Климаттын өзгөрүшүнө адамдын тийгизген таасири
- 25.03.2024
- 0
География, 6-класс
Сабактын максаты
Билим берүүчүлүк: Окуучулар климаттын өзгөрүшүнө адамдын тийгизген терс таасирлери боюнча маалыматка ээ болушат.
Өнүктүрүүчүлүк: Климаттын өзгөрүшүнө адамдын тийгизген терс таасирлерин аныктап, алдын алуу.
Тарбиялык: Жаратылышка болгон сүйүүсүн арттыруу. Жашыл көндүмдөргө таштандыларды таштабоого, климаттын туруктуулугун сактоого тарбиялоо.
Сабактын тиби: Сабак бири-бири менен байланышкан 3 максатты көздөйт: билим берүү, өнүктүрүү, тарбия берүү.
Сабактын усулу: интерактивдүү усул, жекече жана топтор менен иштөө.
Сабактын формасы: түшүндүрүү, суроо-жооп, ишмердүүлүккө негизделген изилдөө сабагы.
Сабактын жабдылышы: компьютер, проектор, сүрөттөр, карта, атлас, макет, нукура кийизден жасалган көргөзмө куралдар, барабан.
Предмет аралык байланыш (СТЕМ): физика, биология, математика, химия.
Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу. 2. Үй тапшырманы суроо. 3. Жаңы теманы түшүндүрүү. 4. Бышыктоо. 5. Жыйынтыктоо. 6. Үйгө тапшырма берүү. 7. Баалоо.
Уюштуруу:
Күн нурундай жарык менин кабагым,
Жаркылдаган балдарга айтам саламым.
Айткылачы аба ырайы кандай бүгүн, балдарым? Анда эмесе география сабагын мен баштайын.
Саламатсыңарбы балдар! Бүгүнкү сабагыбызга кимдер катышпай жатат? Балдар ордубуздан турабыз.
Ачык турган күн дагы,
Бир мүнөткө бүркөлдү,
Шамал болуп дарактар,
Ары-бери бийледи.
Бир заматта себелеп,
Жамгыр жаап баштады,
Нөшөрлөп улам күч алып,
Акырындап токтоду,
Булут жылып алыстап,
Жаркырап күн жылмайды.
(мугалим табияттын кубулуштарын аудио үн жана өзүнүн кыймыл-аракети менен чагылдырып көрсөтөт)
Анда эмесе, балдар, дайыма ушул күн нурундай жылмаюу тартуулап жүрөлү. Ордубузга отурабыз. Алтын эрежеге көңүл бурабыз.
Кол көтөрүп сүйлөө. Бири-бирибизге жылуу мамиледе болуу (Күн нуру тегиз жылуулук тартуулаган сыяктуу). Регламентти сактоо (Сааттын жебесиндей так болуу). Шамдагай болуу (шамалдай шамдагай болуу). Кезеги менен жооп берүү (4 мезгил сыяктуу кезектешип жооп берүү).
Топторго бөлүп алуу: Айткылачы, балдар, жаратылыш эмнеси менен кооз? Туура айтасыңар, балдар. Анда эмесе жооп бергилечи, эң көп кычкылтекти кайсы өсүмдүк бөлүп чыгарат? Ооба, арча, 1 күндө орто эсеп менен 1 арчадан 21 киши дем алгыдай кычкылтек бөлүп чыгарылат. Ал эми кыркылган токойлорду кантип калыбына келтиребиз? Азаматсыңар, жашыл көндүмдөрдү колдогонуңар жакшы. Демек, биз бүгүнкү сабакта:
- Жашылдандыруучулар
- Жаңыртуучулар
- Жаратуучулар
деп 3 топко бөлүнөбүз.
Сабагыбызда ар бир топтогу жооп берген окуучуларга кыргыздын нукура кийизинен жасалган көргөзмө куралдар: арча менен жашылдандыруучулар, көчөт менен жаңыртуучулар, ал эми 3-топ жаратуучулар таштандыларды тазалап упай топтоп, бааланышат.
Үй тапшырманы суроо:
Жердин, аба-ырайы, климат жана анын калыптанышы (додекаэдрга жазылган суроолор ар топко кезеги менен ыргытылат, үстүнкү суроого жооп беришет).
- Аба ырайы деп эмнени айтабыз.
- Метеорология илими кандай илим?
- Климат боюнча биринчи изилдөөнү кайсы окумуштуу баштаган.
- Термометр, баронометр приборлорун ким ойлоп тапкан?
- Аба ырайын мүнөздөөчү метеорологиялык элементтер?
- Климат деп эмнени айтабыз?
- Аба ырайында өзгөрүү болорунун биринчи белгиси?
- Жыл мезгилдерин толук кайсыл алкактан байкай алабыз?
- Кыргыз Республикасы кайсы алкакта?
- Дүйнөдө эң кургак жер?
- Дүйнөдө эң тумандуу жер?
- Чагылгандын пайдасы?
Жаңы темага өбөлгө түзүү:
Кыргыздын көөнөрбөс мурасы болгон “Манас” эпосунда айтылгандай: «Көп жылдар өттү, деңиз кургап чөл болду. Өрөөндөр бийик тоолуу жайлоолорго айланды. Тоонун чокулары асман тиреди. Аскалардын ордуна саздар жаралды» дегендей, жер өзгөрүп, жердин бетиндеги аба температурасынын өзгөрүшү байкалды. Аны менен бирге жер бетинде климат өзгөрүүдө. Бүгүн биз жогоруда айтылгандай эле климаттын өзгөрүшүнө адамдын тийгизген таасири жөнүндө кеп кылабыз.
Жаңы тема: “Климаттын өзгөрүшүнө адамдардын тийгизген таасири” деген темада долбоор түзүү. Биздин түзгөн долбоор СТЕМ сабагы менен байланышат.
Долбоордун максаты: Климаттын өзгөрүшүнө адамдын тийгизген терс таасирлерин аныктоо жана алдын алуу.
Долбоордун актуалдуулугу:
➢ Парник эффектисинин күчөшү
➢ Табигый кырсыктардын көбөйүшү
➢ Экологиянын бузулушунун таасирлери.
Долбоордун милдеттери. Долбоорду аткаруу үчүн 3 жумушчу топ иштейт.
1-топ. Жашылдандыруучулар
Парник эффектисинин келип чыгуусун аныктайт (ватмандагы тема байланышкан сүрөткө карап презентация жасашат).
2-топ. Жаңыртуучулар
Климаттын өзгөрүшүнүн себептерин аныктайт (климаттык кутучадагы картага карап климаттын өзгөрүшүн аныктайт).
3-топ. Жаратуучулар
Климаттын өзгөрүшүнө адам баласынын тийгизген таасирин аныктайт (климаттын өзгөрүшүн кыскартуу боюнча кеңештерди беришет)
Азыр барабан айлантабыз, кайсы топко туш келсе, ошол топ аткарган ишин презентациялайт.
1-топ. Жашылдандыруучулар:
Жер планетасында климаттын жалпы өзгөрүүлөрү байкалууда. Кийинки 250 жылдын ичинде атмосферага өнөр жайдан чыккан газдардын, чаң суунун буулары жердин жылуулугун сиңирип алып жана чагылышына тоскоолдук кылган процесс парник эффектиси деп аталат.
Климаттын өзгөрүшүнө тийгизген факторлордун бири бул – парник эффектиси.
Парник эффектиси – жер бетинин жылуу нурларын атмосферанын сиңирип алышынын натыйжасында абанын жерге жакын жерлеринин жылып кетиши.
2-топ. Жаңыртуучулар:
Климаттын өзгөрүшүнүн себептери эң негизи жердин жылуулануусу, мөңгүлөрдүн эришине алып келет. Нөшөрлөгөн жаан-чачын, суу каптоо, кургакчылык, катуу сууктун болушу, бороондуу шамал, жер көчкү, селдер ж.б. табигый кырсыктар көбөйүүдө.
Бул кырсыктардан өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшү, майда аралдардын толугу менен жок болуп кетиши, айыл чарбаларда кургак аянттардын кыскарышы, өсүмдүктөр менен жаныбарлардын жаңы түрлөрүнүн келип чыгышы илдет чакыруу түрлөрүнүн келип чыгышы.
Себеби: кен байлык отундарды жагуунун жыйынтыгында, автотранспорттун өрчүшүнөн, токойлордун кыйылышынан атмосферада көмүр кычкыл газы (CO2) жогорку санга жетет.
3-топ. Жаратуучулар:
- Айыл жергесинде климаттын өзгөрүүсүнүн адам баласына тийгизген таасири
- Жашообузда электр тогун канчалык көп пайдалансак, магнит талаасы күчөйт, демек энергияны үнөмдөө керек (физика)
- Жер-жемиштерди өстүрүүдө химиялык жер семирткичтерди пайдаланбоо (химия)
- Токойдогу өсүмдүк, жаныбарларга зыян келтирбөө (биология)
- Желимден жасалган буюмдарды өрттөбөө. Алар күйгөндө 75тен ашык уулуу заттарды бөлүп чыгарат
- Сууну булгануудан сактоо (география)
- Атмосферага уулуу заттарды чыгарууну азайтуу ж.б.
Сабакты бышыктоо: анда баарыбыз биргеликте сабакта айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен таркатма материал даярдайлы. Анда климаттын өзгөрүшүнүн туруктуулугун сактоо боюнча эскертмелер камтылат. “Жашыл айыл” деп аталган таркатма материалды таратууга ар бириңерди салым кошууга чакырам. Жашыл өлкө – жашыл айылдан башталат, балдар!
Долбоордун жыйынтыгындагы сунуштар:
“Жашыл айыл” долбоорунан 7 кенеш! (тиркеме)
- Өз айылыңды таза сакта, таштандыны таштаба!
- Жөө басуу ден соолукка пайдалуу экендигин унутпа!
- Бак-дарактарды көбүрөөк отургуз, анткени алар көмүр кычкыл газын жутат!
- Сууну жана энергияны үнөмдүү пайдалан!
- Жалбырактарды өрттөбө!
- Полиэтилен пакеттерин кагаз баштыктарга алмаштыр!
- Табигый жер семирткичтерин пайдалан!
Баалоо: окуучулар көчөттөрдү, арчаларды эгип, таштандыларды тазалоодо топтогон упайларына жараша бааланат. Активдүү катышкан топторго ыраазычылык билдирем. Ар бириңер азаматсыңар. Жеңиш баарыбыздыкы, биргеликте гана биз климаттын туруктуулугун сактоого салым кошо алабыз.
Үйгө тапшырма: анда эмесе сабагыбызды жыйынтыктап жатып “Тандоо” видеосуна көңүл буралы. Ушул видеодон алган таасирлериңерге таянып, «Климаттын туруктуулугун сактоого мен кандай салым кошом” деген темада эссе жазып келебиз.
Асел Нуралиева, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Рыскул Солпуев атындагы №60 жалпы орто билим берүү мектебинин география предметинин мугалими
Комментарийлер