ӨЛБӨС-ӨЧПӨС ЭРДИК

  • 01.09.2022
  • 0
ӨЛБӨС-ӨЧПӨС ЭРДИК

Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгына карата

Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү

Колдонулган методдор:  интерактивдүү окутуунун методдору, ыкмалары

Сабактын жабдылышы: Таркатма материалдар (текст №1 тиркеме), флипчарт-ватман, маркер,  ролик, слайддар ж.б. 

Сабактын жүрүшү

Мугалим: Саламатсыңарбы балдар! (балдарга согуш эпизоду слайд аркылуу көрсөтүлөт). Бул сүрөттөн эмнени байкап жатасыӊар?

Эки-экиден болуп иштеп, графикти толтургула. Сүрөттөн кимдерди, эмнелерди  көрүп жатасыӊар, көрдүм бөлүгүнө, эмнени сезип жатасыӊар сездим бөлүгүнө, эмнелерди уктуӊар уктум бөлүгүнө жазгыла. (5 мүнөт убакыт)

Сездим
Уктум
Көрдүм

Окуучулар жазгандарын окуп, айтып беришет.

ӨЛБӨС-ӨЧПӨС ЭРДИК

— Демек, балдар, бүгүнкү тарбиялык сабагыбыз эмне жөнүндө болот деп ойлойсуӊар?

Биздин бүгүнкү тарбиялык сабагыбыз Улуу Ата Мекендик согуш учурунда көрсөткөн эрдиги бүткүл Союздун ичинде легендага айланган, Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгына арналган «Өлбөс-өчпөс эрдик»  деген темада болмокчу. Бүгүнкү сабакта Ч.Түлөбердиевдин  өмүр баяны, эрдиги жөнүндө кеңири маалымат алабыз жана талдайбыз, өз ойлорубузду айта алабыз.

— Балдар, Эрдик деген сөздү кандай түшүнөсүңөр? Келгиле, кластер түзүп көрөлү.

 Демек, балдар, эрдикти кандай адамдар жасай алышат? Эр жүрөк — коркууну, кайра тартууну билбеген жалтанбас, тайманбас баатырлар жасайт экен. Сүйлөм түзүп көрөлү: Чолпонбай сыяктуу эр жүрөк уулдарыбыз элибиздин сыймыгы болот. Эрдик билекте эмес, жүрөктө ж.б.

Чолпонбай Түлөбердиев жөнүндө эмнени билесиңер? Ал кандай өлбөс-өчпөс эрдик жасаган? (Окуучулардын оюн угат, ойлорун чогуу талдашат.) Анда эмесе, балдар, тереңирээк маалымат алуу үчүн тексттер менен таанышып көрөлү. Алдыбыздагы конверттердин түсүнө карап топторго бөлүнөбүз. (мугалим алдын ала 3 түстөгү конверттерге 3 түрдүү текстти конвертке даярдап, окуучулардын астына коюп коет. Башка жол менен деле 3 топко бөлсө болот).   Ар бир топ текст менен таанышып, өзүнөр каалаган формада (кластер, долбоор ж.б.) презентация даярдайбыз. 15 мүнөт убакыт.

Топтордо иштөө

 1-топ

Чолпонбай Түлөбердиев Талас облусундагы Киров районуна караштуу Чымкент кыштагында 1922-жылы 13-апрелде дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Белгилүү жазуучу Касымалы Жантөшев «Чолпонбай» аңгемесинде болочоктогу баатырдын жайлоодо таңга жуук жарык дүйнөгө келгендигин, Түлөберди атанын асмандагы жаркырап турган Чолпон жылдызын көрүп, наристесине ушул атты ыйгаргандыгын жазат. Ал 11 жашка чыкканда атасынан айрылат. Ошентип болочоктогу баатырдын апасы Суураке төрт баласы менен жалгыз калат.

Жумуштан качпаган мээнеткеч бала. Советтик режим жаңы гана курулуп, бүт өлкөнү оор заман коштоп турган кезде жетим калган үй-бүлөнүн башынан оор мезгилдер өтөт. Кичинекей Чолпонбай апасын кор кылбай багуу үчүн жаштайынан кара жумушка бышып, талаада чоңдор менен теңата иштеп, абдан мээнеткеч болуп чоңоёт. 1933-жылы мектеп босогосун аттаган жаш бала жети жыл билим алат. Сабактарына жакшы көңүл буруп, окуусун татыктуу аяктаган соң колхоздо түрдүү жумуштарда иштей баштайт. Анын замандаштарынын айтымына караганда, Чолпонбай сымбаттуу, куулук-шумдугу жок жигит болгон.

Калктын башына кара түн түшүп, 1941-жылы Улуу Ата Мекендик Согуш башталат. Мекенди коргоо үчүн кыргыз жигиттери майданга аттана баштайт. Чолпонбай Түлөбердиев да ошол эр-азаматтардын катарында 1941-жылы декабрь айында Кызыл Армиянын катарына кошулат. Ошентип 19 жашка толгон жигит кандуу казатка аттанат.

2-топ

Чолпонбай Түлөбердиев баскынчылар менен болгон айыгышкан кармашта – Воронеж облусунун Лескинский районуна караштуу Селявный кыштагын бошотууда болуп көрбөгөндөй эрдик көрсөтөт. Согуш оту алоолонуп турган 1942-жылдын 6-августунда Түлөбердиев Воронеж фронтунун 6-армиясындагы 160-аткычтар дивизиясынын 636-аткычтар полкунун жоокери болчу. Ошол күнү полк Дон дарыясынын бир өйүзүн ээлеп турган. Ал эми дарыянын ары жагындагы Селявный кыштагы душмандын карамагында болчу. Фашисттер кыштактагы 120 метр бийиктиктеги дөңсөөгө тыгыз жайгашып, советтик аскерлерге каршы ок жаадырып, өткөрбөй турушкан. Ошол күнү жогору жактан айылды кандай гана болбосун ээлегиле деген буйрук келет. Аны аткаруу үчүн Чолпонбай он жоокер менен бирге душмандын уюгун көздөй жөнөйт. Советтик аскерлер сууну сүзүп өтүп, каршы жээкке чыгат. Бирок немистердин дөңсөөдө жайгашкан замбиректери тынбай ок чыгарып, алардын жолун торойт. Кыштакты ээлөөнүн жалгыз жолу замбиректер жайгашкан дзотту жок кылуу эле. Ошондо жыйырмага жаңы толгон кыргыз жигити баарын өз колуна алат. Алгач курунан эки граната алып чыгып ок чачкан уюкка ыргытат. Жардыруудан улам замбиректер бир саамга тынчый түшөт. Чолпонбай аларга карай жүгүргөндө оң далысына ок жеп жыгылат. Бирок жарадар болгонуна карабай, бүт күчүн жумшап дзоттун оозун денеси менен басып жыгылат. Анын бул эрдиги душмандын ок атуусун аз убакытка болсо да токтотот. Бирок бул кызыл армиячылар үчүн жетиштүү эле. Алар чабуулга өтүп, дзотту жок кылып, кыштакты ээлешет.

3-топ

Баатырдын сөөгү өзү эрдик менен курман болгон Селявный айылындагы дөңсөөгө коюлган. Аны менен бирге болгон жолдоштору жана командирлери мүрзөгө жыгачтан эстелик коюшуп, «Сага, кыргыз элинин баатырына, түбөлүк даңк! Элдин ишенимдүү уулу Түлөбердиев Ата Мекендин даңкына өзүнүн эрдиги менен өзүн жана элин өлбөс-өчпөс даңкка бөлөдү!» – деп сыя калем менен жазышкан. Ошондой эле анын чөнтөгүнөн гезиттен кыркып алынган М. И. Калининдин сөздөрү табылган. Анда «Өмүр – адам үчүн эң баалуу нерсе, бирок андан кымбаттуу нерсенин урматына өмүр курмандыкка кете турган учурлар да болот экен, ал эми өмүр – өз мамлекетин, улуттук көз каранды эместикти сактоо үчүн курмандыкка чалынат», – деп жазылган.

Чолпонбай Түлөбердиевге көрсөткөн эрдиги үчүн 1943-жылы 4-февралда «Советтер Союзунун Баатыры» деген наам берилген. Андан тышкары, «Кызыл Жылдыз» медалы, Ленин ордени ыйгарылган. Ошол эле учурда азыр баатыр төрөлгөн айыл анын атын алып жүрөт. Кичи мекенинде анын музейи жана окко төшүн тоскон жоокердин эстелиги турат. Андан сырткары, Воронеж облусундагы Селявный жана Киров айылдарында баатырдын эстеликтери орнотулган. Облуска караштуу Нововоронеж шаарындагы жана Селявный менен Давыдовка айылдарындагы мектептерге, Лиски шаарындагы көчөгө аты берилген.

Ар бир топ даярдаган презентацияларын жактоого 5 мүнөттөң убакыт берилет. Топтун иши суроо-жооптор аркылуу толукталып, баа берилип, кол чабуу менен коштолуп турат.

Кайтарым байланыш 5 мүнөт.

— Кандай жаңы маалыматтарды алдыңар?

— Бул теманын баалуулугу эмнеде деп ойлойсуңар?

Жыйынтык: Балдар, бүгүнкү сабакта Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдиги Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхында өзгөчө орунда тура тургандыгын билдик. Чолпонбай Түлөбердиев сыяктуу биздин аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын улуу эрдиктерин эсибизге сактоо жана аны кыргыз элинин өсүп келе жаткан муунуна жеткирүү биздин ыйык милдетибиз. Биз бүгүн тынч заманда жашап жатабыз. Бул үчүн биз арабызда жүргөн ардактуу ардагерлерге жана Согуштан кайтпай калган баатырларга милдеттүүбүз.

Жеңиш күнүнө карата баатырларыбызга таазим кылып, эскерип турабыз. Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевге арналган эстелик жана парк ачылды. Чолпонбай Түлөбердиевдин атында мектептер, кесиптик окуу жайлары, көчөлөр бар. Акын-жазуучулар баатырга арнап, К.Жантөшев, А.Өмүрканов ж.б. чыгармаларын жаратышты.

Эрдигиӊерге таазим!!! Түбөлүк даӊк биздин баатырларга!   Ушул бейпилдикти берген ата-апаларыбызга түбөлүк таазим кылалы деп сабагыбызды аяктайбыз.

Үйгө тапшырма: «Баатыр болуп төрөлбөйт, баатыр жаралат» деген темада өзүңөр каалаган (ыр, сүрөт, аңгеме, эссе, тексттерди жана кошумча матералдарды пайдаланып кроссворд, викторина) түзсөңөр болот.

Эскертүү: Мугалимдер окуучулардын жаш курагына, деңгээлине жана өз материалдарына, чыгармачылыктарына ылайык сабактын болжолдуу үлгү-иштелмесин жана тексттерди жөнөкөйлөтүп же байытып, өзгөртүп кээ бир иш кадамдарды алып таштап өтө беришет.

Сабакты даярдагандар:

Батыркулова А.Б., КББАнын филологиялык

билим берүү лабораториясынын башчысы,

Шабданова М.А., профессор А. Молдокулов атындагы

УИТМЛдин кыргыз тили, адабияты мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер