“КАЙНЕНЕ”  АҢГЕМЕСИ. АМАН САСПАЕВ  

  • 11.10.2022
  • 0
 “КАЙНЕНЕ”  АҢГЕМЕСИ. АМАН САСПАЕВ   

Барчын Абдылсакы  кызы,

 Ош шаарындагы № 52 «Кыргыз-Түрк достугу»

 мектеп-лицейинин

кыргыз тили жана адабияты мугалими

Сабактын максаттары:

Билим берүүчүлүк максаты: Окуучулар бул сабакта А.Саспаевдин өмүрү чыгармачылыгы боюнча алган билимдерин жалпылоо менен бирге, анын “Кайнене” аттуу аңгемесинин идеялык – тематикалык мазмуну менен таанышат. Мындан сырткары кыргыз элинин каада-салттарына ылайык, келин менен кайнененин жашоодогу орду, алардын милдеттери боюнча кошумча маалыматтарга ээ боло алышат.

Өнүктүрүүчүлүк максаты: Окуучулар жазуучунун “Кайнене” деп аталган аңгемесинен үзүндүлөрдү сахналаштыруу аркылуу актердук чеберчиликке, өз алдынча чыгармачылыкка жана сүйлөө чеберчилигине, ошол эле учурда өз оюн тартынбай айта билүүгө, шамдагайлыкка жана тез ой жүгүртө билүүгө өнүгүшөт.

Тарбиялык максаты: Бул сабакта окуучулар негизинен жашоодо бирин-бири сыйлоого, айтылган сынды туура кабыл алууга, өздөрүнүн жашоодогу ордун билүү менен бирге милдеттерин так аткара билүүгө жана ар бир жанга өзгөчө көңүл бөлүп, жашоодо туура чечим кабыл алууга тарбияланышат.

Сабактын тиби: аралаш сабак

Сабактын формасы: топ менен иштөө

Сабакта колдонулуучу методдор жана ыкмалар: интерактивдүү, дедуктивдүү

Сабактын башка илимдер менен болгон байланышы: тарых, кыргыз тили, искусство, адеп ж.б.

Сабактын жабдылышы: таркатма материалдар, слайд, видео ролик, ар кандай көрсөтмө куралдар, буклеттер, китептер ж. б.

Сабактын түзүлүшү

  1. Уюштуруу. (3 мүнөт)

Мугалимдин иш-аракети: Окуучулар менен саламдашуу, окуучуларды жоктоо, класстын тазалыгына көңүл бөлүү, алтын эрежелер менен тааныштыруу, баалоо системасы менен тааныштыруу.

  1. Үй тапшырмасын суроо. (3 мүнөт)

Үй тапшырмасын суроо аркылуу мугалим ар бир топтон үчтөн окуучуну чакырып алат да, кроссворд аркылуу үй тапшырмасын сурайт.

  1. Жаңы темага киришүү. (3 мүнөт)

Окуучуларды сабакка чакыруу максатында аларга жаңы темага байланыштуу суроолорду узатуу.

  1. Жаңы теманы өтүү. (3 мүнөт)

А. Саспаев тууралуу учкай маалымат. (18 мүнөт)

«Кайнене» аңгемесинин мазмуну: Окуучуларга слайд аркылуу маалымат берет.

 Келин менен кайненеге тиешелүү каада-салттар: Слайд аркылуу аңгеменин үзүндүлөрү чагылдырылып, андан соң окуучулар менен биргеликте талкууланат.

Видео слайд көрсөтүү: Мугалим буклеттерде көрсөтүлгөн келин менен кайненеге тиешелүү салттар жана алардын милдеттери тууралуу айтып берет. (Мугалим окуучуларга видео слайд коюп берет).

  1. Бышыктоо №1. (9 мүнөт)

Мугалим эки топтун окуучуларына аңгеменин урунттуу окуялары тууралуу даярдалган материалдарды таркатып берет.

  1. Бышыктоо №2. (5 мүнөт)

Окуучуларга мугалим атайын даярдалган класстерлерди таркатып берет.

  1. Баалоо жана кайтарым байланыш. (2 мүнөт)

Сабакта активдүү катышкан окуучуларды жана топту баалоо; Окуучулардын бирин-бири баалоосу;

  1. Үй тапшырмасын берүү. (2 мүнөт)

Окуучулар менен коштошуп, үй тапшырмасын берүү;

Уюштуруу:

— Саламатсыңарбы, балдар?! Отургула! Баарыбыз китеп, дептер, ручкаларды жана күндөлүгүбүздү алып, сабакка даярданабыз. Ага чейин бүгүн сабакта ким нөөмөтчү? Бүгүн сабакта кимдер жок? Демек, баары толук, эң сонун! Анда баарыбыз сабакка киришүүдөн мурда, эң алгач бүгүнкү сабагыбыздагы алтын эрежелер менен таанышып алалы.

Демек, бүгүнкү сабакта баарыбыз:

  • Кол көтөрүп гана сүйлөйбүз;
  • Мугалимдин сөзүн кунт коюп угабыз;
  • Дептерлерибизге жазабыз;
  • Уюлдук телефондорубузду үнсүз абалга келтиребиз!
  • Бири-бирибизди сыйлап, бири-бирибизге тоскоолдук жаратпаганга аракеттенебиз.

-Азыр болсо, мен силерди бүгүнкү сабактын баалоо кыймылы менен тааныштырып койсом. Силер мында “БИЗ СҮЙГӨН САПАТТАРдеген жазууну көрүп турасыңар. Ал эми бул жерде кыргыз элинин улуттук буюмдарынын бири болгон куржунду көрүп турасыздар. Кызыгы, бул куржундун ичинде силерге берилүүчү упайлар топтоштурулган. Бүгүнкү сабакта мугалим тараптан берилген суроолорго туура жана так жооп берген окуучулар гана бул куржунга кол салууга укуктуу болуп саналат жана алар өз топторуна упай алып келишет.

Үй тапшырмасын суроо:

 — Англис тилинде “сөз” кандай аталат? Туура айтасыңар. Ал эми “кесилиш” деген сөзчү? Эң туура! Ал эми мен бүгүнкү сабакка үй тапшырмасына кандай даярдык менен келдиңер, мына ушул тууралуу билимиңерди сыноо максатында атайын кроссворд түзүп келгенмин. Силер муну 3 мүнөттүн ичинде толтуруп, коргоп берүүңөр керек. Ар бир топко берилүүчү кроссворддо төрттөн гана суроо берилген.

Окуучулар кроссвордду толтуруп, аны коргоп беришет.

1-командага берилүүчү кроссворддун суроолору жана жооптору:

Туурасынан:

1.Романдагы Дыйканбекке ар дайым эки койгон мугалиминин адистиги кандай эле? (Математика)

Тигинен:

1.Дыйканбек окууга жөнөп жатканда алгачкы жолу кандай үлгүдөгү унаага отурат? (Волга)

2.Дыйканбек окуп жүргөн мезгилинде чогуу колхоздун алмасын ким менен чогуу уурдайт? (Кусейин)

3.Бул романда Дыйканбектин жан досу катары ким көрсөтүлөт? (Медет)

 В2  М4 
О К3Е
ЛУД
ГСЕ
М1АТЕМАТИКА
 Й 
И
Н

2-командага берилүүчү кроссворддун суроолору жана жооптору:

Туурасынан:

1.Романда “Малдын тилин билет” деп атасы мугалимдерге кимди мактайт? (Дыйканбекти)

 Тигинен:

  1. Дыйканбек окуп жүргөн мезгилинде кайсыл кызды жактырып калат? (Айтыгүлдү)
  2. Дыйканбек алгачкы жолу унаага түшкөндө кимге үйлөнсөм мен да чоң адамдардай Волга айдап калат элем деп кыялданат? (Мейликан)
  3. Стал баштаган агитбригада алгачкы жолу чыгармада кайсыл кыштоону абышкадан сурап кайрылышат? (Жылгындуу)
М3 Ж4
  ЕЫ
 А2ЙЛ
ЙЛГ
ТИЫ
Д1ЫЙ  КАНБЕК
 Г А Д
УНУ
Л У

 Жаңы темага киришүү:

— Балдар, ар бир адамдын бул жарыкчылыкта өзүнүн кыялдары болот эмеспи. Эми болсо мага кызык болуп турат, келгиле мындан 6-7 жыл алга карай жылып көрөлү. Силер келечектеги кайната, кайненеңерди кандай элестетесиңер?

 

Демек, биз бүгүн силер менен биргеликте кыргыз адабияты сабагынан класстар тышкаркы окулуучу чыгармалар, анын ичинде Аман Саспаевдин “Кайнене” аттуу чыгармасынын үстүндө кеп кылмакчыбыз.

ПЛАН №1. Окуучуларга Аман Саспаевдин өмүрү чыгармачылыгына байланыштуу болгон слайд көрсөтүлөт;

 ПЛАН №2. “Кайнене” аттуу чыгармасынын тематикалык – идеялык мазмунуна токтолунат;

 ПЛАН №3. Кайнене менен келиндин жашоодогу милдеттери жана орду, аларга тиешелүү болгон кыргыз элинин каада-салт, ырым-жырымдары тууралуу сөз болот.

(Жогорудагы 3 пландын баары тууралуу слайддан маалымат көрсөтүлөт)

Бышыктоо (№1)

Азыр болсо мен силерге аңгеменин урунттуу жерлеринен түзүлгөн сценарийлерди таркатып бермекчимин. Силер болсо ал сценарийлерди сахналаштыруу аркылуу теманы бышыктооңор керек болот.

1-топко сценарий:

Энеке, эгерде менин айткан кебиме көнбөйт экенсиз, мен азыр эле келиниңизди алып кетемин.

            -Кетемин дечи. Мейли, кетсең-кет. Ал дүнүйөңдүн баарын.

Кемпир Саамыйга өчөшүп, үйдөгү кийми-кечек, түйүнчөктөрдүн баарын бир четтен короого ыргыта баштады. Саамый болсо бир эле учурда энеси ыргытып жаткандарды бир четинен Закештин жанына жыйнап, өзү болсо дагы бир нерсем калып кеткен жокпу дегенсип буту менен полду теше-теше басып жүрдү. Бул окуяга аң-таң болгон кошунасы Саамыйга карап:

  • Балам, бул эмне кылганың? Сага эмне эле болуп жатат? Уят эмеспи? Саамый ага да ачуусун келтирди.
  • Сиз аралашпаңыз. Саамый эми Закешти колунан кармап:
  • Сен эмнеге карап турасың? Кеттик! – деп бир колуна жүктөрдү, бир колуна Закешти кармап алып, аны эшикке карай сүдүрөдү. Закеш болсо ага каршылык көрсөтүп колун тартып жатты.

Кайненеси болсо дагы да:

  • Бириң жакшы көрүнүп, бириң жаман көрүнбөй кеткиле!

Закеш колун каттуу сууруп алды да Саамыйга карап:

  • Мен эмне, силерди бөлүп жарыш үчүн келди дейсиңерби?

Закеш кайненесинин алдына чуркап барды да, аны кучактап ыйлап жиберди:

            -Көлөкөм, энеке, мен кетпеймин. Муну баштаган мен эмес. Кайненесинин да көздөрүнөн тамчылап, көз жашы агып жатты.

 “КАЙНЕНЕ”  АҢГЕМЕСИ. АМАН САСПАЕВ   

2-топко сценарий:

...Бир күнү үйгө Закештин кыз кезиндеги достору келип калышты. Аларды көргөн Закеш короодон чуркап барып эле аларды кучактап калды. Алар ошол жерде ал-акыбал сурашканча кыйла убакытка чейин туруп калышты.

-Жүргүлө, үйгө киргиле, – деди Закеш аларга үй-жайлуу киши өңдөнүп.

Кыздар макул болушту. Закештин кайненеси ички үйдө жүн тытып отурган. Ал кыздарды анча жактырбагандай:

  • Келгиле! – Сен кимдин кызысың? – деди кемпир плащчан кара кызга.
  • Жаңыл энемдин, – деп жооп берди кыз.
  • Баса, энеңди тартып, эки колуңду чөнтөгүңдөн чыгарбайт турбайсыңбы?
  • А сенчи, сен кимдин кызысың? — деди ал костюм юбка кийген кызга.
  • Сартбайдын кызымын.
  • Баса, — деди кемпир ага да, — Атаңды тартып, мурдуң кырдуу тура.

Кемпирдин бул сөздөрүн угуп турган Закеш эч нерсе дей албай, башын жерге салып тура берди.

  • Досторуңа чай кайнатып бербейсиңби? – деди ал келинине. Закеш кыздарды үйгө баштап кирип, чогуу чай ичишти. Кыздар да ыңгайсыздана, дароо эле, — биз эми туралы, дегенге өтүштү.

Достору менен Закеш короонун сыртына чыкканда кыздар шаңкылдап баары күлүп жиберишти. Кээ бирлери кемпирди туурап да киришти:

  • Энең сыяктуу сен да эки колуңду чөнтөгүңдөн чыгарбайт турбайсыңбы? – Ха-ха-ха-ха Кыздардын баары күлүштү.
  • Тообо, мындай кайненеге сен кандай чыдап жүрөсүң? – Эгерде сенин ордуңда мен болгонумда, бул үйдө мен бир секунд да турбайт болчумун.

Бул сөздөр ички үйгө даана гана угулуп турду. Кемпир башын чайкап коюп, жүнүн тытып отура берди.

Бышыктоо (№2).

Азыр болсо мен силерге келин менен кайнененин негизги жашоодогу милдеттери эмнелер, мына ушулар тууралуу класстер даярдап келгенмин. Силер ошол класстерди толтуруп берүүңөр керек.

 Баалоо жана кайтарым баалоо:

Мугалим асыл сапаттарды бир четтен окуп бүткөн соң, кайсы топтун мүчөлөрү жеңгендигин белгилеп өтөт. Класска өзүнүн арнаган белегин тапшырат.

Үй тапшырмасын берүү:

“Мен келечекте кандай келин болушум керек?” деген темада дилбаян жазып келүү!

Мугалим:

— Ушуну менен биздин бүгүнкү сабагыбыз өзүнүн жыйынтыгына келип жетти, кайрадан кийинки сабактардан көрүшкөнчө саламатта баргыла!

Бөлүшүү

Комментарийлер