Кыймыл атоочтордун этишке окшош белгилери

  • 05.04.2024
  • 0
Кыймыл атоочтордун этишке окшош белгилери

7-класс  

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: окуучулар кыймыл атоочтун этишке окшош белгилери боюнча маалыматка ээ болушат.

Өнүктүрүүчүлүк: окуучулар оозеки жана жазма кебин өркүндөтүшөт.

Тарбия берүүчүлүк: улуттук баалуулуктарды таанып билишет жана ата-бабадан калган мурас катары сактоого тарбияланышат.

Көрсөткүчтөр: 

Жогорудагы максаттар ишке ашат, эгерде окуучу:

  • кыймыл атоочтун этишке окшош белгилери боюнча түшүнүккө ээ  болсо;
  • берилген суроолорго так, туура жооп берсе;
  • мүчөлөрдү туура улап, сүйлөм түзө алса;
  • улуттук баалуулуктарды таанып билсе жана ата-бабадан калган мурас катары сактоого тарбияланышса.

Сабактын тиби: жаңы билимдерди өздөштүрүү сабагы.

Сабактын жабдылышы: окуу китеби С. Үсөналиев, В.И. Мусаев, Кыргыз тили 7-класс (Бишкек 2021-ж.), сүрөттөр, таркатмалар, слайд, чүкөлөр.

Окутуу усулу: интерактивдүү усул, салттуу усул.

Предмет аралык байланыш: кыргыз  адабияты, тарых, геометрия, музыка, технология ж.б.

Кыймыл атоочтордун этишке окшош белгилери

Баалоо критерийлери

Диагностикалык баалоо: чүкө оюну менен өтүлгөн теманы кайталоо жана жаңы темага багыт алуу.  Калыптандыруучу баалоо: сонун, азамат, баракелде, эң сонун.

Жыйынтыктоочу баалоо: ар бир окуучуга жана топко белги, баа коюлат.

Чүкө баштыкча  – улуттук чүкө салуучу буюм. Бул жерге топтор алган упайларын коёт. Активдүүлүк – 1 упай. Ар бир эң туура айтылган жооп– 2 упай. Топтордо баалоо – ар бир топ өзүнчө бааланат. Ар бир окуучу  активдүүлүгүнө карай бааланат.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу учуру (2 мүнөт). Окуучулар менен саламдашып, толуктап, класстын тазалыгын көзөмөлдөп,  сабакка даярдоо.

Сабакка жагымдуу маанай түзүү. «Кара жорго» бийи. Алтын  эрежени эске алуу. Окуучулар мугалим менен саламдашат, сабакка даярданышат.

Баалоо талаптарын түшүндүрүү (1 мүнөт): Улуттук баалуулуктарды эске алуу максатта чүкөнү пайдаланабыз. Топто биргеликте иштеп, чүкөлөрдү топтоп барышат. Окуучулар айтылган тапшырмаларды активдүүлүк менен аткарганга аракет жасашат. Эң жакшы!

Топко бөлүү (1 мүнөт): Стол бетиндеги “Манас” үчилтигиндеги 2 башкы образдын аты менен кокустук түрдө топко биригишет. Топто биригип отурушат.

Үй тапшырмасын текшерүү (4 мүнөт): Үйгө берилген тапшырманы жана өтүлгөн темалардан суроолорду берет (Чүкөнүн түсүнө карап, окуучулардын тандоосу менен суроо-жооптор берилет). Окуучулар чүкөнүн суроолоруна жооп беришет. Үй тапшырмасын чүкө аркылуу жооп берип бааланат.

Мээге чабуул жасоо (2 мүнөт): Интерактивдүү доскадан сүрөттөргө көңүл бурушат, мээге чабуул жасоо. Окуучулар сүрөттөрдү карап сүйлөм түзөт.

Тема боюнча зарыл болгон маалыматтарды  берүү (5 мүнөт):

Жаңы тема (9 мүнөт): Темага байланыштуу сүрөттөр экранга түшүрүлүп, жаңы темага багытталган сөздөр жазылат. Кыймыл атоочтор. Тема боюнча түшүнүк алып, оозеки мисалдарды келтиришет.

Предметтик, турмуштук байланыш түзөт. Сүйлөмдөрдү түзөт. Калыптандыруучу баалоо. Кайтарым   байланыш. Оозеки баалоо.

Бышыктоо (3 мүнөт): “Аркан тартмай” оюну. Мында 2 топ суроолорго жооп берүү менен арканды тартып барышат, жеңүүчү тарап аныкталат. «Аркан тартмай” оюнуна активдүү катышат. Суроолорго так, туура жооп беришет. Бул оюн да улуттук оюн экендигин билишет.

Оозеки  жообу  бааланат: кайтарым байланыш (2 минут). Бүгүнкү сабактан алган маалыматтар боюнча пикирин суроо. Окуучулар бүгүнкү сабактан алган билимдерин кластерге жазат.

Тапшырма берүү (1 мүнөт): 208-көнүгүүнү аткарып келүү.

Баалоо (1 мүнөт): Окуучулардын билимин баалоонун талаптары:

-орфографиялык сабаттуулугу;

-тыныш белгисин туура коюшу;

-берилген суроолорго жоопторунун тактыгы;

Сабакка активдүү катышкан окуучулардын  жалпы билимин эске алуу менен баалап,  күндөлүккө коюлат. Жалпы билимин эске алуу менен мугалим баалайт.

Кыймыл атоочтордун этишке окшош белгилериАсилбек кызы Назгүл, №44 Абдраман Сматов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер