КУРМАНЖАН ДАТКА – АЛАЙ ХАНЫШАСЫ

  • 15.11.2021
  • 0
КУРМАНЖАН ДАТКА – АЛАЙ ХАНЫШАСЫ

Сабактын максаты:

а) билим берүүчүлүк:

Окуучулар Курманжан датка энебиздин ким экендигин, кыргыз тарыхындагы ээлеген ордун, басып өткөн өмүр жолун, саясий ишмердүүлүгүн, баласы Абдылдабектин Алайдагы акыркы таймаштарын талдай билишет.

б) өнүктүрүүчүлүк:

Өз оюн эркин, далилдүү айтууга машыгышып, аң-сезимин, ойлоо жөндөмдүүлүгүн, топтордо иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.

в) тарбия берүүчүлүк:

Айкөлдүккө, боорукерликке, эмгекчилдикке, Ата Мекенди сүйүүгө, достукка тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы:

Курманжан датканын сүрөтү, Кыргызстандын картасы, 50 сомдук купюр, ватман, маркер, скотч ж.б.

Сабактын формасы: Тарбиялык саат.

1-топ: Курманжан датканын өмүр жолу жана саясий ишмердүүлүгү.

2-топ: Датка энебиздин уулу Абдылдабектин Алайдагы акыркы таймаштары.

3-топ: Кластер, синквейн, кроссвордду чечмелөө.

Мугалим: Курманжан датка энебиз кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калды. Х1Х кылымда алайлык кыргыздардан чыккан алгачкы эл башчысы болгон. Ал элди башкаруудагы көсөмдүгү, эрктүүлүгү, адилеттүүлүгү, акылмандыгы, көрөгөчтүгү, эртеңки күндү аңдап билүүсү аркылуу ”элдин энеси” деген кадырлоого жетишип, кыргыздарга эле эмес, анын ысымы Ооганстанга, Кытайга, Орусияга, Финляндияга чейин тараган.

КУРМАНЖАН ДАТКА – АЛАЙ ХАНЫШАСЫ

Окуучулар Курманжан датка жана анын уулу Абдылдабек жөнүндө анча-мынча далилдүү материалдарды пайдаланганы менен жергиликтүү элден, аксакалдардан уккандарын топтошуп, айтып беришти.

1-топтун окуучулары:

Окуучу: Курманжан датка энебиз Ош шаарынан анча алыс эмес Орке айылында 1811-жылы Кулжа айында Мамытбай аттуу орто дыйкандын үй-бүлөөсүндө туулган. Атасы башкалардан эч нерсеси менен айырмаланган эмес. Курманжан жаштайынан эле чыйрак, намыскөй, калыстыктан тайбаган, катылгандын катыгын берген, өз оюн тайманбай бетке айткан кыз болгон. 1829-жылы Курманжан жоош уурусунан Кулсейит Жар уулуна күйөөгө чыгат. Кыргыз салты боюнча бешиктеги кезинде эле эки тарап кудаалашып, болочок кайын журту сөйкө салып койгон эле. Баш кошуу аземинде болочок өмүрлүк жары боло турган Кулсейитти көрүп, тагдырына, ата-энесине нааразы болгон. Баш кошкондон кийин каада-салттын катуулугуна карабастан, үч жылдан кийин ата-энесинин үйүнө баса берген.

2-окуучу: Алымбек датка менен баш кошуусу.

1832-жылы Алай өрөөнүнүн башчысы, Кокон хандыгынын болочоктогу баш вазири, Анжияндын акими Алымбек даткага турмушка чыгат. Курманжанды туугандары күйөөгө чыгып жатканда Орке айылынан шаан-шөөкөт менен узатышат. Алымбек даткага баргандан кийин жети жыл төрөгөн эмес. Күндөрдүн биринде түн ичинде туугандарынын биринин боз үйүнөн бешиктеги ымыркай баланы көрөт. Бала кандайдыр бир күч менен өзүнө тартат. Курманжан “балаңарды мага бергиле, бала кылып алайын”, -дейт. Асырап алган баланы ооздон чыгарбоого туугандарына да катуу эскертилет. Баланын атын Карабек коюшуп, аны асырап алгандан кийин Абдылдабек, Баатырбек, Мамытбек, Асанбек, Камчыбек, Сатимбү, Айкөкүл аттуу балдарын-кыздарын төрөгөн. Бирге жашаган жыйырма тогуз жыл ичинде Курманжан Алымбек датканын сүйгөн жары, балдарынын сүйүктүү апасы, кыйын кездерде акыл кеңешин айтып турган кеңешчиси, таянычы болгон.

3-окуучу: Курманжан датканын саясий ишмердүүлүгү. 1861-жылы Кокондогу ордо төңкөрүшүндө Алымбек датка өлтүрүлөт. Ошондо Курманжан элүү жашта эле.

Хандыктагылар алайлык кыргыздар кун алышат дешип, алгач Алымбек датканын киши колдуу болуп өлгөнүн жашырышат. Алар жашырса да Курманжан күйөөсүнүн өлүмүнүн себебин билген. Бул жыл Курманжандын тагдырындагы эң кайгылуу жыл болсо да тагдырдын соккусун сабырдуулук менен көтөрүп, күйөөсүнүн жолун жолдоп, ишин улантып, Алай элин башкаруу жоопкерчилигин өз мойнуна алган. Бухара эмири Саид Музафар Ошто Курманжанга жолугуп, жалпы эл эбегейсиз сыйлап, урматташаарын билип,”датка” деген наамды ыйгарып, белек-бечкектерди берип сыйлаган, ушундан кийин Курманжан датканын зоболосу өсүп, Алай элинин анык башчысы болуп, Кокон хандыгындагы биринчи “датка” аял аталды. 1864-жылы Кудаяр хан экинчи жолу хандыкка көтөрүлгөндө Курманжан датка тун уулу Абдылдабектин коштоосунда Коконго барып, хан көтөрүү аземине катышып, анын бийлигин кайрадан бекитип, хан менен жолугуп, Абдылдабекти өлгөн агасы Жаркынбайдын ордуна Ош калаасынын акимчилик кызматына дайындатып келет.

4-окуучу: 1876-жылы Кокон хандыгы толук жоюлгандан кийин түштүк жергесинде Курманжан датканын зоболосу аябагандай жогору экендигин билген жазалоочу экспедициялык корпустун командачысы генерал М.Скобелев майор Ионовду Курманжан даткага сүйлөшүүгө Алайдын Көк-Суу жайлоосуна жөнөтөт. Тилмеч, жол баштоочу жергиликтүү элдин өкүлү болгон. Көк-Сууга барган Ионов Курманжан датка менен жолугуп сүйлөшөт. Ошондо Курманжан генерал Скобелев менен жекеме-жеке жолугушуу тууралуу оюн айтат. Ионов датканын бул оюн кубаттап, орус генералы менен Чоң-Алайда жолуктурат. Жолугушуу учурунда Скобелев датканы аябай сый-урмат менен кабыл алат. Курманжан датка орустарга колго түшкөндөргө мунапыс берүүсүн суранып, өзү тараптан мындан ары элдин тынчтыгы үчүн бүт күч аракетин жумшап, мындан ары элдин кайра көтөрөлүшүнө караманча каршы экендигин айтат. Скобелев менен Курманжан беш бөлүктөн турган келишим түзүшөт. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө орус генералы датканын акылына, кыраакылыгына баа берип, “Алай ханышасы” деп баалайт. Курманжан датка Алайга чабармандарды чаптырып, калкка мунапыс берилгендигин кабарлатып, согушка катышкандар коркпой үйлөрүнө кайтып келишип , тынч өз тиричиликтерин өткөрө беришерин айткан. Ошентип, Алай өрөөнү Курманжан датканын жетекчилигинде Россия бийлигине өткөн.

5-окуучу: Скобелев жолугушуу учурунда Курманжанга жакында Ош калаасына генерал-губернатор Кауфман келерин айтып, аны менен сөзсүз тааныштырууга сөз берет. Айткандай эле, генерал сөзүнө туруп, Курманжанды генерал-губернатордун кабыл алуусуна өбөлгө түзүп берет. Кауфман Түштүк Кыргызстан Россиянын курамына кирип, бул процесс кан төгүүсүз ишке ашкандыгында датканын салымы зор экендигин эске алып, сый урмат менен кабыл алып, үч уулун волостун башкаруучулары кылып дайындайт.

6-окуучу: Орус бийлигинин кийинки өкүлдөрү дагы Курманжан даткага өзгөчө көңүл бөлүшүп, белек-бечкек тартуулашып, кат жазышып, ал-акыбалын сурап турушту. Ал каттардын көбүн датканын үчүнчү уулу Батырбек сактап жүргөн.  1895-жылы орус солдаттарын Камчыбектин жигиттери өлтүрүп койгондугу үчүн Камчыбек дарга асылып жаткан учурда Курманжан өзүн кайраттуу кармап, баласын ажалга тике кароого үндөөсү, элинин эртеңкисин ойлоп, бөөдө кыргынга учуратпоону көздөп жаткандыгын ырастап турат. Эки элдин ортосундагы мамиленин чыңдалышына кошкон салымы үчүн 1901-жылы орус падышачылыгы Курманжан даткага кымбат таш чегерилген шакек, алмаз менен кооздолгон алтын саат тартуу кылган.

Мугалим: Эми кезек Курманжан датканын уулу Абдылдабектин Алайдагы акыркы таймаштары жөнүндө айтып берүү үчүн 2-топтун окуучуларына берилет.

1-окуучу: Кокон хандыгы жоюлуп, чөлкөмдөгү элдер орус бийлигин тааный башташат. Бирок Алай аймагында толкундоолор токтогон жок. М.Д.Скобелев 1876-жылы 2-мартта Фергана облусунун аскер губернатору болуп дайындалып, 380 орус аскерлерине башчы майор Ионовго “Алай илимий-согуштук экспедициясын” даярдоого буйрук  берген. Көп согуштарды башынан өткөргөн, пулемет, замбирек, заманга шайкеш мылтык менен куралданган орус аскерлерин кылыч, айбалта, чокмор, түтөтмө мылтык менен куралданган Абдылдабек баштаган 1200 дөй баатыр кыргыз жигиттери өзүбүздүн Күн-Элек айылындагы Жаңырык капчыгайында тосуп, коргонууга даярданышат.

Капчыгайды жара тилип, агып жаткан дарыянын боюнан сай таштарды тоого, атка, өгүзгө, эшектерге жүктөшүп, капчыгайдын бийик зоокаларына алып чыгышып, 1876-жылы апрел айында орустардын бир нече жолку чабуулун таштарды кулатып, Капчыгай менен өтүүчү жалгыз аяк жолду тороп, токтотуп турушкан. Ошондо Ноокаттан келип, ар кимдин малын багып, жалданып иштеп жүргөн Ыманкул деген неме Ионовго Кең-Жылга коктусу аркылуу Жаңырык капчыгайынын үстүнө келип түшүүчү жолду көргөзүп берип коет. Ионов аскерлери менен 27-апрелде түнү менен ошол жол менен келип, таң атарда Абдылдабектин жигиттеринин үстүнөн түшүп келишет. Ошол күнкү салгылашууда Абдылдабек 400дөн ашуун жигиттеринен ажырап, орустардын мөндүрдөй жааган огуна туруштук бере албай чегинүүгө аргасыз
болот.

2-окуучу: Андан ары Чоң-Алай тарапка өтүшөт. Орус генералы Скобелев Абдылдабекке бир нече жолу багынып берүүсү жөнүндө каттарды жазат. Ал каттарды Абдылдабектин иниси Асанбек ташып жүргөн.

Бирок Абдылдабек куралын таштабады. 1886-жылдын 8-сентябрда өзүнө караштуу жигиттери менен иниси Мамытбекти кошуп, Ооганстан тарапка өтүп кетет. Ал жакта Меккеге барууга даярданып жатып көз жумган. Мамытбек агасынын сөөгүн балга ороп, Алайга алып келген деген маалыматтар айтылып жүрөт.

3-топтун окуучулары кластер, синквейн, кроссворддорду түзүшөт.

Мугалим: Курманжан датка энебиз өзүнүн өрнөктүү өмүр жолунда аялдык, энелик, адамдык, асылдык, жоокердик, журтбашчылык бийик сапаттары менен чыгыш элдеринин аялзатынан чыккан алгачкы коомдук жана мамлекеттик ишмер болгондугун бүгүнкү сабактан билдик.

Курманжан датка 96 жашында, 1907-жылы 1-февралда, Ош шаарынын жанындагы Мады кыштагында көз жумган. Тажиясына туш тараптан көптөгөн элдер келишип, урмат-сый менен сөөгү Сары-Мазарга коюлат. Курманжан датка өлгөндө 2 уулу, 2 кызы, 31 небере, 57 чебере, 6 чыбыралары болгон. Датка жөнүндө көркөм тасмалар тартылып, кинотеатрларда коюлуп, мамлекеттик деңгээлде маданий-массалык иш-чаралар, илимий-практикалык конференциялар ж.б. өткөрүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Курманжан датканын элеси 50 сомдук купюрда да басылган.

Үй тапшырма: “Курманжан датка- Алай ханышасы” — деген темада дилбаян жазып келүү.

 Сыдык Мамыров,
Алай району, №35 Сатар Карыев атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер