КОЛОМТО

  • 13.02.2024
  • 0
КОЛОМТО

Көөнөрбөс сабак

Сабактын максаты:  

Билим берүү: Коломто деген эмне? Коломто кайда жайгашкан? От жагылуучу жай очок экенин түшүндүрүү.

Өнүктүрүү: Окуучулардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү. Кыргыз элинин үрп-адатын, көөнөрбөс сөздөрүн көкүрөгүнө түйүп жүрүүгө үйрөтүү. Ата-бабаларыбыз колдонгон боз үйдүн ортосунан орун алган коломто (очок) жөнүндө кеңири билүү.

Тарбия берүү: Боз үй атадан балага калуучу мурас экенин түшүндүрүп, кыргыздын баалуулуктарын сактай билүүгө үндөө. Окуучуларды ата журтун сүйүүгө, эл үчүн кызмат кылып адептүүлүккө, сабырдуулукка, биримдүүлүккө тарбиялоо.

Сабактын жүрүшү:

  • Уюштуруу
  • Суроо-жооп иретинде сабак өтүү.

Мугалим: Түтүн чыгарып өзүнчө түйшүк тартууга, күндөлүк жашоо-турмушка моюн  сунуу. Очок төрт түшүнүктү берет.

  • Очок — үй күтүү, ар бир кыргыз баласынын түтүн чыгарып, казан асып, минерге аты, жыярга жүгү, отурарга төрү, кирип чыккандар эшигин көрүп кызын алуу.
  • Очор-бачар, бала-чакалуу болуп, мал-жандуу болуу.
  • Очок — казан асылуучу, тамак бышуучу орун.
  • Ал коломто — анда тулга турат. Демек, коломтодо от жагылат, тулгага казан  асылат. “Очогуң куттуу болсун!”, “Коломтоңдун оту өчпөсүн”. Демек, ошол жайда ынтымактуу, ырыс-кешиктүү, бул дүйнөнүн ырахатын көрүп, аманчылыкта жашоо.

 1-окуучу: Очок, коломто. От жагылуучу жай. Казан асууга ылайыкталып, жерден оюлуп, таш тизип же кыш коюп жасалат. Очок алгачкы доордон бери белгилүү. Очок көчмөн турмушта, боз үйдүн жана алачыктын ортосуна жайгаштырылып тегерек формада болгон. Очоктун ушундай түрүнөн улам ачык меш пайда болгон. Бара-бара капкагы бар меш жасап, үстүнө нан, тамак бышырып, чайнектеги чайды кайнатып ичишкен.

2-окуучу: Казан. Тамак-аш бышыруу үчүн чоюндан (кийин алюминийден да) жарым шар түрүндө кемегеге, тулгага, очокко, асууга ыңгайлуу жасалган чуңкур идиш. Казан бир катар элдерде алгач колодон, жезден, кийин темирден, чоюндан колго жасалган. Казанды орто Азия элдери көп пайдаланышкан. Көлөмүнө жараша чоң казан (12 карыш), кой казан (8 карыш), төрт кулактуу жана эки кулактуу кичине казан жасалган. Илгери көчмөн элинде казанды, көчкөндө салып алгыдай себет даярдап алышкан. Азыркы мезгилде казан заводдон чыгарылат.

3-окуучу: Түпкүч. Казандын түбүнө коюуга ылайыкталып жасалган тегерек алкак. Байыртадан элибизде түпкүч казан менен кошо колдонулуп келген.  Түпкүч алкагынын көлөмү казанга туура келгендей колодон кийин темирден жасалган.

4-окуучу: Кычкач. Чок, чычала, ысык темир ж.б. кыпчып кармоого ылайыкталып темирден жасалган саптуу курал. Айрым жерлерде кыпчуур же чымчуур деп да аташат.

5-окуучу: Кумган.  Темирден (жез, коло, чоюн) куюлуп жасалган идиш. Түп жагы курсактуу, ичке моюндуу, туткалуу, чоргосу бар, капкактуу болгон. Чай кайнатуу, колго суу куюу, даарат алуу үчүн керек буюм болгон.

6-окуучу: Тулга. Казан асууга ылайыкталган үч бурчтуу тегерек темир алкак. Көчмөн элдер очок ордуна колдонушкан. Тулга боз үйдүн коломтосуна орнотулуп же сыртка коюлуп, үстүнө казанды асып бышырышкан. Тулганын тегерек алкагынын көлөмү казандын көлөмүнө туура келгендей жасашкан. Чай тулга чай кайнатуу үчүн чайнек илинчү үч буттуу асма тулга. Ал боз үйдө же сыртка от жагып коюлат. Тулганы темирден, чайнек-чака илип коюуга ыңгайлуу кылып жасап алышкан.

7-окуучу: Тулганы теппе. Бул кызыл отту жалындата жагып, казанды асып тамак-ашты бышыруучу буюмду тээп, текеберчилик кылуу отко, ошол үйдүн казан ашына шек келтирүү. Очокту бузуу менен барабар. Мындайча айтканда, ырыс-кешигин тебүү.

– Тулганы теппе, бутуң ооруйт, казан-аштын, идиш-аяктын убалына каласың, – деп айтышкан.

8-окуучу: Отту теппе. От ыйыктардын ыйыктарынан. Ал адамзаттын жашоо-тиричилигиндеги табынуучу касиетке ээ. Жараткандын эл-журтка берген шыбагасы болуп эсептелет. Отту тебүү, сөгүнүү жана тээп өчүрүү жарабайт.

9-окуучу: Күйгөн отко түкүрбө. Бул оттун ыйыктыгын билгизет. Аба, суу, от адамдын жаны, жашоосу болуп эсептелет. Ар бир адамдын өз коломтосу ыйык. Көпчүлүк элдер отко сыйынат. – Коломтоң өчпөсүн, — дешет. Очогу, күйгөн оту аркылуу турмуштук канааттануу, өздүк максатын табышат. – Отту теппе, отко суу куюп өчүрбө, – деген сөздөрдү улуулар тарабынан угабыз.

10-окуучу: Көсө. Күйүп жаткан отту же чокту ары-бери көсөп, күйүүгө ылайыктап, оңдоп коюу жана оттун күлүн түшүрүү үчүн колдонулуучу кыска таякча. Ал ичке темирден учу бир жагына ийилип, отту көсөөгө ылайыктап алышкан.

Жыйынтыктоо:

Мугалим: Аластоо, алас. Кыргыздар эзелтен эле отту ар нерседен тазартуучу, касиеттүү күч катары санап, ата конушту (журтту), үйдү кесир-кесепеттен, адамдарды, малды оору-сыркоодон сактоо үчүн арча, адырашман түтөтүп аласташкан. Нооруз майрамында элдер  чогулуп айылдын ортосуна чоң от жагып:  «Эски жыл кетти, жаңы жыл келди, айдан аман, күндөн эсен бололу, алас-алас, ар балээден калас» деп аласташкан. Бири-бирине жакшы каалоо каалашкан. Наристени бешикке бөлөөрдө бешикти, ороо-чулгоосун аласташкан. Арча, адырашман сыяктуу өсүмдүктөрдүн микробду өлтүрө ала турган касиети бар экенин ата-бабаларыбыз эзелтен билишкен. Ошондуктан бүгүнкү күндө аластоо кеңири жайылып, апалар, чоң-энелер колдонуп жүрүшөт.

Тапшырма: Очокту сыйлоо, коломто ыйык экенин билүү.

Күлипа Мамбетова, №55 мектептин технология мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер