Карама-каршы сандар

  • 12.02.2024
  • 0
Карама-каршы сандар

Математикалык сабаттуулукту жогорулатуу үчүн PISA форматындагы маселелер, тест камтылган математика сабагынын технологиялык картасы камтылган сабак. 6-класс

Окутуу методу: издөө, оозеки, көрсөтмөлүүлүк, өз алдынча иштөө.

Уюштуруу формасы: фронталдык, жекече, оозеки, жазуу түрүндө.

Сабактын максаты: карама-каршы сандар жөнүндө түшүнүктөрдү калыптандыруу үчүн шарттарды түзүү; сандар жөнүндөгү түшүнүктү кеңейтүү, математикалык сүйлөө, иштөө эс тутумун, ыктыярдуу көңүл бурууну, математикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү; жүрүм-турум маданиятын өнүктүрүү.

Күтүлүүчү натыйжалар:

  • карама-каршы сандар жөнүндө түшүнүк алат;
  • карама-каршы сандарды айырмалай алат;
  • рационалдык сандар жөнүндөгү билимдерин кеңейтет;
  • окуу мотивациясын өркүндөтөт;
  • адекваттуу өзүн-өзү сыйлоону үйрөнөт;
  • жаңы билимдерди алуу зарылдыгын калыптандырат;
  • турмуштук тажрыйбада сабакта алынган маалыматты колдоно алат.

Сабактын жабдылышы:  компьютер, проектор, китеп, дептер, карточкалар, ватман, маркер.

Окуу-методикалык колдонмо:

1) Математика, 6-класс. Орто мектептин 6-класстары үчүн окуу китеби / И.Б.Бекбоев.

2) Математика, 6-класс. Орто мектептин 6-класстары үчүн окуу китеби / Н.Я.Виленкин.

3) Microsoft Office Power Point 2010 тиркемесинде даярдалган презентация.

4) Microsoft Office Word 2010 тиркемесинде даярдалган сабактын планы, карточкалар.

5) learningapps.org  тиркемесинде даярдалган интерактивдүү оюн.

6) https://multiurok.ru/tests тиркемесинде даярдалган  онлайн тест

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу (1-3-слайд). Үй ишин текшерүү. Мугалим саламдашат. Окуучулардын сабакка даярдыгын көзөмөлдөйт. Сабакка көңүл бурдуруп, жакшы маанай түзөт. Үй ишин текшерет. Сабактагы окуучунун билимин баалоо системасын түшүндүрөт, баалоо баракчасын таркатат.

Билимди актуалдаштыруу (4,5,6-слайд).

Оозеки иштөө: туура, туура эмес экендигин текшергиле.

370 + 230 = 600                         12۰30 = 360

720 : 18 = 4                                6 – 3,5 = 3,5

320 : 16 = 20                              7,2 : 2,4 = 0,3

8 ۰1,2 = 9,6                                2,4 : 0,12 = 2

10 ۰ 0,01 = 0,1                           6,8 + 2,2 = 10

7 – 2,1 = 4,9                               20۰ 0,125 = 25

Азаматсыңар!

Маселе менен иштөө (PISA-форматында): балдар күнүнө орто эсеп менен 1,8 литр суу ичиши керек. Ошол эле учурда тамак-аштын түзүмүндөгү суу: ичүүчү суу түрүндө организмге кирген суунун 20% түзөт. Балдар күнүнө канча литр суу ичиши керек?

Маселени чыгарууга жардам берет.

Жаңы теманы түшүндүрүү. Көйгөй түзүү (7,8,9,10,11-слайд). Белгилүү болгондой, адам дароо эле бүтүн сандар менен санай баштаган эмес, адегенде манжалары менен санаган. Санаганды үйрөнүүнү турмуш талап кылган. Алгач сандардын аттары бир жана эки болгон. Кийинчерээк манжалар эң сонун эсептөөчү машинага айланып, алардын жардамы менен адамдар онго чейин санаганды өздөштүргөн.

Мугалим координаталык түз сызыкты чиет. Сандарды жайгаштырат. Нөлдүн оң жагындагы сандар кандай сандар деп аталат?  Эмне үчүн оң сандар деп аталат? Мугалим бир баланы өзүнө келүүсүн суранат.

– Балдар, келгиле, менин жардамчымдан колун ар кайсы тарапка жайып, анын денеси “нөлгө” барабар экенин элестетели. Эми мен эки кыздан мага чыгып, бир нече кадам жасоону суранам. Бири сол колуңдун багытында, экинчиси оң колуңдун багытында кыймылдайт. “Нөлдөн” баскан кыздар тууралуу эмне айта аласыңар? Туура, бул түрдүү багыттар эмне деп аталат?

Сандар оң, терс болгондуктан, карама-каршы сандар деп айтабыз. Турмушта карама-каршы нерселер көп, аларга токтололу жана алардын колдонулган чөйрөсүнө токтололу:

Узун –                                    Оң –                                      Ооба –

Жакшы –                             Жаш –                                   Жай –

Ысык –                                 Күн –                                     Чоң –

Арык –                                  Күчтүү –                                Ак –

 

Сабактын темасын жазгыла: “Карама-каршы сандар”.

Координаталык түз сызыкты чиет, нөл – оң санда эмес, терс санда да эмес экендигин айтат.

Кандай сандарды карама-каршы сандар деп айтабыз? Демек, карама-каршы сандар белгиси менен айырмаланат, мисалы:  1 жана -1;      2  жана  -2;   а жана  -а;    15  жана  -15.

Терс  сандар  минус (-) белгиси  менен айырмаланат. -(-а) = а экендигин эч качан унутпайбыз.

Мисалы: -(-4)=4;       -(-102)=102.

Сандарды оң жана терс деп бөлөбүз. Анда нөл кандай сан? 0 санынын өзү оң да эмес, терс да эмес сан. Ал оң жана терс сандарды ажыратып турат.

Демек, бири-биринен жалаң белгиси менен гана айырмаланган сандар карама-каршы сандар деп аталат. Ар бир сандын өзүнө карама-каршы бир гана саны болот. 0 саны өзүнө-өзү карама-каршы.

Натуралдык сандар, аларга карама-каршы сандар жана нөл саны бүтүн сандар деп аталышат.

Сандардын карама-каршысын тапкыла:

1) -3,8  жана  ___

2)  5,6   жана  ___

3) 214   жана ___

4) k   жана ___

5)  -b   жана ___

6) 2,4 d   жана  ___

Алгачкы түшүнүү жана билимди бекемдөө (11,12-слайд)

Китеп менен иштөө. № 910,  №  911, № 912 (а)

Таблицаны толтургула.

 

x2,5 -4 -1,5
-x -3 0 

Өз ара текшерүү жүргүзөт.

Алган билимди бышыктоо (14,15,16-слайд). Алган билимдерди бышыктоо үчүн тест берет (QR код берет).

Вариант 1

1) -4,8  санынын карама-каршысын тапкыла:

А) -4,8       Б) 4,8      В) 4        Г) 48.

2) Белгиси менен гана айырмаланган сандар кандай сандар деп аталат?

А) оң   Б) терс   В) карама-каршы    Г) натуралдык.

3) Туура билдирүүнү тандагыла:

А) эгерде  d = -38 болсо,  -d =38 болот;

Б) эгерде  а = 5 болсо,  а = -5 болот;

В) эгерде  -р = 0,6  болсо,  р  = -(-0,6) болот;

Г) эгерде  х =-(-1) болсо,  х = -1 болот.

4) -4 жана -1 сандарынын арасында канча бүтүн сан бар?

А) 3       Б) 4        В) 2      Г) 1

Вариант 2

1) -0,85  санынын карама-каршысын тапкыла:

А) -0,85       Б) 85      В) 0,85        Г)80.

2) Нөл санына карама-каршы сан:

А) оң   Б) терс   В) нөл    Г) натуралдык.

3) Туура билдирүүнү тандагыла:

А) эгерде  d = -8 болсо,  -d =8 болот;

Б) эгерде  а = 41 болсо,  а = -41 болот;

В) эгерде  -р = 0,1  болсо,  р  = -(-0,1) болот;

Г) эгерде  х =-(-101,5) болсо,  х = -101,5 болот.

4) -16 жана -1 сандарынын арасында канча бүтүн сан бар?

А)15       Б)16        В)2      Г)1

Жыйынтыктоо. Үй иши. Билимди баалоо (17,18,19-слайд). Жаңы түшүнүктөрдү  бекитүүнү, окуу-тарбия иштерине өз алдынча баа берүүнү уюштурат.

Мен сабакта…

Мен эстедим…..

Мен аткардым…..

Мен үйрөндүм……

Мен эстеп калдым….

Мен аткара алам…..

Үйгө тапшырма: Көнүгүүлөрдү иштөөгө көрсөтмө берет. 27-параграфты окуп келүү, 152-бет, № 915, 916, 917 чыгаруу, 154-бет.

Саадат Ашыралиева, №1 Ч. Айтматов атындагы Новопавловка инновациялык окуу-тарбия комплекс-лицейинин математика мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер