КЫРГЫЗ ТИЛИ — Мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн

  • 15.08.2023
  • 0
КЫРГЫЗ ТИЛИ — Мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн

Мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн

 Ааламдашуу процесси жаңы технологиялык жетишкендиктерди билим берүүдө колдонууга багыттаган жагдайды жаратууда. Бул процесстер билим берүү тутумунда олуттуу өзгөрүүлөргө барууга муктаждыкты пайда кылууда. Мындай шартка шайкеш келүү үчүн XXI кылымдын заманбап баласы кандай болуусу зарыл? Дүйнө сырын билгиси келген, ар дайым «эмне үчүн?» деген суроо берген кичинекей инсан. Демек, жаңы муун – айлана-чөйрөнү, маалымат массивдерин кабыл алуу жөндөмдүүлүгү жогору өнүккөн муун. Алар дүйнөнү фантазия жана кыялдар призмасы аркылуу карашат. Алардын чөйрөнү кабыл алуу, маалыматты кабыл алуу, аны сиңирүү жана колдонуу жөндөмдөрү башкача болот.

Мындай өзгөрүүлөрдүн маңызы – билим берүүнүн мазмунуна, ыкмаларына жана уюштуруу формаларына таасирин тийгизбей койбойт.

Биз жашообузду, ишибизди жана бири-бирибиз менен баарлашуубузду түп-тамырынан бери өзгөртө турган технологиялардын заманында жашап жатабыз. Көз алдыбызда технологияда тез өзгөрүүлөр болуп жатат. Кечээ эле фантастикадай көрүнгөн нерсе, бүгүн реалдуу болуп калды. Компьютерлер, интернет, смартфондор табигый нерсеге айланды. Жасалма интеллект, робототехника, роботтук унаалар, 3D басып чыгаруу, нанотехнология, биотехнология жана башка көптөгөн тармактарда укмуштуудай ачылыштар
болууда.

Учурда дээрлик бардык аймактарда каптаган миграция агымына байланыштуу жаш муунду өзү жашаган мамлекеттин ичинде да, чет өлкөгө чыкканда да, коомго жигердүү аралаша билүү жагынан тарбиялоо зарылдыгы курчуду.

Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнүн азыркы этабында баланын инсандыгын ар тараптуу өнүктүрүүгө, анын ичинде: кызыгуучулук, максатка умтулуучулук, өз алдынча иш алып баруу, критикалык ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү, чыгармачылык, балдарды ийгиликтүү социалдаштырууну камсыз кылуу, жаш муундун, адамдын жана анын натыйжасында коомдун жана мамлекеттин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга басым жасалууда.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө биз интернет желеси аркылуу каалаган маалыматты оңой таап алабыз, бирок биз үчүн андан да маанилүүсү – критикалык ой жүгүртүү, маселелерди чыгармачылык менен чечүү, баарлашуу жана командада иштөө жөндөмдүүлүгүн арттыруу башкы маселе. Бала бакчаларда STEAM лабораториясын киргизүүнүн аркасында өлкөбүздө технологиялык процессти өнүктүрүүдө жана технологияларды модернизациялоодо алдыңкы ролду ойной турган илимий жана инженердик кадрларга болгон муктаждыкты канааттандырууга мүмкүн болот. Биздин балдар бакча курагында эле мектеп инновацияларына даяр болушу керек.

Мына ушул багытта 2022-жылдын декабрь айында “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына STEAM технологияларын киргизүү, ишке ашыруу жана апробациялоо” деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү. Анда мектепке чейинки билим берүү уюмдарында эне тилге басым жасоо жана тил аркылуу кыргыз элинин руханий маданиятын өздөштүрүү менен STEAM технологиясына басым коюуга бет алды.

Нормативдик документтер

Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды тарбиялоо ишин максаттуу жүргүзүүдө педагог өз ишин мамлекеттик маанилүү документтерге таянып жүргүзүүсү зарыл, анткени ал документтерде билим берүүнүн өнүгүшүнүн артыкчылыктуу жана келечектүү багыттары көрсөтүлгөн. Алар:

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу» мамлекеттик билим берүү стандарты 2020-жылдын 29-июнундагы №369 Токтому;
  • 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы №221 Жарлыгы;
  • 2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы №200 Токтому;
  • 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 13-ноябрындагы №39 Жарлыгы;
  • Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү 2023-жылдын 10-февралындагы №67 токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук нарк жөнүндө» 2022-жылдын 20-майындагы №157
    Жарлыгы.

Албетте, бул документтерди эске алуу менен, орто курактагы балдарга адеп-ахлактык тарбия берүү жана дене боюн өнүктүрүү маселелери билим берүүдөгү артыкчылыктуу багыттар болуу менен, Кыргыз Республикасында “Кыргыз жараны” түшүнүгүнүн калыптанышы, “Улуттук нарктарды” жаш муундун өкүлдөрүнө үйрөтүү, улуттук нарктуу руханий жана материалдык маданиятыбызды сактоо, коргоо, аларды кыргыз тили сабагында мазмуну менен айкалыштыруу аркылуу окуу материалдарынын мазмунун байытуу, аларды максаттуу колдонуу иштери ырааттуу жүргүзүлүүсү тийиш.

Бул документтер менен катар, быйылкы окуу жылында «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу» мамлекеттик билим берүү стандарты (2020-ж.) жетекчиликке алынат.

2023-2024-окуу жылына карата сунушталган мектепке чейинки билим берүү уюмдарында өнүктүрүүчү жана тарбия берүүчү ишмердүүлүк Кыргыз Республикасынын аныкталган негизги планы менен 4-5-6 жаштагылар үчүн сабактын узактыгы төмөнкүдөй:

 

ТайпаларСаатЖума бою
4 жаш (орто топ)15-20 мүнөттөн20 мүнөт
5 жаш (улуу топ)20-25 мүнөттөн45 мүнөт
6 жаш (даярдоочу топ)25-30 мүнөттөн60 мүнөт

Ал эми окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектепке чейинки уюмдарында мамлекеттик тилдин көп улуттуу кенже курактан баштап үйрөтүп, өз туулган жерин сүйүүгө, мекенчилдикке тарбиялоо, кыргыз тилинде сөз байлыктарын өстүрүү, жөнөкөй сүйлөшүү, кеп ишмердүүлүгү боюнча көндүмдөрүн калыптандыруу, маданий жана турмуш тиричиликтин чөйрөлөрүндө колдоно билүү, бири-бирин түшүнүп, өз оюн билдире алуусу, мамилелешүүгө көнүктүрүү менен толеранттуулукту, үй-бүлөдөгү, курбулары жана чоң кишилер менен тилдик, жеке, өз ара мамилелерди эске алуу менен көп маданияттуу билим берүүнү өнүктүрүү керек.

Мында бала алгач жөнөкөй сүйлөшүүгө үйрөнөт, андан соң тамга тааныйт жана чоң жана майда моторикаларын көнүктүрүп, акырындап колуна калем кармаганды үйрөнөт. Ошентип, угуу, сүйлөө, акырындап басма жазуу этап-этабы менен калыптанат.

Кыргыз тилин окутуунун максаты кыргыз тилин оозеки сүйлөөдө практикалык билимге ээ кылуу. Балдардын маданий жана лингвистикалык адаптацияланышы жашоонун жаңы шарттарына физикалык жана эмоционалдык адаптациялоо, активдүү күнүмдүк жана ийгиликтүү окуу иш-чаралары үчүн кыргыз тилин үйрөнүүнүн зарыл деңгээлин камсыздоо, мектеп программасы боюнча системалуу сабактарга даярдоо сыяктуу маселелерди чечүүнү камтыйт.

Окутуунун жалпы максаты төмөнкү милдеттерде аныкталган:

  • коммуникативдик компетенттүүлүктү калыптандыруу: балдарга тарбиячы жана мугалимдин же курдаштарынын сөзүн түшүнүүгө жана алар менен эң жөнөкөй баарлашууга мүмкүндүк берүү жана күнүмдүк кырдаалдарда кыргыз тилинде баарлашуу көндүмдөрүн калыптандыруу;
  • маданий компетенттүүлүктү калыптандыруу: күнүмдүк турмуштун чындыгы, Кыргызстандын материалдык жана руханий маданияты (улуттук кыргыз оюндары жана оюнчуктары, балдар ырлары, жомоктору, мультфильмдер, фильмдер, улуттук майрамдар, кыргыз элинин каада-салты жөнүндө негизги маалыматтар) жөнүндө түшүнүк берүү, ошондой эле ар түрдүү кырдаалдарда сүйлөө этикети, бул балдарга жаңы маданий чөйрөдө багыт алууга мүмкүндүк берет;
  • башталгыч мектепте билим берүүнүн биринчи этабынын психологиялык стрессинен арылта турган сүйлөө жана жазуу ишинин алгачкы көндүмдөрүн калыптандыруу;
  • мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барган балдарды угуу, сүйлөө, жазуу жана эсептөө көндүмдөрүн өнүктүрүү, бул мектепке даярдоо деңгээлине жакындатууга мүмкүндүк берет.

Белгиленгендей, бул баштапкы деңгээл, башкача айтканда, балдардын кыргыз тили менен биринчи таанышкандагы баштапкы баскычынан башталат. Окутуунун баштапкы этабы тил системасынын башталгыч маданий материалын камтыйт. Окутууда негизги көңүл тил жөнүндө билимди система катары байланыштырып, өздөштүрүүсүнө эмес, актуалдуу коммуникативдик аспектиге – кыргыз тилин өздөштүрүүсүнө бурулат. Балдар кыргыз тилинде элементардык, жөнөкөй баарлашуу көндүмдөрүн жана ар түрдүү кырдаалдарда туура жүрүм-турумду, кыргыз маданиятынын негизги элементтерин өздөштүрүшөт.

Окутуунун өзгөчөлүгү

Жеке инсанды калыптандыруу үчүн эң маанилүүсү – биринчи эне тилинин калыптануусу. Окуудагы алгачкы жылдар баланын өнүгүүсү үчүн чечүүчү мааниге ээ.

Билим берүү жаатындагы изилдөөлөр көрсөткөндөй, баланын эне тили мектепке чейинки жана бала бакчадагы окуусу үчүн идеалдуу каражат болуп саналат.

Баланын эне тилди үйрөнүүгө болгон каалоосу кандай экендигин ата-эне биринчи кезекте билүүсү зарыл. Ал чоң адам менен оюн мамилесин түзүүгө даярбы, эне тилин колдонобу? Убакытты текке кетирбөөгө, ошондой эле узак мөөнөттүү келечекте чоң утушка ата-энелер даяр болушу керек. Бардык мектепке чейинки билим берүүнүн пайдубалын түптөөдө, базаны түзүү, жөндөмдүүлүктөрүн өркүндөтүү, психологиялык тоскоолдукту жоюу менен ал зордук-зомбулуксуз, жагымдуу, көңүл ачуучу методдор менен жүргүзүлүшү шарт. Балдар бакчаларында окутуунун үзгүлтүксүздүгү уюштурулуп, ошондой эле баланын келечектеги бардык окутуу тилдерин мурунтан эле тутумга бириктирип б.а. бирдиктүү системага салып кандайча, кайда, качан жана кайсы тилди үйрөнөрүн тактап, белгилөө менен эң мыкты жетишкендиктерге жетишүүгө болот.

Азыр кыргыз тилин окутуу мамлекеттик жана жеке бала бакчаларда уюштурулган. Билим берүүнү кыргыз тилин билген педагог жүргүзөт, анын милдетине тилди үйрөтүү, окутуу жана тарбиялоо гана кирет. Балага кыргыз тилин үйрөтүүнү баштаардан мурун, кыргыз тилин жакшы билген, тилди үйрөтүүнүн методикасын жакшы түшүнгөн, мектепке чейинки курактагы балдар менен иштөө тажрыйбасы бар (же аны өздөштүрүүгө даяр) болгон компетенттүү педагог экендигин түшүнүшү керек.

Сунуштар:

  1. Кыргыз тили сабагынан билим берүүнү өнүктүрүүдө учурда колдонулуп жаткан стандарттын жана окуу программасынын ролу кандай?
  2. Кыргыз тили сабагында балдардын адеп-ахлактык тарбиясын өстүрүүдө иштин кандай формаларын, методдорун жана каражаттарын колдонууга болот?
  3. Кыргыз тили сабагында STEAM технологиясын колдонуунун кандай ыңгайлуу жолдорун сунуштайсыз?
  4. Кыргыз тили сабактарында окуучулардын ишмердик аракеттерин, чыгармачыл ишмердигин кандай жолдор менен уюштурууга болот?
  5. Кыргыз тили сабагында электрондук окуу китебин колдонуу кандай натыйжа берет?

А. Бекбоева,
КББАнын мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү лабораториясынын ага илимий кызматкери.
Тел.: (0707) 295 454; e-mail: [email protected]

Бөлүшүү

Комментарийлер