Кыргыздардын жыл санагы

  • 26.02.2024
  • 0
Кыргыздардын жыл санагы

Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы, 5-класс

Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү сабагы.

Колдонулуучу усулдар: талкуулоо, баяндоо, суроо-жооп, тест.

Колдонулуучу баалоо усулдары: топтордо баалоо, жекече баалоо.

Колдонулуучу каражаттар: ноутбук, проектор, таркатмалар, ватман, маркер, көрсөтмө куралдар.

Сабактын   максаты:

  1. Окуучулар ата-бабаларыбыз колдонгон күн, ай, жыл жана мезгил аталыштары боюнча кеңири маалымат алышат.
  2. Кыргыз эли колдонгон ай жана жыл санагын билип, билимдерин өстүрүшөт. Окуучулардын  креативдүү ой жүгүртүүлөрү жана өз ойлорун эркин айтуусу  калыптанат.
  3. Элибиздин  тарыхый мурастарын сактоого, бири-бири менен топто ынтымактуу  иштөөгө тарбияланат.

Сабактын  жүрүшү: уюштуруу (саламдашуу, топко бөлүү, жагымдуу маанай, алтын эреже), тапшырманы суроо, жаңы тема, бышыктоо, үйгө тапшырма берүү, баалоо.

Мугалим: Саламатсыңарбы, балдар!

Окуучулар: Саламатсызбы эжеке!

Топторго бөлүп окуучуларды жайгаштыруу: Балдар, мен силерди Flippitty сайты  аркылуу  эки  топко  бөлөм. Ким кайсы топко бөлүнсө, ошол боюнча отурабыз, топторго  “ИЛИМ” жана  “БИЛИМ”  деп ат коёбуз. Өз аталыштарыңар жактыбы?

Кыргыздардын жыл санагы

Окуучулар: Ооба.

Жагымдуу маанай: Эки  топ узунунан катар тизилип, ар бир  окуучу өзү жактырган  мамлекетти борбору  менен айтып  жарышат. Кайсы топ биринчи айтып бүтсө жеңишке  жетип, жыйынтыгында таттууларга ээ болушат. Жеңишке жеткен топ экинчи топ менен таттууларын бөлүшүп, маанайлары көтөрүлөт.

Мугалим: Кана эмесе, балдар, маанайыбызды көтөрүп алдык, эми сабагыбызды баштаардан мурун алтын эрежени эске салып алалы.

Окуучулар: Алтын эреже

  1. Бири-бирибизди сыйлайбыз;
  2. Кол көтөрүп жооп беребиз;
  3. Сүйлөп жаткан адамдын сөзүн бөлбөйбүз;
  4. Уруксатсыз эки жакка баспайбыз;
  5. Топтордо иштеп жатканда бири-бирибиздин оюбузду угабыз;
  6. Мугалимдин айтканын аткарабыз.

Мугалим: Азаматсыңар балдар! Эсиңерде болсо, өткөн сабакта “Хронология” деген теманы өткөнбүз. Келгиле, балдар, анда үйгө берилген тапшырманы кайталап алуу  үчүн  PowerPoint программасында түзүлгөн викториналык суроолорго жооп  беребиз.

Окуучулар PowerPoint программасында  түзүлгөн викториналык суроолорго жооп  беришет.

Кыргыздардын жыл санагы

Жаңы теманы түшүндүрүү. Мугалим:     

Дүйнөдөгү башка элдердей эле кыргыздар да байыртадан жыл эсебин жүргүзүп  келишкен. Көчмөн жана жарым көчмөн турмушта, о.э. дыйканчылыкты жүргүзүүдө суткалык, жумалык, айлык, жылдык эсептерди чыгарууну талап кылган. Кыргыздар бул так маалыматтарды аба ырайынын өзгөрүшүнөн, жаратылыштагы кубулуштардан жана элдик  илим-билимдерден иргеп алышкан. Эл арасында ай, жылдыздарга карап, жаратылыш кубулуштарын байкоо менен жылдын кандай болорун алдын ала айткан  эсепчилер чыккан. Мына ошол эсепчилердин айтканына карап жайлоого, күздөөгө,  кыштоого көчкөн. Мындай жыл эсепчилер эл арасында кадыр-баркка ээ  адамдар болушкан.

Бир  сутканы кыргыздар таң куланөөк, таң ата, үрүл-бүрүл, таң азанда, күн чыкканда,  шашке, түшкө жакын, чак түш, түш оогондо, күүгүм, күүгүм талаш, каш карайганда, эл  орунга отурганда, эл текши уктаганда, түн ортосу, түн ортосу оогондо деген убакыттарга  бөлүшкөн.

Булардан тышкары кыргыздар убакытты төмөндөгүдөй түшүнүктөр менен аныкташкан:

Кыргыздардын жыл санагы

– Кана, балдар, силер күндөрдүн кыргызча аталышын билесиңерби?

Окуучулар жооп беришет:

  1. Биринчи күн – Дүйшөмбү
  2. Экинчи күн – Шейшемби
  3. Үчүнчү күн – Шаршемби
  4. Төртүнчү күн – Бейшемби
  5. Бешинчи күн – Жума
  6. Алтынчы күн – Ишемби
  7. Базар күнү (дем алыш) — Жекшемби

Мугалим: Азаматсыңар! Күндөрдүн аталышынын мааниси: фарс тилинде «шанбе» сөзү — «күн, аптанын күнү» деген маанини билдирет. Кыргыз тилинде уңгусу «шемби» деп жана ар бир сөз мүчөсүнө кошулганда уңгусу өзгөргөн.

Кыргыздардын жыл санагы

Айлардын  кыргызча аталышы жана чечмелениши:

Кыргыз элинин ай санагы өзүнчө көчмөндөрдүн жашоо образын, философиясын камтыган. Кыргыздардын ай санагы боюнча жыл 12 айдан куралып, айдын жаңырып бүтүшү 30-31 күн болгон. Көчмөндөр ар бир айды чечмелеп, ошого жараша өзүнүн чарбалык иштерин, жайытка көчүп-конуусун пландаган. Жадагалса малдын токтошу, желин салышын да айдын чыгышына карата санаган.

Айлардын   кыргызча   аталыштары:

  • Жалган куран – Март
  • Чын куран – Апрель
  • Бугу – Май
  • Кулжа – Июнь
  • Теке – Июль
  • Баш оона – Август
  • Аяк оона – Сентябрь
  • Тогуздун айы – Октябрь
  • Жетинин айы – Ноябрь
  • Бештин айы – Декабрь
  • Үчтүн айы – Январь
  • Бирдин  айы – Февраль

– Бир жылда канча  мезгил  бар балдар?

Окуучулар: 4 мезгил бар, жаз, жай, күз, кыш.

Мугалим: Азаматсыңар балдар! Табигаттын ар кандай кубулуштарынан бир жылдын  ичинде аба ырайы өзгөрүп турарын байкап, аны төрт мезгилге бөлүшкөн.

Жаз: март — жалган куран, апрель — чын куран, май — бугу

Жай: июнь — кулжа, июль — теке, август — баш оона

Күз: сентябрь — аяк оона, октябрь — тогуздун айы, ноябрь — жетинин айы

Кыш: декабрь — бештин айы, январь — үчтүн айы, февраль — бирдин айы

Мүчөл жаш — 13 жылда бир келчү өзгөчө мезгил. Тагыраагы, кыргыз эли жыл эсебин он эки жаныбардын аты менен атап, ал цикл ар бир 12 жыл сайын кайталанып турган. Бул курак бала он экиден өтүп, он үч жашка толгондо белгилене баштайт. Себеби баланын курсактагы жаткан жылы да кошулат.

Мүчөл жылдардын биринчиси – 13 жашта, экинчиси — 24 жаштан 25ке караганда, үчүнчүсү — 36 жаштан 37 жашка караганда, төртүнчү мүчөл — 48ден 49 жашка караганда, бешинчиси — 60 жаштан 61ге караганда, алтынчы мүчөл — 74 жаштан 75ке караганда, 85 жаштан 86га караганда – жетинчи мүчөл, ал эми 97 жаштан 98ге караганда сегизинчи мүчөл жаш белгиленип калат.

Мүчөл жаш чыгарарда колдонулган ишенимдер: адамдын мүчөл жылында ар кандай жагымсыз учурлар болуп кетпесин деген ишеним менен элибиз ар түрдүү ырымдарды колдонушкан. Мисалы:

  • Мүчөл жашын чыгарганда той кылып, мал союп, кан чыгарып, элге тамак-аш берген;
  • Дүйнө-мүлкүнөн зекет чыгарып, бей-бечараларды ыраазы кылган;
  • Мүчөл жашка чыккан баланын жаткан жерин арча менен аластайт, жууркан-төшөгүн күнгө жайып, кургатат же жаңылаган;
  • Мүчөл жашка чыккан баланын эски кийимдерин кырсык тоорубасын деп отко өрттөшкөн;
  • Мүчөлү чыгып жаткан балага кызыл түстөгү кийим кийгизген;
  • Мүчөлү чыгып аткан балага аяк тептиришип, идиш сындыртышкан;
  • Мүчөл жылы оору-сыркоо, чыгаша, башка кырсыктар келет деп балдарды этият кармаган.
  • Биринчи мүчөл өзгөчө белгиленген. Анткени бала күч-кубатка толуп, балакатка  жеткен мезгили болгон. 

Бышыктоо: Flippitty сайтында  онлайн тестке  жооп беришет.

Кыргыздардын жыл санагы

Сабактын максатына кайрылабыз, анализдейбиз. Эки тайпанын упайын чыгарып, жылдызча жана быйтыкчалар менен баалайбыз.

Үйгө тапшырма: §21, 81-бет.

Кыргыздардын жыл санагыДыйканбай  кызы  Бурулбүбү, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы  №6   Бирдик     жалпы  билим    берүү  орто  мектебинин   тарых  мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер