КАНЧА ТИЛ БИЛCЕҢ, ОШОНЧО ДИЛ БИЛЕСИҢ

  • 21.12.2023
  • 0
КАНЧА ТИЛ БИЛCЕҢ, ОШОНЧО ДИЛ БИЛЕСИҢ

Нуржамал Алибаева, Ош шаарындагы №4 С.Киров атындагы мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими

Тарбиялык саат.

Сабактын темасы: КАНЧА ТИЛ БИЛCЕҢ, ОШОНЧО ДИЛ БИЛЕСИҢ

Сабактын максаты:

А) Билим берүүчүлүк: Коомдогу көп тилдүүлүк боюнча билимин кеңейтет, биздин мамлекеттеги түрдүү тилдерди аташат, ар бир улут өзүнүн эне тилинин ушул мезгилге чейин жеткендигинин баалуулугу боюнча маалымат беришет, эне тил улуттун мамлекет болуп сакталышына өбөлгө түзөт деп билишет, тил билүүнүн маанилүүлүгүнө мүнөздөмө беришет;

Б) Өнүктүрүүчүлүк: Тилдердин окшоштугун  чеберчилик менен анализдешет, салыштырышат, эне тилди жана көп тилдүүлүктү коомдун баалуулугу катары мүнөздөшөт, мамлекеттик жана расмий тилдин маанилүүлүгүн түшүнөт; сүйлөө кебин арттырып, адабий тилдин нормасын сактоого, логикалык ойлорун өстүрүп, эне тилди даңктаган ырларды, макал-лакаптарды айтууга жетишет;

В) Тарбия берүүчүлүк: Ар бир улут өзүнүн эне тилин сүйүүгө, урматтоого, мамлекеттик тилди жана башка тилдерди урматтоого, маданияттуулукка, тилдин тазалыгын, байлыгын сактоого тарбияланышат;

Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү

Сабактын усулу: Мээ чабуулу, сынчыл ойломду өстүрүү, суроолорду талкуулоо

Сабак аралык байланыш: кыргыз тили, адабият, тарых, адам жана коом

Сабактын жабдылышы: дубал газеталар, учкул сөздөр, плакаттар, ватман, скотч, маркер ж.б.

Сабактагы негизги иш-аракеттер: доклад, эне тилди даңазалаган ырлар, макалдар, суроо-жооптор, топтордо иштөө

Сабактын жүрүшү:

 1-кадам: Уюштуруу. “Саламдашуу” оюну. Мугалим окуучулардан бири-бири менен чынжырчаны үзбөй, кааласа сөз менен, кааласа ишарат менен саламдашуусун айтат.

Талкуулоо:

  • Тил билүүнүн маанилүүлүгү кандай? Ушул мезгилге чейин эне тили кантип сакталып келди?
  • Эгерде сенин тилиңди билбей же түшүнбөй жатса өзүңдү кандай сезесиң? (Мындай көрүнүш сенде кездешкен болсо, биз менен бөлүш). Эгерде ушул эле көрүнүш тескерисинче болсо кандай сезимде болмоксуң?
  • Эгерде чет өлкөлүк жаран сенин тилиңде сүйлөп жатса, кандай сезимде болосуң? (Окуучу жагымдуу болот десе, эмне үчүн экендигин айтып берүүсү керек)
  • Маектешиң менен бир тилде сүйлөшө алсаң, кандай сезимде болосуң?

2-кадам: Ар түрдүү тилдер

Жер жүзүндө 7000ге жакын тил бар. Бирок алардын саны бүгүнкү күндө азайып баратат, азыркы учурда Африка өлкөлөрүндө 400гө жакын тил жок болуп кетүү коркунучунда турат. Көптөгөн адамдар сүйлөгөн эң популярдуу тилдер: Кытай тили (бир жарым миллиардга жакын), англис тили (1500 миллиард), испан тили (55миллион), араб тили (420 миллион), француз тили (270 млн.), орус тили (260 млн.), немец тили (200 млн.) Тил көндүмдөрү башкалар менен баарлашууга жардам берет. Башка тилди билүү менен биз ошол элдин маданияты, каада-салты менен таанышып, дүйнө жүзү боюнча көптөгөн досторду күтө алабыз.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн-өзү таануусун өнүктүрүүнүн концепциясынын артыкчылыктуу беш багыты бар деп белгилеген. Мына ошол беш багыттын үчүнчүсү — мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, көп тилдүүлүктү сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган. Биздин республикабызда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик тилди билүүсү үчүн бардык шарттар бар, тагыраак айтканда, көп тилдүүлүктү жана көп түрдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлгөн. Демек, мына ушундай шарттарда кыргыз жараны концепциясы албетте ишке ашырылат.

Биздин мектепте окутуу орус тилинде жүргүзүлөт, анткени көп улуттун өкүлдөрү окушат. Биздин класста да ар улуттун өкүлдөрү бар. Анда эмесе, досторубуздун ойлорун уксак. (3-4 окуучу ой бөлүшөт).

1-окуучу: Менин атым Камила. Улутум татар, эне тилим — татар тили, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили — кыргыз тили, расмий тили — орус тили, мен үч тилди тең жакшы түшүнөм жана эркин сүйлөйм.

2-окуучу: Менин атым Фирдавис, улутум өзбек, эне тилим — өзбек тили, мамлекеттик тилибиз — кыргыз тили, расмий тилибиз — орус тили, мен да үч тилди тең  түшүнөм, досторум менен баарлашам.

3-окуучу: Менин атым Амантай, менин улутум кыргыз, эне тилим — кыргыз тили, Россия Федерациясынын жаранымын, азыркы учурда Кыргызстанда жашайм, мен өз эне тилимде, орус тилинде сүйлөйм, оюмду толук айтып, баарлаша алам.

4-окуучу: Менин атым Аделина, улутум кыргыз, эне тилим — кыргыз тили, Кыргыз Республикасынын жаранымын, мамлекеттик тилибизде, расмий тили болгон орус тилинде жана англис тилинде эркин сүйлөй алам.

Жупта иштөө:

  • Жаран дегенди кандай түшүнөсүңөр?

Жаран-укуктук негизде белгилүү бир мамлекетке таандык адам.

  • Кыргыз жараны дегенди кандай түшүнөсүңөр?

Кыргыз жараны — бул этностук, диний социалдык жана региондук таандыгына карабастан, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык укуктары жана милдеттери бар Кыргыз Республикасынын жараны.

  • Эмне үчүн кыргыз жараны? Кыргызстан жараны эмес?

Бул термин өлкөнүн аталышы болгон “Кыргыз Республикасы” деген аталыштан келип чыгат.

3-кадам. Талкуулоо:

  • Тил деген эмне?
  • Тил бул — көпүрө.
  • Тил бул — пикир алышуу.
  • Тил бул — достук.
  • Тил бул — жандуу прогресс.
  • Тил бул — баарлашуу.

Тили жок эл болбойт. Улуттун жүзү болгон мурастарыбыз муундан-муунга тилибиз аркылуу жетип олтурат. Кыргыз тилибиз — биздин эне тилибиз. Биз үчүн улуу тил, ыйык тил. Улуу тилде Манас атабыз ураан чакырып, эли-жерин коргоп келген. Бабабыз Бакай накыл сөздөрүн баян эткен, Каныкей энебиз бешик ырын ырдаган. Биз да энебиздин ак сүтү менен бирге алдей ырын укканбыз. Бекеринен энени ааламды баккан жерге теңешпеген чыгар. Дүйнөдө эненин эч теңдеши жок. Эне тилди сүйүү ар бирибиздин парзыбыз. Кыргыздардын эне тили — кыргыз тили. Кыргыз тили -көрөңгөлүү тил. 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили Жогорку Кеңеш тарабынан мамлекеттик статусуна ээ болгон. Ошол күндөн тартып Мамлекеттик тил майрамын жылына 23-сентябрда белгилеп келебиз. Элди түбөлүктүү мамлекет катары тааныткан анын тили. Кыргыз тилинин тагдыры — кыргыз улутунун тагдыры. Тилди сактасак, улутту сактайбыз!

4-кадам: Эне тили жөнүндө ырлар

1-окуучу: Эне тилим улуу тил,

Манас бабам сүйлөгөн.

Жашап келет биз менен,

Кылымдардан кылымга.

2-окуучу: Эне тилим — ырыскым,

Толуп турган чагымда.

Жашап келет биз менен,

Кылымдардан кылымга.

3-окуучу: Эне тилим — таалайым,

Кайда гана барбайын.

Эне тилим барында,

Дайым жарык маанайым.

4-окуучу: Тилим барда улукмун,

Тилим менен улутмун.

Эне тили болбосо,

Аты аталбайт улуттун.

5-окуучу: Кааласам алар алп тилим,

Кандагы жүргөн бал тилим.

Кылымдар өчпөй келаткан,

Кыргыз тили жан тилим.

6-окуучу: Бул тилде атам сүйлөгөн,

Бул тилде апам сүйлөгөн.

Буруусуз сайрап жаткансыйт,

Булбул дагы кыргыз тилинде.

7-окуучу: Кыргыз тилим кылымдарды баскан тил,

Кыргыз тили көркөм дүйнө баскан тил.

Бул тил менен Манас бабам жар салып,

Мезгилдеги зор кайратты каткан тил.

8-окуучу: Кыргыз тили нускалуу тил, кутман тил,

Кыргыз тили кылымдарды уккан тил.

Кыргыз тили акындардын ырынан,

Чечендердин таңдайынан чыккан тил.

9-окуучу: Кыргыз тили бабалардан калган тил,

Кыргыз тили тээ түпкүрдөн жазган тил.

Кыргыз тили байыркынын дастаны,

Бир мезгилде муңга баткан арман тил.

10-окуучу: Бул тил менен даанышмандар сыйлашкан,

Бул тил менен ачылбаган сырды ачкан.

Бул тил менен ак таңдайлар ачылат,

Далай акын дастан жазган, ыр жазган.

5-кадам: Тил жөнүндө макал-лакаптар

1-окуучу: «Ой океан — тил булак»

2-окуучу: «Буттан жаңылган турат, тилден жаңылган турбайт»

3-окуучу: «Тил билсең — дил билесиң»

4-окуучу: «Тил — акындын күзгүсү»

5-окуучу: «Тил — акындын таразасы»

6-окуучу: «Тил акыйкаттын ачкычы»

7-окуучу: «Тил — ойдун булагы»

8-окуучу: «Тилсиз улут болбойт»

9-окуучу: «Узун тил уудан жаман»

10-окуучу: «Өнөр алды кызыл тил»

11-окуучу: «Тилдин сөөгү жок»

12-окуучу: «Илим менен билимге көпүрө — тил»

13-окуучу: «Эне тил — улут сыймыгы”

6-кадам: Аталар сөзүн аздекте, макалдарды толукта. (Балдар жупта иштешет)

  • Адам көңүлүнөн азат, тилинен … (жазат)
  • Ырыс алды… (ынтымак)
  • Билим алуу ийне менен … казгандай (кудук)
  • Аткан ок … кайтпайт, элчи … тилин тартпайт (таштан, кандан)
  • Жүрөк сыры … чыгат (тилден)
  • Чечендин – тили .., чебердин – колу … (орток)
  • Атың барда жер …, атаң барда эл … (тааны)
  • Бутунан жаңылган турат, ……. жаңылган турбайт.(тилинен)
  • Жакшы — сыйлайт …. менен, жаман кыйнайт … менен (дили, тили)
  • Жакынга көз …, алыска тил … (жеткирет)

7-кадам: Дүйнөлүк улуу адамдар тил жөнүндө (учкул сөздөрдү айтышат)

Жашоодо тилден ачуу да, тилден таттуу да эч нерсе жок. (Эзоп)

Тилине ээ боло албаган адам, оюна да ээ боло албайт. ( Л.Н.Толстой)

Жараткан бергенин бүт койбой алат, бирн гана жагымдуу сөз аман калат. (Фирдоуси)

Улуттун тили дайыма элдин улуттук руху менен тыгыз байланышта. ( Л.Н.Толстой)

Тилдин байлыгы ал ойдун байлыгы. (Н.М.Карамзин)

Чет тил бул, жашоо үчүн болгон күрөштө бизге курал. (К.Маркс)

Кимде-ким чет тил билбесе, ал өз эне тилин да жакшы билбейт. (И.Гёте)

8-кадам: Улуттук улуу жана белгилүү адамдар тил жөнүндө (учкул сөздөрдү айтышат)

Улут болсом — тилим менен улутмун. (Э.Ибраев)

Тил — улуттук маданият, улуттук байлык, улуттук мурас. (Т.Сыдыкбеков)

Элдин өмүрү — анын тилинде. (Ч.Айтматов)

Тил улуттун кубанса кубанычы, кайгырса кайгысы жана акыл-эси. Тилсиз улут болбойт. (Ч.Айтматов)

Илим менен билимге көпүрө — тил, көкөлөткөн адамды тили деп бил. (Ж.Баласагын)

Ар улуттун энеси улуу, тили улуу. Өйдө ылдый деп айта албайбыз эч бирин. (Б.Сорногоев)

9-кадам: Бышыктоо

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренеси

  1. Кыргыз тили — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили.
  2. Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили колдонулат.
  3. Кыргыз Республикасынын элин түзгөн бардык этносторудун өкүлдөрүнө эне тилин сактоого, окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугу кепилденет.

Суроолорду талкуулоо:

1-Тапшырма

  • Кыргызстанда кайсы тил мамлекеттик тил болуп саналат?
  • Сиз билген өлкөлөрдүн мамлекеттик тилин айтып бериңиз?
  • Эмне үчүн жарандарга мамлекеттик тилди билүү маанилүү?
  • Кыргыз Республикасынын расмий тили кайсы тил? Эмне үчүн расмий тилди билүү зарыл?
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы биздин жарандарга өз эне тилинде окуу укугуна кепилдик берет. Бул эмне үчүн маанилүү?

2-тапшырма (топто иштешет). Окуучулардан эне тилинен 10 сөз айкашынын тизмесин түзүүнү сураңыз, алардын ою боюнча башка (кыргыз, тажик, өзбек, орус, англис) тилдерде баарлашууда пайдасы болобу? Эгерде сиздин чөлкөмдө башка этностордун өкүлдөрү жашаса аларды да жогорудагы тизмеге кошсоңуз болот. Мисалы: Рахмат. Кечиресиз. Көрүшкөнчө. Саламатсызбы. Кутман таң. Менин атым… Сиздин атыңыз ким? Кайдан болосуз? Мен абдан кубанычтамын. Окуучулар чынжырча түрүндө биринин айтканын экинчиси кайталабай айтуусу керек.

Жалпы талкуулоо:

  • Сиз канча тил билесиз?
  • Сиз кайсы тилдерди түшүнөсүз? Кайсы тилдерде сүйлөй аласыз?
  • Тил билүү баарлашууга кандай жардам берет? Мисалдарды келтиргиле.
  • Ар кандай тилдерди билүү эмне үчүн жакшы деп ойлойсуңар? Эгерде башка өлкөгө барсаңыз, кайсы тил сизге жардам берет? (Мисалы: Россия, АКШ, Германияда болсоңуз)

10-кадам: Жыйынтыктоо.

  1. Окуучулар Кыргызстанда мамлекеттик тил — кыргыз тили деген тыянак чыгарышат. Ар бир жаран мамлекеттик тилде сүйлөй алууга, жаза алууга милдеттүү.
  2. Мындан тышкары орус тилин да билүүсү керек, анткени расмий тил болуп саналат.
  3. Мамлекет биздин өлкөдө эне тилин үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн башка тилдерди билүүгө шарттарды түзөт.
  4. Чет тилин, мисалы англис тилин билүү да маанилүү, анткени чет өлкөдө билим алууда, иштөөдө, баарлашууда жардамы тиет.

“Ассалам алейкум” ыры ар түрдүү тилде  https://youtu.be/U8Rvd45S1vA

 

Бөлүшүү

Комментарийлер