жөнүндө өз алдынча изилдөөгө,билүүгө аракеттенишет, кызыгуулары жаралат;
  3. Илим-билимге, кесип аркылуу өлкөгө салым кошууга болгон сезимдерине таасир этилет;

Көрсөткүчтөр. Сабак максатына жеткен болуп эсептелет, эгерде:

  1. Окуучулардын илим-билимдин, өнөрдүн баалуулугу жөнүндөгү түшүнүктөрү тереңдесе
  2. Окуучулар билим алууга, кесип, өнөр үйрөнүүгө кызыгышып, өз алдынча билүүгө аракеттенишсе
  3. Өз өлкөсүн келечекте өнүгүшү үчүн илим-билим аркылуу салым кошуусу зарыл экенин сезишсе

Колдонулуучу ресурстар:

  1. Райондук БББ 6 багыты
  2. Сабактын девизи: Китеп — билим булагы,

Билим – өнөр чырагы

  1. Манастын ” 7 осуятынан Арыбас мээнет, арыбас өнөр – билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу
  2. Маркер, скотч, ватман, желим, ж.б.
  3. Слайдда сүрөттөр, сөздөр.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу, материалдык, моралдык,

психологиялык шарт түзүү.

Кириш сөз:   Биз жакшы билим алсак, пайдалуу өнөр үйрөнсөк, эмгекчил, намыскөй, мекенчил инсан болсок – ошондо  биз чындыгында өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошо алабыз.

6 – багыт: биринчиси өлкө келечеги илим – билимдүү жаштардын колунда. Силер, биздин мектептин окуучулары жакшы окуса, билимдүү болуп, жакшы кесиптин ээси болсо, зарыл өнөрдүн ээси болсо ал сөзсүз өзүн да, үй – бүлөсүн да, өлкөнү да өнүктүрөт.

Биздин өлкөбүздүн негизги күчү – илим-билимдүү жаштар. Демек адам фактору – бул келечекти кура турган башкы күч экен да. Адам фактору деген – бул силер балдар.

  1. Өнөр жөнүндө айтып калдык. Демек бул – кесип. Азыр “чынжыр” оюнун (көнүгүүсүн) аткарабыз. (Окуучулар өз ысымынын баш тамгасы менен башталган кесиптерди аташат) Азамат – адвокат, Эмилбек – экономист, эсепчи, Данагул – дарыгер, Айдар – айдоочу, Шарипа – швеядагы чебер (тигүүчү), Медербек – милиция, Бактыгул – бал аарычы, Болот – бизнесмен, Уулкан – учкуч (Терешковадай), Жамила  — журналист, Эсенаалы – электрик, Тыныбек – токар, Салимбек – слесарь, Шамши – шахтёр, Фарида – финансист, Таалай – томожник, Даркан – дизайнер, Дастан – дыйкан
  2. Өнөр – “өн” – деген буйрук этиштен келип чыгат. Демек өнүк, өс, өркүндө, “өр” – деген сөз өрдө, өркүндөөр деген маанини берет.           Мына жергебизге жаз келди. Эл үчүн кам көргөн дыйкандар…. Баба дыйкандын ниети: “Муну чачтым уучтап, жылуу жерден орун тап”. Бир дандан орто эсеп менен беш сабак чыгат, башкача айтканда беш машак, буудайдын башын кармап, 36–52=200-250 дөн дан пайда болот. Мына “өн” деген ошол, өнүп-өсүп, биздин дасторконубузду байытып, өнүктүрөт. Балдар өнөр, эмгекчилдик, мээнеткетик, билимдуулук, жөнүндө элибизде көптөгөн макалдар, учкул сөздөр бар эмеспи. Азыр ушул билим, өнөр боюнча макал айтышуу конкурсуна парталар боюнча өткөрөбүз. (Ыр кесе сыяктуу узатышат)

“Акыл айга жеткирет, өнөр көккө жеткирет”

“Өнөрлүү өлбөйт”

“Адам иште чыналат, болот отто чыналат”

“Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат”

“Өнөр алды кызыл тил”

“Эл ичи өнөр кенчи”

“Устаттан шакирт өтүптүр”

“Билимге умтулуу бийиктик”

“Китеп – акыл казынасы” ж.б.

  1. Жогоруда биз айткан евро уста, автомашина усталары, компьютердик техник. ж.б. адистиктердей сыяктуу эле  мурда элдик өнөрлөр да болгон. М: саяпкердик, мүнүшкөрлүк , комузчу, узчулук , теричилик , өрмөчүлүк, оймочу, саймачы, зергерчилик – бул элдик өнөр деп аталат. Аларды да өркүндөтүү керек.
  2. Силер чоң класска барганда тарых сабагынан Чыңгызхан – Монгол ханы, Улуу Ата Мекендик согушта бизге кол салган Гитлер жөнүндө окуйсуңар. Алар экөө тең дүйнөнү басып алууну, бардык элдерди кул кылууну көздөгөн. Бирок алар да өнөрдүн улуулугун баалашкан экен.
  3.   Чыңгыз хан: “Сен менин душманымсын, сенин өнөрүн менин досум” деп айткан экен колго түшкөн туткундарга. (М: темир уста, жыгач уста, акын-жазуучу, төлгөчүлөрдү, ж.б.)
  4. Гитлер фашисттик Концлагерде кыйноо тарткандардын ичинен өнөрлүүлөрдү өлтүрбөй өз өлкөсүнө пайдаланган экен. (ширетүүчү, токар, электрик, айдоочу)
  5. Биздин класста да билимдүү, өнөрлүү, улуу кесип ээлери олтурасыңар. Мен силерден келечектеги окумуштуу, мугалим, врач, космонавт, депутат, КР Президентин көрүп турам. Келгиле силер да ким болууну каалайсыңар, ошол өзүңөр каалаган кесип боюнча ыр жаттап келгиле дегенмин, кара сөз түрүндө айтсаңар да болот, ошолорду угалы. (Балдар бир куплеттен ыр айтышат.)                                                               Көрдүңөрбү, ар бир кесип ардактуу демекчи, силер келечекти өзүңөр сүйгөн кесип аркылуу өлкөбүздү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына көтөргөн патриот, атуул болосуңар деп ишенем.
  6. Биз илим, билимдүүлүк, кесип жөнүндө канчалык түшүндүрсөк, өзүбүздү сынап текшерүү үчүн (рефлекция, кайтарыш байланыш) синквейн аткарып көрөлүчү. Синквейнде биз топтор менен иштейбиз. Үч топко үч ватман, маркер берилет.
1-тайпа2-тайпа3-тайпа
МугалимВетеринарЭнергетик
Билимдүү, сыймыктууЖупуну, жөнөкөйӨнөрлүү, эр жүрөк
Билим берет, тарбия берет, келечекке багыт беретМалды дарылайт, кам көрөт, тазалыкты сактайтГЭСтерди, жарыктандырат, кошумча куч табат
Мугалим мөмөлүү дарак“Врач адамды, ветврач адам – затты сактайт”“Ар бир уйдун сүйүктүү адамы”
Ата – эне , окутуучу, саяпкерВетврач, мал доктурИнжинер, электрик
  1. Жыйынтыктоо:

Биздин сабагыбыздын ураанында жазылып тургандай

“Китеп – билим булагы,

Билим өнөр чырагы”

“Билбегенди билгизген,

Мээге сезим киргизген,

Китеп менин акылым,

Китеп менин жакыным” .

Бардык баалуулук китепте жатат. Китеп биздин эң жакын досубуз. Китептен гана билим ала алабыз, балдар. Ошондуктан, китепти көп окууну өзүбүзгө күндөлүк адатка айландырып алалы. Эгемендүү Кыргыз Республикабыздын мамлекеттик идеологиясы болуп эсептелген “Манастын ” 7 осуятында мындай деп баса белгиленип, насыят берип турат: “Арыбас мээнет, арыбас өнөр билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу”. Мына ушул осуят бугунку сабагыбыздын “Өлкө келечеги балдардын колунда” деген теманы ачык чагылдырып турат. Демек мээнет, эмгекчилдик, өнөр, билим биздин келечегибиз үчүн аба суудай зарыл.

  1. Үйгө тапшырма:

“Ар бир кесип ардактуу” деген темада дил баян жазуу. Мында өзүңөргө жаккан кесип, өнөр жөнүндө, ага жетүү үчүн кайсы сабактарды көбүрөөк окуу керек экенин жазасыңар. Билим, өнөр жөнүндө ырларды, макал – лакаптарды кошуп жазыла. Каалоочулар сүрөт тартсаңар болот.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер