Кош, Алиппе!

  • 12.02.2024
  • 0
Кош, Алиппе!

Сабак-кече

Кош, Алиппе!

Саламатсыздарбы урматтуу ата-энелер, кымбаттуу мугалимдер, ардактуу окуучулар жана бүгүнкү майрамдын катышуучулары! Биздин “Кош, алиппе!” майрамына кош келиңиздер. Эмесе ушул кичинекей аруу жүрөк наристелердин күчү менен даярдалган алиппе майрамын баштоого уруксат этиңиздер.

Бул майрамдык кечеде мектеп, ата-эне, мугалим байланышы, китептен алынган жана башка ар түрдүү темадагы ыр- бийлердин, жомоктордун кызыгына батасыздар. Ошондой эле балдардын билимин, тартибин, кызыгуусун, жоопкерчилигин жана өзүңүз байкабай жүргөн эң мыкты жөндөмдөрүн көрө аласыздар. Майрамды Жусуп Баласагындын “Билим бийик” деген ырынан 4 сап айтуу менен баштайлы:

Билим алсаң урмат-сый алып келет,

Билим сага акыл-ой, кубат берет.

Канча билсең дагы оку, үйрөн,

Билимдүү тилегине дайым жетет.

“Маленькая страна” ыры менен сахнага гүлдөр менен көпөлөктөр чыгат, гүл кармаган кыздарды көпөлөктөр айланып, учушат.

Кыз: Көпөлөктөр, көрдүңөрбү, мына менин алиппе китебим. Мен алиппе китебимди окуп бүттүм.

Гүлдөр: Ой, абдан кооз китеп го.

Кыз:  Сентябрдын биринде алдым, китеп колума тийген китептердин төл башы, китептердин жол башы. Мына ушул сүйүктүү китебимди окуп бүттүм.

Гүлдөр: Азаматсың, китебиңди таза кармапсың.

Кыз:  Ооба, таза кармадым.

Гүлдөр: Чиймелебей беттерин,

Бүктөбөгүн беттерин.

Таза кармап окугун,

Кир жугузбай эч жерин.

Алиппебиз алтын китеп ачылган,

Тамгалары бермет болуп чачылган.

Босогосун ачып бизге билимдин,

Алиппебиз бизге арналып жазылган.

Кош, Алиппе!

Кыз: Ооба, туура айтасың, мен эми алиппе китебимдин жардамы менен бардык китептерди окуй алам. Оюнчугум кош болгун (оюнчукту кармап), мен эми китептердин баардыгын окуй алам, мен эми китептер менен дос болдум.

Гүлдөр: Биз жашаган айылдын ичинде,

Укмуштуу бир жай бар.

Ал жерде биз билим алабыз,

Биздей кыздар, балдар.

Мугалим: Ал кандай жер экен?

Гүлдөр: №3 Чаңгыр-Таш мектеби.

Саламдашууга чыгышат

Айбике: Өнөрлөрүн көрөлү деп балдардын,

Ата-энелер, мугалимдер келишти.

Кыргызымдын салты го бул илгертен,

Унутпайлы ысык салам беришти.

 Раяна: Арбаңыздар энелер, барсыңарбы бөбөктөр,

Сөзүмө кулак салыңыз, бир серпилип алыңыз.

Алиппеге арналат, бүгүнкү ыр кечебиз.

Нурис:   Окусун, билсин балам деп,

Шарт түзүп берген бизге.

Ардактуу асыл ата-эне,

Беребиз салам сизге.

Айкөл:  Ата-энелер, эжекелер, меймандар,

Амандыгын сураганга биз даяр.

Асмандагы күндөй жаркып дайыма,

Бактыбызга бар болгула баарыңар.

Алия:   Салам айтам элиме,

Кут төгүлгөн жериме.

Жүрөктөн чыккан сөздөрүм,

Салам эмей эмине.

Мугалим: Балдар, силер мектептин босогосун биринчи жолу аттап, мектеп окуучусу болдуңар. Бизди өз баласындай кучак жайып тосуп алган сүйүктүү мектебибиз жөнүндө канча айтсак да, канча ырдасак да жарашат.

Кош, Алиппе!

Акмаржан: Мектепте билим кени бар,

Үйрөнөмүн, билемин.

Шыңгыраса коңгуроо,

Классыма киремин.

Хадича:        Түркүн түстө кулпуруп,

Түрү өскөн гүлдөрдүн.

Мекен эмне экенин,

Мектебимден үйрөндүм.

Айкөл:           Аппак кылып дилимди,

Так сүйлөтүп тилимди.

Тамгаларды таанытып,

Тартуу кылдың билимди.

Билал:          Чаңгыр-Таш менин мектебим,

Кайрылып сага келемин.

Сен берген билимди мен актап,

Мен сени дайым эстеймин.

Мугалим: Кымбаттуу окуучулар, бүгүн биз үчүн кубанычтуу күн, Алиппе майрамын өткөрүп отурабыз. Ушул күнү бул кубанычтуу майрамды биз эле эмес, бизге окшогон миңдеген 1-класстын окуучулары сүйүктүү алиппеси менен коштошор алдында турат. Силер алиппе китеби менен билимдин биринчи эшигин ачтыңар. Алдыда дагы биз биле элек көп нерселер күтүп турат. Адабий окууну окуйсуңар. Андан силер шар, көркөм окууга жетишүү менен бирге сүйүктүү Ата мекен, кыргыз эли-жери, шаар жана айыл кыштактары, жаратылыш кубулуштары, үй жана жапайы айбанаттардын тиричиликтери жөнүндө маалымат алып, ырлар, табышмактар, макал-лакап, жомок аркылуу үйрөнөсүңөр.

Эми, балдар, бүгүнкү күнгө чейин алиппе силерге эмнелерди үйрөттү?

Хор: окуганды, жазганды үйрөттү.

Мугалим:  алиппеден көп нерсени билсеңер, анда айткылачы, канча тамга, канча тыбыш бар?

Хор: 36 тамга, 39 тыбыш бар.

Алиппе жөнүндө ырлар:

Сауле:      Алгач жүрсөк апкаарып,

Анан көнө баштадык.

Жаңылмачка тил көнүп,

Жакшы ырларды жаттадык.

Алмаз:     Көптү билдик көп окуп,

Алиппе менен достошуп.

Сезимдерди ойготту,

Оюбузга ой кошуп.

Сумая:      Сүйүктүү ушул алиппе,

Китептердин төл башы.

Жолуктурган дөөлөргө,

Жомогу бар көп жакшы.

Алинур:   Быйтың-быйтың басамын,

Мектепти көздөй шашамын.

Сабагымдан беш алып,

Көңүлүмдү ачамын.

Айша:      Отуз алты тамганы,

Оңой эле үйрөндүм.

Сөзүн окуп алиппенин,

Эжейимдей сүйлөдүм.

Раяна:      Жакшы окуп билим алдык,

Болсун бизге калайык.

Эмне үйрөнүп, эмне билдик,

Кана ортого салалык.

Нуркыз:   Алтын китеп алиппем,

Ар күн окуп ачканмын.

Отуз алты тамганы,

Ойдогудай жаттадым.

Баезет:     Бүгүн бизде чоң майрам,

Алиппенин майрамы.

Илим менен билимге,

Ушул китеп каймагы.

 Кана эмесе, бир-бирден тамгаларды айталы (36 тамганын ырларын айтышат хор).

Жеке номер: Тилегим.

Бий: Сардал кыз.

Мугалим: Балдар, силерди чоңойтуп, өстүрүп, курсагыңарды тойгузуп, мектепке жөнөтүп турган силердин ата-энеңер. Алар жөнүндө ырдабай, сөз айтпай коюуга болбойт.

Мээрим:  Эненин асылдыгын барктай билгин,

Даңазалап, бүт дүйнөгө даңктай билгин.

Жетишер деп даңазалап койбостон,

Кулча иштеп, ак сүтүн актай билгин.

Акмаржан:  Мен апамды көрбөй калсам сагынам,

Миң эркелеп чыккым келбейт жанынан.

Оо адамдар, биз энени сыйлайлы,

Эне ыйык, эне кымбат баарынан.

Жумабек:  Сыркоолосом онтолоп,

Ашын берген апакем.

Чымын-жанын аябай,

Жанын берген апакем.

Элмир:       Ал кечиксе ишинен,

Ыйлаганга аз калам.

Артык көрөм баарынан,

Жаным сүйгөн апамды.

Мадина:    Ойноп жүрүп жыгылсам,

Үйрүлөсүң апакем.

Жүрөгүңө чоң кылып,

Күйдүрөсүң апакем.

Оо апакем, апакем,

Айым, күнүм ата-энем.

Рабия:        Ортоңордо эркелеп,

Жетилейин, өсөйүн.

Айым, күнүм ата-энем,

Кадырыңа жетейин.

Мугалим жөнүндө ырлар:

Мирзат:     Мугалим алтын кесиби,

Билимдин алган эшиги.

Жандырып өмүр чырагын,

Билимдин берет мөмөсүн.

Нурел:       Жылдызга төбөм жетишсе да,

Мугалим менин сыймыгым.

Баш ийип таазим кылабыз,

Мугалим алтын чынарым.

Айбике:   Ак сүтүн берген атамдай,

Тынч алып эч бир жата албай.

Окуучум билим алса деп,

Кам көрөт алыс баса албай.

Мадина:  Айга карай, күнгө карай барышкан,

Жылдыздарга кызыл желек сайышкан.

Космонавттар эң биринчи таалимди,

Алар дагы мугалимден алышкан.

Айсезим:  Жылуулуктун илебин,

Бүт ааламга чачкан күн.

Аруулуктун үрөнүн,

Сепкен адам — мугалим.

Сауле:         Алтыдагы бөбөккө,

Алиппени тааныткан.

Адамзатты илимге,

Алып кирген даанышман.

“Мугалим” ыры кыздардын аткаруусунда.

“Мына минтип” бийи балдардын аткаруусунда.

Мугалим: Калайманды баштады,

Эки жүз экен балбаны.

Эсил “Манас” кабылан,

Баарын жайлап таштады.

“Манас” — кыргыз рухунун туу чокусу» дегендей, кезекте «Манас» эпосунан үзүндү.

Мугалим:  Эмки кезек сеники,

Ким болосуң өскөндө.

Боюң өсүп, күч толуп,

Жигиттикке жеткенде?

Нурел:        Мен чоңоюп толормун,

Азыр учкан сонормун,

Баары алдында бакыйган,

Бир директор боломун.

Жумабек: Мен да өсүп толормун,

Азыр учкан сонормун.

Ажал менен арбашкан,

Мыкты доктор боломун.

Мухаммед:  Мен да өсүп толормун,

Азыр учкан сонормун.

Мен элимди гүлдөткөн,

Педагогу боломун.

Мирзат:       Мен да өсүп толормун,

Азыр учкан сонормун.

Мен өнөрдө өлбөгөн,

Жазуучусу боломун.

Каныбек:   Мен да өсүп толормун,

Азыр учкан сонормун.

Оңум келсе омоктуу,

Профессор боломун.

 

Жалил:         Мен да өсүп толоормун,

Азыр учкан сонормун.

Мен электрди гүлдөткөн,

Инженерден боломун.

Мирзат:       Мен да өсүп толормун,

Азыр учкан сонормун.

Өсүмдүктү өөрчүткөн,

Агроному боломун.

Мээримай: Мен да өсүп толормун,

Азыр учкан сонормун.

Химия заводунун,

Лаборанты боломун.

Каныбек:   Мен да өсүп толормун,

Азыр учкан сонормун.

Кезегинде кеп бербес,

Дипломаты боломун.

Рабия:         Мен да өсүп толормун,

Азыр учкан сонормун.

Учурунда укмуштуу,

Обончусу боломун.

Биз тамгаларды таанып, шар окууга жетиштик.

  • Кыргыз тилинде кыска үндүүлөр  -8
  • Созулма үндүүлөр                               -6
  • Каткалаң үнсүздөр                              -10
  • Жумшак үнсүздөр                               -12
  • Ёттошкон тамгалар                            -4

Айткылачы, кайсыл тамга тыбыш болбойт?

  • Аа, билдим-билдим, ажыратуу белгиси жана ичкертүү белгиси тыбыш болбойт.

 “Ак гүлдөр” бийи кыздардын аткаруусунда.

Жыйынтыктоо:

Урматтуу мугалимдер, ата-энелер, биздин бүгүнкү “Алиппе” менен коштошуу кечебиз соңуна чыкты. Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат.

Балдардын балалыгы балдай,

Бактысы жаңы аткан таңдай.

Эне сүтүн актаган,

Эли-жерин даңктаган балдардан болсун.

 

Кош, Алиппе!Самара Мурзалиева, Жалал-Абад облусу, Сузак району.

№3 Чаңгыр-Таш жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч классынын мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер